Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кундуз Таштаналиева, ырчы:
"Уулумду өзүм тарбиялап жатам"
Кундуз Таштаналиева болгону 28 жашта. Ошого карабай фольклордук ырларга келгенде эчак түптөлүп калган чоң-чоң ырчылардын катарын толуктап жүрөт. Айрыкча, Рыспайдын "Түшүмө кирдиң түндө сенин" аткарганда далайлардын жүрөгү титирейт. Ал эми өзүнүн жүрөгүндө эмне болуп атты экен? Жашоосун сурап, сөзгө тарттык.

- Кундуз, көптөн бери концерт бере элексиз?
- Жеке концертим боло элегине 5 жыл болду. Бирок андан бери жөн жүргөн жокмун. Эне болдум, Улуттук консерваторияда иштеп, студенттерге сабак берип жүрөм. Эми, буюрса, концертке даярдык көрө баштадым.
- Эки жумушта бирдей иштеп жатсаңыз, үй тиричилигине кантип үлгүрүп атасыз? Негизи эле чыгармачылык аялзатынын жеке турмушуна тоскоолдук кылат дегенге кошуласызбы?
- Кошулам, чыгармачылык аял кишинин турмушуна аябай эле тоскоол болот. Аны баарыбыз эле жакшы билебиз, жашыруун деле эмес. Аялдын карьера жасоо жолу абдан эле татаал.
- Өз мисалыңызда айтып жатасызбы?
- Балким. Негизи мен үйгө да, жумушка да жетишкенге аракет кылам. Эмгектен качпайм. Бирок акыркы мезгилде өзүмдү билимге, чыгармачылыкка арнап койдум. Анткени, жаш кезде билим, тажрыйба топтоп алайын деп атам. Качандыр бир кезде үзүрүн көрөм да.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?
- Уулум Канат 2 жашта. Аны өзүм тарбиялап жатам. Ал эми жеке жашоом сыр боюнча калсын.
- Ким менен сырдашасыз?
- Атам, сиңдим менен. Апам - башкы кеңешчим.
- Бала кезиңизден бери эле ырдайсызбы?
- Кичинемде магнитофондун үнүн болушунча чыгарып, фонограмма менен ырдаганды жакшы көрчүмүн. Бөлмөмө бекинип алып, образга кирип ырдап жатканда эшикти капысынан эле бирөө ачса, уялганыман кызарып-татарып отуруп калаар элем. Уяттуу бир нерсемди карматкансып, "эми кантип чыгам, көрүп калган кишинин бетин кантип карайм" деп бушайман болуп көпкө отурчумун.
- Кандай окучу элеңиз?
- 5-6-класска чейин жалаң "5ке" окугам. Кийин химия, физика сабактары киргенде ортолоп калдым. Азыр ойлосом, аларды деле окумак экенмин. Болгону өзүм адабият, музыкага сабактарына аябай көңүл бурчумун.
- Өзүңүздөгү кайсы сапатты жактырбайсыз?
- Унутчаакмын. Шашмалыгымданбы же чыгармачылык түйшүгүнөнбү, айтор, бир нерсемди барган жерге унутуп кетем. Анан мүнөзүм кырс. Жакпаган нерсени бир-эки айтам, түшүнбөсө, катуу тийишим мүмкүн. Үчүнчүдөн, өзүмчүлмүн. Бул сапаттардан арылганга аракет кылам. Бирок көнгөн адат оңой менен калбайт экен.
- Ушакты териштиресизби?
- Алкынып-жулкунуп бирөөнүн бетин тытканды башынан жаман көрөм. Өзүм тууралуу ушак уксам, "эмне үчүн ушундай сөз чыгып атат, буга эмне себеп болду" деп өзүмчө иликтеп көрөм. Башка бирөө мага териштиргени келсе, качпайм.
- Келбет-бойду келишимдүү кармоо үчүн өзгөчө ыкмаларыңыз барбы?
- Үй-бүлөбүздө өтө толук адамдар жок. Ошентсе да сахна адамы болгондон кийин келбетти бир калыпта кармаш керек. Мен камыр тамактарды жебегенге аракет кылам. Бош болгондо чөп-чарга олтуруп, организмди тазалап коем.
- Кол өнөрчүлүккө кандайсыз?
- Дээримде бар, бирок өзүмө кийим тигип көрө элекмин. Аксессуарларды жасап алышым мүмкүн. Бирок кичине кезимде өзүмө жаккан узун юбкалардын этегин кыркып, колго көктөп кийип алчумун.
- Өзүңүздү 20 жылдан кийин кандай элес­тетесиз?
- Өзүмдү ошончо алыстыктан карап көргөн эмесмин. Бирок ал кезде бакыйган бир адам болсом керек.

Наргиза АЛФАБИТОВА





Азиз Мурадилаев, актер:
"Айжан Акылбекова менен өбүшөрүмдү билген эмесмин"

Азиз Мурадилаевдин атасы Үсөн Мурадилаев театрда көп жыл эмгектенип, 1998-жылы көз жумган. Апасы КРнын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева дагы деле театр жүзү. "Аккан арыктан суу агат" дегендей, жаштайынан эле Азиз чоң сахнага чыгып жүргөнү мындай турсун, анын жубайы дагы чыгармачылыктан алыс эмес. Улуттук драмалык театртдын музейин жетектейт.

- Азиз, жубайыңыз менен бир жерде эмгектенет экенсиңер. Үйдө деле жумуш тууралуу сүйлөшө берсеңер керек?
- Үйдө биз менен чогуу апам дагы жашайт. Андыктан, сүйлөшө турган сөздөр көп. Менин ролдорумду талкуу кылабыз. Негизги сынчыларым - апам менен жубайым, дайыма кемчиликтеримди айтып, кеңеш берип турушат.
- Тасмалардан көп көрүнбөй калдыңыз го?
- Быйыл "Президент жана бомж", "Зла мне не хватает", "Мезгил жана Алыкул" деген үч тасмага тартылдым. "Мезгил жана Алыкул" элге тартууланды. Ал эми экөө азырынча монтаж кылынып атат. Жакында ошол тасмалардан көрөсүздөр мени.
- Роль аткаруу алдында жалкоолук болобу?
- Жалкоолук болот, албетте. Бирок канчалык маанайым суз же бир жерим ооруп турса дагы бетиме грим кое баштаганда дароо ачылып кетем. А кээде жаның кыйналып деле роль аткара бересиң, элге ал билинбейт. Анткени сахнанын касиети актерго эл алдында шалдырап калууга жол бербейт. Үйгө барганда гана ооруну сезип, сулк жыгыласың.
- Жубайыңыз да театрда иштесе, ишиңизди жакшы түшүнсө керек?
- Биздин жумуш бир азап да. Түн ортосунда кетип, 2-3 күнгө жоголушум мүмкүн. Жубайым биздин жумушту сопсонун билет. Кыскасы, ошол жагынан мага баш оору жок.
- "Чиркин өмүр" тасмасында Айжан Акылбекова менен өбүшө кеткен сценасы бар эмеспи. Өзгөчө ошол убакта биздин көрүүчүлөр андай нерсеге даяр эмес болчу. А сиздин жубайыңыз кандай кабыл алды?
- Мен башында андай жерлери бар экенин билген эмесмин. Режиссер кийин айтты. Тартылып бүткөндө эле үйгө келип, "жаным, көргөндө чалкаңан кетпе" деп түшүндүрүп койгом.
- Экөөңөр кантип таанышып калдыңар эле?
- Театралдык окуу жайда чогуу окуганбыз. Биринчи курска 20 күн кечигип келгем. Агезде группалаштарым эчак бири-бири менен таанышып алышыптыр. Мен шаарда өскөндүктөнбү, айтор, көпкө чейин аралашпай, өзүмчө жүргөм. Кийин балдар күлүп калчу "өзүңчө эле орусча сүйлөп, кыйын болчусуң" деп. Анда 17 жаштамын. Жашоонун четин жаңы көрө баштаган көйрөң кезим болсо керек. Жубайым менен да 1-курста сүйлөшпөптүрмүн азыр ойлосом.
- Азыр деле аялзатынын көңүл буруусунан кур эмес болсоңуз керек?
- Балким (күлүп).
- Андайлардан кантип таарынтпай кутуласыз?
- Оңой эле, "бош эмесмин" деп сүйлөшпөй коем. Телефон чалып тийишкендерди 2-3 суроо менен эле текшерип алса болот. Айрымдар жөн эле тамашага салгысы келет. Негизи эле телефон аркылуу "таанышып алалы" дегендерди олуттуу кабыл албайм.
- Телефон демекчи, СМС билдирүү жазышууга кандай карайсыз?
- СМС деген нерсе мага такыр жакпайт. Убактыңды коротуп терип, кеттиби, жокпу деп күткөндөн көрө, телефон чала коюп эле айтчу сөзүмдү айтып алам. Атургай менин электрондук почтам, интернетте баракчаларым дагы жок.
- Канча балаңыз бар?
- Эки уулум. Улуусу Шаа - 8-классты аяктады. Кичүүсү Саади - 5 жашта.
- Уулдарыңыздын аттары өзгөчө го?
- Биринчисин Саади койгула деп атам айтып жүрүп эле кийин Шаа деп койгон өздөрү. Экинчиси төрөлгүчө атамдын көзү өтүп кеткен. Ошондуктан керези аткарылсын деп кичүүмдүн атын Саади койдук.
- Спорт менен машыгасызбы?
- Жок, кез-кезде "чочуганда" 3-4 күн таң эрте чуркап коймоюм бар. Болбосо биздин жумуш өзү эле спорт. Мисалы, кээ бир спектаклдерде бий аралаш болот. Андайда хореографтар даярдашат бизди. Бир репетицияда эле спорт залга кирип чыккандай болосуң тердеп-кургап.
- Эркекке тиешелүү кайсы жумуштарды жасайсыз?
- Бир кылсам, майын чыгарам бардык эле жумуштун. Бирок көпчүлүк учурда жалкоолук жеңип кетет. Анткени айлап эс албай жүрүп, 1 күн үйдө жатсам эле мойнум эч нерсеге жар бербей калат. Сантехника бузулса дагы "бөдөнө сойсо да касапчы сойсун" деп адистерди чакырып коем.
- Майрам күндөрү тамак-ашка кол кабыш кыласызбы?
- Дем алыштарда толгон-токой азык-түлүк алып келип, үйдөгүлөргө тамак жасап берем. Лагмандын камырын гана чое албайм. Башка бардык тамактарды жасай алам.
- Бала кезде тентек белеңиз?
- Шоктугум 7-8-класстарда башталды. Ага чейин токтоо, кыялкеч бала болсом керек. Мектепте окуп жүргөндө математика, химия сыяктуу так илимдерди өтө жаман көрчүмүн. Мисалы, математикадан "х", "у", "тамыр" дегендердин бар экенин эле билбесем, азыр деле жакшы түшүнө бербейм. Алардын кереги мага жашоодо деле тийген жок.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??