Сакалчандардын "сары алтыны" эмнеде?
Соңку кезде Кыргызстанда диний агымдардын кенен кулач жайышы эч кимге деле жашыруун болбой кады. Албетте, катаал заманда элдин көпчүлүгү көроокаттан боорун көтөргүсү келип, Кудайга кайрылып, жашоо маңызын дал ушул динден издеп калат. Пенде баласы чебелектеп, жаратканга кайрылып турган учурдан пайдаланып, түрдүү секталар, диний агымдардын өкүлдөрү өзүнө тартып, башүйүртмө кылуу аракети күч. Христиан дининин түрдүү агымдарына кирген кыргыздардын саны эле Бишкек, Чүйдө 25 миңге жетиптир. Бул санды ошол чиркөөлөргө барып жүргөн бир катар кыргыздар өздөрү айтып жүрүшөт. Ал эми элди алдап, бир аз каражат беримиш болуп, анан үйлөрүн, бизнестерин, болгон байлыктарын өз ыктыяры менен бергенге мажбур кылган секталардын саны көмүскөдө калып келет.
Кыргызстанда азыр отуздай конфессия бар. Христиан дининин ар кайсыл агымына тиешелүү 370 чиркөөсү бар экен. Ал эми ислам динине келсек, мечиттердин саны эле 3 миңге чукулдап калды. 9 исламдык жогорку окуу жайы, 60тан ашык медреселер, 70тей ар кыл борборлору иштеп жатат. Кыргыз жаштар, айрыкча кичинекей балдар мечиттерге барып, 5 маал намаз окуп, исламга болгон кызыгуусу артууда. Көчөлөрдө хиджаб кийген кыздар, дамбалчан молдоке сакалчандар жер жайнап кетти. Дабатчылар көчөдөн эле токтотуп алып, шашканыңа карабай, мечитке сүйрөп, бир саат башыңа чай кайнатып киришет. Алардын ишенимине шек келтиргенден алысмын, бирок дүйнөдө исламдык экстремизмдин, террористтик уюмдардын күч алышы кооптондурбай койбойт.
Жакында Президент Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын бекитти. Анда 2014-жылы АКШ менен НАТОнун аскерлеринин чыгып кетиши менен Ооганстандагы саясый-аскердик абал кескин өзгөрүп, өлкөбүздүн түштүгүнөн террористтик топтордун кирүү мүмкүнчүлүгү айтылат. Арийне, чындап эле Ооганстандагы абал бүтүндөй Борбордук Азияга коркунуч туудурары талашсыз. Азыр Ооганстан менен Пакистанда "Аль-Каида", "Талибандар Кыймылы", "Өзбекстандын Ислам кыймылы", "Чыгыш Түркестандын Ислам Кыймылы", "Ислам жихады биримдиги" ж.б. экстремисттик топтору тишине чейин куралданып, өз максаттарын ашырууга эч нерседен кайра тартпай турганы белгилүү. Алардын эң негизги максаты эле алгач Фергана өрөөнүндө, анан бүтүндөй Борбордук Азияда дүйнөдөгү эң күчтүү, ислам принциптерин пир тутуп, бир гана шариат менен жашаган зор мамлекетти куруу. Ооганстанда "Талибан" кыймылы өз позицияларын бекемдесе, аскердик кагылышуулар өлкөнүн түндүгүндө күч алып, куралдуу сакалчандар алгач Тажикстанга, анан Кыргызстанга кирип келиши толук мүмкүн. Алар региондогу тынчтыкты бузуп, масштабдык террористтик акцияларды, ич ара кагылышууларды жүргүзүүгө кызыкдар. 2010-жылдагы Ош окуясына алардын түздөн-түз тиешеси бар экенин кээ бир билермандар да баса белгилешти. Ошондуктан биздин бийлик улуттук коопсуздугубузду бекемдеп, эмитен даярдык көрүп жатканы колдоого аларлык.
Соңку учурда кичинекей мамлекетибизде исламдын дүркүрөп өнүгүшү менен саясый абал кескин өзгөрүшү мүмкүн. Башмыйзамыбызга ылайык дин мамлекеттен тышкары болгону менен акырындан саясатыбызга, экономикабызга, ичкен тамак-ашыбызга чейин да өз таасирин тийгизе баштады. Жакында ислам принциптерин карманган саясый партиялар шайлоолорго катышып, өлкөдө өз позицияларын бекемдей баштайт. Келечекте бийликке дал ушул исламдык күчтөр оппозиция башында туруп калат. Алардын катарына азыркы саясатчыларыбыз да каз-катар тизилип туруп берет шекилдүү. Ошентип ислам менен эсептешүүгө туура келет.
Биздин өлкөбүз аркылуу өткөн наркотрафик кийин коопсуздугубузга залакасын тийгизиши мүмкүн. Ооганстандан жылына биз аркылуу Орусия, Европага 95 тонна героин өтөт. Ооганстан бул "бизнести" талибандар, Хаккани террористтер түйүнү алып барышса, Тажикстан менен Кыргызстанда жалаң исламды туткан уюшкан кылмыштуулуктун мүчөлөрү турат. Алардын бийлик органдарында өз кишилери да бар. Анан жогорудагыдай максаттарды коюп туруп, кантип бул кылмышты да пайдаланбасын? Азыр Кыргызстанга "Хаккани түйүнү" террористтик уюмунун мүчөлөрү кирип кеткени, бул боюнча оперативдүү иш-чаралар көрүлүп жатканын ИИМдин экстремизмге каршы башкармалыгынын начальниги Эмил Жээнбеков билдирген. Алар исламды жамынуу менен тынч элдин башын айландырып, өз катарына кошууну максат кылышат. Ооганстан менен Пакистанда алардын 15 миңден ашык мүчөлөрү бар. Жакынкы Чыгыш Институтунун эксперти (Москва) Юрий Щеголов Хаккани түйүнү Кыргызстандын криминал авторитеттери менен тыгыз мамиле түзгөнүн, жакында террактылар да болуп кетишин эскертти.
Жаш жигиттерибизди, кичинекей балдарыбызды Пакистандагы, Бангладештеги медреселерге алып кетип окутуп жатканы менен, ал жакта алар экстремисттик күчтөрдүн куралына айланып калбайт деп эч ким кепилдик бералбайт. Жумгалда ата-энелер баласын Бангладешке 11-12 жылдык диний окууга кабагым-кашым дебей жөнөтүп коюп отурушат. Ошондуктан бийлик дин маселесине олуттуу карап, дин агартуусуна маани берип, исламдын интеллектуалдык жаңы деңгээлге жетишине өбөлгө болуп берсе деген тилек.

Эрнис АСЕК уулу




Чоротегин башында турган тарыхчылар 7 томдукту жазуу укугун жеңип алды

КР ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов жарыялаган кыргыз тарыхы боюнча китептер сынагын жарыялап, 5 миллион сом койгон болчу. Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин башында турган топ сунуштаган "Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (Байыртадан азыркы мезгилге чейин): Жети томдук" аттуу долбоор утуп чыкты.


Курамына Ишенбай Абдуразаков, Кеңеш Жусупов, Зайнидин Курманов, Мыктыбек Абдылдаев, Сулайман Кайыпов жана башка аттуу-баштуу адамдар кирген калыстар тобу өз чечимин 23-июнда чыгарып, 25-июнда автордук калем акыга 5 миллион сом төлөнөөрү тууралуу сертификатты чыгармачыл топтун жетекчиси, "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегинге жана топтун башка редакторлоруна тапшырды.
Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун айтымында, Тынчтыкбек Чоротегин жетектеген чыгармачыл топ өтө олуттуу жүктү мойнуна алып, калайык бул топтон калыс жана жатык тилде жазылган илимий-популярдуу жалпылама эмгекти чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов бул эмгек келээрки жылдын башында ар бир тому кеминде 10 миң нускадан басмадан чыга турганын, болочокто анын орусча жана англисче котормолору да жарык көрөөрүн белгиледи.
Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, жети томдукту жазууга белсенген кыргыз тарыхчылары байыртадан азыркыга чейинки кыргыз тарыхы калыс жана ар тараптуу жазылат, унутта калган же бурмаланган окуялар менен тарыхый инсандар татыктуу баасын алат, учурдагы көйгөйлөр да калыс таразаланат. Жалпы редакциялык курамда: тарых илимдеринин докторлору, профессорлор Акунов Аалыбек, Жумабаев Бектемир, Каратаев Олжобай, Кененсариев Ташманбет, Чоротегин Тынчтыкбек (долбоордун төрагасы), профессорлор, тарых илимдеринин кандидаттары Молдокасымов Кыяс, (долбоордун төрагасынын орун басары), Табалдыев Кубатбек бар.
Жалпы редакциялык кеңеш ар бир томдук үчүн тиешелүү доорлорду иликтеп жүргөн авторлордун ичинен кош редакторлорду дайындады. Жети томду жазууга илимдин кандидаты жана андан жогорку илимий даражага ээ болгон 20дан ашуун жаңычыл тарыхчы адистер камтылаары маалымдалды. Жети томдуктун түзүлүшү мындай:
1-том. Кыргызстан байыркы доордо (Эң байыркы доордон б.з. 5-к. акырына чейин)
2-том. Эне-Сай кыргыздарынын тарыхы (6-18-к. башына чейин)
3-том. Кыргызстан орто кылымдарда (6-18-к. башына чейин)
4-том. Кыргызстан Кокон хандыгынын мезгилинде (18-к. башы - 1876)
5-том. Кыргызстан оторчулук доорунда (1876-1917-ж. башы)
6-том. Кыргызстан Совет доорунда (1917-1990)
7-том. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991-2012).
Бул жети томдук Тынчтыкбек Чоротегин жетектеген "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин (КТК) жетекчилигинин коомдук демилгеси менен башталган менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Тарых институтунун, бир катар университеттердин жана башка илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, чыгармачыл уюмдардын өкүлдөрүнүн орток илимий-жамааттык эмгеги болмокчу.

Айгүл БАКЕЕВА





Король Лир дүйнөдөн өттү
СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Капар Медетбеков менен коштошуу
Кыргыз искусствосу орду толгус жоготууга учурады. 26-июнда - 81 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын негиз салуучуларынын бири, даңазалуу актер Капар Медетбеков дүйнөдөн кайтты. Кечээ, улуу актердун сөөгү жерге берилди.
Капар Медетбеков 1931-жылы 11-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында туулган. 1955-жылы Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институтту аяктаган. Актердук ишмердүүлүгүн Ош облусунун Жалал-Абад шаардык драма театрында баштаган. 1962-1993-жылдары М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында эмгектенип, кыргыз, орус жана чет элдик авторлордун 150дөн ашык чыгармаларындагы образдарды кайталангыс жараткан. Пенсияга чыккандан кийин, беш жыл Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенген. Театр сахнасында Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым", "Бетме-бет", Кыямат", Токтоболот Абдумомуновдун "Ашырбай", "Абийир кечирбейт", Ф. Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза", А. Пароняндын "Богдасардын инисинде", А. Гилязованын "Кичинекей жерде", Фигиреянын "Эпоз", В. Шекспирдин "Отелло", "Макбет", "Король Лир" пьесаларындагы жаркын ролдорду ойногон. Муратбек Рыскуловдон кийин Король Лирди таптакыр башкача мазмунда ачкандыгы менен легендага айланган .
"Кыргызфильм", "Мосфильм", Ленфильмде" тартылган ролдору да эсте калаарлык. Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы, кыргыз маданият ишмерлери жана жалпы эле кыргыз эли кыргыз журтуна гана эмес, боордош элдерге да кеңири таанымал болгон даңазалуу актер Капар Медетбековду эстен чыгарышпайт.
"Де-Факто" гезитинин эмгек жамааты