Df-куржун



Урматтуу окурман, турмуш-тиричиликке байланыштуу суроо пайда болсо, анда бизге кайрылыңыз. Керектүү адистер менен байланышып, жооп алып бергенге дайым даярбыз. Бул үчүн редакциянын эшигин жыртуунун кереги жок, болгону 59-15-76, 59-20-16 номерлерин гана терип коюу жетиштүү.

Айдоочу жаза алабы?
- 2 ай мурда сиңдимди машина кагып, ооруканага түшкөн. Ал жактан рентгенге тартып, "жамбаш сөөгүнөн жарака кеткен, сынык жок" деп тез эле чыгарып ийишкен. Андай жооп уккандан кийин биз "койгон шоопурга дообуз жок" деп тил кат жазып бергенбиз. Сиңдим жакшы боло албай койгонунан жакында компьютердик томографияга тарттырсак, жамбаш сөөгү сынып, туура эмес бүтүп калганын айтышты. Эми айдоочуга карата кандай чара көрсө болот?
Мира Тилекматова, Каракол шаары

Окурмандын бул суроосуна Улуттук юридикалык корпорациянын юристи Азамат Кешикбаев жооп берди:
- Сиз укук коргоо органдарына кырсыкка күнөөлүү айдоочунун үстүнөн кайра азыр жазып, кайрадан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүп берүүсүн сурансаңыз болот. Сиңдиңиздин абалына караганда, экспертиза орто деңгээлдеги, балким оор жаракат деген да бүтүм чыгарып бериши мүмкүн. Мындай учурда айдоочуга КРнын Кылмыш кодексинин 281-беренеси боюнча кылмыш иши козголушу керек. Козголгон кылмыш ишинин алкагында сиңдиңиз жол кырсыгына кабылгандан кийинки бардык чыгымдарды төлөтүп алыш үчүн арыз жазууга укугуңуз бар.

Ашказан гастритин эмне пайда кылат?
- Өткөндө бир гезиттен "ашказандын гастрит оорусун "хеликобактер" бактериясы чакырат, эгер адам бул дарт менен жабыркаса, жакындарына да жугат" деп окуп калдым. Мен көп жылдан бери өнөкөт гастриттен жапа чегип келем. Ал балдарыма да жугушу мүмкүнбү?
Зарыл Нусупова, Ош шаары

Зарыл Нусупованын суроосуна Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Бакыт Турусбеков жооп берет:
- Мурда ашказан оорулары тамак-аштан, диетаны кармабай коюу, ысык же муздак ичүү, режимди бузгандан келип чыгат деп эсептелчү. Бирок акыркы 20 жылда ашказан оорусун козгой турган "хеликобактер" деп аталган инфекция табылып, аны тапкан чет өлкөлүк окумуштуулар Нобель сыйлыгын алышкан. Өнөкөт гастриттин 70-80 пайызы ушул микробду жуктуруп алгандан пайда болору илимде аныкталган. Ал ашказандын ичиндеги былжырлуу челде жашап, заң, шилекей, тиш түптөрүндөгү өңөр аркылуу сыртка чыгып, башка адамга жугат. Тиричилик шартында кашык, чыны аркылуу, аларды бир нече адамдын бир эле учурда колдонуусунан улам тарайт. Ал таза адамга жуккандан кийин ашказанга келип түшүп, аны сезгентет дагы гастрит оорусун пайда кылат. Бул оору жукпашы үчүн үйдө тазалыкты жана жеке гигиенаны сактоо шарт.

Урматтуу окурман, эгер сиз юристтин кеңешин алгыңыз келсе же адвокат издесеңиз, "Dе-факто" гезитинин өнөктөшү Улуттук юридикалык корпорациянын юристтерине кайрылсаңыз болот. Байланыш тел.: (0312) 31-14-14, 31-15-15.

Даярдагандар Жамиля Таштанбекова,
Бегимай Бакашева