Тагдыр сыноосун эмгек менен жеңген Мурадыл



Эки буту тең баспай, майыптар арабасында жүргөн 34 жаштагы Мурадыл Рахманбердиев майонез жана кетчуп чыгаруучу "Жаңы Турмуш үмүт" деген ишкана ачып, ондон ашык мүмкүнчүлүгү чектелгендерге иштегенге шарт түзүп берген. Аталган ишкана Ош шаарынын Бекмамат Осмонов көчөсүндө жайгашып, Оштогу майыптардын негизги борборуна айланган.

"Жаңы Турмуш үмүт" ишканасынын эшиги калаадагы ар бир майып үчүн ачык. Бул жерде алардын эмгегинен жаралган "Чын көңүлдөн" майонездеринин өтүмдүүлүгү түштүк борборунда жогору. Сатуудан түшкөн каражат иштеп жаткандарга 6 миңден 10 миң сомго чейин айлык катары берилип, андан арткан киреше ооруканада жаткан же ордунан жылалбаган майыптарга жөнөтүлөт. Мурадыл Рахманбердиев ишканадан тышкары "Майыптар улуту" коомун түзгөн. Жакында эле мүмкүнчүлүгү чектелгендерге спорт менен машыгып, дене-мүчөсүнө кам көрүүчү борбор ачты.
- Мурадыл мырза, эмне үчүн коомду "Майыптар улуту" деп атадыңар?
- Июнь калабасынан кийин өзбек-кыргыздын бири-бирине болгон мамилеси суз болуп калбадыбы. Байкалбаган менен адамдардын ичинде кайнаган ыза, таарыныч бардай. Бирок биз, майыптар, башкабыз. Майыпты майып гана түшүнөт. Биз үчүн улуттун айырмасы жок, кайсы улуттан болбойлу, майып бойдон калабыз. Ошол негизде Оштогу майыптар бирөөгө көз каранды болбой, өз алдыбызча бир күч болуп биримдикте жашоонун татаал сыноосун жеңели деген максатта "Майыптар улуту" деген коом түздүк. Миңге жакын мүчөбүз бар.
- Силерге материалдык жактан ким кол кабыш кылат?
- Өлкөбүз кыйын кырдаалда турганы маалым, демек, өкмөт тарабынан жардам деле күтпөй калдык. Буга чейин жогору жакка бир канча жолу кат менен жардам сурап кайрылгам. Бирок эч кандай жооп болгон жок. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өзгөчө камкордук жоктугуна көзүм жетти. Андыктан бүт өмүрүмдү, байлыгымды майыптарга арнадым.
- Өзүңүз каражатты кайдан табасыз?
- Ишкердик чөйрөдө жүргөнүмө 20 жылга жакын убакыт болду. Мындан 3 жыл мурда соода-сатык менен жүрүп, Ош-Бишкек жолунда чоң кырсыкка кабылгам. Анын кесепетинен эки бутум иштен чыгып, арабада отуруп калдым. Кудайым майыптарга жардам берсин деп, башыма ушул сыноону салган окшойт. Анткени ушул күнгө чейин аларга кайдыгер карачумун. Акыры башка салганга көнүп, өзүмө окшоп тагдырдын оор сыноосунда калгандардан дос таптым. Азыр мен ишкердиктен түшкөн пайданы жалаң ошолорго жумшагым келет. "Жаңы Турмуш үмүт" ишканасын, майыптар спорт менен машыгуучу борборду да өзүмө караштуу менчик жерге ачтык. Андан сырткары тубаса майыптар үчүн балдар бакчасын ачууну пландап жатабыз. Кыскасы, Ош шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө 1 гектардай мага караштуу жер бар, буюрса, ошол жер майыптар шаарчасына айланат.
- Майонез чыгарган ишканага, майыптар машыгуучу жаңы спорт борборуна кабыл алуу кандай жүргүзүлөт?
- Мага майып болсо болду, кабыл ала беребиз. Тигиндей-мындай деген сынак же башка нерсе болбойт. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер машыгуучу спорт борбору Орто Азияда жок экен. Мен Москвага барып бир ай машыгып келдим. Баасы аябай кымбат, бир күнгө 100 АКШ долларын чапчыйт. Биздин майыптарда андай мүмкүнчүлүк жок да. Ошону эске алып, машыгуу бекер эле болсун дедим. Учурдан пайдаланып "Мегаком" уюлдук компаниясына ыраазычылык билдирип кетким келет. Анткени биздин өз ара сүйлөшүүбүздү акысыз кылып берди.

Мурадыл мырза менен болгон баарлашуунун соңунда,"Жаңы Турмуш үмүт" ишканасынын иш башкаруучусу, II топтогу майып, 24 жаштагы Муратбек Салиев буларды кошумчалады:
- Кудайга шүгүр, ушул ишкана ачылып жашообуз кыйла оңолуп калды. 8 миң сом айлыгым өзүмө жетип, үйдөгүлөргө да жардам берип турам. Мурдагыдай бирөөнү колун карап кайырчылык кылбай калдык. Кардарларыбыз көп, биз чыгарган майонездин өтүмдүүлүгү жогору. Дүңүнөн арзан баада сатып алышат. Мындан сырткары устачылык менен алектенем, сандык жасап сатып жатам. Майып досторума да үйрөтөм. Айтор, Оштогу мүмкүнчүлүгү чектелгендер ынтымактуубуз.

Кайрат Жапаров, Ош


Өз уулунан бетон буйруган эне

Үстүбүздөгү жылдын 18-май күнү биржаш үй-бүлө жаңыдан көчүп келген батиринин тегерегин тазалап жатып, мурун жашап кеткен адамдардын ыкыр-чикирлеринин арасынан сасык жыт келип жатканын баамдашат. Айрыкча ичи таштандыга толгон 200 литрлик темир челектин жанынан өтүүгө мүмкүн болбой калганда Таш-Дөбө айылдык милиция бөлүмүнө кайрылышкан. Милиция кызматкерлери үстү бетондолгон челекти талкалаганда аялдын өлүгү чыккан. Ошол замат кылмыш иликтенүүгө алынып, өлгөн аялдын ким экендиги иликтене баштайт. Көп узабай эле өлтүрүлгөн аял өз уулу менен бул үйдүн мурдагы квартиранты болуп жүргөн М.Н. экендиги аныкталат. Көргөн көздөрүнө ишенбей, жакасын карманган кошуналары бул шордуу аял өткөн жылдын күз айынан бери көрүнбөй калганын айтышкан. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери ишти тыкыр иликтөөгө алып, маркум аялдын өлүмүнө 31 жаштагы уулу М.М. себепкер экенин тастыкташкан. Ал көп узабай тентип жүргөн жеринен колго түшкөн. Иликтөөлөргө таянсак, бул окуя 2011-жылдын ноябрь айында болгон. Эне-бала чырдаша кетип, канкор уул энесин катуу нерсе менен чаап өлтүрүп алган. Анан өлүктү кайда жашыраарын билбеген канкордун көзүнө темир челек урунган. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Оодарылган автобус
Нарын облусунун Ат-Башы районунда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда келе жаткан (59 42 IZ номерлүү) эл ташуучу "Setra" автобусу капысынан оодарылып, 1 адам каза таап, 5 адам ар кандай даражада жаракат алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 26-май күнү саат 4:05те капыстан болгон жол кырсыктын айынан 19 жаштагы Акбермет Шайырова каза таап, дагы беш адам ар кандай жаракат алышкан. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тобу барып, 12 жүргүнчүгө алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, жабырлануучуларды дароо Нарын облустук ооруканага жеткиришкен. Учурда бул жол кырсыгы эмнеден болгондугу такталууда.

Кытай кызын уурдагандар кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 21-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Кытай жараны кайрылып, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан сиңдиси А. кимдир бирөөлөр тарабынан уурдалып, эми 10 миң доллар талап кылып жатышканын кабарлаган. Бул иш боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 23-беренесинин 1-бөлүмү боюнча иш козгоп, көп узабай кызды уурдаган кылмыштуу топту кармашкан. Кылмышка шектүү эргулдар кытай кызын Токмок шаарындагы бир үйгө камап, ойлоруна келгендей кыйнашканы маалым болду. Учурда кордук көргөн кытай кызы бошотулуп, үч эргул сурак берип жатат.