Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Парламент-өкмөт тиреши:
Бабановго каршы кол топтоо башталды
ЖК депутаттары 30-апрелде өкмөттүн 100 күндүк отчетун угуп, аны канааттандырарлык деп табышкан. Бирок, эки ай өтпөй парламентте Бабанов башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоо башталды. Мындай кырдаалда 61 депутат кол койсо, өкмөттү кетирүү маселеси жыйында каралып, президент чечүүчү сөздү айтат. Бизге жеткен маалыматка таянсак, учурда 50дөн ашыгы кол коюп берген. Бул демилгенин автору делген "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми калган фракциядагылардын ою кандай? Бул саясий оюнбу же жүйөөлүү негизби? Мындай чечимдин арты кандай бүтүшү мүмкүн?


Камчыбек ТАШИЕВ, "Ата Журт" фракциясынын депутаты:
"Бабановго каршы койгон колдорун айрым депутаттар соодага айлантып атышат"

- Камчыбек мырза, "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча депутаттар арасында кол топтоо башталды. Муну сиз да колдоп атыпсыз. Апрелде эле өкмөттүн отчетун кабыл алдыңыздар эле. Бүгүн минтип "кетсин" деп жатканыңарды кандай түшүнөбүз?
- Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Өкмөттүн начар иштеп атканын, келечеги болбостугун буга чейин бир нече ирет айткам. Анын баары туура чыгып атат. Мисалы, экономикалык өсүштө алдыга жылуу болгон жок, тескерисинче, 15 % артка кетти. Ошонун кесепетинен бюджеттин таңсыктыгы 20 млрд. сомдон ашты. Бюджеттин бекитип атканда, 18 млрд. сом болот дешкен. Демек, алдыга коюлган тапшырмаларды, милдеттерди аткара алышкан жок. Ишинин натыйжасы болбой, экономика артка кетип атса, туура эмес иштер кылынып атса, биз аны эмнеге кармап олтурушубуз керек? Жеке өзүнүн баюсу үчүн кармашыбыз керекпи? Кыргызстан жеке фирма же ишкана эмес да. Бабановго ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо туура, мыйзам чегинде болууда. Мында кандайдыр оюн, саясат жок.
- Бабановго каршы депутаттардын колу пулданып атканын айрым депутаттар айтып жүрүшөт. Мунун чындыгы барбы?
- Кол менен кармап албагандан кийин так айтыш кыйын. Бирок айрым кол койгон депутаттар өкмөттүн адамдары менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин койгон колдорун кайра артка алышууда. Анткени, кайсыл депутаттар кол койгону өкмөткө жетип, өкмөт алардын ар бири менен сүйлөшүп, айткандарын, өтүнүчтөрүн аткарып жатыптыр. Өкмөттүн мүчөлөрү ар бир депутатка кирип, ар нерселерди убада кылып, позицияларын өзгөртүү аракетин көрүшүүдө. Колун алгач коюп берип, кайра артка алган депутаттарды "арам тамактар" деп эле айтышыбыз керек. Аларды кол койбоого үндөгөн өкмөт мүчөлөрү да арам тамактар. Биз ошолордун ортосунда калып кетип атабыз.
- Күтүүсүздөн фракция лидерлигин Садыр Жапаровго өткөрүп бердиңиз. Бул саясий кадамды жасоого эмне себеп болду?
- Садыр Жапаровдун фракция лидерлиги болууга моралдык укугу бар. Ал менин соратнигим, досум. Ар кандай кыйынчылыкка кабылып, өйдө-төмөн учурлар болгондо, дайыма жанымда турду. Адамдын эмгегин баалай билишибиз зарыл. Экинчиден, мен эл, коомчулук, коомдук уюмдар менен жакындан тыгыз иштешип, "Ата Журт" партиясын бутуна тургузайын деген максатым бар. Биздин партиянын арты менен көптөр депутат болуп келип, жогорку кызматка көтөрүлүшкөн. Бирок, бирөөсү да партиядан кабар алып койгонго жараган жок. Көбү партияны бир ирет бийликке жетүүнүн куралы катары пайдаланышты. Ал эми партияга 100 миңдеген адамдар добуштарын беришкен. Мен алардын ишеничтерин жолго таштай албайм. Өзүм бийликсиз калсам да, эл ишеничинен чыккым келбейт.
- Тар чөйрөдө "Камчыбек Ташиев мурдагыдай болбой, кыйла дымып, унчукпай калды. Анын себеби, жогорку бийлик анын бизнесине кысым көрсөтүп, Ташиев тынч эле жүрөйүн деп фракция лидерлигин да өткөрүп бериптир" деп айтышууда. Буга кандай жооп бересиз?
- Жок, эч бир чындыгы жок ушак кептердин бири. Мурдагыдай эле "ярыймын". Менде жең ичинен бийлик менен сүйлөшүп, макулдашып, соодалашууга барган адат жок. Андай болушу мүмкүн да эмес. Бул адамдык жеке принцибим. Мени эч ким сатып алып, байлык, бийлик берип, же коркутуп-үркүтүү жолу менин позициямды өзгөртө албайт. Оппозицияга тиешелүү милдетти аткарып келатам, мындан ары да аткара берем. Ага эч нерсе тоскоол боло албайт.
- Бабановдун отставкасын талап кылып атканыңыздын себеби, сиз анын ордуна камданып атыпсыз. Ошол себептен фракция лидерлигин өткөрүп бергениңизди маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өкмөт башчы болоюн деген оюңуз барбы?
- Мен эмне үчүн өкмөт башчы болбошум керек? Эгерде өкмөт башчылык кызматка келсем, билимим, тажрыйбам менен мамлекеттин экономикасын алдыга жылдырам. Артка кетүүгө жол бербейм. Колумдан келбей баратса, мен кызматка тырмышып, ордумду сактап калууга жандалбас кылбайм. Колунан иш келчүсүнө өткөрүп берем. Кандай кызмат экенине карабай, таштап чыгып кеткенге эрким жетет. Аны буга чейин бир нече жолу көрсөттүм. Өкмөт башчылыкка келишим менин каалоомо көз каранды эмес. Жараткандын буйругуна жараша болот. Бул кызмат мага буюрган болсо, мен элге чын дилден ак кызматымды кылууга даярмын.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, "Ар-намыс" фракциясы:
"Оюнга катышпай эле кол коюп бердим"
- Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин колдоп, колумду коюп бердим. Бул жерде кээ бирлер айтып атышкандай, эч кандай саясий оюн жок. Андай саясий оюндарга катышуу, аралашуу мага жат нерсе. Өзүм өмүр бою билим берүү тармагында келаткан адаммын. Учурда мугалимдердин, илимий кызматкерлердин абалына мышык ыйлайт. Айлыктарын көтөрдүк дешти. Бирок аны инфляция жеп кетти. 70 миң бала мектепке барбай калды. Акыркы айдагы маяналары берилбей атат. Мектептин курулуш иштери токтоп калды. Ошол үчүн Бабановдун отставкасына багытталган демилгени колдойм. Мен бир тармакты эле айттым. Башка тармактарды айтсак, абал эң эле кейиштүү.

Дамира НИЯЗАЛИЕВА, КСДП фракциясы:
"Өкмөттү кетирүүгө негиз жок"
- Менин оюмча кол топтоого эч кандай негиз жок болчу. Кол топтогондор эмнеге минтип атканын ачык айтпай жатышат. Өкмөт коррупцияга аралашты же баланча деп конкреттүү негиз айтпай, жөн гана жалпы негизди бетке кармап алып, кетиребиз деген туура эмес. Бүгүн бизге стабилдүүлүк, тынчтык керек. Өкмөттү негизсиз кетирсе, эл арасында нааразычылык пайда болот. Биз өткөндө эле 100 күндүк отчету кабыл алып бергенбиз. Иштегенине жыл айлана элек. 9 ай убакыт берип, анан чечим кабыл алсак жакшы болмок.

Асия САСЫКБАЕВА, "Ата Мекен" фракциясы:
"Кетпесе да, кыймылдасын"
- Апрелдеги өкмөттүн отчету аванс катары жактырылган болчу. Ошондогу Бабановдун кылган иштерине канааттанган эмеспиз. Андан бери 2 ай өттү. Дагы деле чечкиндүү кадамдар жасалбай атат. Абал өтө начар. Экономикада өсүш болуп атканын ар бир адам өз жашоосунда сезиши керек. Тилекке каршы, ага караандай турган да түрү жок. Ошондуктан өкмөттүн көзүн ачып, натыйжалуу иш алып баруусун талап кылып туруубуз зарыл. Ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоо да ошол инструменттердин бири. Бул демилге ишке ашпай калган күндө да, өкмөткө кыймылдаганга түрткү беребиз.

Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, "Республика" фракциясы:
"Бул саясий оюн"
- Апрелде өкмөттүн отчетун угуп, сын-пикирлерибизди айтып, сунуштарыбызды бергенбиз. Өкмөт колунан келишинче иштеп атат, аракетин көрүүдө. Алмаштырууга андай деле омоктуу негиз жок болчу. Анан минтип шашылыш түрдө Текебаевдин кол топтоо демилгесин көтөргөнү түшүнүксүз. Оппозиция көтөрүп чыкса түшүнөт элек. Бирок коалициядагы фракциядан мындай демилгенин чыгуусу күтүүсүз болду. Менимче, мунун артында тереңден ойлонулган чоң саясий оюн жатат. Аны бир Текебаев өзү билбесе, себебин айтыш кыйын.

Бөдөш МАМЫРОВА, "Ар-намыс" фракциясынан:
"Кадр саясаты туура жүрбөгөндүн аягы ушул болду"
- Мен бул коалицияга башында эле "кирбейм" деп айткам. Өздөрү өкмөт түзүп, эми аны кетиребиз деп жатышат. Бирок, мен муну популизм дегенден алысмын. Минтип жатышкан соң бир негиз бар. Жакшы иштей турган өкмөт өзүн кыска убакытта эле көрсөтөт. Мени айрыкча нааразы кылган бул - кадр маселеси. Кайсы жерде болбосун, ишти билген киши олтурушу керек. Ал коалицияга мүчө эмес болсо дагы. Булар болсо баарын жиликтеп, бөлүп алышпадыбы. Ишти билбеген кадрларын тыга бергени үчүн нааразычылык чыгып атат.

Дастан БЕКЕШОВ, "Ар-намыс" фракциясы:
"Рекламаны токтотуп, иштесе болмок"
- Мындай сунуш жеке эле "Ата Мекенге" эмес, бизге да таандык. Эртең-бүрсүгүнү бул маселени караганы турабыз. Буга барганыбыздын себеби, экономика түшүп кетти. Ылдыйлагандан ылдыйлап эле жатабыз. Экинчиден, өкмөт жарандардын жашоо-шартын жакшыртканга конкреттүү реформа жасаган жок. Туура биз 30-апрелде өкмөттүн отчетун колдоп, өткөргөнбүз, Анткени ишенгенбиз. Эки ай ичинде жылыш болушу керек эле. Анын ордуна өкмөт өзүн-өзү рекламалап жатат.

Кенжебек БОКОЕВ, "Республика" фракциясы:
"Текебаев жеке таарынычы үчүн өч алууда"
- Өмүрбек Бабановго каршы кол топтоо маселеси Өмүрбек Текебаевдин жеке кызыкчылыгынан улам көтөрүлүп атат. Мага жеткен так маалыматтар боюнча, ал өзүнүн партиялашы Каныбек Масиров дегенди "Кыргызнефтегаз" ишканасына гендиректор кылып дайындоо өтүнүчү менен кайрылып, өкмөт башчы аны четке кагыптыр. Өз партиялашына протеже боло албаганына ичкүптү болгон Текебаев дароо Бабановдун отставкасын талап кыла баштады. Эгерде Масировду ишканага жетекчи кылып дайындап койгондо, кол топтоо Текебаевдин түшүнө да кирмек эмес. Кол топтоо демилгесин "атамекенчилер" гана колдошу мүмкүн. "Республика" ж.б. фракциялар колдобойт.


Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"









??.??