"Ак боз аттын" автору 80 жашта

Жазуучу Шатман Садыбакасовду эскерүү


Кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучу-драматургу Шатман Садыбакасов 1932-жылдын 25-майында Нарын областына караштуу Жумгал районундагы Дыйкан айылында туулган.
Улуу Ата мекендик согуштун катаал жылдары, жалпы журттун башына түшкөн оорчулук жазуучунун нравалык баралынын эртелеп жетилишине омоктуу түрткү болгон, ошондой эле бул учур жазуучунун кийинки чыгармачыл өмүрүнө гүлазык катары кызмат эткен.

Шатман Садыбакасовдун туңгуч ыр-аңгемелери 1950-жылдан тартып республиканын басма сөз беттеринде жарыялана баштаган, ал эми алгачкы китеби - "Пейил" 1958-жылы басмадан чыккан. Ошондон тартып өмүрүнүн соңуна чейин "Мүнөз", "Жол түгөнбөйт", "Бир үзүм жалын", "Күндөр", "Сонун бала", "Жашыл өзөн", "Кең дүйнө" сыяктуу ж.б. ар кыл жанрдагы китептерди окурмандарга тартуулады.
Жазуучунун чыгармаларында элибиздин тарыхына, социалдык маселелерине тийиш орчун маселелер козголуп, чагылдырылган. Кыргыз элинин тарыхый тагдырындагы урунттуу учуруна арналган "Күндөр", "Ак боз ат" сыяктуу чыгармалары жеке жазуучунун эле эмес, жалпы кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүш баскычындагы бараандуу көркөм туундулар катары өз ордун ээлеген. Жазуучунун көптөгөн чыгармалары орус жана башка тилдерге да бир нече ирет которулган. Ошол эле учурда Ш.Садыбакасов М.Шолохов, О.Гончарь, Г.Мүсрепов, В.Степанюк сыяктуу жазуучулардын чыгармаларын кыргызчалаган.
1950-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн баштап, Ш.Садыбакасов бүткүл өмүрүн кыргыз адабияты менен маданиятынын майданында өткөрдү. "Жаш ленинчи", "Ала-Тоо" журналдарында, "Кыргызстан" басмасында редакторлук кызмат өтөө менен ал улуттук басма сөзгө, мезгилдүү адабий процесске омоктуу салым кошкон, жаш калемдердин чыгармачыл-эстетикалык калыптанышына чоң көмөк көрсөткөн.

Шатман Садыбакасовдун байбичеси Койсун Эсеналиева:

"Кагазда калган сөз өлбөйт экен"


- Эже, Шатман Садыбакасов агай учурунда "Ала-Тоо" журналынын жетекчиси жана мыкты публицист, жазуучу-драматург катары таанымал киши эле. Көпчүлүк аны сызылып сүйлөгөн, сыпаа, ак сөөк киши деп билчү. "Ала-Тоого" тез-тез каттап, аралаша жүргөн мен да ошентип баалачумун. Үйдө кандай эле?
- Так эле ошондой сыпаа, кыздын баласындай назик, үнүн катуу чыгарып сүйлөбөгөн аристократ киши болчу. Экөөбүз чейрек кылымдай бирге жашадык, үч уулдуу болдук, же уулдарына, же мага катуу сүйлөгөнүн уккан жокмун. Жумуштагы проблемаларын үйгө апкелчү эмес. Зымга тарткандай зыңгырап, не кубанганын, не капаланганын билдирчү эмес. Баарын ичинде кармап, ичинде сактачу. Мени атыман айтпай, "Илира, Илирам менин" деп эркелетип койчу.
- Эмнеге?
- Ким билет? Жаш чакта илмийген арык неме болсом керек. Ал киши менен таанышканда мединститутта окучумун. Чачым калың, узун эле, ал кезде чач кырк­май жок, эки өрүп далыга таштап койчу элем. Чачымды жактырдыбы же өзүмдүбү, айтор, бир көргөндө эле көзү түшүптүр. Кудайдын буйругу экен, кол кармашып жашап калдык. Менден жашы бир аз өйдө болсо дагы, ал мага өтө эле улуу, каадалуу-нускалуу адамдай туюлчу. Конокторго барып калганда "сен кичине ууртап-татып отур, мен да ичпесем, сен да ичпесең болбойт" деп калаар эле. Шампандан ууртап-татып койчумун. Ал өзү такыр иччү эмес. Бир үйдө кайненем болуп чогуу турдук. Экөөнө тең эки дүйнөдө ыраазымын. Кайненем мен келин болуп келгенден казан-аякка жолоткон жок, "окууңду оку, ишиңди иште" деп бөпөлөп турчу. Балдарымды да ошол киши бакты. "Ысык суу, муздак суу даяр, идиш-аякты, кир-кокту өзүм эле жууп коём" дечү. Үйгө конок келгенде, конок менен конок болуп эле олтурчумун. Көрсө, ал кайненем өз деле эмес экен, бир атадан жалгыз туулган Шатманды ошо киши өстүрүп, тарбиялаптыр. Кайненем Шатман өлгөндөн кийин колумда калып, аркы дүйнөгө колуман узады.
- Агай үйдө кандайча иштечү эле? Чыгармасын түз эле машинкага басчу беле же кол менен жазчу беле?
- Кол менен жазчу. Ал барда үйүбүз төрт бөлмөлүү болчу, бир бөлмөсү кабинети эле. Ошондо бекинип алып иштечү. Кээде-кээде башын чыгарып, "акырыныраак болгулачы" деп коёр эле. Бала-чака ашкере чуулдап, катуурак сүйлөшүп жиберсек керек...
- А бул алтынчы микрорайон­догу, шамалдуу тоонун этегинде жайгашкан үйгө качан келдиңиздер?
- Шатмандын көзү өткөндөн кийин келдик. Мурдагы төрт бөлмөлүү үйүбүздү экиге бөлүп алмаштырып, бирин бир уулума тартуулап, өзүбүз бул жакка көчүп келгенбиз. Эки уулум дүйнөдөн эртелеп өтүп кетишти. Кудайга шүгүр, аркасында балдары калды. Бул үйдө тун уулумдун уулу, неберем Исабек экөөбүз турабыз. БГУда иштейт, математик, жаш окумуштуу.
- Мындан 80 жыл илгери, буралган гүлгө, шиберге толгон ушундай май айында, айтылуу Мидиндин мекени болгон Жумгалда Шатман агайыбыз жарыкка келген экен. Туулган күнүн белгилеп барып келипсиздер...
- Ооба, кечээ эле келдик. Бишкектен Мелис Абакиров баш болгон бир топ жазуучулар барышты. Исанов премьер-министр убагында жүгүрүп жүрүп, чечим чыгартып, кол койдуруп, Шатмандын ысмын өзү туулган Дыйкан айылынын орто мектебине бердиргенбиз. Ошо мектептин мугалимдер жамааты, окуучулары демилге кылып, 80 жылдыгын белгиледи. Эл-журттан айланса болот, аябагандай ыраазымын. Өз деңгээлинде өткөрүштү, жылуу-жылуу сөздөр айтылды. Шатман тирүүсүндө өкмөттүк сыйлыкка, наамга илинген эмес, көрсө, кагазда калган эмгек өлбөйт тура. Элдин көзүндө, эсинде болот экен.
- "Ак боз ат" деген драмасы убагында кыргыз драма театрында коюлуп, көпчүлүк кызыгуу менен көрдү эле.
- Жалил Абдыкадыров режиссёру болгон. Ал да таланттуу киши эмес беле. Ал дагы жаш кетти.
- Өзүңүз кай жерлерде иштедиңиз?
- Мединститутту бүткөндөн кийин беш жыл ошол эле институтта студенттерге сабак бердим. Анан пенсияга чыкканга чейин борбордогу спецклиникада республикалык маанидеги жетекчилердин экинчи орун басарларынын ден соолугун көзөмөлдөгөн врач-терапевт болуп иштедим.
- Шатман агайдын да кагаздарын, сүрөттөрүн көздүн карегиндей сактап, көзөмөлдөп келатыпсыз, ошо көкүрөгүңүзгө, көңүлүңүзгө ыракмат. Көп жашап, жубайыңыз көрбөй кеткен небере-чөбөрөлөрдүн урматын көрүңүз.
Сагын Акматбекова
25.05.12







De-факто

31-май, 2012-жыл






??.??