Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Ар жалбырак өз үнүндө шыбырайт

Салтанат САМАТОВА, журналист:
Көрүмчү
- Чыныгы сүйүү көрүмчүгө окшош. Ал жөнүндө баары эле сөз кылат. Чыныгы сүйүүнү кандай түшүнөсүз?
- Чыныгы сүйүү - бул бири-бирин урматтоо, сыйлоо жана түшүнө билүү. Сүйүүнү эч ким көргөн эмес, ал тек гана жүрөктө жашап, жүрөк аркылуу туюлат. Андыктан сүйүүнү сүйгөн адам гана терең түшүнүп биле алат.

Салима БАЛТАЕВА, ырчы:
Тирүүлүк
- "Жашоонун маңызын сезбейбиз, болгону жашап жүрөбүз" деген кеп бар. Деги эле жашоонун маңызы эмнеде?
- Адам болуп жаралган соң, жашоонун маңызын билип жашаш керек. Мен үчүн жашоонун маңызы бул үй-бүлө, бир туугандар жана ата-эне. Анан албетте, сүйүктүү кесибим. Өмүрүмө тең ортоктош ырларым.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, акын:
Төрт сап ыр
- Байлык жакшы кызматчы, бирок жаман кожоюн.
Сиз үчүн кайсы байлык адамга көбүрөөк керек?
- Өзүмдүн байлыгымды мисалга ала турган болсом, менин байлыгым бул кубанычымды тең бөлүшөөр балдарым менен чыгарган ырларым. Мындан ашык байлыгым деле жок. Адамга көбүрөөк кереги - жандүйнөсүнүн байлыгы.

Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
Сатылбас бакыт
- "Бакыт - бул адамдын кубанычы" эмеспи. Ошол бакытка тең ортоктош болуп бактылуу жашаш үчүн эмне керек?
- Ата-энең, бала-чакаң, үй-бүлөң менен биргеликте аман болуп, татыктуу жашагандын өзү чоң бакыт. Бакытты байлыкка, акчага, бийликке алмаштырууга болбойт. Ал эми бактылуу жашаш үчүн алган жарың жакшы болуп, үй-бүлөңдө ыйман, ынтымак, сүйүү жана сый өкүм сүрүшү керек. Ошондо адам чыныгы бактылуу адам катары жашай алаарына ишенем.

Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ, ырчы:
Улуу сезим
- "Май муздак жерде көпкө сакталат, сүйүүнү да ошондой сактоо керек" деп айтылат. Сүйүү тууралуу сиздин пикириңиз?
- Эми май деле көпкө сакталбайт… Бирок, ошентсе да кыргызда: "Сары майдай сактап…" деген жакшы сөз бар. Сүйүү тоңгон муз сыяктуу бир күнү ээрип жок болушу да мүмкүн. Ошондуктан сүйүүнү сүйө билип, баркына жетүү керек. Аны сыйлап баркына жете албасаң, бактыңды колдон учурасың. Негизи эле сүйүү - улуу сезим. Аны ар бир адам сезе да, туя да билүүсү шарт.

Наргиза АЛФАБИТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??