Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Чымындуулар" конкурсу улантылат!
Мен киммин?
Мен бир акын жаман сары,
Колумда койкоңдогон калем сабы…
(Б.Сарногоев)
Урматтуу окурман, көркөм чыгарма окуп жан дүйнөнү бир кубантып, тазарып алганга кандай дейсиз? Сагындыңызбы? Биз да сагындык. Отуруп алып жакшы бир аңгеме окуганга же бир ыр окуп жан дүйнөң толкуп, делдеңдеп алганга не жетсин?! Акындар, төкмөлөр ж.б. чымындуулар болсо, жазган чыгармасын жарыялаганга жай таппай, китеп чыгарганга шарты жок жүргөнү жүргөн. Ыр жандуу кыргыз ойдон кырга чейин, жылдан кылымга, таанышкандан "жабышканга", ынкылаптан ынкылапка чейин ыр жазганын калтырган жок. Ылайым ошентип ыр бүтпөсүн. Биздин гезит дирилдеген ырларды сан сайын берип, көкүрөктөргө көктөм алып келели деп бир ырдын конкурсун жарыялап атабыз. Ошондой эле махабат, сүйүү, ажырашуу, сагыныч, жалгыздык жана кусалыкты камтыган чакан аңгеменин конкурсу да жарыяланат.

Бир ырдын конкурсу
"Сан сайын конкурска түшкөн ырлардан тандалып алынганы гезитке жарыяланат. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-майда чыгарылат" деп мурда жарыялаганбыз. Бирок бул конкурска катышуучулардын саны абдан көп болгондуктан, катышууну каалаган окурмандардын өтүнүчү боюнча бул конкурсту ушул жылдын 1-октябрына чейин улантууну туура көрдүк. Конкурстун шартына ылайык, Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов баш болгон калыстар тобу тандаган бир акынга 20 миң, эки акынга 10 миңден, үч акынга 5 миңден байге берилет. Ыр көлөмүнө гезиттин бир устуну (колонкасы) берилет. Ал ыр башка эч бир гезитке же китепке түшпөгөн эң соңку ыр болушу керек.


Бир аңгеменин конкурсу
Аңгеме өтө узак болбошу керек. Жүрөктү эзген, дирилдеген, жан дүйнөнү толкуткан кыска сюжети бар аңгемелерге артыкчылык берилет. Аңгеме сүйүү, айрылышуу, жалгыздык, сагыныч темасында болушу керек же бир турмуш тамчыларын сүрөттөгөн жылуу аңгеме болушу керек. Калыстар тобу аңгеменин сюжетинин курулушуна, сөздөрдүн таптап жазылышына, адабий көркөмдүгүнө ж.б. ушул өңдүү көп сапаттарга карап тандап алат.
Мыкты аңгеме деп табылган биринчи орунга 20 миң сом, экинчи орунга 10 миң сом, 3-орундагы эки аңгемеге 5 миң сом байге берилет. Бир аңгеменин конкурсунун жыйынтыгы июнь айында чыгарылмак. Бирок буга чейин редакцияга келген аңгемелердин аягы үзүлгөн жок, басууга даярдалып, бирок жарыялана электери да бир далай. Ошол себептүү көптөгөн окурмандардын өтүнүчү менен бир аңгеменин конкурсу да 2012-жылдын 1-октябрына чейин узартылды.
Конкурска чыгармаңызды салганда толук аты-жөнүңүз, кыскача таржымалыңыз жана сүрөтүңүз кошо берилиши керек. Конкурстун талабына ылайык, аңгемелердин көлөмү кыска болушу керек. Көп аңгемелер көлөмдүү болуп, жарыкка чыкпай турганын да эсиңиздерге сала кетели.
Чыгармаларды төмөнкү дарекке салыңыз: defacto.gazeta@gmail.com же редакциянын дарегине почта аркылуу жөнөтүңүз.




Бир аңгеменин конкурсуна

ЭРКЕ НЕБЕРЕ ҮШҮГӨНДӨ

Автор тууралуу

Калык ЖУМАГОЖОЕВ 1937-жылы Түп районундагы Сары-Камыш айылында туулган. 1955-жылы Сары-Камыш айылдык орто мектебин бүтүрүп, Бишкек сүрөтчүлүк окуу жайына тапшырган. 1956-жылы Советтик ­Армиянын катарына чакырылып, 1959-жылы ноябрга чейин кызмат өтөгөн. 1960-жылдан баштап Пристань кыштагынын маданият үйүндө бир жыл, кийин Сары-Камыш айылдык маданият үйүндө сүрөтчү-жасалгалоочу болуп 5 жыл иштеген. 1967-жылдан тартып колхоздун талаачылык боюнча эсепчисинин милдетин аткарган. 1992-жылдан тарта ардактуу эс алууда. 1998-жылы Ысык-Көл Нарын облустарынын арасындагы көркөм чыгармачылык боюнча көргөзмөдө жеңүүчү аталып, атайын байгеге ээ болгон. Анын буга чейин "Ак-Суу кайрыктары", "Менин айылым", "Тулпар таш" деген китептери жарык көргөн. Учурда "Эстутум" аттуу китеби басууга даярдалып жатат.


Мен 1948-жылы он бир жашта элем. Кыш айынын чилдеси, сууктун күчөп турган маалы. Кызыл-Кыянын бороону күчөп, учкан кардан жердин бети көрүнбөйт. Сууктун күчүнөн карайган керилген байланыш зымдары кулактын кужурун алып, шамал менен кошо жарышып, үнү басылбайт. 4-класста окуп калгам. Мектебибиз жылуу. Ал убакта окуучулар окуйбуз дешип, күндүн ысык-суугуна карабай сабактан калышчу эмес. Мен да ошол окуучулардын катарындамын. Чоң энем бар. Ошол Эрке энем өз колу менен китептеримди сала турган кылып бир көк чүпүрөктөн китеп баштык жасап берген. Ошондой баштыкка жеткениме кубанып, энеме улам алкыш айтчумун. Бети-башынан өпкүлөп. Бир айылдын эли баары энемди "Эрке байбиче" дешип чакырышаар эле. Чындыгында эле энем "байбиче" эле, себеп десеңиз, Жүрөк-Таш жайлоосунда эки баласы менен боз үйдө отурушса, эшиги ачылып бир ак сакал киши кирип келип, саламдашып үйдүн босого тарабына көчүк басат. Энем болсо ыйлап жаткан эки баласын таштай коюп, ак сакал карыяга бир аяк кымыз куюп сыпаалык менен сунат. Ак сакал киши бирдемелерди ичинен күбүрөп, анан кымызды шашпай ичип бүтүп, эки алаканын бет маңдай көтөрүп, ак сакалын жайкалта энемдин өзүнө жана эки баласына арнаган батасын берип тышка чыгат. Энем узатып койсом деп артынан тышка чыкса, дегеле ал кишинин карааны көрүнбөйт. Ошондон улам энем "байбиче" аталып калган. Чоң атам Жумакожо алгыр канаттууларды таптаган мүнүшкөр киши экен. Айрыкча ителги куш, жагалмай, турумтай, шумкар, жадакалса, борбаш деген тумшугу ичине ийги келген боз чымчыкты да таптап балдарына берчү экен. Улуу баласы - менин атам Бектемир 1936-жылы Пишпектеги мугалимдик окуу жайын бүтүрүптүр. Мугалим болуп иштеп турганда, 1939-жылы финндер согуш ачып, Финн согушуна катышып контузия болуп келгенден кийин Сары-Камыш орто мектебинде иштеп атканда, фашисттик Германия согуш жарыялап, ошол согушка 1941-жылы кетип, 1943-жылы артиллериялык батальондо замполит болуп турганында Малакеевка кыштагынын жанында Хантемировка станциясынан каза болуптур. Өз энем Бакенди Эрке кайненеси: "…Сен эми барагой, жашсың, келечегиң али алдыда, алдагы уулумдун керээзин мага калтыр", - дейт. Энем "кың" деп үн катпастан макул болуп, баланы калтырып чыгып кетиптир.
Ошол январь айынын бороон улуган бир күнү мен үчүн азаптуу эки саатын эске калтырды. Ошол эки саат кантип эстен кетсин, азыр да жүрөктө. Сабак өтүп жатсак, класстын эшиги ачылып мектептин директору Касымбай Токоев агай кирип келди. Окуучулар менен учурашып болгондон кийин: "Балдар, бүгүн бороон катуулап баратат, андыктан окууну эртелеп токтотолу, үйүңөргө эрте баргыла", - деген буйругун берди. Биз болсок кудуңдап, ызы-чуу түшүп үйдү көздөй жөнөдүк. Чоң жолго чыксак, шамалдын күчү алдыга бастырбай, артка түртүп думуктурат. Аргасыздан бороонго аркабызды салып, шамалды жиреп зорго үйгө жеттим. Эшик ачылары менен ысык мантынын жыты "бурр" деди. Үйгө баш баксам, атамдын эки иниси тердеп манты жеп жатышыптыр. Улуу агам Ырымбек: "Калык, баягы кара өпкө өлүмгө жеткирлер бүгүн келбей калышты. Эрдик кылып тиги айгырды мине калып таап кел", - десе болобу. Мына ошондон кийин Эрке энем ачуу бакырды. "Жанатан эмне отурушат десе, чычкандай баламды күтүп отурушкан тура. Ошо балам эртең бирдеме болсо, мага таарынбагыла". Улуу агам Ырымбек "атчан барат, эчтемке болбойт, мобу эле жерде" деп бурк этти. Мен эч нерсеге көңүл бурбастан айгырга жайдак минип уйга жөнөдүм. Чоң-Жергез тарапка бараткан жол менен төмөн бараттым. Колхоздун айдарым талаага үйүп койгон үймөк чөптөрү бар эле. Ошол тарапта болуш керек деп болжодум. Ырымбек ага уйларды агытып, ошол жактан тойгузаар эле. Күндө өзү келген мал бороондон баса албай чөп жакта калып калган окшойт. Мен минген жаңы асый башын жерге салып, калжаңдап не бир бассачы. Эки таноосу быр-бырлап жерден башын көтөрбөйт. Сан талаштыра камчы менен эки салгандан кийин анан басты өңдөнөт. Кыскасы, колдун үшүгөнүнөн улам чылбыр, тизгинин кое берип, эки колтугума катып жылыта калам. Жылкынын үстүнө өбөктөп, эки кулагынын ортосунан алдымды каранам, караан издейм. Бороондо канча убакыт өткөнүн ким билсин. Караңгы түшүп, будуң-чаң болуп эч нерсе көрүнбөйт. Бир маалда бир килейген караан көрүндү. Ошол караан үймөк чөп экен. Уйлар ал жерде тура. Мен айдай баштадым. Балтырым чымырап, бутумдун манжалары тызылдап баратат. Эки көздөн аккан жаш төмөн кулап жатты. Мурунду тазалоого чамам келбей баратат. Кайда баратканымды билбейм. Бирок алдыда уйлар бышылдап баратканы угулуп жатат. Анан да айгыр демигип барып, түрткөн же тиштеген өңдөнүп калат. Бир жерге келсем ит үрүп чыкты. Анан жарык көрүндү. Аңгыча: "Ой, сен кимсиң? Бороондо эмне кылып жүрөсүң?", - деди. Ал үй айылдын эң четки үйү - Сыдыкбектин үйү экен. Мени көрүп: "Эми барагой, аман экенсиң" деп үйүнө кирди. Биз айылдын күн батыш жагынан чыгыптырбыз. Ошентип, уйдун башын чыгыш тарапка буруп, үйдүн капталынан чыктык. Үйгө келсем, энем балдарынын ичкен тамагын аш кылбай аткан экен. Темирбек ага келип: "Аттан түшпөйсүңбү, эмне селейесиң?", - деди. Энем боздоп ыйлап жүрөт. Буту-колумду чечип, бети-башымды муздак кар менен ушалап жышып киришти. Ошол асый чыкма айгыр болбогондо кардуу бороон мени жарык менен кош айтыштырмак.
Калык ЖУМАГОЖОЕВ, Сары-Камыш айылы







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??