Темир Сариев, Экономиканы тескөө жана монополияга каршы саясат министри:

"Бизде ун менен буудай жетиштүү, баа кымбаттабайт"


Кубаныч Абазбеков, Бишкек: - Темир мырза, цементке болгон баа кескин жогорулап кетти. Заводдон чыккан баасы арзан эле экен. Демек, ортомчулар бааны жасалма көтөрүп пайда көрүп жатат да. Ушуга эмне үчүн көзөмөл жок?
- Канттагы завод мештери сынбай иштеп турса, бир айда 65-75 миң тоннага чейин цемент чыгарууга кудурети жетет. Бирок учурда цементке болгон талап 110 миң тоннанын тегерегинде. Ортодо 30 миң тоннадай айырма болууда, кандай бөлүштүрсөң да цемент жетпейт. Мындай учурда сөзсүз түрдө кызыл кулактык болот. Азыр цементтин заводдон чыккан дүң ­баасы - 4700 сом. Муну Монополияга каршы агенттик көзөмөлдөп турат. Ал эми чекене түрдө сатканды текшергенге мыйзам уруксат бербейт. Бул көйгөйдү чечүүнүн бир эле жолу бар. Цемент өндүрүүнү көбөйтүү керек. Кант цемент заводунун жанында дагы бир "Технолин" деген завод бар. Акционерлерге ошону 2-3 жума ичинде иштеткиле десек, макул болушту. Бир күндө эки миң тонна цемент чыгарат экен. Айына 60 миң тонна чыгарса эле тартыштык жоюлганы турат. Экинчиден, экспортко тыюу салдык, "тышка чыкпасын" деп. Үчүнчүдөн, тыштан цемент ташыгандарга шарт түзүп бериш керек. Азыр эми курулуш иштери жанданып атпайбы. Ушул иштин баары жолго коюлса, цемент арзандамак.
Нурайым Болотбекова, Бишкек: - Темир байке, мен суроо бериш үчүн эмес, каалоо айтыш үчүн чалдым. ММК бетинде Экономика министрлиги эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкени жазылып жүрөт. Бир катар программаларды ишке ашырууга да жетишкен экенсиз. Мындан ары да жакшы ийгиликтерди багынтууңузга тилектешмин.
- Чоң рахмат, карындашым. Биз эми колдон келишинче иштеп атабыз. Калган бааны эл берет да. Ишибизге сиздер сын көз менен карап, баа берип турганыңыздар биз үчүн өтө маанилүү.
Бактияр Нурманбетов, Бишкек: - Сизге эки суроом бар. Биринчиси темир жолго тиешелүү. Кытай тарап менен ортодо кичине келишпестик бар тура. Экинчиси, кайсы облустарда кандай завод-фабрикалар иштегени жатат, ушул тууралуу маалымат берсеңиз?
- Кыргыз-кытай-өзбек темир жолу бул биздин келечектеги чоң багытыбыз. Ал сөзсүз түрдө салынып, биз транзиттик мамлекетке айланышыбыз керек. Деңизге ушул жол менен гана чыга алабыз. Ал эми сиз айткан маселени эске алабыз. Кыргызстан менен Кытай чектешкен жерге чоң база курулуп, ошол жерден вагондордун дөңгөлөктөрү алмашып турушу керек деп жатам. Экинчи сурооңуз боюнча айтсам, Кара-Балта шаарында нефтини кайра иштетүүчү завод курулуп жатат. Эмки жылдын май айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Кубаттуулугу 1 жылда 800 миң тонна нефти иштетүүгө жетет. Анын 90%ы Евро-3 стандартына ылайык күйүүчү май, 10%ы майлоочу май, битум ж.б. болот. Кечээ эле британиялык инвесторлор менен эки тараптуу сүйлөшүү болду. Алар Таш-Көмүрдөгү "Кристалл"­ заводун иштетүү үчүн келишимге кол коюп кетишти. Быйыл 50 млн. доллар инвестиция салабыз, эмдиги жылы 250 млн. доллар салып 18 ай ичинде заводду ишке киргизебиз деп жатышат. Эгер ал ишке ашса, завод жылына 1 млрд. долларлык продукция өндүрөт. Бул "Кумтөр" менен барабар чоң долбоор болгону турат. Андан тышкары, быйыл Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясы тартыла баштайт. Ал бүтсө, энергетикалык көз карандылыктан кутулабыз.
Чынара Жакып кызы, Талас: - Темир мырза, Финансы полициясын жоюп, ордуна Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматын түзүүнүн зарылчылыгы бар беле?
- Бизде буга чейин финансы полициясы иштеп турган. Бул орган коррупцияга белчесинен батканы эч кимге сыр эмес эле. Илгертен эле бийликтин буйругу менен иштеп, байып келаткан бизнесменди көрсө, баса калчу. Муну токтотууга кескин чара, реформа керек болду. Ошол себептүү финансы полициясын жойдук. Ордуна ушул органды түзүп, жаңы адамдарды конкурс менен кабыл алдык.
Уулкан Бактыбек кызы, Бишкек: - Өкмөт эки баскычтуу бюджетке өттүк дейт. Ушул тууралуу сиздин оюңузду билейин дегем…
- Быйылтан баштап эки баскычтуу бюджетке өтүп атабыз. Жакында административдик-территориялык реформанын концепциясын карап чыгып, парламентке жөнөттүк. Анын негизинде облустук администрация жоюлуп, анын ордуна премьер-министрдин өкүлү калат. Райондук кеңешке мурдагыдай депутаттар шайланбайт. Анын баарын ошол районго кирген айыл өкмөттүн депутаттары түзөт. Алардын бирден бир максаты район башчысын шайлоо, ­райондун өнүгүү-социалдык программасын жактыруу болуп саналат. Эки баскычтуу бюджетке өткөнүбүздүн негизги максаты - жергиликтүү бийликтин укугу менен жоопкерчилигин арттыруу, аларга каржы булактарды так аныктап берүү жана стимулдаштыруу болду. Мындан кийин айыл өкмөтү бюджетин өзү иштеп чыгып, өзү көзөмөлдөйт. Биз болгону дотацияда олтургандарга жардам беребиз.
Жунушалы Сыяпов, Ош: - "Кыргызтелеком" сатылышы керек деп атат, аны менчикке берүүнүн кажети барбы?
- Азыр шарт ушундай болуп турат. Узак мөөнөттүү мамлекет саясатын карасак, "Телекомду" рынок шартына ылайыкташтыруу керек. Болбосо, абалы оор бойдон кала берет. Азыр эми элден мурун санариптик телевидениеге өтүп алалы. Муну менен биз көп жердеги телеберүү маселесин чечип алабыз. Экинчиден, элдин уюлдук телефон менен камсыз болушу 100%ды түзүшү зарыл. Ушулардан кийин "Телекомду" менчикке берсек болот.
Зарема Бектенова, Каракол: - Салык саясаты качан жөнгө салынат? КНС менен кошо үй салыгын да жойсо болобу?
- КМШда эң либералдуу салык саясаты бизде. Азыр КНС боюнча комиссия иштеп жатат. Эгер андан кетсек, бирдиктүү сатуудан алынган салык калышы керек. АКШда ушундай. Ал эми мүлк, жер салыгы жергиликтүү салыктарга кирет. Алар сөзсүз болууга тийиш. Аны алып салсак, мамказына толбой калат. Албетте, ставкаларын карап көрсө болот, бирок бизде алар деле анчалык жогору эмес.
Турат, Алай: - Кытайларга кендерди берип алып, кайра эмнеге талашып атасыңар? Кыргызстандын имиджине доо кетет деп ойлобойсуңарбы?
- Мурда кен чыккан жерлердин лицензиялары жең ичинен берилип кеткен. Ушунун айынын жергиликтүү эл менен кен иштеткендер ортосунда тирештер болуп келген. Муну мен "Кумтөр синдрому" деп дайыма айтып келем. Итбекер лицензия алып, аны кайра кымбат саткан кызыл кулак фирмалар дагы болгон. Учурда бул боюнча жаңы мыйзам иштеп чыктык, азыр ал парламентте каралып атат. Ошол кирип калса, мындан ары бардык кендер аукцион аркылуу эң мыкты тажрыйбасы бар, ачык-айкын иштеген, акчасы көп компанияларга гана берилет. Экинчиден, лицензияны иштетпей колдо кармап олтура бергендер да салык төлөөгө милдеттүү болот. Эгер лицензияны сата турган болсо, мамлекетке 10%дан ашык бонус (салык түрү) төлөйт. Ушундай ыкма менен кен байлыктарын иштетүүдөгү башаламандыкты жоюуга бел байлап атабыз.
Артур, Чолпон-Ата: - Быйыл канча турист келет, маалыматыңыз барбы?
- Биз быйыл чет өлкөлүк жарандарды визасыз киргизүү режимин сунуштап, ал парламент тарабынан колдоого алынды. Андан тышкары туристтерге ыңгайлуу шарт түзүп, ашыкча ­тоскоолдуктарды алып салдык. Кудай буйруса, стабилдүүлүк болсо, бул жаатта 20-30%га чейин өсүш болот. Былтыр 2 млн. тегерегинде турист келген. Бул жылы андан да көп болот деп үмүттөнүп турам.
Нияз Кармышов, Талас: - Депутат Анвар Артыков ундун баасы кымбаттаганын айтып чыкты. Сырттан келген унга чектөө киргизбей койсоңор болот эле го, дагы кымбаттаса элдин шору да?
- Мамлекеттик кызматта жүргөн киши дайыма так маалымат бериши керек деп ойлойм. Биз сырттан келген унга эмнеге чектөө киргиздик? Кыргызстан боюнча баш-аягы 120 тегирмен бар экен. Былтыртан бери анын бешөө эле иштептир. Эгер ушул темп менен кетсек, анда сапатуу ун чыгарган тегирмендерди талкалап алмакпыз. Бара-бара коңшуларга ундан көз каранды болмокпуз. Ошон үчүн убактылуу бажы төлөмүн парламенттин уруксаты менен киргиздик. Мында, биринчиден, жумуш орундары пайда болот. Экинчиден, салык төлөнөт. Үчүнчүдөн, ундун сапаты жакшырат. Анткени, бизде аз кандуулукка каршы программа бар. Төртүнчүдөн, тоют маселеси чечилет. Былтыр бизде тегирмен иштебегени үчүн улпактын баасы 8-12 сомго чыккан. Азыр баасы түштү. Менде тегирмендер берген маалымкат да турат. Бизде ундун баасы кымбаттаган жок. Мен муну ишенимдүү айта алам. Ундун да, буудайдын да запасы жетиштүү.
Зуура, Жалал-Абад: - Банк уячаларынан Бекназаров экөөңөр акча алыпсыңар. Бирөөнүн оокатына кол салганыңар уят эмеспи. Дагы революционербиз деп төш кагып коесуңар…
- Сиз андан көрө уячалардагы акча кимдики эле деп сурасаңыз болмок. Бул Максим, Марат Бакиев, Ким дегендердин мыйзамсыз, бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп мамлекеттик байлыкты мыйзамсыз сатып тапкан, чөнтөк чыгымга эле каралган акчасы болчу. Кээ бир уячалардын аты жок болгон. Бакыт Калыевдин атынан эле 5 млн. доллардан ашык акча сакталыптыр. Ал Коргоо министри болуп 100 жыл иштесе да, мынча акчаны чогулта алмак эмес. Бул Бакиевдерге эле таандык экени көрүнүп турбайбы. Азыр ушул маселени бетке кармап кыйкырып аткан жигиттер, эмне үчүн Максим Бакиевдин чет өлкөгө чыгарып кеткен акчаларын териштирбейт? Мен дагы бир жолу айтып коеюн. Уячалардагы акчаны мен чөнтөгүмө салган эмесмин. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары чукул кырдаалга байланыштуу, атайын буйруктун негизинде гана акча бөлүп бергем. Ошол учурда казынада акча тартыш болуп турган. Биз мугалим, врачтарга каралган акчадан ала албайт болчубуз.
Шырдакбек Калчабаев, Ысык-Көл: - "Кумтөрдөн" алынчу киреше быйыл азаят деп жатышат, себеби эмнеде?
- "Кумтөрдөн" түшчү киреше бир гана себеп менен азайып жатат: алардын алтын өндүрүүсү абдан төмөндөп кетти. План боюнча 18,1 тонна алтын казып алыш керек эле. Анын ордуна 12,4 же16 тоннанын тегерегинде эле казып алабыз деп жатышат. Буга мөңгүнүн жылып кеткени себеп болууда.
Айнагүл Азимова, Сокулук: - Кайсы маалымат каражатын көбүрөөк окуп, көп көрөсүз?
- Экономика министрлигинде иштеп аткандан кийин экономикага байланыштуу кабарларга көбүрөөк кызыгам. Айрыкча дүйнөлүк маалымат каражаттарына чыккан кабарлар менен таанышып турам. Андан тышкары Коомдук каналдагы "Ала-Тоо" маалыматтык берүүсүн калтырбай көрөм. Гезиттердин баарын калтырбай окуйм. Айрымдарында мени негизсиз каралаган ушактар жазылат. Аларга маани бербегенге аракет кылам. Жыйырма жыл саясатта жүрүп, бир дагы гезит менен соттошкон эмесмин.
Роза апа, Бишкектен: - Темир уулум, сага батамды берейин деп чалдым. Ылайым ишиң илгерилеп, кыргыздын керегине жарап жүрө бер. Жакшы иштеп атасың, айланайын, ушунуңан жазба. Өркөнүң өссүн.
- Чоң рахмат, апа. "Жакшы сөз жанга кубат" дегендей, сиздин батаңыз мага чоң дем берди. Эми мындан да жакшы иштегенге аракет кылам.
Санжи Туйтунова