Чындык ким тарапта?

2013-жылдын 31-декабрында Калия Арабекова Талас облустук сотуна Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариевдердин үстүнөн "мени зордукташты" деп арыз жазып кайрылган. Бирок, бул окуя 5 ай мурун болгонуна карабай ар кандай себептерден улам облустук деңгээлден республикалык деңгээлге жетип, ызы-чуу болууда. Арабекованын айтымында, аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, "алимент акчаңды ал" деген шылтоо менен үйүнө алып барып зордукташкан. Арабекова тиешелүү жерлерден канааттандыраарлык жооп албагандыктан аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранып болгон окуяны коомчулукка тараткандан кийин, балдардын ата-энелери да өз пикирлерин айтып чыккан. Төмөндө 2 тараптын пикирин угуп, талдап көрөлү.

Калия Арабекова, жабырлануучу:
"Мени басмырлап "100 миң бердик" деп калп
айтканда, ачуум келип кайра арыз жаздым"
-Ошолор менин о дүйнөгө кеткен ата-энемди алып келип бетиме койсо, Кудай ыраазы болсун. Алардын колунан баары келет экен, ата-энемди да алып келип бетиме коёюн деген ойлору бар го. Ал эми дос кызым болсо прокуратурада коркутушканынан: "Муну эч ким зордогон жок, мен карап турдум" деп акча алып жалган көрсөтмө берип атат. Экспертизаны мен өзүм жасап алыптырмынбы, эмне? Ага ошол жалган көрсөтмөсү үчүн иш козголуп жатат. Ал кыздын башкы врачына, күйөөсүнө да барып жалган көрсөтмө берип атканын айттым. Ошон үчүн башкы врач аны жумушунан алып салды. Балдардын ата-энеси баарын сатып алды. 90 миң сомду алган дегени калп, мага көрсөткөн акчасы анча суммада эмес болчу. Анча сумманы элге жарыя кылып мени басмырлабаганда, жүрө бермекмин. Мени тергөөчү чакырып: "90 миң алган турбайсызбы, келе 10 миңин" дегенден кийин ачуум келип кайра арыз жаздым. Тиги үчөөсү алиментимди такыр алгыс кылып күйөөм менен уруштурган. Ата-энелери үйгө келип ыйлактаганынан булар ыйлактап атса оңбой калам деген ой менен ишти козготпогонго аракет кылгам. Мени басмырлап "100 миң бердик" деп жалган сөздөрүн айткандан кийин кайра арыз жаздым. Эми ата-энеси ыйламак түгүл көзүнөн кан чыкса да боорум оорубайт. Жаш балдарымдын ырыскысы, үстүмдөгү арбактар үчүн акыйкат чечим чыгарса экен. Анткени, булар соттолбой калса эртеңки күнү мени тирүү коюшпайт. Бул жерде мени колдонгондор да болуп атат. Себеби мага адвокат болом деп ишеним алган Айганыш деген аял алар тараптан 300 миң сураптыр.


Ахматбек Карымбаев,
Карымбаев Илгиздин атасы:
"Калия Арабекова ар бир баладан 100 миң сомдон талап кылган"
-Калия Арабекованын сиздердин балдарыңыздарга жаап жаткан айыптын канчалык чындыгы бар? Ушундай окуя болгону чын бекен?
-Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бар-балээ алименттин айынан чыгып отурат. Буга чейин Калия айымдын биринчи күйөөсү жана экинчи күйөөсү алимент төлөөдөн баш тартып, төлөбөй келген экен. Анан менин балама кайрылып Жаңы жылдын алдында күйөөсүнөн алиментти алып берүүсүн өтүнөт. Бирок күйөөсү шарты жоктугун айтканда, тиги келин баламдан: "Акчам жок, балдарым ачка, өзүң миң сом берип тур, алиментти өндүрүп алганда аласың" деп суранат. Боорукер балам 30-декабрь күнү корпоративден чыгып акча бермей болот. Үч бала чогуу иштешкендиктен чогуу чыгышса, тиги аял күтүп турган. Ал ичип алгандыктан балдарга андан ары майрамдоону сунуштаса, жаш балдар макул болушат. Тиги ооруканада иштеген дос кызын чакырат да, бешөө Алтынбектин үйүндө отурушат. Саат түнкү 12де дос кызы нөөмөттө турганын айтып жумушуна кетет. Калия ошентип али үйлөнө элек Алтынбектин менен калат. Эми, эки баланын энеси болуп туруп эмнеге үйлөнбөгөн балдардын үйүндө майрамдап, түнөп калат. Түнү менен эмне болгонун билбейм. Эртеси эртең менен балдарыман акча сурайт. Алтынбек: "Акчам жок, кечинде силерге тамак-аш алып жок калды" десе, "сага көрсөтөм" деп коркутуп кетет да, Талас ИИБине арыз жазып коет. Эртеси күнү түшкөн арыз боюнча балдар келишсе, тиги аял: "Ар бириңер 30 миң сомдон бересиңер" деп ультиматум коет. Балдар бизге, үй-бүлөсүнө билдирбөө үчүн келиндин талап кылган акчасын бермей болушат. Акчаны берип, 1-январь тосмо арыз жаздырышкан. Бирок, бул аял 20-январь күнү кайра: "Мага акча берип кайра өздөрү жулуп кетти" деп арыз менен кайрылат. Ошончо кордук көргөн адам 20 күн күтүп жатабы?
-Уулуңуз Калия Арабекованы мурда эле таанычу беле, ал өзү кандай аял экен?
-Мурда таанычу эмес, ошол күнү таанышкан. Ал ата-энем жок деп жүрөт. Биздин угушубузча ата-эне, бир туугандары бар экен. Бир учурда үй-бүлөсү менен айылынан кууп чыккан имиш. Буга чейинки да ызы-чуулары көп дешет. Эми баарын изилдеп чогултабыз. Талас облусунун сотунун орун басары Абдыбахап уулу Жолдош: "Мен ушул ишти жабам" деп бизден 100 миң акча сураганда, биз бергенбиз, бирок анын 50 миңин Калияга берсе, аз деп албай коет. Ар бири 100 миңден берсин деп чыгат. Анан биз: "90 миң алып токтобогондон кийин, 100 миң берсең да токтобойт, ачыкка чыкса чыксын" деп жөн койдук. Ошондо Жолдош Абдыбахап уулу 2-апрель иш козгойт. Көрсө, ага чейин эч кандай иш козголбоптур.
-Ошондо бул жерде прокурорлор да акча жасап жатабы? Калия айым курал катары колдонулуп аткан жокпу? Балдар ак болсо, эмнеге акча берип, айткандарын аткарып жатасыздар?
-Болоор нерсе болду, өз абийирибизди жабалы, ачыкка чыкпасын дедик. Бул жерде кимдин кызыкчылыгы турат, түшүнбөй калдык. Арыз жазылгандан кийин соттук медициналык экспертизадан: "Калиянын денесинде эч кандай жараат жок" деп жыйынтык чыгарып жатат. Ал жөн гана фишка катары кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына ойноп жатат. Же анын иши ушундайбы, билбейм.

Нуржан Кененсариев, айыпталуучу
Кененсариев Мукаштын атасы:
"Тиги аял бирөөлөрдү ушинтип таап, анан алар акча жасайт экен"
-Балам ичпеген, чекпеген жоош бала. Менин угушумча Акыйкатчы айым, прокурор, сот баары бириккен мафия окшойт. Тиги аял бирөөлөрдү ушинтип таап, анан алар акча жасайт экен.

Күлипа Кулибаева, айыпталуучу
Алыбаев Алтынбектин апасы:
"Эгер ал ак болсо адвокаттар кетпейт эле да"
-Калия менен чогуу барган кыз чындыкты айтса, анын үстүнөн арыз жазып, жумуштан алдыртып салыптыр. Акыйкатчы институтунун өкүлү Арзыкан деген айым бизге: "Буга үй алып бергиле" деп айтты. Калия мен билгенден эле 15 адвокат алмаштырды окшойт. Эгер ал ак болсо адвокаттар кетпейт эле да.

Арзыкан Момунтаева,
Акыйкатчы институтунун
Талас облусундагы өкүлү:
"Балдар Калияга 90 миң беребиз деп тосмо арыз жаздыргандан кийин
5 миң сом карматып..."
-Бул 5 ай мурунку окуя болсо да, мага 15-апрелде кайрылышкан. Мен Калияны 3-4 жылдан бери тааныйм. Анткени, кыйналган кишилерге укуктук жактан жардам бергендигимден келип турушат. Ал ата-энесинен эрте ажырап, чоң энеси менен калса, анысы да каза болуп калат. Үйүн аталаш туугандары тартып алган экен. Эгерде ал, катуу айтканда "жалап аял" болсо, мен көрүп, угат элем. Балдар Калияга 90 миң беребиз деп тосмо арыз жаздыргандан кийин 5 миң карматып, калганын соттордун оозун жабабыз деп коюптур. Эгерде балдар сүйлөшүлгөндөй 90 миң сомду берсе, иш жабылып калмак. Эки баланын энеси ботодой боздоп келип: "Калияга жалдырасак да болбой койду. Сенин тилиңди алат экен, үй алып берели" деп сунушташты. Карымбаев Илгиздин 2 тууганы облустук сотто, бирөөсү сот департаментинде жана бир тууган таекеси подполковник болуп иштейт. Анан ушинтип жетимдин баарын басып жеп атпайбы.
-Калия айымды жактап келген адвокаттардын жактоодон баш тартып аткан себеби эмнеде?
-3 адвокат менен иштешти, алардын кеткен себеби азыркы замандын соттору баарына маалым: алар бири-биринин көзүн чукубайт. Мен мунун аягына чыгамын, анткени бул менен кызматым. Ал аз келгенсип мени да 30 миң доллар сурап атат деп жазышыптыр. Таластын шартында андай акча акылга сыйбайт.
Парахат Шукурова
Р.S. Бул окуя боюнча 3 тараптын тең пикирин угуп көрдүк. Албетте, алардын берген көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбегенин байкаган чыгаарсыздар. Бул жерде өздөрү шектенишкендей дагы башка күчтөр турган сыяктуу. Баамыбызда, Калия айымды "фишка" катары колдонуп, ортодон акча жасагысы келгендер да бар экен. Учурда иш сотко өткөн, сот кандай чечим чыгарат ал убакыттын иши, азырынча күтө туралы. Бирок калыстык үчүн жабырлануучу жана айыпталуучулар тууралуу, чечим чыга элек болсо да, өз пикирибизди айтпай коё албайбыз. Кыргызда "уят - өлүмдөн катуу" деген жакшы кеп бар. Мындай ишке барып, бүткүл Кыргызстанга уят болуп олтурган мырзалар кандай болгон күндө да, ыплас иштерден алыс болуш керек экенин эми түшүнүп атышкандыр. Ал эми Калия айым эне катары жөндөн жөн чыркырап жатпаганына ишенгибиз келет. Эгер кептин баары айыпталуучулар айтмакчы, кеп акчада болуп жатса, ал аш болбошун апа катары аны кантип аңдабай калмак эле. Кандай болгон күндө да, эмне болгонун бир Жараткан билип, убакыт өзү баарын таразалап коёрун эстен чыгарбасак.