Ош коогалаңынын 2 жылдыгына карата: экинчи макала
Өлкөсүн жамандап, өзгөгө жагалдангандар өлүм жазасына тартылчу
Түштүктөгү коогалаңды талдоо­до айрым жагдайлар ачык айтылбай келет. Өзгөчө Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагы жарандардын өз Мекенине болгон өгөй мамилеси. Алардын көпчүлүгү өздөрүн эмнегедир бөтөн мамлекетте жашагандай алып жүрүшөт. Кыргызстандын күчтүү мамлекет болушуна кайдыгер карашат. Халифат куруу идеясына сугарылгандар да көбөйүүдө. Мындан эки жыл мурда Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын ошол кездеги жетекчиси Жаңыл Түмөнбаева бир чындыкты ачыкка чыгарган эле. Ал: "Бишкекте жайгашкан улуттук - маданий борборлорго тиешелүү бөлмөлөрдү кыдырсам, ошол улутка тиешелүү өлкөнүн мамлекеттик символдору, Президентинин сүрөтү илинип туруптур. Бардыгын Кыргызстандын мамлекеттик символдоруна алмаштыртып чыктым" - дегени эсимде. Ал убакта ар бир улуттун маданий борборлору "Кыргызстан жалпы үйүбүз" деген ураан менен жашашчу. Өз Мекенине жасалган кайдыгер мамиле жылдан-жылга күчөп отурган. Ал учурда өндүрүш менен чарба чачылып, кыйратылгандай эле, улуттардын ынтымагы да ыдыраган, бири-биринен обочолонуп алыстаган. Ортодо базар экономикасынын доораны жүрүп, бардыгынын баасы бычылып сатылган. Натыйжада байлыкка азгырылган кыргызбы, же сатып алган өзбегиби, өлкөнү бүлүнткөн. Карапайым калк анын азабын тартты, бүлүнткүчтөрдүн жетегинде калды. Ушундан улам башка улуттар өз, кыргыздар бириктирген туу болбоду. Мурдагы макалада баяндалгандай, кыргыздын чыгаан инсаны Жаныбек казынын небересин өгөйлөп өз кылбагандай эле, башка улуттун өкүлдөрүн боорубузга тартып өз кыла албадык.

Сатылган бийлик, эсирген ээнбаштык
Улут саясаты мамлекеттик кызыкчылыкта жүрбөй, утурумдук кызыкчылыкта жүргөнүн Түштүктөгү коогалаң ачыктап койду. "Сен мага, мен сага" деп соодалашууга негизделген башкаруу акыры келип кан төгүү менен аяктады. Акаевдин, Бакиевдин доорундагы кыйшык саясат азыр да уланып жатат. Түштүктөгү кан төгүүдөн бийлик сабак албады, жыйынтык чыгарбады. Абийирге эмес, соодага ык алган бийлик Ош менен Жалал-Абадда көзгө көрүнгөн ири завод-фабрикаларды, имараттарды, жерлерди менчикке өткөрүүдө түпкү кызыкчылыкты ойлободу. Совет доорунда куралган байлыкты бөлүштүрүү чыр-чатактын чыгуусуна түрткү болду. Алгачкы капиталга ээ шаар калкы абийирин акчага алмаштырган бийликтин ачкычын таап, эбегейсиз байлыкка ээлик кылып калды. Күндө алтын жумуртка берчү кафе, ресторан, ири дүкөндөр алардын колуна өттү. Эптеп айлыкка жашаган калк талап - тономойго аралашпай, байлык бөлүштүрүүдө сыртта калып, же жумушу, же үйү жоктугунан жан багуу үчүн Мекенинен кетүүгө аргасыз болду. Ал эми мээсинде Мекен тууралуу түшүнүгү жок, байлыгына чиренген өтүкчүлөр, ашпозчулар менен бизнесмендердин алды депутат, арты эл тагдырын чечкен мыкчыгер болуп чыга келишти. Бул айтылгандар өзбектерге гана эмес, кыргыздарга да тиешелүү. Билимине эмес, байлыгына чиренген топ коомдо үстөм болгондо мамлекеттик кызыкчылык жыдып, жеке кызыкчылык сайран курат. Мындайды туу туткан саясатчы карапайым калктын башын айлантып, улуттук, жердештик сезимди козгойт, ууланган аң-сезимге ойнойт.
Түштүктөгү коогалаңга чейин, андан кийин да карапайым өзбектер байлыгына чиренген сепаратисттерге каршы чыгуудан коркушканын, ачык айтып чыгууга алсыздык кылышканын жашырышпайт. Бардык президенттердин учурунда алардын тилин таап, таянычына ээ болгон улуттун псевдо-лидерлери өздөрүнө каршы чыккандарга куралчан бандаларын жиберип коркутуп, баш көтөртпөй башкарып турушкан. Ар кандай шайлоолордо, референдумдарда айткан партияга же талапкерге добуштарын берүүгө аргасыз кылышкан. Карапайым калктын добуштарын өз кызыкчылыктары үчүн мындай соодалашууну Түштүктөгү коогалаңдын чыгышынын башкы себептеринин бири катары кароого болот. Анткени өздөрүн өзбек лидерлери деп эсептеген сепаратисттердин ачык соодалашуусу, ыксыз талаптары, курулай дооматтары экинчи тараптын кыжырын келтирген. Ал эми сепаратисттердин жогорудагыдай ашынган аракеттерине алсыз, сөзү кыска, көзү сокур бийлик сокку уруп, кандуу коогалаңды токтото алган эмес. Бийликтин башкы күнөөсүн эл ушундан көрөт.

Жамандоо менен жан баккандар жазаланса
Соңку учурдагы дагы бир осол көрүнүш, мамлекеттин аброюна доо кетирүү, дүйнө коомчулугуна жакшы жагын эмес, жаман жагын шардана кылуу өтө күчөдү. Өлкө жараны, бирок башка улуттун өкүлдөрү аны атайын кесипке айландырып, четтен грант алуунун ыкмасы кылып алышты. Кыргызстанды канчалык жамандаса, ошончолук олчойгон каражат алуу өнөкөткө айланды. Аларга мыйзамдын чегинде эскертүү берилсе, бийлик кысымга алып жатат деп долуланып, аттарын чыгарыштын амалын кылышат. Мындай аракеттер Түштүктөгү кандуу коогалаңдын алдында өркүндөп, окуя болгондон кийин өзгөчө күчөгөн. Натыйжада бир тараптуу маалыматтык таймашта акыл-эс менен аракет кылышкан кыргыз медиасы туруштук бере албады. Анын кесепети азыр да тийип, жаманаттыга кабылган өлкөгө четтен инвестиция келбей жатпайбы. Түштүктөгү коогалаңдан соң, дүйнө коомчулугуна чоң резонанс жаратууну көздөгөн күчтөр козу карындай көбөйүп, алдын ала даярдыктагы журналисттер интернет желеси аркылуу окуяны көбүртүп- жабыртып таркатканы тастыкталды. Мындай аракет бүгүнкү күнгө чейин улантылып, кыргыздарды шылдыңдаган ырлар, тасмалар, китептер, дисктер таркатылып, чет өлкөдө негизделген уюмдар аны ырааттуу түрдө ишке ашырып жатышат. Аларды уюштургандардын анабашында кечээ эле Кыргызстандын суусун ичип, нанын жеп келген өлкө жарандары. Эбегейсиз байлыкка ээ болуп, өлкөдөн чыга качкан сепаратисттер. Тарыхта өз өлкөсүн жамандап, өзгөлөргө жагалданган адамдарга өтө катаал мамиле жасалчу. Чыңгызхандын доорунда силер өз өлкөңөрдү жамандап, өзгөнү жыргатмак белеңер деп баштары алынган. Кокон хандыгынын тушунда Бухара эмирине жагалданып кат жазышкан кутумчулардын бардыгын 1842-жылы жайында Кокон хандыгын басып алган эмир чакырып, баштарын алдырганын, Ибрагим хаял аттуу башчысына үч ай бою хандыкты талатканын кыргыз тарыхчысы Зиябиддин Максым "Фергана хандарынын тарыхы" аттуу эмгегинде өзгөчө сүрөттөп жазган. Ал эми Кыргызстанды курулай жаманатты кылган Фарафонов аттуу жазмакерди мыйзам алдында тартипке чакыруу аракети кандай резонанс жаратканына күбө болуп, унчукпай отурабыз. Кыргыз мамлекетине, анын тарыхына шек келтирген авторлор тайраңдап ээн эркин жүрүшөт. Кыскасы, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылып, мамлекеттин бүтүндүгүнө, тарыхына, баалуулуктарына шек келтирип, ынтымагына доо кетирген, келекелеген адамдарга мыйзам негизинде катуу чара көрүлүп, коомчулук тарабынан жапырт айыпталмайынча журт бузарлар, сепаратисттер ээн-эркин өз милдетин аткарып жүрө беришээри анык. Түш­түктөгү ­коог­алаң аны ырастап коңгуроо кагат.

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, тарыхчы