
"Парламентте отурган айрым депутаттар
мурда бизде "черный" катары учетто турчу…"
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев түз байланышка жалгыз келбей, ИИМдеги башка жетекчилерди дагы кошо ала келди. Алар - МАИ жетекчиси Талантбек Исаев, Бишкек ШИИБинин жетекчиси Капар Батырканов, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Умар Жунусов, Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мирлан Карачалов. Министр келээрин социалдык интернет-баракчалары аркылуу да жарыя кылган элек. Алыскы Орусиядан бери СМС жөнөтүп жатышты. "Линия бошобой калбасын" деп алдын ала арызын таштап кеткендер да болду. Түз байланышка чыккандары саясаттан сүйүүгө чейин сурап, атүгүл министрди ырдатканга да жетишти.
Дамир, Токмок: - Зарылбек мырза, эмнеге былтыркыдай криминал менен күрөшпөй калдыңар? Айрымдары ээн-эркин эле пресс-конференция берип жүрөт го?
- Водолазды (Максат Абакировду - ред.) айтып жатсаңыз керек. Эми булар криминалдын калган-каткандары да. Бүгүнкү күндө коомчулукка коркунуч туудурбаган немелер. Алар биздин көзөмөлдө. Эгер дагы бир баш көтөрүп, коомдук тартипти бузуп коомчулукка коркунуч келтирсе, мыйзамга каршы иштерди жасай турган болсо, анда биз аларды кармап, камап таштайбыз.
Адилет, Бишкек: - Зарылбек мырза, Камчы Көлбаевди кармалды дедиңер эле, азыр андан дайын жок. Жакында эле Акмат Бакиевди качырып жибердиңер. Дегеле учурда кылмышкерлер менен күрөшүү кандай жүрүп жатат?
- Камчы Көлбаев учурда Араб Эмиратында качып жүрөт. Анын качканы боюнча мурда-кийин ММКга айтып келгем. Ошентсе да кайталап коеюн. "Мыйзамдагы уурулардын" баары ошол жакта. Алар кандайдыр бир суммадагы акчаны төгүп коюп, чет мамлекетте жүрө берет экен. Аталган мамлекетке биз кат жолдоп, кызматкерлерибизди дагы жөнөтүп көрдүк. "Өкмөтүңөр менен ортодо келишим жок, сүйлөшүүлөр болгон эмес" деп бизге бандиттерди бербей жатышат. Бул бир. Экинчиден, Акмат Бакиевдин качып кеткендиги тууралуу МУКК, Башкы прокуратуранын ортосунда иш жүрүп жатат. "Ким качырды? Буга ким себепкер? Бул ишти биз калыстык менен карап берели" деп колго алганбыз. Качып кеткендиги боюнча Акмат Бакиевге кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Биздин ГУБОПтун (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы - ред.) тергөөчүлөрү ошол иштин үстүндө иштеп жатат. Эртеби-кечпи, Акмат Бакиевди да, Камчы Көлбаевди да кармап, алып келебиз, алар эл алдында жооп беришет.
- Кечиресиз, учурда ИИМ менен МАИде коррупция өсүп жатканы көрүнүп турат. Биз фактыларды алып барып берсек, аты аталган адамдарды иштен айдай аласызбы?
- Сөзсүз айдайбыз. Бизге да факты керек. Бу жерде МАИнин жетекчиси отурат. Генерал Исаевде да, менде да принциптер бар. Паракорлорду кармоо технологиясын ойлонуштуруп жатабыз. Көчөгө, кабинетке видео-байкоону койсок, баарыбызга жакшы болгону турат. "Медалдын эки жагы бар" дегендей, элде дагы күнөө бар, өздөрү акча берип жаман көндүрүп жатышпайбы.
- Чет өлкөгө кетип жаткандар ИИМден "кылмыш жообуна тартылган эмес" деген маалымат кат алат эмеспи. Аны шашылыш алуу баасы бир жарым, эки миң сом турат. Аны алгандар сиз отурган имараттын 1-кабатында отурушат. Аларды көзөмөлгө алып койбойсузбу?
- Ким алып жатат? Ошолордун аты-жөнүн берсеңер жакшы болот эле. Албетте, эртеңден баштап көзөмөлгө алынат.
Адилет, Түп: - Спорт менен машыгасызбы? Курсакты жоготуу үчүн машыгуу жасайсызбы?
- Өзүм мурда бокс менен машыкчумун. Спортту таштагандан кийин курсак да чыгып кетти. Министр толук, ордунан былкылдай албаса керек деп ойлоп жаткан көрүнөсүз. Андай эмес, чапчаңмын, тез кыймылдайм. 100 метрге элден калбай чуркап келем. Бокс залына барып турам. Мушташып кетсем, ал адамды бир урсам чалкасынан түшөт болуш керек. Эч кимден коркпойм.
Акбар Асымкулов, Кара-Балта: - Депутат Садыр Жапаровду "криминалдардын жугундусун ичип жүргөнсүң" деп айтыпсыз. Азыркы парламентте олтургандардын арасында чын эле "черныйлар" барбы?
- Эми баары деп айта албайм. Бирок депутаттардын кээ бири мурда биздин учетто турган. Партиянын шарданы менен парламентке келип алышты. Келээрки шайлоодо таза кишилер келет деп ойлойм.
Света, Кара-Буура: - "Де-факто" гезитиндеги маегиңизде "Сүйүү милициядан башталып, милициядан бүтөт" деп табышмактатып айтыпсыз. Кандай мааниде айттыңыз эле, чечмелеп берсеңиз?
- Эл милицияны бир башкача көрөт да. Намыстангандан чыккан сөз. Мен бул сөз менен биздин балдардын жан дүйнөсүнүн тазалыгын, аруу сезимин айтайын дегем. Биздин сымбаттуу, акылдуу, мекенчил балдарыбыз ушундай сапаттагы кыздарды сүйүүгө, аны менен үй-бүлө курууга укугу бар. Бала кайдан жаралат? Бала сүйүүдөн жаралат. Ак сүйүүсүнөн жаралган көп балалуу кызматкерлерибиз бар. Милицияда деле жүрөк бар.
Чыңгыз, Кара-Кулжа:- Сизди Бакиевдин тушунда 9-бөлүмдө иштечү дейт го, ошол чынбы?
- Ооба, чын. Иштегем.
Анархан, Бишкек:- Менин жолдошум Адилбек Маторозов КГУСТАнын МАИ жагын бүтүргөнүнө үч жыл болду. Өз кесиби менен иштейин деп керектүү документтин бардыгын чогултуп, бардыгынан ийгиликтүү өтүп келип, акчага келгенде эле өтпөй калууда. Мына быйыл дагы ошондой көрүнүш кайталанды. Жумушка киргендин "шапкасы" эле 500 доллар экен. Бизге окшогон карапайым адамдар же таанышы, же акчасы жок жумушсуз кала берет экенбиз дагы, акчалуулар кезерип кезек күтпөй эле ишке орношо берет тура. Баш-аягын эсептегенден, алар сураган 30-40 миң сом акча бизде жок. Эмне кылышыбыз керек?
- Сиз мага келиңиз, мен сизге алар сураган сумманы берем. Анан ошол акчаны жолдошуңуз алып барып берсин. Ошол жерден коррупционерди кармап туруп, камап таштайм. Кандай дейсиз? 500 доллар бермейинче МАИге, ППСке (Кайгуул-күзөт кызматы - ред.) же күзөт бөлүмүнө кирбейт экен деген туура эмес. Бул жерде МАИнин жана шаардык милиция башкармалыгынын жетекчиси отурат. Алар дагы, мен дагы жолдошуңуздун аты-жөнүн жазып алдык. Жолдошуңуз менин атыма арыз жазып келсин. Мен виза коюп берем, ошо менен өтсө болот.
Клара, Ак-Талаа: - Жубайыңызды ала качып алгансызбы же..?
- Жубайыма сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөм. Атүгүл ата-энебиздин макулдугун да алганбыз.
Мыкан Карымшаков, Кара-Балта: - 2012-жылдын 7-февралында Талас шаарынын тургуну Көкөев Мүзүр биздин үйгө Талас районунун Байтемиров жана Ибрагимов деген милиция кызматкерлери менен барып, II топтогу майып байкемди үйдөн алып чыгып, машинага салып кеткенин көргөн күбөлөр бар. Мүзүр мырза менен мал боюнча талаш-тартышыбыз бар. Сизден сурайын дегеним, өз ара маселеге милиция кызматкерлери канчалык деңгээлде кийлигише алат? Милициялардын ушундай кадамга барышы мыйзамга туура келеби же жокпу?
- Милиция кандай шартта, эмне маселе менен барып агаңызды кармап кеткенин колумда арызыңыз болбогондон кийин чыны жакшы түшүнбөй турам. Эгер мал боюнча талаш-тартыш болсо, биздин кызматкерлердин кийлигишкени туура эмес. Өз ара чечилчү маселеге биздин кызматкерлер кийлигишпей эле койсо болмок. Жарандык-укуктук карым-катнашты жөнгө салган укуктук-мыйзамдык ченемдер бар, ошол сакталышы керек болчу.
Акылай, Өзгөн: - Театрга барасызбы?
- Барганга убакыт деле жок. Бирок театрды жакшы көрөм. Жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын. Жакында ИИМ клубунда кызматкерлердин көңүлүн көтөрөлү деген максатта поэзия кечесин өткөргөнү жатабыз. Чыгармачыл адамдарды чакырып, ырларын угуп биздин балдар эс алса дейм.
Автандил Кадыркулов, Түп: - Жолдош министр, 2012-жылдын 24-мартында айткан генералдык сөзүңүздүн аткарылышын чыдамсыздык менен күтүүдөмүн.
- Автандил жакынкы арада мен айткан кызматка келип иштейт. Ал биздин кесиптеш, тагырагы, Түптөгү РИИБинин жетекчисинин орун басары. Автандил, айланайын, мен генералдык сөзүмө турам жана айтканымды аткарам. Суранычым, таза иштеп берчи, ак иштеп берчи.
Чынара, Беш-Күңгөй: - Президенттик шайлоодо Чүйдүн почтасынан 11 млн. сом уурдалып кетти эле. Ошол пул табылдыбы же шайлоого иштелип кеттиби?
- Биринчиден, биз бул багытта үзгүлтүксүз иштерди колго алганбыз. Экинчиден, шайлоого мунун эч тиешеси жок болушу керек.
Бурулкан, Нарын: - Балам милициянын окуусуна окуйм дейт. Ага кантип тапшырса болот?
- Кайсыл жерде жашаса, ошол жердеги милиция бөлүмүнө кайрылат. Ал жердеги кызматкерлерибиз окууга тапшыруу боюнча түшүндүрүп беришет.
Аскер, Каракол:- Милиция кызматкерлери коомдук автобус, троллейбуска жол кире төлөйбү?
- Мурун бекер болчу. Кийинчерээк төлөй башташты. Бул маселе азырынча чечиле элек. Себеби Финансы министрлиги бизге жарытылуу акча бөлгөн жок. Бюджеттин 35,2 пайызын гана алып жатабыз. Ага биздин айлык, бензин, командировка каражаты да кирет. Бирок биз бул иштин үстүндө иштеп жатабыз.
Кымбат, Чолпон-Ата: - 9-майда милиция ырдап чыгат турбайбы. Өзүңүз ырдай аласызбы? Азыр ырдап бере аласызбы?
- Ырдап берейин. Кайсыл ырды ырдап берейин?
- Өзүңүзгө жаккан ырдан.
- Негизи мен 100 грамм ичкенде ырдачу элем. Эми суранып калыпсыз, бир куплет ырдап берейин.
Мен тоолорду сагынам,
Мелтиреп анда кар жатса.
Мелжиген бийик чокулар ай,
Мээримин төгүп сыр катса.
Ансайын күчөп махабат ай,
Ашыгам бийик тоо жакка….
Гүлзахира Какеева, Бишкек: - Менин балам Какеев Максатты былтыр, 18-майда оперлер "подстава" кылып коюшкан. Бир жылдан бери СИЗОдо отурат. Ак жерден эле отуруп калган баламдын чыгышына жардам берсеңиз. Мен сизге кантип жолуксам болот?
- 2-постто жарандарды кабыл алуу журналы бар, ошого жазылсаңыз, мен сизди кабыл алам.
Бектемир, Москва: - Сизге бир миллион доллар берсе, ордуңузду бошотосузбу?
- Вообще бошотпойм. Мага ким берет экен долларды?
Айжан Курманалиева, Бишкек: - Зарылбек мырза, "Кыргыз руху" гезитинин 20 жылдык мааракесине барып, ал гезиттин ээси Арстан Дүйшөмбиев менен бир күн кечке чогуу жүрдүңүз эле. Андан бир жума өтүп-өтпөй эле ал киши кармалып, кылмыш иши козголуп, камалды. Эгер ал киши кылмышкер болсо, анда сиз тойго барбайт элеңиз го? Бул "подстава" эмеспи?
- Бул жерде эч кандай "подстава" жок. Ал кишинин иштеринин баары далилденип, кармалып отурат. Бүгүнкү күндө сот карап жатса керек. Ал эми "Кыргыз руху" гезитинин мааракесине журналисттердин чакыруусу менен барып, эки саат отуруп кеткеним чын. Ал гезиттин ээси Арстан экенин билген дагы эмесмин.
Адилет Исмаилов, Бишкек: - Зарылбек мырза, ППСке кызматка алындык эле, бирок "бюджеттен акча бөлүнбөй жатат" деп буйрук чыгарбай жатасыңар. Буйрук качан чыгат?
- Азырынча акча түшө элек. Акча түшсө эле буйрук чыгат.
Анарбай, Сокулук: - Зарылбек мырза, март айында "таластыктар кыйын болсо кызматка коем да" дедиңиз эле. Трайбализм оорусунан качан арыласыз?
- Мен трайбалист эмесмин. Албетте, мени трайбалист катары көрсөткүсү келгендер бар. Алар кызматтан кеткендер, мени жактырбагандар, мага таарынгандар. Алар "трайбалист" деп сөз таратса, ошого ишенип алгансыздар да. Алардын кызматтан кеткени боюнча башка айтчу сөзү, шылтоосу жок да. "Жалаң таластыктарды кызматка коюп алды" деген ушак тарагандан кийин прокуратурадан, парламенттен келип атайын текшеришкен. Ошондо башка дубандын кызматкерлери 30 пайыз болуп чыгып, таластыктар 4 пайызга да жетпей калган. Жакшы иштеп жаткан кызматкерлер таластык болуп калганы үчүн күнөөлүүбү? Жакшы иштегендердин баары эле эл катары кызматынан көтөрүлөт.
- Фактыга карата айтабыз да?
- Эми андай факты жок да. Текшеришкенде таластыктар канча пайызга илингенин эми эле айттым го.
- Сокулуктагы РИИБинин жетекчиси Боромбаев боюнча эмне айта аласыз? Ал жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жатат. Криминал турбайбы?
- Боромбаев таластык эмес, ал Аламүдүн районуна караштуу Бел-Булак айылынын кулуну. Ал жакшы иштеп жатат. Анан жакшы иштеп жаткан кызматкерди "эл сени минтип айтты, сен мындай, андай турбайсыңбы" деп кызматтан алып саламбы? Бул ушактын негизинде иш алып барган болуп калат да. Ушактан качан арылабыз билбейм.
- Свердлов РИИБинин жетекчиси тууганыңыз турбайбы?
- Анын таластык экени чын. Бирок ал мен кызматка келгенче чейин эле иштеп жаткан. Болот Шернияз койгон кадр. Ал жакшы иштеп жатат. Бишкектеги райондордун арасынан 1-орунду алды. Андай мыкты кызматкерди кызматтан "таластыксың" деп кайсы бетим менен алам? "Мен таластык болгонум үчүн күнөөлүүмүнбү?" деп эртең бетиме түкүрбөйбү. Дагы бир жолу айтам, таластыкпы, чүйлүкпү, оштукпу, жалалабаддыкпы, кайсы жерлик болбосун, ишине жараша кызматка коюлат, кызматтан көтөрүлөт. Жакшы кадрларды ушактын негизинде биз иштен кетире албайбыз.
Назира Абдымомунова, Бишкек:- Зарылбек мырза, менин иним ак жеринин эле кармалып, камакта олтурат. Жакын арада соту болот. Ага чейин сизге кантип жолуксам болот?
- Мен сизди сөзсүз кабыл алам. Сиз 2-постко барып, журналга жазылып коюңуз.
Райла Дүйшөнбаева, Бишкек: - 2006-жылы кызымды "Чыгыш-5тен" Ли Чонг Хон аттуу жаран машина менен коюп кеткен. Кызымдын каза болгонуна августта алты жыл болот. Мен арызымды көтөрүп кайрылбаган жерим калган жок. Эксперттер да туура эмес чечим чыгарып коюшкан. Созулуп келаткан маселеме жардам берсеңиз, суранам.
- Мен сиздин күйүтүңүздү аябай жакшы түшүнүп жатам. Андай адамдарды Кудайга коюңуз. Бирок алты жылдан бери эмнеге чечилбей келатканын түшүнбөй турам. Эгер эксперттер туура эмес чечим чыгарып берди десениз, анда арыз жазыңыз мага. Ошол арыздын негизинде биздин кызматкерлер эксперттердин чечими менен таанышып, иш алып барып көрсүн. Райондук, облустук соттор туура эмес чечим чыгарса, анда Жогорку Сотко кайрылыңыз.
Гүлнара Сүйүнбекова, Баткен: - Зарылбек агай, сиз милициялардын чогулушунда Анарбай Алымбеков деген Ноокаттын жетекчисин "ордуңузду бошотуп кой" деп урушкан экенсиз. Анан ал кызматтан түшүп, кайра бизге, Баткенге жетекчи болуп келди. "Бир жерден бошоп, бир жерге жетекчи болуп келгениңиз кандай?" деп сураган кишиге ал: "министрдин ордуңду бошотуп кой дегени акча дегени. Ал 30 миң доллар турат" деп айтыптыр. 30 миң доллар алганыңыз чынбы?
- Ошентип айткан кишинин аты-жөнүн мага айтып койсоңуз, мен жазып алып, Анарбай Алымбеков менен беттештирет элем. Ал киши чындыкты өз оозубуздан угат эле. Ага чейин болгон чындыкты айтып берейин. Мен чогулушта контрабанда боюнча "ишиңди көтөр же болбосо мен сени иштен алып таштайм" дегем. Кызматкерлердин суранычы боюнча Баткенге жөнөткөм. Бул маселени мен жалгыз чечкен эмесмин, коллективдүү чечилген. Андыктан бул ушак, ушактарга ишенбеңиз.
Урмат Кадыров, Бишкек:- Зарылбек мырза, биз былтыр алдамчыларга кабылдык эле. "Ала-Тоо" совхозундагы кирпич заводдо он бала иштегенбиз. Анын ээси - Камил Акаев. Бул адам Орусиянын жараны экен. Биздин айлык акыбызды бербей кетти. Салыкка, соцфондго дагы эч нерсе төлөбөптүр. Анан бул иш Бишкек ИИБде каралган. Эмил Жамангулов тергеп жатат. Соттун чечимин сыйлабай жатат. Көрсө, сиздин орун басарыңызга таянат экен. "Он мой друг" деп айтат. Кайсы орун басарыңыз кийлигишип жатканын билбейт экем. Сизге кантип кирсек болот?
- Урмат, бул жерде Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Умар Жунусов отурат. Ал сизди тааныйт экен, сиз айтып жаткан иш менен дагы жакындан тааныш экен. "Разбой" менен өтүп жатканын айтып жатат. Эртең саат 9га, 2-постко келип, Умар Талипович менен мага кириңиз.
Зуура, Талас: - Менин балам академияны бүткөн, капитан чини бар. Ошого карабай ИИМге жумушка кире албай жүрөт.
- Капитан болуп туруп ИИМге кантип жумушка кирерин билбесе, балаңыз кандай капитан? Капитан болсо, анда кызматтан кетсе керек. "Мен жумушка кайра кирем" деп арыз жазсын.
Урмат, Ош: - Зарылбек мырза, сиз качан интриган адамдардан арыласыз? Мисалы, жаныңызда Кожогулов деген адам жүрөт.
- Бизде Кожогулов деген жок.
- Штабдын жетекчиси?
- Аа, штабдын жетекчиси болсо, андай адам бар. Кожогулов кызматын жакшы билет. Ал эми интриган экенин билбейт экем.
- Оштогу кызматкерлериңизди качан көзөмөлдөйсүз? Кылмышкерлер, коррупционерлер милицияга кирип алды. Ош тарапка качан келесиз?
- Ош, Баткенди жакында эле 20-23-апрелге чейин кыдырып келдим. Ал жакка ГОМ, ПОМду (Шаардык жана айылдык милиция бөлүмдөрү - ред.) ачтым.
- Түштүккө Курсан Асанов хан болуп алды. Ошону чакырып алсаңыз жакшы болот эле?
- Курсан Асановду алда качан эле чакырып алганбыз. Ал азыр бул жакта.
- Тарыхка атыңыз трайбалист министр катары жазылып калышынан коркпойсузбу?
-Трайбалист министрминби же мыкты министрминби, аны убакыт көрсөтөт. Бирок менчелик бетке айтып, калыс иш алып барган министр буга чейин болду бекен? Калыс, бетке айткан адамдын душманы көп болобу же досубу, айтыңызчы?
- ИИМдин аброю мурдагыдан да түшүп кетти да?
- ИИМдин аброю түшүп кеткен жок, тескерисинче, көтөрүлүп жатат. Сиз ушактын негизинде сүйлөп жатасыз. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери эл менен жакшы иш алып барып жатат деп ойлойм.
- Сизге кирүү да кыйын экен. Оңой менен карапайым адамды кабыл албайт экенсиз?
- Сизди мен эртең саат тогузда кабыл алайын, келиңиз. Ошондо менин кабинетиме канча киши келип-кетээрин сизге журналдан көрсөтөйүн.
- Мен эртең бара албайм. Башка күнү убакыт таап барайын.
Айша, Бишкек: - Жолдош министр, сиз кечки Бишкекти көрдүңүз беле? Айрыкча панорамага чыгып карасаңыз, сиздин буйругуңузду аткарып жатышкан милициялар менен кыска юбкачан кыздардын бизнеси кызуу жүрүп жатат.
- Айрым кызматкерлер сойкулардан жийиркенбей, ошолордун жанында жүрүп, алардын "крышасы" болгон фактылар бар экенин тана албайбыз. Бул жерде социалдык проблема да кошул-ташыл болууда. Жетиштүү турмуш болсо, кыска юбка кийгендер көчөгө чыкмак эмес. Биз бул багытта комплекстүү иш-чараларды көрөбүз.
Эрлан, Бишкек: - Сиздер криминалдар менен жакшы күрөшүп жатасыздар. Бирок эл сотторго нааразы. Сиздин сотторго болгон көз карашыңыз кандай?
- Кээ бир сот акелер аман эле болсун. Бирок арасында таза иштегендери да бар.
Сапар Халилов, Кара-Суу: - Зарылбек мырза, 28 кызматкериңиз "жумуштан туура эмес алындык" деп ИИМди сотко берип жатышпайбы. Алардыкы туурабы же сиздикиби?
- Жумуштан туура эмес алындык деп алар бизди сотко берип жатат, кызматтан туура алдык деп биз аларды сотко берип жатабыз. Бир тобун сот биз жакка чечсе, бир тобун тигилердин кызыкчылыгына чечип берип жатат. Сот акелер биздин кызматыбыздын өзгөчөлүктөрүн түшүнбөй жатат. Чукул жыйында 500 кызматкер аларды "кетсин" деп кол көтөрүп берсе, сот "жок, алар былжыраптыр" деп жатпайбы. Соттор чычалап, кайсы бир гезитке "Рысалиев өзүн пиар кылганын токтотуп, тартип иштерин чыңабайбы" деп жазышыптыр. Ортодо ушундай көрүнүштөр болуп жатат.
Эрлан, Бишкек: - Ленин РИИБинин оперлери менин инимди аябай сабап, мойнуна болбогон ишти алдырып коюптур. Буга кандай чара көрүп бере аласыз?
- Мага арыз жазсын. Арыздын негизинде биз ишти карап беребиз.
Касиет, Арча-Бешик: - Бишкек шаарындагы маршруткалар каалаган жерге токтой беришеби?
- Сиз МАИнин жетекчиси Талантбек Исаевге жолугуңуз. Телефону: 63-00-52.
Майрамбек, Талас: - СССРдин убагында сот дегенди беш жылга эл шайлачу эле. Беш жылдан кийин шайлоо болуп, Оштун сотун Нарынга, Таластын сотун Чүйгө которушчу. Бул ыкма негизи туура деп ойлойм. Анткени таанышы жок жерде коррупция болбойт. Азыркы сотту эл шайлабагандыктан ал чоң бир мафияга айланып калды. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Негизи ойлоруңуз туура. Беш жылга шайлангандар таза иштебей турган болсо, үч жылдан кийин кайра референдум өткөрүш керек. Бүгүнкү сотторго он күндүн ичинде референдум өткөрүш керек. Таза иштебегендерди иштен кетирип, башкаларын алып келиш керек.
Сажида, Жалал-Абад: - Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айылында Наби аттуу адамдын үйүнө сегиз адам кирип, карактап кеткен. Абдыганиевди ИВСтен качырышты. Жогорку Кеңеш дагы кийлигише баштады. Ушул ишти министр көзөмөлгө алып койсо жакшы болот эле.
- Бул ишти бу жерде олтурган Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Умар Жунусовго дайындайм. Албетте, менин көзөмөлүмдө да болот.
Жылдызай Мукашова, Алай: - Сиз парламенттен депутаттарга катуу айтып жибергеңизди көрүп жүрөбүз. Эмнеге ачууңуз мынча чукул?
- Бирөө жалган сүйлөсө ачуум келип кетет. Парламентте да жалган сөздөр айтылып кетет, ошон үчүн ачууланам.
Адилет Исаков, Жумгал: - Милиция жөнүндө тартылган кинонун баарынан арак менен туздалган бадыраң көрөм. Же милициялар ошончо көп ичеби?
- Киного бир аз көбүртүп-жабыртып тартып коюшат. Милициялар көп ичсе, иш жүрбөй калбайбы.
Гүлниза, Балыкчы: - Эмнеге милиция кызматкерлери аялдарын көп урат? Мисалы менин күйөөм, жумуштан жиндеп келсе эле ачуусун менден чыгарат. Кызматкерлериңизди тарбияласаңар болбойбу, министр мырза?
- Эгер күйөөңүздүн ачуусу келсе, алдына аш коюп, ысык чай куюп, бетинен өөп, "алтыным" деп койсоңуз, ачуусу тарап кетет. Ары жооптуу, ары кооптуу кызматынан чарчап келсе, үйүңдө тамак даяр болбосо же кыжырына тийсе, ошентет окшойт да. Негизи аял алдыга бир кадам таштап койсо, милиция кызматкерлери төрт кадам таштайт деп кепилдик бере алам. Себеп дегенде милиция кызматкери баарына кечиримдүү, көтөрүмдүү келет.
Жамила, Ош: - 2010-жылдын июнь коогалаңында кызматтык милдетин аткаруу учурунда октон каза болгон милиция кызматкери Кыялбек Бегалиевдин үй-бүлөсүнө убагында үй берилбей калыптыр. Жубайы Назира Оторбаева эки жаш баласы менен батирде жашайт экен. Бул үй-бүлөгө быйыл үй берилеби?
- 2010-жылы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерибиздин үй-бүлөсүн териштирип, президентибиздин, премьер-министрибиздин жардамы менен былтыр бир тобуна үй бердик. 19у калган. Ошолордун ичинде Бегалиевдин үй-бүлөсү бар болушу керек. Орун басарым Курсан Асановду Ош, Жалал-Абадга жиберип, ошол жакта бүткөн үйлөрдүн биринен берели десек, алар: "Биз бул жерден эмес, Бишкектен алабыз" деп, сунушубуздан баш тартышыптыр. Макул болуп Бишкектен бергени турабыз. Бирок жакында эмес. Анткени "Учкун" кичирайонунда үйдүн бир подъездинин (24 квартиранын) ремонту бүтпөй турат. Бүтүп калса эле ошол жерден Бегалиевдин үй-бүлөсү жана башка калып калгандар дагы алат. Ал болбосо, жакында дагы бир үй бүтөт. Курулуш иштери жүрүп жатат. Же ошол жерден беребиз. Сөзсүз беребиз. Биз эч кимди катардан калтырбайбыз.
Орозмамат Колбаев, Ош: - Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылдык округунун Садирбай, Эшме, Жаңы-Турмуш айылдарынын тургундарынын атынан кайрылып жатабыз. Бизде мал, жылкы уурулук өтө көп катталууда. Уурулар кармалбагандыктан эл кыйналып кетти. Ушул ишти көзөмөлдөп койсоңуз, сизден сураныч.
- Сөзсүз көзөмөлгө алынат. Мен бул жерге жетекчилерди бекер ээрчитип келген жокмун. Элдин көйгөйүн, чечилбеген маселелерин угайын, дароо тапшырма берейин, ал тез арада чечилсин деген ниетте ээрчитип келдим. Маселени ошол замат чечкенди жакшы көрөм. Бул жерде отурган жетекчилер дагы өздөрүнө тиешелүү суроолорду жазып, атүгүл телефондоруңарга чейин алышты. Алар телефон аркылуу дагы байланышат деп ойлойм. Кагылайын калк! Суроолоруң, арызыңар кабыл алынды. Суроо-талаптар оңго чечилет деп ишенем.
Түз байланышты алып барган Назира СААЛИЕВА
