Кузгундан үйрөнгөн саясат


Эл алдында чачырап, төгүлүп сүйлөш керек. Бирок киши эл алдында чачырап, төгүлүп ырдай алат, сүйлөй албайт. Элдин сүрү бар. Бул сүр аябай олуттуу. Ырга гана баш ийет. Кыргыздар муну байыртан жакшы билишет. Мышык этин жеп, күрүчүн түртүп койгондой, жаман-жакшыларын алдыга түртүп чыгарып койушат.
Мени өткөн жумада "Асабанын" майрамында алдыга түртүп чыгарып койушту. Чачырап төгүлүп сүйлөй албадым… Улуу күч сүйүү гана кишини төгүлтүп чачыратат. Күн ошентип чыгат. Илгерки китептерде Күндү кудайдын жашаган үйү дешет. Ошондо мени бир жөнөкөй нерсе таң калтырды. Таң калганым ушунча болду, угуза да айтып жибердим. Адатымча орусча, кыргызчаны аралаштырып "мындай казылган, оюлган, тытылган рабочий полду көргөн эмесмин. Муну көрүп туруп начар сөз сүйлөөгө мүмкүн эмес" дедим окшойт. Анан жакшы сүйлөдүмбү, жаман сүйлөдүмбү билбейм... Бир билгеним филармониянын көшөгөсүнүн ичи мени зор таң калтырды. Аткананын, уйкананын ичи кышында ушундай казылып, ойулуп калат. Муну бок чыгаргандар билет. Бул мага түшүнүктүү дейин десем, көшөгөнүн ичин мынабу, көпөлөккө окшогон бечара бийлеп жүрүп казып салдыбы? Улак чепкен жер ушундай болчу эле, майдан болгон жер да ушундай болчу эле деп, уйкананы айттык. Аткананы айттык. Айтпаганыбыз эмне калды? Көшөгө калды. Кыргызда илгертен көшөгөнүн ичинде эмне болот? Чымчылашып күйөө менен кыз отурушат. Чиренип өлүк жатат. Башкасын айтпаганда, мага таасир болгону бир чети, кыкемдигимен болду окшойт, ушул болду. Деги эмне болсо да, Салижан аке экөөбүз Кыргыз филармониясынын көшөгөсүндө орустардын Бөдөнө талаасында ­(Куликово поле) тургандай какайып турдук. Саясат жөнүндө кеп кылдык. Бул жөнүндө эми кеңири кеп кылууга болот. Мындан миң жылдар мурун Енисейде улуу кыргыз империясы болгону тарыхтан белгилүү. Түндүгү Кызыл-Жар (Красноярск шаары), чыгышы Кыргыз көл (Монголия), батышы Эдил дайра (Волга), түштүгү Кулаб (Тажикстан) - байыркы Кыргыз империясынын чектери ушул болгон. Ошондон бери кыргыздын өз мамлекети, өз саясаты эми башталды десек жаңылышпайбыз. Кыргыз эли илгертен саясатчыл эл болгон. Саясатка жакын болгон. Саясат кыргыздын канында. Муну оңой эле байкаса болот. Куштардын эң эле саясатчысы кузгундар болушат. Кайдан-жайдан чогулганын билбейсиң. Төбөңдө куулдап-шуулдап айланып тургандарын гана көрүп, билип каласың. Ушунда гана Кыкең жоголгон уйун издеп жөнөйт. Кыргыз эригет. Бирөө менен сүйлөшкүсү келет. Эмне кылат? Унчукпай ордунан турат. Чапанын желбегей жамынат да каалгып, калдайып басып барып бир дөбөнүн башына конуп отурат. Бир маалдан кийин эле карасаң дөбөнүн башы бакылдаган кыргызга толгон. Саясат жөнүндө сүйлөшүп отурушат. Кыргыздар саясатты кузгундардан үйрөнүшкөн. Экөө байыртан бери тоолордо бирге жашашат да. Ошол үчүн кыкеңдердин жакшылык, жамандыкта кантип чогулуп калгандарын билбейсиң. Муну өздөрү да билбей калышат. Кузгундардай эле чогулушат го чиркин! Бул бир белги. Экинчи белги, кыргыздын калпагы. Дүйнө элдеринде мындай мафиозный баш ­кийим жок (Буга мафиозный дегенден башка сөз таба албай жатам). Жыйырманчы-отузунчу жылдары Кыргызстанга Сергей Образцов деген сүрөтчү келген. Жашаган. Муну ушул киши биринчи түшүнгөн экен.
Анын үркүн жөнүндө бир сүрөтү бар. Беш-алты ак калпакчан кыргыз турат. Жөн эле турушат. Дөбөнүн башында ­отурушкандай эле. Бирок сүрөт "Заговор" деп аталат. Эгер жаңылбасам. "Минтип атаганга не түрткү болот?" деп карап турсаң, кептин баары калпактарда экенин билесиң. Беш-алты калпак бар жер сүрдүү да, шаңдуу да. Эсиң чыгат. Ак калпакта чоң саясат бар десең, кызык угулушу мүмкүн. Бирок бул - факт. Кудайдын саясатын айтпаганда, Аристотель аксакалдын "человек - политическое животное" деп айтканы кыргыздарга биринчи иретте эп келет, төп келет.
Кубатбек Жусубалиев, жазуучу
"Жети сөз жана Конфуций" китебинен алынды




Мелис Эшимканов быйыл 50гө чыкмак


Быйыл биздин устат Мелис Эшимканов 50гө чыкмак. Болгону 50гө… Жапжаш өмүрүн неге мынча шашып жашады экен, аттиң... Чуркап жашады, алактап шашып жашады. Анан эле бир күнү баарынан тажагансып кетип калды шарт эле. Ал жок саясат да саясатка окшобой... Ал болгондо азыр оппозиция чакчырылып Атамбаевди кыйла жүдөтүп атмак...Таң калганым, Эшимканов каза болгондон кийин кечээ эле Атамбаевди ашатып аткан Суваналиевге окшогон саясатчылар таптакыр өчтү… Дымып жатышат тигине. Ал жок кыргыз гезиттери да гезитке окшобой… Окшошо албай… Аттиң, "Баягы Асабасын" чыгарып үлгүргөндө не? Ушул арман болуп калды. Саясатчылардын көбү Мелис Эшимкановду пайдаланганга маш болчу. Себеби ал өлгүдөй ишенчээк эле. Кээде таң калчубуз, кашайып эле жаш баладай ишенип алчу. Алдап атканын көрүп турса да сокурча ишенчү. Ошолорго ишенип атып кээде адашты. Мелис Эшимкановду жаман көргөндөр да четтен чыкчу. Жаман көрүшчү, бирок эч кимиси окшошо алчу эмес, ал жасаганды жасай алчу эмес. Мелис байке өз образын ушунчалык оригиналдуу жарата алды. Айрыкча, журналистикада гезит чыгаруу менеджерлигин, тапкычтыгын эч ким туурай албайт. Эшимкановдой редактор жарала элек. Бийликти катуу сындап, чекесине чыккан чыйкан болуп, саясатчылардын сазайын берген жагынан эч кимди алдына салчу эмес. Эшимкановдун феноменин караңыз, Эшимканов коллаж кылып, өкүртө сындаган чиновниктер аны издеп таап, жанталашып тилин таап достошконго шашышчу. Себеби, аны менен эсептешпесе, кыйын болорун билишчү. Биз болсо аны адам катары жакшы билип калдык. Ушунчалык жүрөгү назик эле… Боорукер эле... Анан жүрөгү ооруп турса да билгизбей, бекем болгонго аракет кылчу. Мелис байке ушул жылдын декабрында 50гө чыкмак. Болгону 50гө…

Чолпон Орозобекова




Тунгуч опера ырчысы - Сайра Кийизбаева



"Төкөлдөштүн төрт кызы" деп легендага айланган кыргыздын атактуу кыздары кимдер? Алар - Кыргызстандын бир кездеги борбору Пишпектин чет жакасында жайгашкан Төкөлдөш айылынан чыккан Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова жана Кыргыз эл Баатыры Сабира Күмүшалиева. Бүгун биз алардын бири Сайра Кийизбаева тууралуу сөз кылабыз.

СССРдин эл артисти, профессор, кыргыздын тунгуч профессионал опера ырчысы Сайра Кийизбаева дүйнөлүк ысымдагы улуу композиторлордун классикалык операларындагы ондогон башкы каармандардын ролдорун аткарып, кыргыз операсынын алгачкы чыйырын салган. Түрдүү аваздык боёктордогу, лирикалык, патриоттук ырларды, романстарды да өтө чеберчиликте аткара билип, айрыкча А. Малдыбаевдин, М. Абдраевдин эл, жер, эмгек, махабат ж.б. темадагы ырларын шаңкылдап аткарып, кыргыз өнөр секисин түптөгөн улуу корифейлердин бири Сайра Кийизбаева экени талашсыз.
1936-жылы Фрунзеде эл ­чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасы Кыргыз драма театрынын залында салтанаттуу ачылат. Олимпиаданын эң негизги максаты - жаңыдан түптөлүп жаткан улуттук профессионалдык музыкасына, театралдык өнөрүнө эл ичиндеги таланттарды табуу жана кошуу болчу. Кароонун үчүнчү күнүндө борбор шаарга жакалай жайгашкан Төкөлдөш айылында жашаган, педагогикалык техникумдун чап жаак, сулууча келген, келбеттүү, ичке белдүү, ак жуумал Сайра аттуу студенти сахнага чыга келди да, Эсенаалы Кушчуевдин айтылуу "Ой тобосу" менен Абдылас Малдыбаевдин ошол кездеги угуучулардын арасында жаңыдан гана ырдала баштаган "Гүл турмуш" аттуу ырын фортепианонун коштоосунда ырдап чыгат. Ошону менен Сайра Кийизбаеванын чыгармачылык жолу ачылды. Сайра Кийизбаева биринчи сыйлыкка ээ болуп, калыстар тобу аны Кыргыз драма театрынын алдындагы студиядан окууга жиберишет. Ошол замат Кыргыз драма театрында алгачкы жолу даярдалып жаткан В.А.Власов менен В.Г.Ференин "Алтын кыз" музыкалык драмасындагы Ажардын, В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин "Айчүрөк" операсындагы баш каарман Айчүрөктүн ролдорун сахнага алып чыгуу тапшырылат. Сайра Кийизбаева, сахналык тажрыйбасы жок болсо да, Ажар менен Айчүрөктүн образын көрүүчүлөр күткөндөй деңгээлде алып чыгат. Ошентип Сайранын сахнадан тушоосу кесилет. Жаш ырчы сахнада Айчүрөктү аткарып жатып, курбулары менен болгон назик кыялдануусун да, Семетей менен жолугушуудагы лирикалык жылуулукту да, душмандын маңдайында турганда зор токтоолукту да, Чынкожо менен сүйлөшүүдө аялдык кылыктанууну да ишенимдүү бере алды. Мына, отуз жылдан бери "Айчүрөк" операсы Кыргыз опера жана балет театрынын репертуарынан түшпөй келет.
1953-жылы кыргыз опера ырчыларынан биринчи болуп Сайра Кийизбаева Москванын Чоң театрында Пуччининин "Чио-Чио-Сан" операсында Баттерфляй айымдын партиясын орус тилинде аткарат. Бул эң маанилүү экзамен болгондуктан, москвалык көрүүчүлөрдү да багындырып, экзаменден укмуштуудай ийгилик менен өткөн. Баса, "Евгений Онегин" операсында Татьянанын ролун да укмуш жараткан. Кыргыз опера өнөрүнүн түптөлүшүнө салымы зор болгон. Опера-балет театрын жетектеп турганда театр өнөрпоздору "алтын жылдар" болгон деп айтып жүрүшөт. СССР Жогорку советине да бир нече жолу депутат болгон. Сайра Кийизбаева быйыл 95 жашка чыкмак.

Даярдаган
Бекжан Асылбашев