Лотерея ойнотуп утуп көрдүңүз беле?

Айыл-айылдардан бери лотерея ойнотуп, ондогон машине байгеге коюлганы айтылып теледен биринен бири өтүп лотереялык оюндар кызуу ойнотулууда. Айрыкча казино жана башка кумарпоздордун оюндары жабылганы мындай оюндун күч алганы ачуу чындык. Мына ошол оюндун курмандыгына чалдыккандар барбы? - деген иликтөөнүн негизинде "Лотерея ойноп утуп көрдүңүз беле?.." - деген суроого замандаштарыбыздан жооп алдык.


Болсунбек Бечелов, экономист:
"Динге да, адамдык касиетке да туура келбейт"
-Такыр ишенбейм! Майда-чүйдө утуштарды берсе берет же болбосо чоң байгелерди өз тууган-уругуна берет болуш керек. Негизинен жалпылап айтканда, мындай алдамчылык динге дагы, адамдык касиетке да туура келбейт экен. Себеби, маңдай тер менен тапкан 5 сом да таттуу болот. Утпай калсаң жебеген самсага пул төлөгөндөй эле таасир калтырат. Мен ошондуктан ойнобойм дагы.

Сайра Момунбаева, ырчы :
"Утканы аз, утулганы көп
экени турган иш"
-Ал адамдын багына жараша болот болушу керек. Бирөөгө буюрушу мүмкүн, а бирөөгө жок дегендей. Бирок утканы аз, утулганы көп экени турган иш да, болбосо бирөө эле бекер ойнотмок беле. Мен мисалы утуп көргөн эмесмин, анан кызыкпайм дагы. Баары бир утпайм деп ойлой берем, ошон үчүн лотерея сатып албайм дагы.

Мелис Айдаркулов, журналист:
"бир да жолу
утуп көргөн эмесмин"
-Бир нече жолу алып көргөм, бирок эч уткан эмесмин. Көпчүлүгү алдамчылык менен шугулдангандыктан ишенүү кыйын. Ал эми жеке мен таптакыр ишенбейм. Бизде бул оюнда чындык жок, ал эми Батышта лотереяга элдин ишеними көбүрөөк. Анткени, ал жакта чындап ойнотуу менен бир канча пайызын казынага төлөп, атайын комиссиянын көзөмөлү менен иш жүргүзүшөт.

Айжан Жакыбалиева, укалоочу:
"Бирөөнүн зардап тапкан акчасы бирөөнө дүнүйө болуп, жыргап кетмек беле"
-Негизи ислам динине таянсак, лотерея ойногонго болбойт, кумар оюну болуп эсептелинет. Бирок ойногон эмесмин, ойнобойм дагы. Бирөөнүн зардап тапкан акчасы бирөөгө дүнүйө болуп, жыргап кетмек беле. Лотереялык оюнду уюштуруу менен бир адамдын эмес миң адамдын чөнтөгүнө кол салып, бир адамга бир аз жардам бергендей, ал эми ал акчаны чын ниеттен бербегенден кийин арам оокат адал болбойт. Менин оюмча ак эмгек, мээнет менен өзүң иштеп тапкан акча жугумдуу болот.

Кылычбек Исматов, пенсионер:
"Канча акча жеп жатканын бир Жегендер менен Кудай билбесе, эч ким билбейт"
-Жалпысынан алганда, лотерея бул - бизнес. Бирок таза эмес бизнес болуп жана закондуу түрдө лицензия сатып алышып канча акчасын элге берип, канча акчасын жеп жатканын бир Жегендер менен Кудай билбесе, эч ким билбейт. Бул бизнести көзөмөлгө алып текшерсе, далай былыктар чыгаары турган иш. Маселен мен ойноткон эмесмин, ойнотпойм дагы. Андан көрө мээнетим менен нан таап жегенди жактырам.

Айнаш Султанбекова, пенсионер:
"Эр эмгегин жер жебейт,
лото жемек турсун сугунат"
-Ишенбейм мен эч ушул лотереяга. Атам замандан бери мөөрөй деген болгон. Бирок спорттук оюндарда, мелдештерде, мындай оюн болгон эмес, бул жанагы 90-жылдары башы башталып ошону өркүндөтүп отуруп анан ушул азыркы лото ойнотууга жетишишти. Ошону ойноп уткандан көрө жер иштетсең, эр эмгегин жер жебейт, а лото жемек турсун сугунат айланайын.

Рахат Каныбекова, тигүүчү:
"Мындай кара өзгөй оюнду ойнобой эле койгон жакшы"
-Лотерея ойноонун көптөгөн терс жактары бар, маселен оңой олжого туйтунуу же болбосо жалкоолукка түртөт. Ошондуктан бул лотерея оюндарын эч ойнотпойм. Канчалаган адамдар уттуруп жиберип ичтери ачышат, ал эми бир адам көп адамдын ичи ачышкан акчасын утуп алат. Мындай кара өзгөй оюнду ойнобой эле койгон жакшы. Мен ойнотком бир нече жолу, бирок уткан эмесмин, ошондуктан ишенбейм.

Мээрим Тажиева, мугалим:
"Өспүрүмдөрдү эмгекке эмес, сокур үмүткө жетелейт"
-Лотерея ойнотуу бул - бир адам он адамдын акчасын алып бешөөнүн акчасын бирөөнө берип, калганын өзүнө алып калуу дегенди билдирет. Албетте бекер оокат кайда азыр, демек, он киши ойносо, анын тогузунун акчасы курмандыкка чалынып бирөө гана утуп жатат. Бул биринчиден болсо, экинчиден, психологиялык жактан буза турган нерсе айрыкча өспүрүмдөрдү эмгекке эмес, ушинтип отура берип да утасың деген сокур үмүткө жетелейт. Андыктан мен толугу менен лотерея оюндарына каршымын жана ойнобойм.

Гулинса Арзиева,
башталгыч класстын мугалими:
"Лотерея ойноп утсаң да, акча төлөп утуш аласың"
-Лотереяны негизинен таза ойнотушса кандайдыр бир буюмду тезирээк өткөрүү үчүн же акция сыяктуу кылса жакшы эле. Бирок азыркы көчөдөн ойнотулган лотерея алдамчылык. Бардыгы алдын ала пландаштырылган, ал тургай лотерея ойнотуп утуп алган күндө да уткандан тышкары белгилүү бир ченемде акча төлөп анан утушун алыш керек экенин кулагым чалган. Жалпысынан ойнобойм жана ойногон эмесмин.
Ардакбек Каныбек уулу