Ахматбек Келдибеков, ЖК депутаты:

"Бабановду жоопкерчиликке тартыш керек"


- Ахматбек мырза, өткөн аптанын бейшемби күнү Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2011-жылга отчетун жана 100 күндүк планын укту. Сиз кандай баа бердиңиз, купулуңузга толдубу?
- Жок, купулума толбоду. Премьер-министр "биз 20 жылда болуп көрбөгөн иштерди жасадык" деп, кемчиликтерди жанына жуутпай, кооз сөз, жасалма фактылар менен канчалык мактанбасын, экономиканын чыныгы абалын көрсөткөн барометрлер бар. Ал - ички дүң продукциянын өсүшү же төмөндөшү, импорт азайып, экспорттун көбөйүшү, жумушсуздук кыскарып, инфляциянын азаюусу. Билесиздер, 2010-жыл Кыргызстандын тарыхында эң оор жылдардан болду. Бирок ошого карабастан ИДП өсүшү сакталып калган. Быйыл эч кандай кризис жок болсо дагы ИДПнын өсүшү 7%га төмөндөп кеткен. Импорт-экспорттун балансы минуска кеткен. Жумушсуздук күчөп атат. Дагы бир күлкү келтирген факты - эт, менен сүт өндүрүүнүн көлөмү союз кезиндеги көрсөткүчтөрдөн ашып кеткен. Буга ким ишенет? Кичине уялып коюшпайбы. Анткени, азыр өлкөдөгү мал жандыктын саны Кыргызстандын СССР мезгилиндеги өрүштө малы толгон көрсөткүчүнө жетпейт. Илгерки малы күтүрөгөн колхоз-совхоздор жок азыр. Анан премьер "биз электр энергиясын 20 жылдын ичинде эң кымбат баага саттык" деп айтты. Бабановдун бул айтканы да калп. Себеби, электр энергиясы 2002-2003-жылдары Казакстанга эң кымбат баага сатылган. Ошондуктан, Бабановдун өкмөтүнүн отчетуна "2" деген баа бердим.
- Миграция министрлигинин жоюлушуна дагы каршы пикириңизди айттыңыз?
- Өлкөбүздүн бюджети болгону 1,5 млрд долларды түзсө, сыртта кара жанын карч уруп иштеп жүргөн мигрант мекендештерибиз жылына 3 млрд доллар Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. Эч бир донорлук, каржылык уюмдар бизге мынча каражат берип көрөлек. Биз мигранттарыбызды Бабановдой "жанагы мигранттар" деп тергебей, "айланайын мигранттарыбыз" деп таманынан өбүшүбүз керек болчу. А бүгүнкү өкмөт алар менен түздөн-түз иш алып барган миграция министрлигин жоюп, тышкы иштер министрлигинин астына киргизип салды. Былтыр 300дөн ашуун мигранттарыбыздын сөөгү келсе, быйыл 1-кварталда эле 30 мекендешибиздин сөөгү келди. ТИМ ошол ар бир өлгөн жараныбыз боюнча тиешелүү жерлерге кайрылып, чара көрүшү керек эле. Тилекке каршы, биз ТИМдин миграция багытында жүргүзгөн алгылыктуу иштерин көргөн жокпуз. Ал эми премьер-министр миграция министрлигин туура эмес жойгонун моюндабай койду.
- Түбү Бабановго тиешелүү болгон АКБ "Кыргызстан" банкы мамлекеттик ишканалардын акчасын сактап, алардын пайызынан жүз миллиондогон сом пайда көрүп жатканы айтылууда. Эмне үчүн мамлекеттик мекемелердин акчасы мамлекеттик банктарда сакталып, пайыздан түшкөн акча өлкө казынасында калбайт?
- Бул азыркылардын бир чети бир келген бийлик менен жеке чөнтөгүн толтурайын деген аракети, бир чети каржылык башкарууну билбегендиги. Мына, быйыл өкмөт 8 миллиард сомго баалуу кагаз чыгарып, 21% менен коммерциялык банктарга саткан. Бул деген мамлекет бир банкка 1 миллион сомго баалуу кагаз сатса, банк бир жылдан кийин мамлекеттин эсебинен 210 миң сом пайда көрөт дегендик. Мына, быйыл эле коммерциялык банктар баалуу кагаздардын пайызынан 800 млн сом пайда көрүшкөн. Анын ичинде Бабановдун АКБ "Кыргызстан" банкы 104 миллион сомго баалуу кагаз алып, пайдасын көргөн. Мамлекеттик баалуу кагаз деген эң коопсуз каржылык кепилдик да. Аны сатып алган киши жыл сайын мамлекеттен пайызын алып коюп отура берет. А Бабанов өкмөтү 8 миллиард сомдук баалуу кагаздарды элге сатса, эл базарда, чет өлкөдө кыйналып-кысталып иштегенден көрө мүмкүнчүлүгүнө жараша баалуу кагаз сатып алып, мамлекеттен жылына 21% үстөк акчаны алып жашоосун оңдосо болот беле? Болмок. Анын ордуна, ансыз деле элге кредит берип байып аткан бир ууч банктардын кызыкчылыгын көздөп атышат. Ушулбу, элди ойлогон мамлекеттик саясат?! Эгер булар баалуу кагаздарды элге сатса, депутаттар тура калып кол чапмакпыз. Бабанов ошол жыйында, "менин бир дагы тууганым мамлекеттик иште иштебейт" деп жатпайбы. Бирок түбү ага караштуу банк, компаниялар мамлекеттин акчасын жакшы эле шимирип атышат. Мисалы, ошол эле мамлекеттик ишканалардын акчасы АКБ "Кыргызстан" банкында сакталып, андан жүз миллиондогон акча таап атат.
- Бул өкмөт Бакиев бийлигинин катасын кайталап жаткан жокпу? Мисалы, таластыктар иштетилбесин деген "Андаш" кенин иштетебиз, эл сатылбасын деген "Кыргызтелекомду" сатабыз деп.
- Мен спикер болуп турганда таластык туугандар "Андаш" боюнча каршы пикирин айтып келишкенде, биз депутаттык комиссия түзүп маселе менен жеринде барып таанышканбыз. "Андаш" Таластын башында, ал жерден бүт облус иче турган суу кетет. Кенден чыккан уулуу химикаттардын ал сууга кошулуп кетүү коркунучу жогору. Экинчиден, бул кенде болгону 16-17 тонна эле алтын бар. Үчүнчүдөн, кенди иштетүү айылдын экологиясына, адамдардын ден соолугуна зыян алып келет. Андыктан бул кенди инвесторлор кийинчерээк коопсуз технология менен казсын. Бүт дүйнө жүзү кенди иштетүүдө адамдардын ден соолугуна, жаратылышка келтирилчү зыянды биринчи орунга коюп жатат. Бирок Бабанов таластыктардын пикири менен эсептешпей, "Андашты" казакстандык "Визер" деген компанияга буйтактатып бергени турат. "Жерүй" деле ушул "Визерге" кеткени турат. Ал кандай компания, Кыргызстанга канча пайда алып келет, колдонуучу технологиясы экологиялык балансты бузбайбы деген суроолорго жооп жок. Мына, мыкты менеджменттик башкаруунун натыйжасында миллиарддаган сом пайда берчү "Кыргызтелеком" ишканасын сатканы турушат. Имараттары, ичиндеги кымбат баалуу жабдыктары менен. Мамлекеттин колунда байланыш агенттиги турса, өкмөт "Кыргызтелеком" аркылуу мамлекеттик уюлдук операторун ачып, интернет байланышын күчтөп, жеке менчик уюлдук операторлор таап аткан миллиарддаган сом кирешени тапканга неге болбосун? Бабанов революциядан кийин, 1-вице-премьер болуп турганда ушул идеяны көтөрбөдү беле. Эми, мүмкүнчүлүк барда сатып ийип откатын алалы, бизден кийин, мага демектен токой өрттөнсүн деген саясаттын эмне кереги бар?!
- Бирок өкмөт башчы оппозиция менен сүйлөшүүгө барганга аракет кылып жатат го. Мурдагы бийликте мындай көрүнүш болчу эмес да.
- Ал өкмөт башчынын коомчулук, ММК алдында жасаган пиары. Өткөндө Таласта митинг болду. Оппозициянын ал митингге тиешеси жок болчу. Бирок Бабановдун бийлиги Бакиевдин бийлигинен айырмасы жок экен го, ал жерден митингчилерге жакшынакай түшүндүрүүнүн ордуна мушташ уюштурушту. Телеканалдар жалаң оппозицияны шыбап атышат. Кудум Бакиев, Акаев доорундагыдай. Өмүрбек Бабанов Камчыбек Ташиевди элдин астында түз эфирдеги диалогго чакырып алып, диалог башталарда түз эфирден баш тартты. Бийлик деген ушунча ширин экен, колдору менен эмес, буттары менен чырмалып алышып кое бербей жатышат. Бүгүнкү бийлик түз эфирден неге коркуп атат? Себеби, айыбым ачылып, элге уят болуп каламбы деп коркуп атат. Оппозияны түз эфирге диалогго чакырып, ошол жерден анын кемчилигин көрсөтүп, өздөрүнүн кылып аткан иштерин коркпой ачык-айкын айта алган бийлик гана ийгиликке жете алат. Эгерде бийлик жакшы иштерди жүргүзүп, андан элдин турмушу оңолуп жатса, оппозиция кайсы бети менен митингге чыгат эле?

Маектешкен
Семетей ТАЛАС уулу






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл






??.??