Байыркынын издери
Он жыл тартылган сүрөт
Чүй районунун Дөң-Арык орто мектебинин актовый залында он жыл аралыгында тартылган панно. "Жусуп Баласагын 11- кылым". Жалпы көрүнүшү. Бийиктиги 4 метр, узундугу 9 метр. Темпера боек менен тартылган. Көз алдыда байыркы Баласагын шаарынын көрүнүшү. Көмкөрүлгөн көк асмандай көк түс куполдор, имарат-сарайлар. Борбордо төбөсү асман тиреген Бурана мунарасы. Ортодо Жусуп Баласагын.
Отурган автор Сагын Ишенов.
2007-жыл. 27-сентябрь. Сагын Ишенов

"Элчилер Баласагын шаарында"
Панно "Жусуп Баласагын 11- кылым" "Элчилер Баласагын шаарында. Күз Ордо" Ай-ааламдан, чыгышынан Кытай, батышынан Рун, Мисир, Византий-ар өлкөлөрдөн Күз-Ордого келген элчилер. Доор жүзү, колорити сакталып, 11- кылымда жашаган элдердин өң-турпаттары, кийген кийимдерин көрүп турасыздар. ДСПга тартылган.


"Из"
Панно. "Из" документалдык фильминен. Кинооператор Кадыржан Кадыралиев, режиссеру Бекеш Абдылдаев, оператору Нуртай Борбиев. 2009-жыл июль. Ортодо топтолгон ханзаадалар, ханайымдар, бектер, жоокерлер.


"Элчилер менен жоокерлер"
"Элчилер жана Баласагын жоокерлери".
В. Михайлов жана автор.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Сагынбек Ишенов Төлөмүш Океевдин фильмдеринин, башкасын айтпаганда, да "Бакайдын жайыты" сыяктуу шедеврдин сүрөтчүсү болуп, кыргыз кино тарыхында сүрөтчү катары таанылган. Алыкул темасына кайрылып, Каптал-Арыктагы акындын музейине акынды тарткан сүрөттөрүнөн тартуу кылды. Кыргыз мультфильмге чоң салым кошконун айта кетели. Бүгүн көп кырдуу сүрөтчүнүн эмгегинин тарыхый темаларга арналган бир бөлүгүн, Бурана сепили жана Баласагын темасы тууралуу кеп козгосок.


Баласагынды тарткан Сагын
Сагын Ишенов байыркы Баласагын шаары турган Бурана сепилинин жанындагы Дөң-Арык айылында туулуп-өскөн. Жаш кезинде Бурана сепилинин сүрөтүн тартып алып, Гапар Айтиевге барса, ал сүрөтчүлөр окуу жайына жолдомо берип, дароо экинчи курска кийрүүгө сунуш кылган экен. Союз таркай элек кезде, 1989- жылы Ташкент шаарына барганда өзбектер Жусуп Баласагындын чалма оронуп тартылган сүрөтүн көргөзүшөт. Ошондо өзбек туугандар Сагындан "Байыркы Баласагын шаарынан болсоңуз, ошол жерде анын сүрөтүн тарттыңыз беле?" деп күтүүсүздөн сурап калышат. Ыңгайсыз абалда калып, Баласагындын сүрөтүн жеринде тарта элек болсо дагы, "ооба" деп айтып алып, бир кызарып алганы эсинен кетпейт. Ошол калпынан кийин, Дөң-Арык айылына барып, Баласагынды, анын доорунун сүрөтүн тартууга киришет.

"Эгер болсо, өкүмдарың кеменгер,
Акыл менен эл башкарат андай эр"
Маалымат үчүн айта кетсек, ойчул, даанышман, илимпоз, атактуу акын жердешибиз Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" (Кутадгу билик") китеби бүтүндөй түрк тилдүү калктын мурасы болуп кытай, немис ж.б. тилдерге которулгандыгы маалым. Бул китеп адам рухунун күлазыгы, адам баласын жакшылыкка, тазалыкка чакырып турат. "Аманат бар, а аны туткан барбы? Насыйкат бар, а бирок аны уккан барбы?", "Илим -билими өнүкпөгөн эл түркөй, жолу караңгы болот" деген сыяктуу насаат айтылган. Байыркы Караханий каганатынын борбору, азыркы Токмок шаарынан 12 чакырым аралыкта түштүк жагы, Бурана музейи тарабында орун алган. Караханий мамлекетине Батыш Түркстан, Түштүк Казакстан, Орто Азия жана Аму дарыясына чейин жеткен зор аймак кирген. Баласагын-Орто Азиянын гүлдөгөн ордо шаары болгондугу маалым.

"Адегенде айылдаштарым көрүшсө"
Сагын Ишенов "Чыгармаларымды биринчи кезекте айылдык карапайым калк көрүп калышса" деп ойлойт. Кандай белгилүү сүрөттөрдү тартып, чоң сүрөтчү катары таанылбасын, айылдыктары ушул күнгө чейин аны "Чалкан" журналынын сүрөтчүсү катары гана тааныганына арданат. Байыркы Баласагын шаары тараптагы Дөң-Арык орто мектебинде сүрөтчү Сагынбек Ишеновдун өнөрканасы бар. Мектептин директору Жумагүл Алыбаева сүрөтчүдөн кабинетти бошотуп, жертөлөгө көчүүнү сунуш кылууда. А бирок ным жерде сүрөттөр бузулат да. Айыл аксакалы Садык Токомбаев: "Бөлөк шаарларда, бөлөк айылдарда мындай дасыккан сүрөтчүлөрдү издеп, чакыра албай жүрүшөт. Ал эми Сагынбек Ишенов жашаган жери Бишкек шаарынан өзү- туулган айылга чакыруусуз эле өзү келип иштеп жатат. Мындайдан пайдаланып, аны мектептеги өнөрканадан жертөлөгө куубай, пайдаланып калбайсыңарбы",- деп айтат. Эми келечекте мектептеги өнөркана тагдыры кандай чечилээри белгисиз.