Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жигит өлбөс болсочу
"Жүрөгүм сезип атат, баламдын колу канга боелгон эмес…"

№ 82 саныбызга Сьездбек уулу Тилек үстүбүздөгү жылдын 23-майында Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылындагы классташтары менен жолугушууга барганын, ал жерден Өмүрбек уулу Алманбеттен тепки жеп, сегиз күндөн кийин ооруканада көз жумганын жазганбыз. Өмүрбек уулу Алманбет "шектүү" деп кармалып, ага кылмыш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган элек. Кечээ жакында, күнөөлүү деп кармалган Алмамбеттин атасы Өмүрбек Ноорузбаев редакцияга келип, баласынын күнөөлүү эместигин, бу жерде башка маселе бар экендигин айтып олтурду. Этикалык эрежеге ылайык, анын үнүнө да гезит бетинен орун бердик.

- Өмүрбек мырза, балаңыздын күнөөсү жогун кантип далилдей аласыз?
- Чындыкты издеп жатам. Тилекти уруп-сабап, өлтүрүп койгондор кутулуп, менин балам тутулганына туталанып жатам. Бул окуяда ачылбаган сыр бар. Дегеним, ошол күнү чогулган балдар арак, (кыздары вино) ичишкен экен. Эки-үчөө мас абалында колонкага келип, суу ичип тургандарын Кенже аттуу кошунам көрүптүр. Күбө болгон балдар башында чындыкты айтып беришкен. Кийин Алманбетти каралап туруп алышты. Демек, "ошол эле балага шылтай бергиле" деп кимдир бирөөлөр үйрөткөн. Менин баламдын бейбаштыгы бар, бирок, мыкаачылыгы жок. Эгер тепкилегени чын болсо, анда эмнеге ошол жердеги жабыла жүргөн балдардын бирөөсү да ажыраткан эмес? 11 саат жанында карап тура беришкенби? Ал учурда кыздар кайда кеткен? Эгер ошол үйдөн мушташ чыкса, кошуна-колоң билет эле да, туурабы? Менимче, Тилекти башка бирөөлөр эле ур-тепкиге алган. Тилек жаткан ооруканада келиним иштейт. Ал: "Тилек трубка менен дем алып жатат, бетинде так жок, башында проблема бар" деп айткан эле. Ошондон улам жыгылып, башы ташка катуу тийгенби деп да ойлоп жатабыз. "Подстава" кылган балдар менин баламды жөн эле каралап жатат. Чыркыраган чындыкты Тилек өз башы менен ала кетти. Тирүү калганда баарын өз оозунан укмакпыз. "Аман калса экен" деп өмүрүн тилеп жаттык эле. Аттиң, арман, аман калса эмне? Баса, 23-майда, менин балам ал жерге өзү барган эмес, бүтүрүүчүлөр өздөрү чакырыптыр. "Келип кетпейсизби" деп баламдын телефонуна үч жолу чалганын, анан ал Эрлан деген баланы ээрчитип барганын 9-класстагы кызым Айгеримден уктум. Эрландын айтуусу боюнча отуруш ортолоп калганча жакшы отурушкан. Ырдап, бийлеп, ичип дегендей. Анан сыртка эс алууга чыкканда менин балам менен Тилек чырдашып, мушташып, кайра жарашыптыр. Таңкы жетиде баары ал үйдөн чыгып, жолдон Тилек экөө "жарашкандыгыбыз үчүн" деп бири-бирин арак алып беришкен экен. Кайда барып эс аларын билбей калган балдарды Алманбет үйгө чакырыптыр. Таңкы сегизде биздин үйгө барышкан экен. Кызым мектепке кетип, түштө келсе Алманбет менен Эрлан уктап жатыптыр. "Экөөнөн башка эч ким жок болчу. Анан саат төрттөрдө үйгө милиция келип, байкемди алып кетти",- деди.
- А эмнеге батага барган жоксуздар?
- Баралы эле дегенбиз. Анан алардын уруусундагы тууган-туушкандары "азырынча барбай эле койгула, уруш чыгып кетиши мүмкүн. Сөөктү тынч коюп алалы" деп тыйып коюшкан. Төрт, беш күндөн кийин Сьездбектин бир тууган кайниси Дүйшөналыны, уурусунан Мусан байкени ээрчитип алып, куран окутууга атам, апам, келинчегим болуп бардык. Албетте, айтпаган сөздүн баарын айтышты. Боз үйдөн чыгып, батинкемди кийип жатканда бирөөсү башка чаап жиберди, кыскасы, мени сабап коюшту. Съездбектин Конокаалы деген байкеси Нарын шаарындагы прокуратурада иштейт. Ал менин балам отурган жерге кирип, коркутуп-үркүтүп жатканын бир уруудагы инимден уктум. Максат аттуу таксист иним кардар күтүп турса, Конокаалы жанына барып, "Калмактар, силер канкорсуңар" дептир. Дагы бир Мукан аттуу иним базардан келатса, "Эй, калмактар, силер кан жуткурсуңар. Мен силерди түрмөдө чиритем" деп тап бериптир. Эркиндикте жүргөн инилеримди ушинтип жатса, камалып жаткан баламды эмне кылып жатат? - бушайман болот экенсиң. Баламдын уруп- согулбаганын текшерейин деп кийимдерин алып барып "которунсун" деп кароолдогу милицияга берсем, "кийбей койду" деп кайра көтөрүп чыкты. "Жок дегенде футболкасын которуп алсын" деп кайра берсем, "таза" деп койду деп кайра көтөрүп чыкты. Ошондон улам көп нерседен күмөн санап жатам. Аталык жүрөгүм сезип жатат, менин баламдын колу канга боелгон эмес. Башка эле бирөөлөр кылган…

Назира СААЛИЕВА





Үмөталыны чиновник кубалап жүрүп өлүмдөн куткарып алды

Аз күн мурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун сууга агып кеткен адамды өлүмдөн куткаргандыгы айтылып, жазылды эле. Кечээ өкмөт тарабынан министрдин орун басарынын бул эрдиги белгиленип, грамота менен сыйланды. Ал эми бир өлүмдөн калган Үмөталы Урайымов туугандары, жакындарын чакырып, ичер суусу түгөнбөгөнүнө түлөө өткөрдү.

Давлетбек АЛИМБЕКОВ, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары:
"Бирин кармай албай атсам, экинчиси агып..."
- Ошол күнү үй-бүлөм менен Байтик айылын көздөй бараткам. Кашка-Сууга жете берээрде кызыктай көрүнүшкө туш болдум. Бир аял кыйкырып ыйлап, машинелерди токтотуп жүрүптүр. Артынан 3-4 жаш бала ээрчип алган. Токтоп, эмне болгонун сурасам, аял күйөөсүнүн сууга агып кеткенин айтты. Каналды карасам, бирөө сууга бир кирип, кайра чыгып агып бараткан экен. Чуркап, колунан кармап, тартып алайын деген аракетим текке кетти. Кайра машинеме чуркап барып, үй-бүлөмдү ошол жерге түшүрүп коюп, чоң уулум экөөбүз канал жээктеп машине менен жүрүп олтурдук. Үмөталыдан ашып барып токтоп, бактын бутагын сындырып, ошо менен тартып алууга аракет кылдык. Ал аракетибиз да ишке ашкан жок. Өзү да жакшы эле кармаганга аракет кылып, бирок кармай албай койду. Бир маалда аны колунан кармап тартып алайын деген уулум өзү сууга кулап кетпеспи. Бирөөсүн куткара албай атканда, экинчиси агып таза айлам куруду. Кайра машинеме олтуруп, экөөнөн ашып барып токтодум. Бир жеринде каналды туурасынан кесип өткөн түтүкчө бар экен. Ошонун үстүнө чыксам, колдорунан тартып аларыма ишендим. Үмөталы түтүкчөнүн астынан өтө берерде эки колун кармайын деп дагы кармай албай калдым. Анын аркасынан эле балам агып келаткан. Салмагы кичине болгондуктанбы, ал түтүкчөнү кармаганга үлгүрүп, дароо тартып алдым. Кайра машинеге олтуруп, Үмөталыны кууп жөнөдүк. Биз токтогон жерде боз үйлөр бар экен. Балам алардын биринен узундугу 7-8 метрлик аркан таап келиптир. Аңгыча эки бала келип калды. Арканды ыргытсак, кудай жалгап кармап, көптөп тартып жатып жээкке чыгарып алдык. Эсептесем, 4 чакырымдай агыптыр. Жардамга келген эки балага алкыш, алар болбосо жалгыз өзүм суудан чыгара албайт элем. Суунун шары менен алышкан оңойбу, Үмөталынын шайы ооп калыптыр. Астыңкы кийимдеринин тамтыгы жок. Бутунун териси сыйрылып, жамбашы эзилип кетиптир. Бир топтон кийин өзүнө келип, "байке, рахмат" деп кучактап, ыйлады. Анан машинесин ошол жердеги бирөөгө айдатып, үйүнө жөнөттүк.


Үмөталы УРАЙЫМОВ, жабырлануучу:
"Ушул каналдан тирүү чыккан сенсиң деп таң калышты"
- Кымыз ичип келейин деп, Кашка-Сууга бараткам. Күн ысып кеткенинен чайканып алайын деп, канал жээгине олтурган элем. Жээги тайгак экен, сууга кулап, ошол бойдон агып кеттим. Жээктеп барып, бир нерсени кармап чыгып кетем го деп ойлогом. Жакшы эле аракет кылдым, бирок алым кетип, эсим ооп баратты. Давлетбек байке бир сааттан ашык убакыт каналды бойлой кубалады. Биринчи белиндеги курун чечип ыргытты. Мен кармаган учурда анын колунан чыгып, кур агып кетти. Бир карасам, баласы экөө жээкти бойлой чуркап келатат. Анан мени тартып алам деп жатып, бала сууга кулап кетти. Ал бир чакырымдай акты окшойт. Түтүкчөнүн үстүнө чыгып, баласын суудан чыгарып алганын агып баратып көрүп калдым. Андан кийин 15 мүнөттөй жок болуп кетишти. "Баласын чыгарып алды, болду мени чыгарганга аракет кылбайт го, ошондон ары кетсе керек" деп ойлогом. Өлүм этектеп турганда оюңа ардеме келет турбайбы. Бир маалда аркан ыргытышты. Бар күчүмдү жыйнап, кармап калганга үлгүрдүм. Анан көптөп, тартып алышты. Давлет байкеге канча рахмат айтсам да аздык кылат. Ал болбогондо суудан чыкпайт элем. Мени суудан чыгарышкандан кийин ошол айылдагылар таң калып, "амансыңбы" деп колдорумду кармалап атышты. "Ушул каналдан тирүү чыккан жалгыз сенсиң" дешти. Буга чейин бир топ адамдар агып, бирөөсү да тирүү чыкпаптыр. Бир ирет бир жылкы агып, майдаланып кеткендигин айтышты. Давлет байкенин ӨКМ министринин орун басары экенин суудан чыккандан кийин билдим.


Шааркан УРАЙЫМОВА, Үмөталынын апасы:
"Баламды куткаруу үчүн өз баласын аябаптыр"
- Мен ошол баламды куткарган министрдин орун басарына ыраазы болуп олтурам. Эч качан жамандык көрбөсүн. Эгер ал болбогондо баламдын жашоосу кыйын болмок. Өзүнүн баласын аябай сууга салып, баламды куткарууга аракет кылганы эле эмне деген эрдик? Анын деңгээлиндеги чиновниктердин бардыгы эле жардамга келе бербейт да. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары турбайбы. Өз милдетин так билген, так аткарган адам экен. Балам кырсыктагандан кийин жаны кыйналып, ооруду. Бүгүн, кудайга шүгүр, жакшы. Ичер суусу бар экен, бир өлүмдөн калды.


Назгүл БОЛОТБЕКОВА, Үмөталынын жубайы:
"Жардамга чакырсам, эч кимиси келбей койду"
- Жолдошумдун аман калып, бүгүн минтип маңдайымда олтурганына чексиз кубанычтамын. Давлетбек байкеге чоң рахмат. Ал болбосо баары жаман аякташы мүмкүн эле. Жардам сурасам, колун сунган жалгыз ушул киши болду да. Үмөталы агып кеткенде эмне кыларды билбей, жолдон өткөн машинелерди жардамга чакырдым. Үч машине токтобой койду. Төртүнчүсүн токтотуп жардам сурасам, "жиндисиңерби" деп кетип калды. Бирөө жарымдын жардамга келеринен үмүтүм үзүлүп калган. Үмөталынын акканын көргөн жергиликтүү тестиер балдар Давлетбек байкеге окуяны айтышса, дароо эле жардамга келди.


Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??