Бабановдун байталы менен Өмүркуловдун Фастуму ээлерин олжого маарытты



Ушул аптада аткаминерлер май майрамын "Ак Кула" ат майданында тосуп алышты. "Жазгы дерби" аталган бул мелдеш үч баскычта өткөнүн эскерте кетели. Ал башталгыча араб, француз жана англиялык тукумдагы жылкылар ары-бери койкоңдоп басып, көрүүчүлөрдү алаксытып, көз моокумун кандырды. Айтмакчы, жарышка катышкан күлүк үчүн ээси миң доллардан төлөгөнү белгилүү болду. Чөнтөгү жукалар күлүктөрүн оюнга катыштыра албай арманда калышты.

Жарыш талабына ылайык, күлүктөр алгач 1600 метр аралыктан чуркашты. Анда "Республика" фракциясынын жетекчиси Канатбек Исаевдин Таңсулуусу, ушул эле фракциянын депутаттары Алтынбек Сулаймановдун Уганасы менен Шаршенбек Абдыкеримовдун Моксеру, шаар мэри Иса Өмүркуловдун Босниясы, премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Жен Лени туяк кызытты. Натыйжада, Моксер алдыга озуп, экинчи орунду Бабановдун Жен Лени, үчүнчүнү Сулаймановдун Уганасы алды.
Мелдештин экинчи баскычында тобурчактар 1800 метрге чуркап, биринчи орунду казак жараны Ардак Амиркуловдун Хорилтус аттуу күлүгү алды. Экинчи орунду арабдын аты, үчүнчү орунду Иса Өмүркуловдун Фастум деген күлүгү ээледи. Мелдештин үчүнчү бөлүгүндө жалаң жорголор жарышып, 8800 метр аралыктан чуркашты. Буга баш-аягы 13 күлүк салынып, анын ичинен Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун Космосу менен Кочкор районундагы "Сал-Эм" жылкы заводунун Тайфуну чыгып келди. Бирок акыркы мүнөттөрдө Тайфун Космостон озуп, 3 миң доллар утту. Эскерте кетсек, биринчи жана экинчи баскычында 1-орунга 5 миң, 2-орунга 3 миң, ал эми 3-орунга 2 миң доллар сайылган. Жорго салыш боюнча 1-орунга 6 миң доллар байге фонду түзүлүп, 1-орунга 3 миң, 2-орунга 2 миң, 3-орунга 1 миң доллар берилди.
Мелдеш соңунда көк бөрү болуп, Токмок шаарынын "Тынай" командасы менен Сокулук районунун Рассвет айылынын "Кожомкул" командасы беттешти. "Кожомкул" командасы 6:2 эсеби менен утуп, 60 миң сом байгени илип кетти. Экинчи орунга 40 миң сомдук байге ыйгарылды.




Айтуяк баккандар



Жылкы менен кыргыздын жаны бир. Ата-бабалар жакшы көргөн атынын башын бийик жыгачка илген. Жоокерчилик заманда эр-жигиттер жалгыз жанын атына тапшырган. Кээ бир ат ээси уктап калып, көөнө бузук бирөөнүн дабышын сезсе, ээсин чапчып же тиштеп ойготкон. Байыртадан бекиген бул байланыш, кыргызда күнү бүгүнкүчө үзүлө элек. Жылкы дегенде үзүлүп түшкөн саясатчыларыбыз да бар. Айрымдары асыл тукум жылкылар үчүн атайын ферма ачып да алган. Кези келгенде көк бөрү, ат чабышка салып, байге утуп кумардан чыгып жүрүшөт.


Улакчы депутат


"Республика" фракциясынын жетекчиси Канат Исаевдин хоббиси - көк бөрү. Ошондонбу, бош убакыт тапса эле ат майданына барып, көл-шал болгуча улак тартат. Көк бөрү боюнча бир канча мелдештердин жеңүүчүсү болуп келе жаткан "Тынай" клубун түптөгөн. Чүй облусундагы "Көк бөрү" федерациясынын президенти. Депутат мырза бир нече ай мурда жеке чарбасында 70тей жылкы, анын ичинде 15 айгыры бар экенин айтып, "Байлыгым - ошол жылкыларым" деп маек берген. Фракция лидери жылкыны катуу баалагандыктан, сурагандарга оңой менен сатпайт экен. Мисалы, Акжал деген айгырын үч жыл мурда бирөөлөр 15 миң долларга сураганда бербей койгон. Прибой деген дулдулун 20 миң долларга сатпай коюп, бирок жакын досуна белек кылган. Кыргыздын мыкты жылкылары Кыргызстанда калып, кыргыздардын намысын талашып, кыргыздарга жакшы тукум бериш керек деген ойдо Канат Исаев.


Франциядан тобурчак алдырган Бабанов


Өткөн күздө "республикачылар" Таласта той бергенде Бабанов ат үстүндө жел менен жарышып элдин эсинде калган эле. Ошондо билгенбиз премьердин жылкыны жакшы көрөрүн. Айтымы, Өмүрбек Бабановдун бул ышкысы бала чакта эле ойгонгон. Кийин бизнес менен шугулданып байыган кезде ат спортун хоббиге айландырган экен. "Азаттык" радиосунун онлайн конференциясында "Бизде спорттун бул түрү жакшы өнүгүүдө. Шыктуу балдар бар. Аларды көтөрмөлөп, керек болсо үй алып бериш керек" деп айтканы бар. Чындап эле Өмүрбек мырза, көк бөрүгө келгенде март. Кечээ "Ак кулада" өткөн оюнда да өз чөнтөгүнөн кошумча байге сайып, көк бөрүчүлөрдү сүрөөнгө алып турду.
Баса, кечээги мелдешке катышкан аргымагы Жен Лен Франциядан алынып келген байтал экенин маалымат сайттар жазып чыкты. Аны саяпкер Акмал Саитов таптаган экен. Кыргызда "байтал чуркап байге албайт" дечү эле, Бабановдун байталы ал кепти жокко чыгарды окшойт.


Ат десе ашын таштагандар


Экономиканы өнүк­түрүү жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев да кыл куйрукка жакын. Чарчаганда жайлоого барып, ат минип эс алат. Айылдагы агасынын үйүр-үйүр жылкылары бар. Бирок Темир мырза аргымактарын ат чабышка да, көк бөрүгө да салбасын айтат. Айтуяк десе, ичкен ашын таштагандардын дагы бири - "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов. Китебинде жылкы баласын жакшы көрөрүн айткан жайы бар. Ат оюндарынан көк бөрүгө жакын. Кээде демөөрчүлүк кылып жүрөт деп угабыз.


Роза, Барбара жана Иса Өмүркулов


Асыл тукум жылкы багуу кыргыз саясатчыларынын хоббиси эле эмес, бизнесине да айланган десек жаңылышпайбыз. Алсак, Бишкек мэри Иса Өмүркулов 20 жылдан ашуун таза кандуу жылкы багып, көбөйтүү менен алек. Аларды кармаган 3 фермасы бар. Андагы 100 жылкынын 30у гана таза кандуу. Анын ичинде Роза, Аргуз, Аббат, Парнас, Барбара, Абба аттуу сүйүктүү күлүктөрү бар. Иса байкебиз көбүнчө англиялык тукумдагы жылкыны баалайт. Себеби, таза кандуу англиялык жана араб тукумундагы жылкылар башка тукумга караганда дулдул келет экен. Мэрдин айтымында, ар бир жылкынын өз кыялы бар. Абдан назик, сезимтал келишет. Мелдеште бутун кокустатып алса, адамдар сыяктуу эле ыйлашат.