Жаныбек САЛИЕВ, Башкы прокуратуранын Өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгынын жетекчиси:
"Нариман Түлеевдин коррупциялык ишин саясатка айлантуунун кажети жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев мамлекетке 1 миллион 400 миң доллар зыян алып келген коррупциялык иши боюнча айып угузулуп, УКМК тергөө абагына эки айга камалды. Башкы прокуратуранын Өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Салиевдин айтымында, бул коррупциялык ишти саясатташтырыштын кажети жок.

- Нариман Түлеевге КРнын кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Коррупция деген өтө оор кылмыш болуп саналат. Бул кылмышка шектүү делген адам депутат болобу, же башкабы, Жогорку Кеңештин макулдугунун кереги жок. Биз ЖКнын депутаты Нариман Түлеевге жетиштүү материал топтогондон кийин, ага карата кылмыш ишин козгодук.
- Депутатка кандай айып тагылды?
- Нариман Түлеев Бишкек шаарында мэр болуп турганда "2008-жылы 200 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатка Кытайдан жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алып келүүдө мамлекетке 1 миллион 400 миң доллар өлчөмүндө чыгым алып келген" деп шектелүүдө. Ал убакта Кытайдын бир компаниясы менен келишим түзүлүп, 200 автобустун ар бири 24 миң доллардан сатылып алынып, аны алып келүүгө байланыштуу кошумча келишим боюнча мамлекеттик казынадан ар бир автобус үчүн дагы 7 миң доллардан төлөнгөн.
- Анын айыбын эмнеге аябай кеч угузуп жатасыздар? Бул саясий буйрутма эмеспи?
- Бул коррупциялык ишти саясатка айлантуунун эч кандай кажети жок. Дагы да болсо кээ бир саясатчылар саясатка айлантып жатат. "Нариман Түлеевди сурайбыз" деп алып келгенде депутаттардын тобу келип, ызы-чуу чыгарып, тергөөгө тоскоолдук кылышып, алып чыгып кетишти. Нариман Түлеевди камоо үчүн эмес, суракка алуу үчүн алып келишкен. Айыпталуучунун кылмыш иши боюнча далилдерди тактоо бир топ убакытты талап кылды.
- Пирматовду сактап калгандай, парламент Нариман Түлеевди сактап калсачы?
- Нариман Түлеевге карата "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. "Коррупция бул өтө оор кылмыш" жана "депутаттын макамы тууралуу" мыйзамга ылайык, өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда депутаттын кол тийбестиги күчүн жоготот.
- Балдарынын көзүнчө эмес, күндүз, башкача жол менен алып кетүүгө болот беле?
- Биз, буга чейин канча жолу чакырдык. Акырында, 21-июнда саат 15.00дөр чамасында депутаттын жардамчысына чакыруу кагазын тапшырдык. Көп өтпөй анын жактоочусу бизге чалып, депутат Нариман Түлеев 18.00дөн кийин гана бизге келе ала тургандыгын билдирди. Биз ага макул болуп, күттүк, бирок эч ким келген жок. Биз жактоочусуна байланышка чыгып, сурасак, ал байланыша албай жаткандыгын айтты. Үйүнө барганда Нариман Түлеев өзү дарбазаны ачып, киргизди. Биз ал өзү келиши үчүн көпкө сүйлөштүк, бирок депутат 18.00дөн соң сыртка чыкпасын айтты. Айла жок, аны суракка алуу үчүн мажбурлап алып келүүгө туура келди.

Назира СААЛИЕВА





Нариман Түлеевдин камалышы саясий оюнбу же коррупцияга каршы күрөшпү?

"Ата Мекен" партиясынын лидери айрым маалымат булактарына негизги бийлик "Республика" партиясындагыларда болуп жатканын, алардын каржылык ресурсу дагы күчтүү жана административдик дагы ресурстар колунда экенин кыйыткан эле. Эми болсо депутат Нариман Түлеевдин камалышын оппозициялык саясатчыларга куугунтуктун башталышы катары баалагандар да бар. Чынында 21- июнда ЖК депутаты Н.Түлеевди караңгыда үйүнө барып, күч түзүмдөрүнүн атайын кызматкерлери оор кылмыштын негизинде деген шылтоо менен күч колдонуп кармап кетиши коомчулукта кайчы пикирлерди пайда кылды. Бул коррупцияга каршы күрөшпү же мурунку бийликтин кемчилигин кайталаган саясий оюндардын бири болуп калдыбы?

Ширин АЙТМАТОВА, ЖК депутаты:
"Эми качан саясий өлтүрүүлөр башталат? - деген суроо жаралууда"
- Түлеев камакка алынгандан баштап ЖКнын депутаттарынын арасында "Мына бийликке баш көтөрө баштаган саясатчыны камакка алышты, эми качан саясий өлтүрүүлөр башталат экен?" деген суроо жаралууда. Бийлик бул иштерди коррупцияга каршы күрөшүү деген шылтоо менен коомчулукка түшүндүрүүдө. Бирок коррупция менен күрөшүүнү бийлик өзүнөн башташ керек болчу. Азыр өкмөттө отурган атка минерлердин көпчүлүгүн алсак, алардын кылган иштерине Түлеевдин автобустары шоон эшпей калат. Нариман мырза мыйзамсыз түрдө камалаганынан улам, Башкы прокуратураны өз алдынча көз карандысыз орган деп айтууга мүмкүн эмес. УКМК, Башкы прокуратура саясий "заказдарды" аткаруучу мекемелерге айланды.


Эрнис КЫЯЗОВ, тележурналист:
"Акаев-Бакиев кезиндеги ыкмаларды эске салган көрүнүш болууда"
- Мамлекеттик мүлктү тоногону, билгизбей жегени анык болсо, ал жазалынышы керек. Анын ошондой же андай эмес экенин сот гана аныкташы абзел. Бирок, бизде сот системасы да идеалдуу болбой атпайбы... Нариман Түлеевдин мындан аркы аргументтерин, анын адвокатынын жүйөөлөрүн угуп көрүү керек болчу. Ошондо гана бир тыянактуу ой айтса болот. Бирок, депутаттын үйүнөн кармалып кетиши албетте, туура эмес. Акаев-Бакиев кезиндеги ыкмаларды эске салган көрүнүш болууда.


Кубатбек КОЖОНАЛИЕВ, юстициянын генерал-майору:
"Керек болсо Аида Салянованын өзүн камаш керек"

- "Мегакомдун" ызы-чуусунда Раушан Рыкунова: "Биздин үстүбүздө Роза Отунбаева менен Аида Салянова турган" деп арыз жазган эле. Мындай арыздын негизинде Аида Салянованы кызматынан кетириш керек болчу, бирок, андай болгон жок. Кумтөрдөн түшкөн кирешеден мамлекетке зыян алып келгендер эмне үчүн жоопко тартылбай жатат? Муну болсо УӨ кол коюп өткөрүп койгон. Ал эми мындай кылмыштын жанында Түлеевдин автобустары артта эле калат. УӨ мүчөлөрүнө Оштун мэри Мелис Мырзакматов он күн мурун июнь окуясы тууралуу эскерткен. Мындан сырткары, Аида Салянова Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулованы чакырып, бул маселе боюнча эки-үч жолу сүйлөшкөн. Мындай шалаакылык үчүн, ошол кездеги УӨнүн мүчөлөрүнүн баарын соттоп, анын ичинен дал ушул Аида Салянованын өзүн камаш керек болчу. "Ата Журт" партиясы мунун баарын көтөрүп чыгып аткан соң, буларды четинен алсыздандырып, сес көрсөтүш керек болууда. Нариман Түлеевди тандап алгандарынын себеби болсо, ал ыңгайлуу саясий фигура болуп берди. Болбосо автобустардын маселесин деле мынчалык чукул кырдаал менен карашмак эмес.
Бийликтин шашылыш түрдө мындай кадамга баруусун күздө өтө турган Бишкек шаардык кеңешине шайлоого да байланыштырган пикирлер бар. Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде шаардыктарга жакшы таанылып калган Нариман Түлеев партиясы менен бул шайлоого катышуу ниетин билдирип келатат. Бишкек шаардык шайлоодо бийликте турган партиялар көп орунду Түлеевдин партиясына алдырып коюудан чочулап атышы да мүмкүн. Ансыз да коалицияга кирген партиялар түштүктөгү жергиликтүү шайлоолордо уттуруп коюшуп, эми борборду алдырбайлы деп чочулап атышканы чындык.
Бишкек шаарынын мэри болуп турган маалда Түлеев Кытай ишканасы менен автобус сатып алуу боюнча келишим түзгөн жана ар бири 24 миң доллар турган 200 автобус сатып алынган. Прокуратуранын маалыматтары боюнча, ал автобустардын баасы 16 миң доллар. Кошумча келишим менен ар бир автобусту Кыргызстанга жеткирүүгө 7 миң доллар жумшалган, жалпысынан мамлекетке 1 миллион 400 миң доллар зыян тийгизген деп айыпташууда. Нариман Түлеевдин колдоочуларынын айтымында, бул жалган жалаа. Алар: "Шаар үчүн 200 автобус эмес, 400 автобус келгенин, анын 200 автобусун Нариман мырза өзү ар кандай долбоорлор менен сүйлөшүп, мамлекеттин казынасына бир сом тийбей туруп сатып алганын эмнеге айтпайбыз? Ал эми ар бир автобустун баардык чыгымы, анын ичинде жеткирүү маселеси 42 миң доллардан бааланса да, 31 миң долларга түшүрүп алып келгенин эмнеге айткыбыз келбейт? Же тигил автобустарды ташып келүүгө 13 миң доллар акча кете турган болсо, Нариман мырза аны 7 миң долларга алып келгени "коррупция" болуп эсептелинеби? Мына ушул суроолорду бийликке берип, жооп күтүшүүдө. "Прокуратуранын 16 миң долларга келчү автобусу кичи автобус экенин сүрөттөн деле көрүнүп турат. Ошол прокуратура тарабынан көрсөтүлгөн 16 миң долларлык автобустан үч даанасын Нариман мырза темир жол тармагында иштеп жүргөндө алганын баса белгилеп коюшубуз керек" дешет. Нариман Түлеевдин партиялаштары, Бишкек шаардык кеңешке шайлоо жакындап келатканда бийликчил партиялар эртелеп сокку урууну көздөп атышат деп баса белгилешүүдө. Көпчүлүк саясатчылар: "Наримандын камалышына Бабановдун тиешеси бар" деп чыгышты. Өмүрбек Бабанов болсо: "Түлеев күнөөлүү болсо кармашсын, андай болбосо кое беришсин" деп билдирди. Бабановдун бул окуяга түздөн-түз тиешеси бар экенин айрым депутаттар жашырышкан жок. ЖК комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Бабановду кызматтан чаап түшүрүү мезгили келгенин ачык билдирди. "Азыр өкмөттү отставкага кетирүү боюнча кол топтоо болуп жатат. Эгерде "Ата Мекендин" бул аракети ишке ашса, депутаттардын көпчүлүгү колдоого алышат. Азыр "Ата Мекенге" күч-кубат берсе экен деп тилеп аткандар көп", - дейт Мыктыбек Абдылдаев.

Элдияр ЭРМЕК уулу