Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Ысык-Атанын касиети
IV-V кылымдарда жүздөгөн жылдар аралыгында Батыш Түркстандын борбордук жана түштүк Батыш тарабында буддизм гүлдөп, аларды кезек-кезеги менен гректер, сактар, кушандар, персиялык сасаниддер жана ак гунндар башкарып турганын тарыхчылар айтып келишет.
Буддизмди аркалагандардын табериктеринин улам көбүрөөк табылышы буддизмдин канчалык көп таралганын, ал эми мурда тургузулган храмдар менен Будданын таш эстеликтери байыркы кылымдарда Кайра жаралууга таазим кылуу орду деп аталган.
Он кылым же андан да мурда буддалык канондорго ылайык, Будданын турмушун, өмүрүнүн акыркы күндөрүн сүрөттөп жазгандарга ылайык, сөөгүн өрттөп, кремация кылгандан кийин анын сөөгүнөн калган калдыктар ыйык деп эсептелип, ал 8 бөлүккө бөлүнүп, ал убакта буддизмди кабылдаган коңшулаш мамлекеттерге бөлүштүрүлгөн.
Мына ушундай жерлердин бири Ысык-Ата курорттук аймагы болуп саналат. Тоо эңкейишиндеги көк жашыл майсаңда санаторийден алыс эмес жерден килейген таш табылган, анда Будда - дарыгердин сүрөтү чегилген экен. Тибеттик Далай-ламанын түп аталары лотос гүлүндө отурган болуп, колунда гүл салган челекте гүл же дары чөп кармап турган. Бул ташка чегилген Будданын эстелиги VII-VIII кылымга туура келет дешет, ал эми аскадагы буддисттердин жазуулары тибеттиктердин тилинде жазылган делет.
Адамдын организмине Ысык-Ата суу булактары гана жагымдуу таасир калтырбастан, таза абасы, тоолуу аймактын климаты да, ошондой эле байыркы жана азыркы тектоникалык жаракалардан чыккан күчтүү электромагниттик талаасы да таасирин тийгизээри белгилүү.
Ысык суусу жана Будда - дарыгердин ташка чегилген элеси бар Ысык-Атага илгерки убактарда диний адамдар зыярат жасап турушкан. Көп, жылдар бою бул жакка Азия чөлкөмүнүн элдери дартынан арылуу үчүн келишкен.
Ысык-Ата булактарынын суусу бир канчалаган кылымдардан бери элдерди өзүнө тартып келет. Бул жерге алгачкылардан болуп отурукташкандар кийинчерээк, же ХIХ кылымда бул жактагы суунун дарылык касиетин баамдашкан. Минералдык булактардан өзүнчө көлчүк жасашып, эң жөнөкөй шартта суу менен дарылоочу жайды уюштурушкан.
Ысык-Ата районунун аймагында 130дай минералдык суу булактары бар, алардын жарымынын температурасы 38-50 градус Цельсий. Алардын эң ириси жана белгилүүсү Будда - дарыгердин элеси түшүрүлгөн таш эстеликтин жанындагысы, секундуна 8 литр, температурасы 54,5 градус сууну жылдын кайсы мезгили болбосун, чыгарып турат. Ал суу туптунук, бирок сероводороддун даамы жыттанат, эң башкысы - дарылоочу касиетке ээ.
Илгерки доордо жолоочулар Ысык-Ата аймагында ар кандай диний ырым-жырымдарды жасашып, түркүн майларды сүйкөшүп, Ысык-Ата суусун ичип, далай дарттарын дарылап жана айыктырышкан. Ташка чегилген Будданын элеси өзүнчө эле сыйынуучу жайга айланган, ал эми Ысык-Ата аймагындагы көптөгөн дары булактары кудайдын берген тартуусу катары бааланган.
Будданын элеси түшүрүлгөн таш эстеликтин жанынан агып чыккан суунун дарылык касиети зор экенин бул жердин популярдуулугу далилдейт. Андан дагы адам өмүрүндө суунун канчалык зарыл экенин эске алсак, бул баа жеткис табылга экени талашсыз.

Назима ЖУМАЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??