Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Футболду жандай сүйгөн Меркелдин мекенинде
(Уландысы. Башы өткөн санда)

Фридрих Эберт атындагы германиялык уюмдун демилгеси менен жакында эле Берлин шаарын көрүп келдик. Баш-аягы беш күн жүрдүк. Ушул кыска убакыт ичинде куржун толо маалымат топтоп, эстен кеткис таасир менен кайттык.

Немис аткаминери менен кыргыз аткаминеринин айырмасы
Кыскасы, Кыргызстан үчүн Германиядан үйрөнө турган нерселер көп. Айталы жупунулук. Канцлер Ангела Меркель шаар ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги квартирада тураарын угуп таң калдык. Социал-демократиялык партиясынын депутаты Уте Кумпф айым бир-эки жыл мурда Өзбекстан менен Тажикстанга келип кетиптир. "Силер жакта баары хансарайда жашайт турбайбы" деп сурады. Унчуга албадык. Ал хансарайлардын көбү уурдалган акчага курулганын кантип айтабыз? Бул жакта Бундестагдын депутаттарынын ар бир кыймылы коомчулук көзөмөлүндө экен. Мындан беш-алты жыл мурда бир депутат башка шаарда жатып алып, айдоочусун чакыртканы үчүн талоонго калып, иштен четтептир. Ушул жерден айдоочусу кызматтык унаа менен эки кишинин өмүрүн алганына уялбай, кайра журналистти сотко берген Ирина айым эске түштү. Баса, Бундестагда журналисттер каалагандай кийинип жүргөнүн көрдүк. Биздикилерге окшоп "ак көйнөк кий, жынсы кийбе" деген чектөө жок.

Берлин тарыхы
Бай тарыхы, уникалдуу архитектурасы менен атагы таш жарган Берлин шаары башынан көп нерсени баштан кечирген экен. Анын таш төшөлгөн көчөлөрүн кимдер гана таптаган эмес. Падышалар, фашисттер, советтик танкттар. Айтмакчы, ошол 1945-жылкы согуштун издерин шаардан ушул күнгө чейин кездештирүүгө болот. Айтылуу Берлин дубалын жарым жартылай сактап коюшуптур. Жанына кандуу жылдарды эске салган музей. Ал тургай Рейхстаг (азыркы Бундестагдын) дубалында советтик жоокерлердин жеңишке делөөрүп калтырган кол жазмалары алигүнчө сакталуу. Консерваторлор бийликке келгенде буларды өчүрүүгө аракет кылган экен. Бирок, эл макул болбоптур. Бул тарых, өткөндөн сабак алуу керек таризинде. Ушул жерден немистерге баа берүүгө туура келди. Кетирген күнөөңдү, кылган жаңылыштыгыңды моюнга ала билүү да жакшы сапат турбайбы. Биздикилер болсо эбак жышып, жууп салат беле? Бүгүн Берлин контрастуу шаар. Ар бир району ар башка. Көп улуттуу, көп тармактуу. Ал эми Гамбургга барганда такыр башка дүйнөгө туш болдук. Берлинден кескин айырмаланып, жашоонун ыргагы тез, кыймылды сүйгөн шаардай туюлду. Айрыкча, футбол десе, ичкен ашын таштаган күйөрмандары эсте калды.

Санжи ТУЙТУНОВА,
Бишкек-Берлин-
Гамбург-Бишкек




Сейрек металлга бай Актүз кенинин багы качан ачылат?

Кубат Осмонбетов, профессор, академик, СССРдин кен байлыктарын ачуунун көч баштоочусу, Кыргыз ССРинин геология башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары, башкы геологу (1971-1987-жж.)


А
ктүз тоо-кен металлургиялык фабрикасы, бекер олжо издегендерге тынчтык бербей келет. Ишканага көз кызарткандар оголе көп. Коомчулукта фабриканын мурдагы ээси, израилдик Golden and Silver Ltd компаниясы кайра алууга кызыкдар деген кептер жүрүүдө.


Актүз таржымалы
Актүз убагында өтө кооз, абасы таза, көк шибердүү өрөөн болуптур. Бул жерде кендин бар экени 1927-жылы билинип, адеп коргошун ала башташкан. 1930-жылдары "Казахполиметалл" комбинаты тарабынан геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, эсептелген коргошун кору Бүткүл Союздук комиссия тарабынан бекитилген. 1935-жылы СССРдин "Никельоловоразведка" трести тарабынан Актүздө коргошундан тышкары, өнөр-жайга керектүү калай бары аныкталган. Кийин бул өрөөндөн "Орто Азия" геологиялык экспедициясы тарабынан келечектүү Кутесай 1 жана Куперлисай кендери табылган. 1938-жылы Куперлисай кенинен торий элементи табылган. Ошол кезде торий эмнеге пайдалуу экени белгисиз болгондуктан, 1940-жылы геологиялык иш токтоп, 1946-1949-жылдары кайрадан жанданган.

Сейрек металлдардын табылышы
Кутесай 2 кени 1943-жылы ачылган. 1958-жылга чейин жүргөн геологиялык чалгындоонун натыйжасында, кен коргошун, цинк, күмүш, калай, торийден башка сейрек кездешүүчү элементтерге бай экени билинген. 1959 -1997-жж. геологдордун көптөгөн теориялык ой-пикирлери териштирилип, карталар түзүлгөн. Тоо-тектер, минералдар, кен ташуулары жыйналып, изилденип, геохимиялык, геофизикалык иштер аткарылган. Бул жылдары ошол аймактагы Кутесай 3, Калесай, Анжылга ж.б. кен чыккан жерлер табылган эле. Актүз кен талаасынын түндүк-батыш тарабында (5-15 км. аралыкта) 20-25 тоннага жакын алтыны бар Каматөр кени да бар. Ал жерде сейрек металлдар: итрий, лантак жана лактанконддердик тобуна кирген химиялык элементтер: церий, празеодим, неодим, самарит, европий, гадолиний, тербий, диспрозий, гольмий, эртий, погрий, иттербит, литеций уюп жатат. Кутесайда жалпы жонунан 80ге жакын минерал изилденип, табылган.
Кутесай союзда үч кендин бири эле
СССРдин убагында жерде сейрек кездешүүчү металлдар болгону үч эле кенден кен казып алынчу. Алар: Левозерское (Россия), Кутесай 2 (Кыргызстан), Меловое (Казакстан). Левозерское жана Меловое кендеринде металлдын запасы азайганына байланыштуу, учурда иши солгундап калган. Булар менен тең катарда турган Кутесай 2 кенинен 1960-1991-жж. чейин 22109,5 тонна сейрек кездешүүчү металл, ал эми коргошундун "В" категориясындагы тобу толугу менен казылып бүткөн эле. Ушу күндө ал жерде мамлекет балансында турган А+В+С категориясындагы кен таштары -16763 миң тонна. Жерде сейрек кездешүүчү металлдардын жалпы кошулмасынын (TR2O3) запасы -44,3 миң тонна, С2 категориясындагы кен таштары -3465 миң тонна. Жерде сейрек кездешүүчү металлдардын жалпы кошмосунун (TR2O3) запасы -7,2 миң тонна. Жогоркулардан башка кирген кен казылган түбүнөн 2193-2093 метр төмөн жакта дагы жаткан кен бар. Жалпы көлөмү (TR2O3) -2400 тонна.
Актүз фабрикасы
СССРдин жоюлушу менен Актүздөгү тоо-кен фабрикасы да кыйрады. 1995-жылы президенттин сокур саясатынын айынан, Актүз "Песак" аттуу мотилкага жутулган. Бийликтегилер алган кредитти максаттуу пайдаланбай, акчаны өз кызыкчылыгына жумшап түгөткөн. Андан кийинки тагдыры мындан да кейиштүү. Өндүрүштү эки юридикалык жүз: "Кыргыз-химиялык металлургиялык заводу" менен "Актүз" акционердик коом бөлүп алган. Ушундан кийин ага көз арткан шектүү инвесторлор көбөйүп, 1998-жылы "Актүз" өндүрүшү израилдик Golden and Silver Ltd компаниясына берилген. Ал заводго эптеп ремонт жасамыш этип, Долпран алтын кениндеги таштарды иштетип, кайдадыр ташып кеткен. Бул аракет ошол кезде мыйзамдуу болбосо да, аны эч ким териштирген эмес. Завод 2002-жылдан 2008-жылга чейин илең-салаң иштеп турган. Бул учурда геологдордун көбү туш-тушка көчүп, учурда ал жерде азыноолак гана эл эптеп күн кечирүүдө.
Golden and Silver көз боемочубу?
2008-жылы Актүз фабрикасында чаламандын чак түшүндө оор жүк ташуучу бир нече унаа, экскаватор ж.б. техникалар түп орду менен жоголуп кеткен. Ушундан кийин чоң чуу чыгып, инвесторлордун уу дөбөлөрдү (хвостохранилища) оңдобогону билинген. Ушундан кийин фабрика банкрот деп жарыяланып, горизонтто жаңы инвестор пайда болгон. Орусиялык "Гео Резерв" компаниясы фабриканы Долпран жана Каматөр кениндеги алтынды иштетүү үчүн алган. Ушул төрт жыл ичинде анын фабрикага 10 миллион доллар инвестиция салганын айтуу абзел. Бирок, узакка созулган сот иштеринен улам компания ишин толук кандуу жүргүзө албай, улам-улам лицензиясын тарттырып, кайра алып келет. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин баягы изин сууткан Golden and Silver кайрадан пайда болуп, учурда фабриканы кайтарып алууга болгон күчүн жумшоодо. Бул компаниянын "жигердүү" ишинен улам фабрика кыйрап, элдин жумушсуз калганын, мамбюджетке 15 млн. сом карыз болуп төлөбөй кеткенин териштирген жан жок.

Сөз соңунда
Сөз акырында айтаарым, кийинки мезгилде биздин айрым билерман геологдор сейрек кездешүүчү кендер өтө майда, чала чалгындалган, запасы аз деген жалган сөздөр менен баш айландыра баштады. Алдамчы, эл аралык шылуун инвестор сөрөйлөргө жан тартып. Аларга айтаарым, Актүздөгү кенди издеп, изилдеп, чалгындап, технологиясын белгилеп, запасын эсептеш үчүн далай геологдордун эмгеги, гүлдөгөн жаш өмүрү өткөн. Ал жерде жаткан сейрек кездешүүчү 17 элементти азыр химияда, электроникада ж.б. толгон жагдайларда кеңири колдонуп жатышат. Баалары күндөн күнгө көкөлөп, өсүүдө. 2009-жылдын октябрынан 2011-жылдын мартына чейин евроний дүнөлүк рынокто эки эсе, церий-32 эсе кымбаттады. Актүздө кандай гана байлык жатканын ушундан элебилгиле. Андыктан учурду колдон чыгарбай, өкмөттү чыныгы кенге, фабрикага күйгөн инвестор табууга чакырат элем.
Кубат ОСМОНБЕТОВ,
геология илиминин
доктору, академик






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??