Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Тимур МУРАТОВ, КР Жарандык авиация департаментинин экс-директору:
"Ачык асманга" өтөбүз деп көкүрөк койгулагандан көрө, "кара тизмеден" кантип чыгууну ойлонолу"
- Тимур мырза, Жарандык авиа­ция тармагынын абалы тууралуу кандай пикир айтаар элеңиз?
- Жарандык авиация тармагында, анча-мынча болсо да, өнүгүү бар. Эски техниканын ордуна Батыштан ыңгайлуу, "Боинг" учактары алып келинүүдө, менчик авиакомпаниялар да иштеп жатат. Айтор, 11-12 миң метр бийиктикте биздин учкучтар, инженерлер аба жүргүнчүлөрүн татыктуу тейлей алаарына ишенем. Өзүм деле жүргүнчү катары кыргыздын учактарында учууга артыкчылык берем.
Мен да ушул тармакты жетектегем, ошол себептен мага сындаш кыйын. Ошентсе да Жарандык авиациябыз 2006-жылдан бери Европа биримдигинин "кара тизмесинде" тургандыгын айтпай коюуга болбойт. "Кара тизмеге" кирүүнүн себеби ошол кездеги жетекчилердин инспекторлор менен авиакомпанияга койгон талабынын солгундап кетиши. Кыргызстан ­авиатармак боюнча эл аралык көптөгөн уюмдарга мүчө, Аба кодексин, авиация эрежелерин, мындан тышкары жүздөн ашуу конвенция, келишимдерди кабыл алган. Мамлекеттер аралык авиация комитетине (МАК) мүчө. Жарандык авиация бул эл аралык бизнес, эл аралык мамиле. "Кара тизмеден" чыгуу абдан татаал.
Европа биримдигинин "кара тизмесине" кирүүнүн саясий жагы да бар. Жарандык авиация өз күчү менен "кара тизмеден" чыгышы кыйын. Өкмөттүн деңгээлинде жумушчу топ түзүп, премьер-министр өзү башкарбаса дагы, вице-премьер же транспорт министри, же тышкы иштер министри муну жетектеп, "кара тизмеден" чыгууга аракет жасаш керек. 2006- жылдан бери Жарандык авиация тармагына жети директор келди. Ар бири келээри менен тармакты "кара тизмеден" чыгарам деп айтып келатат. Бирок майнап чыга элек.
Азыркы жаңы дайындалган жетекчи чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап келген билимдүү адис, Өкмөт ага көмөктөшүшү зарыл. Биздин Өкмөт бул тармакка жардам бербесе дагы, популисттик идеяларды көтөрүү менен бул тармактын өнүгүшүнө тоскоолдук кылбашы керек.
- Ал кандай популисттик идея?
- Өкмөттүн айрым мүчөлөрү "Ачык асман" долбоорун ишке ашыруу идеясын көтөрүп атышат. Жөнөкөйлөтүп айтканда "Ачык асман" жарыялоо, бул абада жүрүүгө уруксат берүүнү жөнөкөйлөштүрүү дегенди түшүндүрөт. "Ачык асман" Хельсинки отурумунда кабыл алынган. Ал эми профессионалдар бул идеянын пайдасынан зыяны көп экендигин билдиришүүдө. Мен да кесиптештеримдин айткандарына кошулам. Албетте, "Ачык асман" жарыялоонун айрым жакшы жактары да бар, мисалы экономикалык жагынан алганда аэропортто жумушчу орундары көбөйүп, аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн Кыргыз аэронавигация мекемесинин иши алга жылышы мүмкүн. Бирок ошол эле кезде анын кесепетине көз жуумп коюуга жарабайт. Эң эле башкысы мында Кыргызстандын аба мейкиндиги жагынан көз карандысыздыгы кошо жоюлат деп айтаар элем. Эмне үчүн дегенде аба мейкиндигиндеги кыргыздын учактары мамлекеттин желегин, гербин кошо ала жүрүп, абада эгемен учуп жүрө албай калат.
Биз өз өлкөбүздө "Ачык асман" жарыяласак, анда дүйнөдөгү күчтүү аба компаниялары кыргыздын компанияларын басып салат деп айтууга болот. Мисалы, Кыргызстандын учагы Бишкек-Стамбул каттамында уча турган болсо, Түрк аба жолдору биздин учактарга Стамбулдан ары учууга жол бербейт. Кыргызстандын аба жолдору банкротко учурайт. Коопсуздук жагынан алганда да сырттан учуп келген учактарды милдеттүү түрдө эч ким көзөмөлгө ала албай калат. Бул тармакка эл аралык шылуундар кирип кетет. Социалдык жана экономикалык кесепеттери көп болот. "Ачык асманга" өтсөк, учактардын билетинин баасы арзандайт деп божомолдоп атышат. Эч кандай арзандабайт. Биздин учактар токтогондон кийин, чет элдик учактарга бааны эч ким көзөмөлдөй албайт. Мен олуя эмесмин, бирок башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындан бутуна тура элек компаниялар өнүгүп кеткен жери жок. Авиация- морт тармак. "Ачык асманга" өтөбүз деп көкүрөк койгулагандан көрө, биз Евробиримдиктин "кара тизмесинен" кантип чыгуу тууралуу ойлонуп, аракеттенсек болор эле.
- Эгер "Ачык асман" жарыялоонун пайдасынан зыяны көп болсо, анда өкмөттүк деңгээлде мындай маселени кимдер көтөрүп атышат?
- Интернет булактарынын билдирүүлөрүнө караганда, Өкмөт мүчөлөрү, Оторбаев, Сариев, экс-министр Үмөталиев жана Наргозуев ж.б. Бул маселеде шашылбай, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап, жергиликтүү адистердин, эксперттердин ойлоруна конок бериш керек. Гонконгдо, Сингапурда ушундай долбоор кабыл алынган, бирок алар Аба жолдору компанияларын чыңдагандан кийин гана бул долбоорду ишке ашырууга киришкен. Эгер, "Ачык асман" кабыл ала турган болсок, анда кайсы чет өлкөлүк авиакомпания Бишкектен Баткенге же Исфанага учуп барат? Эч кимиси учуп барбайт. Мына ошентип, жергиликтүү рейстер боюнча авиа­учуу токтоп калат. Ал эми аэропортту өнүктүрүү тууралуу ой болуп жатса, анда аэропортко америкалык базадан түшкөн жарым миллиард доллар дивидендди эле жумшаса болот.
- "Ачык асман" долбоорун Жарандык авиация жагына эмес, жүк ташуу боюнча жарыялоого болот деген пикирде экенсиз?
- Аба жолдору аркылуу жүк ташуу маселеси глобалдашып кеткен. КМШ мамлекеттеринде мындай практика бар. Мисалы, Баткендин же Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортуна 3 же 5 жылга "Ачык асман" жарыялап коюуга болот.
- Бизде учкучтарды даярдоо жагы кандай?
- Ишенбай Абдраимов атындагы колледжде жылына ондогон учкучтарды даярдап жатат. Бул орто билимдүү деңгээл. Инженерлерди даярдоо максаты турат. Эмне себептен азыркы күндө авиация тармагына инвестиция келбей жатат? Себеби Кыргызстан кыймылдуу мүлккө укук боюнча Кейптаун келишимин ратификациялаган эмес. Учактар кыймылдуу мүлккө кирет. Эгер мисалы бирөө Америкадан учакты ижарага алып келейин десе, ала албайт, себеби Кейптаун келишими ратификацияланган эмес. Айтор, авиация тармагы бул дың жер. Иштей турган жумуштар абдан көп.
Мен биздин аэропорттон жергиликтүү авиакаттамдар үзгүл­түксүз болуп турчу мезгилди самайм. Бир кезде Бишкектен Ошко күнүнө 20 рейс учак каттап турчу. Баткен, Кербен, Казарман, Каракол, Талас… Айтор ушул бир кездеги жергиликтүү рейстер калыбына келтирилсе, ошондо элибиз байыды деп эсептейт элек. Жарандык авиация- жашоо деңгээлибиздин термометри, күзгүсү.
Төмөндөгү нфографикадан учактардын өнүгүү динамикасын карап көрсөңүз, чет өлкөлүк рейстер басымдуулук кылат. Ал эми "Ачык асман" жарыяласак, анда кыргыздын учактары такыр эле 5-6 пайызга түшүп калаарын эстен чыгарбашыбыз керек.

Маектешкен Айгүл БАКЕЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??