-"De-факто", 23.05.14 •


 
Саанчы жеңе, же "иши жок интердевочка"

Ооба, Кыргызстан ушундай бир өлкөгө айланды дейсиң, кимиси карапайым калк, кимиси чиновник экенин билбей да калдык. Министрлик дегендер шыбакчынын алты айлык курсундай эле каалаган киши барып, алты-жети ай ал жак менен "таанышып", эби келсе "саап" да кете бере турган жайга айланды. Жогорку Кеңешти айтпай ак коёлу. Уурусунан, чоң муштум, аңги, баңги, бандиттеринен бери "мыйзам чыгарганга" жең түрүнө киришип жүргөндөрүн кайра эле өздөрү саймедиреп, жар салып келишет. Эптеп депутат болгондор, "септеп" атып, биографиясына "министр болгон" деген сөздү жазып алышып, алты-жети айча министрлик креслого минип олтуруп, же элге кыйратып кызмат кылбай, же кызмат кыла тургандарга мүмкүнчүлүк бербей, кайрале өздөрүнө окшогон дагы бир "даяр кадрларга" жаңылбастан өткөрүп берүүдө.

Мунун анык мисалы оголе көп. Гезит эмес, ташка жазсаң да тоо түтпөй кетет. Бүгүн ошолордун бирин сөз кылуунун оңтою келип туру. Эзели иш кылып жыргатпаган, анүстүнө кыла турган деле иши жок (анын ишин "вице" макамы жок эле катардагы министрликтер жасап келет), жөн эле өкмөттү, бюджетти, дагы тагыраагы элдин жон терисинен сыйрылып чогултулган казынаны уйдай эле сааган бир вице-премьер-министрлик бар. Кеп ошол жөнүндө, анын азыркы жетекчиси Эльвира Сариева айым жөнүндө жүрмөкчү. Ансыз деле айтылып келаткандай эзели жыргатпаган, таптакыр эле зарылчылыгы, дегеле кереги жок бул кызмат орун жок дегенде татыктуу кадрга да жеталбай койду. Дегеним, Эльвира айым бул кызматка келгиче олуттуу бир мамлекеттик кызматта олтурбаптыр. Бийиктиги эле Бишкек шаардык кеңешине КСД партиясынан депутат болуп баргандагысы экен. Арийне, социалдык тармак өтө олуттуулукту, профессионалдуулукту талап кылган тармак экени ырас. Анда, кары-картаңдар менен эле, багар көрөөрү жоктор, майыптар эмес, бүтүндөй медицина тармагы, миграция, билим берүү, маданият өңдүү күрөө тамырдай болгон тармактар кучагында. Андыктан Эльвира айымдын бул жатка эмне үчүн келгени али табышмак. Башта айткандай, "жөн эле" министрликти көрүү үчүн келгендей эле элес берет. Эмесе эмне иштин "майын" чыгарганына көз жүгүртөлү.
1993-98-жылдары Бишкек Гуманитардык университетинен "англис жана америка адабияты" боюнча билим алган. 2001-2002-жылдары КР Президентинин алдындагы башкаруу академиясында менеджмент, бизнес жана экономика жаатында билимин арттырган. 2010-жылдан тарта ушу күндөрү да кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окуп келет.
Иш тажрыйбасын 1996-жылы КР Тышкы иштер министрлигинде ассистенттиктен баштап, 1997-1998-жылдары КРдагы Индиянын элчилигинде котормочу болуп иштеген. 1998-2001-жылдары Кыргызстандагы "Internews Network" өкүлчүлүгүндө редактор, директордун ассистенти, 2001-жылы директордун орун басары, 2001-жылдан 2007-жылга чейин "Интерньюс-Кыргызстан" аткаруучу директор, 2008-жылы КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, 2010-жылы төрайымы, 2007-жылдан тарта Борбордук-Евроазиялык лидердик академиясынын Борбордук Азия, Кавказ, Афганистан боюнча координатору, 2012-2014-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты сыяктуу кызматтарды аркалап жүргөн. Көрдүңүзбү, бир дагы илинчек жок, мамлекеттик кызмат тууралуу. Мейли, болоор иш болду, бойосу канды, вице болуп алды дейли. Эми Эльвира айым ишти эмнеден баштайт? Дегеле өлкө башчыларыбыз мындай кадрларды кайсы критерийлер менен карап, кандай талаптардан улам кызматка коюшат? Же баягы эле "өз короомдон кочкор салмай" саясатыбы? Анан да олуттуу бир маселе, Эльвира айым эл аралык уюмдар менен иштешип, иштешип эле эмес, ошолордун таалим-тарбиясын алып өскөн эмеспи. Болгондо да маалымат алкагында. Айтайын дегеним, мындай кадрлар маалымат коопсуздугуна, мамлекеттик сыр болгон материалдарга кандай мамиле жасашат. Эсеби маселен вицелик даража, кызматтагы адамга дээрлик мамлекет саясаты, өлкөнүн күрөө тамыр маалыматтары кайсы бир деңгээлде жашыл жарык астында колуна тийип, кабардар болуп, аларга аралаша да алат. Сазга тыгылган социалдык тармагыбызды оңдоону үмүт этпей эле койолу, "саанчы жеңе" саай берсин дейли. Бирок, "интердевочка" министрибиз ишти башка жагынан да бажарып жиберсе эмне болот? "Жалган маалымат үчүн соттолосуң" деген мыйзамчыларыбыз, жашыруун маалыматтар башка колго өтүп кетсе кантишээр экен? Кыскасы, ойлонулбаган кадамдар оголе көп. Онтобой оорубасак болду.

Каныбек КАДЫРАЛИЕВ




Арбитраждык сот
"Stans Energy Corp"
компаниясынын пайдасына чечим чыгарды
"Stans Energy Corp" компаниясы Москвадагы соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сот 2014-жылдын 30-апрелинде компания менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соттук иш боюнча акыркы олтурумун өткөрүп, анда "Stans Energy Corp" компаниясынын пайдасына соттук аныктама чыгарганын билдирет. Учурда соттук орган чечим, келтирилген зыяндын акыркы суммасы көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү аныктаманы даярдап атат.

Ошол эле кезде компания келтирилген зыяндын акыркы суммасы айтылганга чейин маселени жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ведомстволор аралык жумушчу тобу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө бермекчи. Бул тууралуу 2014-жылдын 6-февралында айтылган. Аталган аныктама Кыргыз Республикасынын ачык, акыйкат ишкер өнөктөшү катары компаниянын позициясын тастыктайт. Эми биз Кыргызстандын өкмөтүн сүйлөшүүлөргө чакырып, анын алкагында чечилбеген маселелерде консенсуска келип, Кутессай-2 кенин иштетүүнү жандандырабыз деп ойлойбуз. Компания кыргыз бийликтери менен маселени достук негизде чечүүгө, ишти баштоого, айыл пункттарында жумушчу ордуларын көбөйтүүгө, акыр аягында долбоорго тартылган бардык тараптарга пайда алып келүүгө багытталган кызматташтыкты кубаттайт. "Stans Energy Corp" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы жана президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Родни Ирвин: "Мен учурдан пайдаланып, профессор Игорь Зенкин башында турган юристтердин тобун куттуктагым келет. Алар негиздүү доо менен кайрылышып, аны Компаниянын атынан жогорку кесипкөйлүктө жактап, коргошту" деген сөзүн айтты. "Stans Energy Corp" компаниясы менен анын филиалдары өз иштерин дайыма этиканын, ишкерликтин эл аралык стандарттары менен жүргүзүп келишерин белгилей кетели.
Соттук иштин
таржымалы
2013-жылдын 30-октябрында "Stans Energy Corp" компаниясы жана анын филиалдары инвесторлордун укугун коргоо Конвенциясына таянып, арбитраждык сотко доо-арыз менен кайрылган. Кыргызстан ал иштин катышуучусу болуп эсептелет. Арбитраждык угуу Москвадагы соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотто өтүп келатат. Компаниянын доо-арызында бийлик органдарынын, же КР өкмөтүнүн атынан чыккан бийлик өкүлдөрүнүн айрым аракеттери Компаниянын ишине бут тосуп, лицензиянын негизинде "Кутисай Майнинг" ЖЧКсынын, анын филиалдарынын иштеринин токтоп калуусуна шарт түзүүгө багытталгандыгы, мындай аракет компаниянын мүлктөрүн, менчиктерин тартып алуу (экспроприация) катары эсептелери айтылган.
Доо-арыз келтирилген чыгымдардын жана зыяндардын ордун толтуруу үчүн компанияга 117 853 000 АКШ долларын компенсация иретинде төлөтүп берүү өтүнүчү менен берилген.




Онтарионун
апелляциялык соту "Stans Energy" компаниясынын пайдасына чечим
чыгарууга прецедент түздү
"Stans Energy Corp" компаниясы Онтарио провинциясынын сотунун Кыргызстандын аймагындагы "Пинара" мейманканасын мыйзамсыз тартып алуусуна байланышкан соттук чечими локалдык түрдө аткарылса, "Stans Energy Corp" компаниясына да арбитраждык комиссия тарабынан белгиленген компенсацияны төлөтүп алууга ишеним жаралып атканын маалымдайт.

Белгилей кетсек, "Sistem Muhendislik Insaat Sanayi Ve Ticaret Anonim Sirketi" жана Кыргызстандагы "Кыргызалтын" ААКсынын иши боюнча Онтарионун соттору "Кыргызалтынга" тиешелүү болгон "Centerra Gold" компаниясынын акциясын эл аралык соттун чечимине ылайык айлык иретинде төлөп берүү үчүн конфискациялоо чечимин кабыл алды. Буга чейин арбитраждык сот "Sistem" компаниясынын иши боюнча Кыргызстанды "Sistem" компаниясына 8,5 млн. АКШ доллар, мындан сырткары соттук чыгымдар, "Пинара" мейманканасына ээлик кылуудан мыйзамсыз ажыраткандыгы үчүн компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген чечим кабыл алган.
Эскерте кетсек, Арбитраждык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. "Sistem" компаниясы чечимдин кабыл алынуусуна, анын Онтарио провинциясынын аймагында аткарылуусуна жетише алды. Юрисдикция ж.б. маселелерге байланыштуу көптөгөн доо-арыздардан улам Кыргызстандагы бардык активдер, анын ичинде "Centerra Gold" компаниясынын акциялары Онтарио сотунун чечими менен камакка алынары түшүнүктүү болуп калды.
Ошондон улам "Stans Energy Corp" компаниясы Кыргызстан тарап менен капиталдык инвестициянын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү көздөйт. "Эгерде кыргыз өкмөтү менен улантылып аткан сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, Онтарионун Апелляциялык сотунун жогорудагы чечими компанияга регресстик тартипте төлөмдөрдү өндүрүп алууга мүмкүндүк берет" - дейт "Stans Energy Corp" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы жана президенттин милдетин аткаруучу Родни Ирвин.
Жаныбек АБДРАСУЛОВ