Бүбүкан ДОСАЛИЕВА, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы:
"Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу эски көз карашты сындырышыбыз керек"

Кыргыз журтчулугунун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, айтылуу журналист айым Бүбүкан Досалиева мамлекеттик сыйлык комиссиясына барганына аз эле убакыт болду. Бирок ушул аз убакыт ичинде сыйлык таратууда илгертен калыптанып калган "оорулар" менен күрөшүп, системаны өзгөртүүгө жакшы аракеттерди жасады. Брежневдин түбүн ичкенсип, кыргыздар сыйлык алганга жулунуп турат эмеспизби. Бүбүкан Досалиева айым ушул системаны өзгөртүп, сыйлыкка карата коомчулуктун да, мамлекеттин да мамилесин өзгөртүү керек деген ойдо.

- Бүбүкан айым, июнда Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш караганы турат. Бул мурунку мыйзамдардан эмнеси менен айырмаланат?
- Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүн алгандан кийин мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамдар алгач 1996-жылы кабыл алынган. Азыркы күндө 30 чакты ар түрдүү мыйзамдар бар. Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизбестен, жаңы уюшулган орден-медалдар, ардак наамдар тууралуу жаңы мыйзамдар кабыл алына бергендиктен саны көп. Мына ушулардын баары бир мыйзамга чогултулду. Мурдагы сыйлыктардын, орден-медалдардын сыпатталышы жөнүндө президенттердин жарлыктары менен бекитилген жоболордун баары бир жобого топтолуп, бир жарлык менен бекигени жатат.
- Мында кандай өзгөрүүлөр бар?
- Эң биринчи, мамлекеттик сыйлыктардын, наамдардын иерархиясы түзүлүп атат. Биринчи баскычта Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, андан кийин медалдар, андан соң гана эмгек сиңирген, элдик деген ардак наамдар кетет. Төртүнчү баскычта болсо ордендер, алардан кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку наамы турат. Анан мамлекеттик сыйлыкка сунуштоо иретке салынганы жатат. Себеби, буга чейин жободо мамлекеттик сыйлыкка кесиптик майрамдарга жана 31-августка карата көрсөтүлөт деп жазылып калган. Ушундан улам ар жылы кесиптик майрамга карата сыйлыкка көрсөтүү салтка айланып, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин токтому менен бекиген 71 кесиптик майрамга карата тегирмендин парасындай болуп эле улам көрсөтүлүп келген. Мындай болбошу керек да, чынбы? Жумушчу топ ошондуктан жылына 4-5 жолу гана сыйлыкка көрсөтүлсүн деген жобону долбоорго киргизди. Мекенди, элди ойлогон атуулдар буга макул болуш керек жана Жогорку Кеңеш да колдойт деген ниет бар. Дагы бир жаңылык-сыйлыктарга кимдер сунуштай алат деген маселе такталып жатат. Себеби, буга чейин мыйзам менен жободогу карама-каршылык бир топ талашты жаратып, айрым коомдук уюмдардын сотко беребиз дегенге чейинки талабын жараткан. Мыйзамда сыйлыкка коомдук уюмдардын республикалык органы сунуштай алат деп жазылган да, жободо коомдук уюмдар тиешелүү министрликтин коллегиясынын макулдугу менен сунуштайт деп жазылган. Ушундан улам жободон мыйзам жогору, соттошобуз дегендер да чыккан. Мындай жобо алгач кабыл алынып жатканда Кыргызстанда 7 чыгармачыл союз бар экен. Аларды эске алуу менен ушундай жобо киргизилген экен. Азыр эми Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өткөн 12 миңге чукул коомдук уюмдар бар. Аларды карап көрсөң, атасы менен баласы түзүп алган коомдук уюмдар да толтура. Анан ошол коомдук уюмдар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтсө субъективизмге, анык өң-тааныштыкка жол берип калып атпайбы? Ошондуктан, коомдук уюмдар дагы, башка мамлекеттик уюмдар дагы түздөн-түз тиешелүү министрликтин коллегиясынын чечими менен көрсөтсүн деген жобо киргизилди.
- Негизи мамлекеттик сыйлыктарды кимдер алышы керек?
- Долбоордо мына ушул маселе бир топ конкреттештирилди. Мисалы, "Мен 15 жыл иштеп койдум, мага эмгек сиңирген деген наамды бергиле" деп догурунгандар өтө көп. "Ардак наам алыш үчүн кандай эмгек сиңирдиңиз?", - деп сурасаң, "көп жыл бир жерде жылбай иштедим" дейт. Эмгек сиңирген деген наамга ээ болуш үчүн көп жыл иштеген биринчи критерий болбош керек! Ал тармакты өркүндөтпөсөң, жаңы салым кошпосоң, артыңдан мыкты шакирттерди даярдабасаң, күнүмдүк ишиңди аткарып, айлыгыңды алып, ырахатын көрүп жүргөнүң үчүн эле эмгек сиңирген деген бийик наамды алышың керекпи? Азыр ошон үчүн бул наамды үчүнчү баскычка көтөрүп, эмгекти баалоо критерийлери күчөтүлүп, айрым кесиптер боюнча иш тажрыйбасы 20 жылдан кем болбосун деген жобо киргизилди. Муну менен биз мамлекет мамлекеттик сыйлыкты берүүгө милдеттүү эмес, жаран сыйлык алуу үчүн мамлекеттин өнүгүшү үчүн барандуу салым кошушу керек деген тартипти киргизип, мурда калыптанып калган көз карашты сындырышыбыз керек. Анан дагы бир сыйлыктан кийин экинчи сыйлык "жаңы жетишкендиктери үчүн" берилет деген түшүнүк кошулуп жатат. Антпесе тээ 60-70-жылдардагы эмгеги үчүн өз кезегинде бардык сыйлыктарды алса дагы азыр дагы ошол эле эмгектерин тизмелеп келип, башка сыйлыкка көргөзүлө берет. Биз азыр коомдо сыйлыкка карата мына ушундай көз караш, мамилени калыптандырышыбыз керек. Элдин арасынан суурулуп чыгып, мамлекетти чет элдиктерге көрсөтүп аткан азыркы айрым жаштар сыйлык алса, аны эл деле колдосо керек. Мисалы, Гүлжигит Калыков, Атай Өмүрзаков сыяктуу таланттарыбызды эмне үчүн сыйлабашыбыз керек? Алар эч кимге догурунбай эле талантын көрсөтүп, өлкөнү даңазалап жатышат. Мисалы, Атай Өмүрзаков чет өлкөдөн утуп келген акчасына эл аралык фестиваль өткөрүп салды. Бул эмне деген эрдик? Кенедей бала ушуну жасап атат. Сыйлык бергиле деп өзү дагы келген жок, башкалар да айткан жок. Биз мына ушундай таланттардын эмгегин өз убагында сыйлык менен баалашыбыз керек.
- "Сыйлык алыш үчүн же таанышың, же акчаң болуш керек" деген сөз бар. Эмне үчүн мындай?
- Эл арасында ушундай жаман ой-пикир көп жылдан бери калыптанып калган. Мына менин иштегениме эки жыл болуп калды, тилекке каршы, аны тез эле өзгөртүш мүмкүн эмес экен. Кудай сактасын, акчага сатылган жери жок. Комиссиянын ар түрдүү мүчөлөрү болду, анча-мынча пендечилик болуп кеткендир, бирок акыркы сыйлыктардын 90-95% комиссияда каралып, анын чечими менен таза берилди деп эч кимден уялбай эле айта алам. Бирөө дагы акча алып аткан адамды көрсөтүп бере албаганы өкүнүчтүү, баары имиштин деңгээлинде эле айтылып жүргөн сөз болуп жатат.
- "Баатыр эне" ордени, "Эне даңкы" медалы менен сыйланып, бирок орден-медалдарын колуна ала элек энелер көп экен. Эмне үчүн мындай болуп атканын түшүндүрүп берсеңиз?
- 2011-2012-жылдар аралыгында Кыргызстан боюнча 3551 көп балалуу эне "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты. Биз алардын бирөөнө дагы орденин да, медалын да бере элекпиз. Себеби, мурда фонддо турган орден-медалдар 7-апрелде жоголуп кетиптир. Былтыр бюджеттен сыйлыктарды жасатууга 20,0 млн сом бөлүнгөн. Ага Москвадан 15 даана "Ак Шумкар" эң жогорку өзгөчө белгисин, калганына бул жерде "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" медалы жасалууда. Азыр биринчи партиядагы орден, медалдар даяр болуп калды. Аны 2011-жылы 8-мартка карата сыйланган 4548 көп балалуу энеге адегенде тапшыралы деп жатабыз. Андан кийин 31-августка карата сыйланган 3072 энеге беришибиз керек. Үчүнчү кезекте 2012-жылы сыйланган 5889 эне турат. Бул сандагы орден, медалдарды жасатууга каражат жетишсиз, эгер кошумча каражат бөлүнүп калса эле жыл аягына чейин жасатып, энелерге тапшырабыз. Президенттин жарлыгына ылайык сыйланган эненин ирети менен ордендердин номерлери коюлуп, облусттук администрациялардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги астында тапшырылат. Ушул жерден энелер үчүн айта кете турган дагы жаңылык бар, быйыл көп балалуу энелерди сыйлоо сунуштарын кабыл алуунун мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Жылда облусттук администрациялар 1-ноябрга карата жөнөтүшчү. Быйыл облусттук администрациялар 2013-жылга 17 286 эне сунушталат деп маалымат беришти. Мындай сандагы сыйлоо документтерин бирден иликтеп, Комиссиянын кароосуна даярдоо үчүн кеминде жарым жыл талап кылынат. Ошондуктан көп балалуу энелер, жергиликтүү бийликтер сыйлоо документтерин тезинен даярдап, мөөнөтүнөн кечикпей жиберүүлөрү зарыл. Кечигип калып, анан "кыргызчылыкка" шылтап, орто жерден тааныш издегендердин өтүнүчтөрү кабыл алынбайт.
- "Сиз сыйлоо системасын реформа кылыш керек" деп ушул ишке келгенден бери эле айтып, ачык болууга аракет кылып жатасыз. Бирок, кызматынан кетет экен деген имиштер да гезиттерде жазылып, эл арасында айтылып жатат...
- Эми андай сөздөр көп, гезиттерге да чыгып жатат. Ал кайдан чыгып жатат, эмне себептен айтылып жатат жана булагы ким экендиги, андай имиштердин чыгышына кимдер кызыкдар экендиги чыны мага белгисиз. Бирок, мен бул кызматта иштеп жаткандан кийин андай сөздөргө көңүл бурбай, өз милдетимди ак жана так аткарганга аракет кыла берем. Эң башкысы өз абийирим таза болсо болду. Себеби, адам өз абийиринен эч качан качып кутула албайт. Кээ бирде оңтойсуз абалдан чыгуу үчүн бирөөгө калп айтууга туура келиши мүмкүн, бирок өзүңө өзүң калп айта албайсың да!
- Албетте, чынчыл, кесипкөй адистерди айдап чыгып, эки жүздүүлүк, ылым саноочулук менен өзүнө көшөкөрлөнгөндөрдү жыйнап алган адамдар кандай абалда калаарын тарых далай жолу далилдеген. Азыр коом да ага жол бербей, алдым-жуттумга берилбей иштеп жаткан адамдарды коргойт деген ойдомун...
- Туура, коом өзгөрдү. Баарын байкап, баарын салмактап турат. Ошон үчүн ушул мамлекеттик сыйлыктар жаатында да коом менен бирге жалпы коомдук аң-сезимди өзгөртүүчү мезгил келди. Мамлекеттин өнүгүшү, бекемдиги, жалпы аң-сезимдин жогорулашы үчүн жан үрөгөн инсандар мамлекеттик сыйлык алса жалпы коомду алга сүрөйт. Эң башкысы кандай иште болбосун ошол жакындык, тааныштык, жердештик, туугандык деген сезим менен жасалган иштерге жол бербей бекем турушубуз керек.

Дилбар АЛИМОВА