Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган
Бактыгүл СЕЙИТБЕКОВА, Москвадагы "Аруужан" фондунун төрайымы:
"Патриот" кыздарды кордогондон көрө тарбияны эркектерден баштаса туура болмок"

Өткөндө "Эгиз балдарымдын элеси эсимден кетпеди" аттуу баянды сандан санга басканбыз. Куу турмуш айынан чоң калаага бакыт издеп барып, запкы көргөн Тумардын тагдыры окурмандардын бүйүрүн кызытканын айта кетели. Бул окуя чындыкпы же ойдон чыгарылган көркөм чыгармабы деп суроо узаткандар көп болуп кеткендиктен, Тумардын тагдырын басууга уруксат берген, Москвадагы "Аруужан" фондунун төрайымы, акын Бактыгүл Сейитбековага кайрылдык.

- Автор кандай көркөм чыгарма болбосун анын өзөгүн турмуштан алат эмеспи. Окурмандардын суроосун сизге узаткым келет. Тумар деген кыз чын эле бул жарыкта барбы? Болсо азыр кайда?
- Тумардын тагдыры ойдон чыгарылган эмес. Болгон окуя. "Аруужандын" принциби ушундай. Кайрылган кыз-келиндердин аты-жөнүн коомчулукка чыгарбайбыз. Баяндагы каармандардан бир гана Самвелдин аты өзгөргөн жок. Бул кыздын башына түшкөн мүшкүлдү биз Сагын аркылуу билгенбиз. Ал бала көрбөй жүрүп, Тумар төрөгөн эгиздерди багып алган экен. Анан коңшу кемпирлери "балдарды уурдап алды" деп милицияга салып берип олтурбайбы. Кийин Тумардын өзүнө байланыштык. Азыр ал Кыргызстанда. Москвада мындай тагдырга туш болгон кыргыз кыз-келиндери көп. Кордолуп, сабалып, соттолуп кеткендери бар. Кээ бири кылган күнөөсү үчүн жаза алса, кээ бири бейкүнөө темир тор артында олтурат. Жакында эле бир кызыбыз соттолду. Азербайжан кожоюндун үйүн жыйнап жатып, таштанды арасына каткан акчасын ыргытып жибериптир. Аны уурдап алды деп кестирип жиберди.
- Москвада кыргыз кыз-келиндер арасында жашыруун клиникага аборт кылдырам деп барып, өлүмгө кириптер болгондор да бар тура.
- Мындай көйгөйлөр жеке эле кыргыз мигранттарына энчилүү эмес. Замандын шары ушундай болуп атабы, айтор, молдован, белорус, азербайжан кыз-келиндери деле биздикилер көргөн күндү көрүүдө. Бирок, алардын өкмөтү медициналык жардам берчү борборлорду ачып койгон. Мамлекеттик деңгээлде чечилген бул маселе. Алардын кыз-келиндери биздикилерге окшоп, бойдон алдыруу же төрөө үчүн менчик ооруканаларга чуркабайт. Төрөлгөн балдар көчөгө ташталбай, ошол жерде багылат. Бир гана кыргыз кыз-келиндери мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Ушуга кыргыз өкмөтү көңүл буруп койсо жакшы болмок. Улуттун өзөгүн түзгөн аялзат эмеспи. Көр оокат айынан 16 саат баш көтөрбөй иштеп, ден соолугунан ажыраган кыз эртең төрөйбү? Муну ойлогон киши жок. Жакында эле ал жакта төрөлгөн балдардын төртөөн алып келдик. Сыймык Бейшекеевге рахмат, кайрымдуулук концертин өткөрүп, андан түшкөн каражат ымыркайларды алып келүүгө жумшалды. Дагы төртөөнүн жол киреси үчүн концерт берди. Биздин Орусиядагы балдарды көбүнчө океандын ары жагындагылар багып алып жатат. Бирок, ал балдардын тагдырына кызыккан киши жок. Эсен-сообу же запчасть болуп кеттиби деп.
- Орусияда кыргыз жигиттеринен түзүлгөн "Патриот" аттуу отряд пайда болуптур. Башка улуттагы эркектер менен жүрөсүңөр деген доомат коюп, кыргыз кыз-келиндерин ур-токмокко алып жатканын интернеттен көрдүк. Кыргыз коомчулугунда "патриотторду" жактаган да, сындаган да эки ача пикир пайда болду. Буга кандай үн кошосуз?
- Албетте, бул туура эмес. Кайда бала-бакыраны аздектеп багып, аялын куштай асыраган кыргыздын намыстуу эркектери? Майдаланып, кара курсагы үчүн эле жашап калышты. Кыздардын 10%ы эле башка улуттан боюнда болбосо, көбүнүн тагдырына кыргыздын эле жигиттери балта чабууда. "Патриот" эмнеге аларды көрбөйт? Москвада кайда караба, кыргыз кыз-келиндери эшектей иштеп жүрүшөт. Иш берүүчүлөр да куу болушат экен, кандай жумуш болбосун 30 жаштан өйдөлөрдү албайт. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыздар күнүнө 12-16 саат тынбай оор жумуштарды жасашат. Аларды көрүп, эркектер кайда кеткен деп ойлойсуң. Кыздардын кыйналып тапкан акчасын "сүйөм, күйөм" деп алдап алып, изин сууткан шумпай жигиттер, "аялым менен ажырашам, сени алам" деп боозутуп, таштап кеткен дөөдөй-шаадай кыргыз эркектер бар. "Патриот" тарбияны ушулардан баштаса жарашмак.
- Өткөндө мигрант кыздардын ырларынан турган "Аруу дүйнө" деген жыйнак чыгарган экенсиз. Сөз аягында ошол тууралуу айта кетсеңиз жакшы болот эле…
- Кыргыз ыр жандуу эл эмеспи. Ошол Москвада көчө шыпырып, пол жууп жүрсө да калемин таштабай ыр жазган кыздар көп. "Аруужанда" Айжан Мамасадыкова деген кыз иштейт. Болгон таланттуу кыздардын чыгармаларын чогултуп, "ушул жыйнакты чыгарды. Жакында экинчисин басууга берет. 4-5 кыздын китебин чыгарып бердик. Бир акылман айткандай, "бул күндөр да өтүп кетээр". Ал эми чыгарма түбөлүк да. Болгону аны убагында жазып, сактап калуу керек. Тилекке каршы, баары эле ушундай ойду көздөбөйт экен. "Нур" деген гезит чыгат Москвада. 300 рубль төлөсө ырын да, пырын чыгара берген. Поэзияны соодага айлантып алышты. Гезитти болсо мигранттар кыйналып, тапкан акчасына сатып алып окуйт. Редакторунун кесиби медик экен. Чымыны барлардын жыйнагын чыгарып, китептин тышына өзүнүн аты-жөнүн жазып коюптур. Ичиндегилер редакцияланбай ошол бойдон кеткен. Айтсам жаман көрүп, гезитине мени согуп жазышты. Ушундай заман. Кыргыз кыргызды алдаган, тоногон…

Маектешкен
Санжи ТУЙТУНОВА




Москвадагы кыргыз бомждордун апасына кантип айландым?
Атым Индира, фамилям Садырбаева. Бишкектин өзүнөн болом. Көк-Жар жаңы конушунан. Кесибим таксист, Казань вокзалында иштейм. 30 жаштамын. Москвада иштегениме 4 жыл болуп калды. Мени бул жактагы селсаякка айлана баштаган кыргыз жаштарынын тагдыры ойлондурат. Иштеп, акча таап келебиз деп келген кыргыз жаштары селсаяк же болбосо бүгүнкү тил менен айтканда бомжго айланып кетти. Казань вокзалы менен Киев вокзалын мекендеп, өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп жан багып жүрүшөт. Ушул жерден күндө өтө берип, эки кыргыз байке менен эки эжеке мени жакшы таанып калышты. Төртөө бир компания. Боорум ооруп, 100 рубль карматсам, колдоруна акча тиери менен эле аракка чуркашат.
Башта өмүр бою ушинтип өтүшөбү деп өзүмө суроо салып, кыжаалат болуп жүрдүм. Бир күнү Казань вокзалынан 400 чакырымдай алыс Иваново шаарына орус абышка-кемпирди жеткирип бардым. Кайтарда кемпири болбой варенье, туздалган бадыраң, салосу бар баштык карматты. Жолдон өзүм нан, "Секонд-хенд" дүкөнүнөн эки эжеге көйнөк, сланцы, ич кийим, эки байкеге футболка, шым, ич кийим сатып алдым. Күн уясына жакындап калганда вокзалга барып, тигилерди машинеге салдым да, Москванын четиндеги чакан көлдү көздөй айдадым. Июль айы болгондуктан үп, тигилердин жыты мурунду жарып бир жактан буруксуйт. Көлгө эптеп жетип эки байкени жээкке түшүрдүм да, колдоруна чоң самынды карматтым. Жуунмайынча, тамак бербейм десем, кыйылып туруп сууга киришти. Эжелер болсо айттырбай эле чечине башташты. Аларга да самын карматып, өзүм өйдө жакка барып, каалашынча чабак урдум. Күүгүм киргенде суудан чыгып, төрт бөлкө нан, орус эне берген 1 литр варенье, туздалган бадыраң менен жарым кило салону ортого койдум. Жуунуп, таза кийим кийгенге төртөө тең өзгөрүп калыптыр таанылбай. Муунум бошоп, көзүмө жаш тегерене түштү. Эжелер "аттиң варенье менен ысык чай болсо" деп анда-санда тамшанып коюшат. Көрсө ысык чай ичпегендерине далай убакыт болуптур. Асанмын деп өзүн тааныштырган 45 жаштагы байке кечке арак сурай бергенинен "эми ичпейсиңер, иштейсиңер. Дагы арак сурасаңыз, мобу көлгө чөгөрүп жиберем" деп коркуттум. Өзүм спорт мектебинде окуп, олбурлуу болгондуктан, байке сестенип, унчукпай калды.
Ал күнү төртөөнү көл жээгине таштап, үйгө келе бергем. Эртеси барсам, бөтөлкө чогултуп жүрүшөт. Бир топ жүрүштү ошентип. Күзгө тарта төртөөнү төрт башка үйгө кароолчу кылып, ишке орноштурдум. Кийин эки эжеге элчилик аркылуу "документтери жоголгон" деген справка алып берип, Бишкектин поездине салып жибердим. Эки байкеге барып турам. Алар дагы жакында Кыргызстанга кетишет. Ушул төрт адамды оңдогондон кийин менде бир оору пайда болду. Киев вокзалы менен Казань вокзалындагы селсаяктарсыз жашай албай калдым. Ошентип жүрүп "бомждордун апасы" деген атка кондум. Азыр эки вокзалда 62 кыргыз селсаяк бар. Ишемби сайын аларга фляга менен ысык тамак жеткирем. "Секонд-хенд" дүкөнүндө иштегендер бомждорго кийим таратаарымды билишкен соң, бир айда үч каптан кийимди жөн эле бере башташты. Селсаяктарды жумушка орноштураарда кожоюндарына "катуурак кармагыла, арак бербегиле, акча карматпагыла" деп дайындайм. Арасында оңолуп, мекенибизге кайтканы көп. Ошол эле учурда эскилердин ордун жаңы селсаяктар толуктап турат.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??