Ош коогалаңында дайынсыз жоголгондор



Июнь калабасынан бери эки жыл өттү, бирок дайынсыз жоголгондордун жакындарынын көз жашы кургай элек, көксөөсү сууй элек. Коогалаңдан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына дайынсыз кеткендер боюнча 72 арыз түшкөн. Эки жылдан бери издөө жана иликтөө иштери жүрүп, 64 адамдын дайыны табылган. Ош шаардык прокуратурасы билдиргенге караганда, учурда сегиз адам дайынсыз жок болууда, өздүгү такталбаган сөөктөрдүн арасынан чыккан эмес. Ошондой эле дайынсыз сегиз адамдан сырткары сөөгү табылды делип, бирок ДНК экспертизанын жыйынтыгы туура келбей Алмаз Аскаров менен Махмуд Ботобековдун жакындары куран окута албай келишет.


Дилбар КӨЧКӨНОВА, Алмаз Аскаровдун апасы:

"Жалгызымды таанысам да ДНКсы туура келбеди"


2010-жылдын 16-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Алмаз Аскаров кырчындай 31 жаш курагында дайынсыз жоголуп олтурат. Алмаздын ата-энеси башы жок денедеги ар кандай белгилерди, колундагы "Клот" деген жазуудан улам уулун жазбай тааныган менен кан топтору Орусия, Кытай өлкөлөрүндөгү жүргүзүлгөн молекулярдык-генетикалык экспертизалардын (ДНК) жыйынтыгына туура келбеген.


Алмаздын апасы Дилбар Көчкөнованын айтымында, уулунун каза болгонуна чыдабай көз жаш төгө берип, атасы Куштарбектин бир көзү соолуп калган.
- Көзүмө сүртүп, бапестеп чоңойткон жалгыз уулуман айрылгандан бери мага жашоонун кызыгы жок, - деп олтурду эне кандуу күндөрдү эскерип. - Эч бир ата-эне баласынан кийин өлбөсүн. Байкуш балам башкалардай алынып-жулунбай токтоо эле. Көчөдө согуш болуп жатканынан эч жакка чыгарбай 6 күн үйдө алып отургам. 16-июнь күнү туулган күнү болчу. Жасанып-таранып, Ош шаарынын борбордук аянтында президент Роза Отунбаева кыргыз-өзбекти достоштурат экен деп үйдөн чыгып кеткен. Алмаздын туулган күнүн белгилейбиз деп дасторкон жасап күтүп отурдук. Бирок балам ошол бойдон кайтпады (эне байкуш буркурап ыйлап жатты). Арадан эки жыл убакыт өтсө дале дайын-дареги жок. Айтчы балам, күтүүдөн өткөн азап барбы?! Акыры майышып отуруп, баламдын күйгөн күлүнө зар болуп калдык.
- Алмаз Аскаровдун жансыз денеси табылган дешет. Сиз кандай белгилерге таянып тааныдыңыз?
- Баламдын колунда "Клот" деген жазуусу, сол жамбашында чоң чуңкурчасы бар эле. Башы жок болгондуктан ошол белгилерине салыштырып тааныдым. Уулумдун сөлөкөтүнөн да тааныйм да, кантип тааныбай ­калайын? Кыздарым да дароо тааныган. Болгону ДНК натыйжалары туура келбей жатат. Баламды тирүүсүндө колундагы жазууну көрүп, не деген жазуу экенин сурасам, "Апа, бул башка тилде жазылган, "бир гана сени сүйөм" дегенди түшүндүрөт" деп күлүп калган эле.
- Уулуңуз дүйнө менен кош айтышаар алдында бир канча сөз айткан экен?
- Баламды үч канкор кыйнап өлтүрүптүр. Эки колун кесип, бир канча жерине бычак сайып, башын алып салышыптыр. Алардын бирөө сотто жооп берип жатып, Алмаздын жалбарган сөздөрүн айтты. Байкуш балам: "Мен Токтогулдан болом, өзбек-кыргыз мамилесине эч кандай ­тиешем жок" деп, жан соога сураган экен. Ошол башы жок жансыз дене менин балам экенине ошончолук далил болуп турса да, ДНК натыйжалары туура келбей, куран окуталбай жатабыз.
- Алмаздын артында туяк калдыбы?
- Ооба, бир уулу бар. Алмаз өлгөндө неберем бир жашта эле, азыр үчкө чыгып калды. Келиним төрөттөн каза болгон. Июнь айында Ошто кайрадан уруш чыгат экен деген ушактардан коркуп, неберемди чоң атасына кошуп айылга жөнөтүп жибердим. Өлсө, мен өлөйүн деп Ошто калдым.




"Башы жарылып, өрттөлгөн сүрөттөрүн да көрдүк, бирок…"


Ошондой эле жансыз денеси табылып, бирок ДНК экспертизалары туура келбей, дайынсыз болуп жаткан Ош шаарынын Мажүрүмтал көчөсүнүн тургуну Махмуд Ботобековду да жакындары жол карап күтүп келет. Анын жубайы Мавлюда Ботобекованын айтымында, бети-башын жашырган белгисиз куралчан адамдар күйөөсү Махмуд менен кошо үйүнөн сүйрөп чыгып, кыйноого алып, өрттөгөнгө аракет кылган. Кудай жалгап Мавлюда энени Майсалбек аттуу кошунасы жашырып, өлүмдөн сактап калган. Бирок жолдошунан ушул күнгө чейин кабар жок. - Жолдошумдун өлгөнүн уктук. Башы жарылып, өрттөлгөн сүрөттөрүн да көрдүк. Бирок, ДНК экспертизаларынын жыйынтыгы туура келбей жатат. Кандуу капсалаңды уюштургандарга Кудайдын каргышы болсун. Орто жолдо бизге окшогон карапайым эл азапка калдык. Бизде эмне күнөө эле?! Биз кимге жамандык кылдык?! Күйөөмдүн өлгөнүн таанып турсак да, ДНК экспертизасы туура келбегендиктен, тирүү деген үмүт менен жашап келебиз, - деп көз жашын көлдөтөт Мавлюда эне.


Мотурайган үч кызы жол карап жашап келет

Ошол каргашалуу Ош окуясынан бери өлүү же тирүү экенинен кабарсыз сегиз жарандын бирөө 41 жаштагы Станбек Мырзакаримовду да Кулпунай, Таттыгүл, Гүлназик деген мотурайган үч кызы жол карап күтүп келет. Таттыгүлдүн айтымында, атасынан ушул күнгө чейин эч кандай кабар угушкан эмес.
- Жадакалса өлүктөрдүн арасында да жок. Коогалаң болуп жаткан күнү көчөгө чыккан бойдон кайра кайтып келген эмес. Өлүүсүн же тирүү экенин билбейбиз. Бирок негедир жүрөгүм атамдын өлбөгөнүн туюп жатат. Бир күнү жарк этип эшиктен кирип келчүдөй сезилет, - дейт ал.
Айтор, согуштун кесепети карапайым элге гана тийип, балдарды жетим, жаш келиндерди жесир калтырып, картайган ата-энелерди тирүүсүндө кууратты.

Дайынсыз жоголгондордун тизмеси
Ош шаардык прокуратурадан алынган маалымат боюнча, июнь коогалаңында дайынсыз жоголгондор:
- Өмүрбек Ормонов, Ош шаары, 1988-жылы төрөлгөн
- Жамгырчы Азимбаев, Оштун Жапалак айылы, 1961-жылы төрөлгөн
- Даврон Холтороев, Ош шаарынан, 1964-жылы төрөлгөн
- Авазбек Исманов, Ош шаарынан 1961-жылы төрөлгөн
- Маматжакып Абдукааров, Араван районунун Төө-Моюн айылынан, 1968-жылы төрөлгөн
- Мирзохит Исламбаев, Кара-Суу районунун Шарк айылынан, 1993-жылы төрөлгөн
- Майрамбек Разаков, Кара-Суу районунун Шарк айылынан, 1975-жылы төрөлгөн
- Станбек Мырзакаримов, Алай районунун Терек айылынан, 1971-жылы төрөлгөн

Рахат ШЕРГАЗИЕВ, Ош шаардык прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы:

"70тен ашуун эксгумация жүргүзүлүп, ДНКсы анализге жөнөтүлгөн"


2010-жылдын 10-июнунда башталган Оштогу улуттар аралык жаңжалдан кийин шаардык укук коргоо органдарына дайынсыз жоголгондор боюнча түшкөн арыздардын көбү аныкталган. Бирок 8 жарандын ушул күнгө чейин дайыны жок болгондуктан, шаардык прокуратурада өздүгү аныкталбай жаткан 9 өлүктүн арасынан чыгып калышы мүмкүн экенин айтат Ош шаардык прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Рахат Шергазиев.

- Шаардык прокуратура 9 өлүктүн өздүгүн аныктай албай атат. Андан сырткары облустук прокуратурада жана Жалал-Абадда да ким экени дайынсыз өлүктөр бар. Демек, кайда жүргөнү белгисиз болгон 8 жарандын өлүктөрү ошолордун арасынан чыгып калышы мүмкүн. Эки жылдан бери дайынсыз жоголгон жарандарды табуу багытында бир топ иш-аракеттер болду. 70тен ашуун эксгумация жүргүзүлүп, көмүлгөн өлүктөр кайрадан казылып алынып, ДНК экспертизаларына жөнөтүлгөн. Алгач Москва шаарында экспертиза болуп, өздүгү аныкталбаган өлүктөрдөн 5 адамдын сөөгү аныкталды. Андан кийин Кытай өлкөсүндө экспертиза жүргүзүлүп, кошумча 7 өлүктүн ким экени такталды.
- Дайынсыз болгон 8 жаранды издөө жана Алмаз Аскаров менен Махмуд Ботобековдун жансыз денесине жүргүзүлгөн экспертизалар кандай болууда?
- Кытай Эл Республикасы менен өздүгү аныкталбаган өлүктөрдү кошумча экспертизадан өткөрүү боюнча келишим болгон. Анын негизинде өздүгү аныкталбаган өлүктөрдүн ДНКсы менен салыштыруу үчүн ошол дайынсыз сегиз жарандын туугандарын апрель айында чогултуп, жалпысынан 54 адамдан кан алынып тапшырылган. Ошондой эле кошумча ДНК экспертизасын жүргүзүү үчүн Корея Республикасы менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Алмаз Аскаров менен Махмуд Ботобековдун бардык жакындарынан кайрадан кан алып, тишелүү жерлерге тапшырдык.

Кайрат ЖАПАРОВ, Ош