Сот чечими чыккан,
бирок үй дале курулуп жатат

Береги сүрөттөгү 14 кабаттуу үй жөнүндө көптөн бери жазып келатабыз. Бул үйдүн курулуусунун өзү архитектуралык, техникалык ж.б. талаптардын бирине да жооп бербестиги адис эмес адамга деле көрүнүп турат. Үй Бишкектин кайсыл жеринде жайгашкан деп атасызбы? Жукеев-Пудовкин менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде турат.

Өткөн саныбызда бул үйдү курулуш тармагындагы коррупциянын символу деп жөн жазган жокпуз. Ачыгын айтканда, андан башкача баалоого мүмкүн болбой калды. Адеп үйдүн коррупциялык, мыйзамга каршы келген аракеттер менен курулганын факты, далилдер менен жазгандан кийин бул курулуш боюнча иш сотко жетип, сот үйдүн курулушун мыйзамсыз деп таап, токтотулуусун талап кылган чечим чыгарган болчу. Бир катар айып пулдар да салынган. Бирок үйдүн курулушун жогорку бийликтеги өтө таасирдүү адамдар "крышевать" этеби же үй ээси өтө акчалуу эргул беле, ким билсин, айтор, соттун чечими турганына карабай үйдү куруу иштери уланып эле жатат. Соттун чечимин чымын чаккандай да көрүшпөдү. А сот болсо негедир өз чечимин аткартууга ашыкпай келет. Мындай көрүнүштү кандай баалашыбыз керек?
Бул албетте, Кыргызстанда тилекке каршы, дагы деле бийликтин, акчанын күчү үстөмдүк кыларын, анын жанында сот бийлиги бечел экендигин, акыйкаттык, мыйзамдуулук деген нерселер уруп ойнолбой калгандыгын көрсөтөт. Биз 14 кабат үйдүн мисалында өлкөбүздө коррупция, мыйзамсыздык көрүнүштөрү апогейине жеткенин көрсөтүп келатабыз. Ал эми башка буга окшогон мисалдар жүздөп саналары шексиз. Анан кайдагы мыйзамдуулук, коррупцияга каршы күрөш жөнүндө ооз көптүрүп сөз кылып айтып, жазып келатабыз?!
Аман Иманалиев




Самаков акыры кетти...
ЖК депутаты Карганбек Самаков акыры "Ата Мекен" партиясынын курамынан расмий түрдө чыкты. Аталган партиядан кетерин ал буга чейин бир нече жолу кыйытып келген эле. Бул шайлоо алдындагы "ход" беле же өз чындыгын айтып, агынан жарылдыбы, айтор, ал парламенттин ишин катуу сынга алып, өкмөт кетирүү, түзүү менен алек болуп, "Кумтөр" маселесине гана убакыт кетирип, натыйжалуу иштебей жатканын, парламенттин өкмөттү иштетүүгө жарамсыз болуп жатканын билдирди. Ошондой эле "Ата Мекен" партиясынын дарегине да сын айтып, бир адамдын бийлиги өкүм сүрүп, партия баштагыдай эместигин, ишенимден кеткенин айтты. Өзүнүн санаалаш-пикирлештери менен биргеликте "Биримдик-Единство" партиясын негиздеп жатканын маалымдады. Партиянын курамында кимдер болору азырынча белгисиз. Кандай болгон күндө дагы Карганбек мырза кыргыздын тарыхый мурастарын колдоого алып, аларды ЮНЕСКОнун баалуу мурастарынын тизмесине каттатуу үчүн жан үрөп чуркап эл арасынан эбегейсиз аброй топтой алгандыгын ар бир кыргыз баласы баса белгилеп айтып келет.
Текебаев өз кезегинде партиялашынын мындай кадамын саясий келечегинин камын көрүү катары баалап, Самаковдун депутат катары активдүү болгонун баса белгилөө менен жаңы партиясына ийгилик каалады. Карганбек Самаковдун партиясына бир катар "ата мекенчилер" кошулары бышык. Андай болсо "Ата Мекен" партиясын да ичтен чачырап, ыдырап алсырап аткан "Республиканын" тагдыры күтөбү? Же Текебаев аскерсиз командирге айланабы?

Жапаров президент болом дейт
"Ата Журт" партиясынын курамынан расмий түрдө чыгып кеткен экс-"ата журтчу" депутат Садыр Жапаров деле саясий позициясынан тайып бараткан окшобойбу. Жакында эле Ак үй тосмосунан секиргени үчүн кечирим сурап, бийлик менен кызматташууга даяр экенин билдирген экс-кесиптеши Камчыбек Ташиевдин позициясын колдогондой түр көрсөттү. Бирок ошол эле мезгилде көпчүлүк кийинки парламенттик шайлоонун камын көрүп, партия түзүп, партияга кирип дегендей аракеттерди көрүп жүрүшсө, "чабал өрдөк эрте учат" демекчи Садыр мырза түз эле президенттик шайлоого кам көрүп жаткан бейм. Же муну менен ал саясий тактикалык кадам жасап жатабы, иши кылып ал келерки президенттик шайлоого катышарын билдирди. Ачыгын айтканда, президенттикти мындай кой, кийинки парламенттик шайлоодо шайы кандай болору белгисиз, Садыр мырзанын дымагына жол болсун! Бирок... бирок кыргызда "сурасаң төө сура, жараткан бээ берет" деп коёт эмеспи. Анын үстүнө Кыргызстандагы президенттик шайлоого кимдер гана катышпайт. Баары бар. Аларды айтпасак деле жакшы билесиңер.


Жоомарт Оторбаев жоодурайт...
Бүгүнкү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын эгемен тарыхындагы ишке жөндөмсүз, бечел, кылган ишинен дайыны жок премьерлердин көрүнүктүүсү болот окшойт. Айтымда, анын ишине эл, коомчулукту мындай коёлу, өкмөттүн ичиндеги чоң, кичине аткаминерлердин ичи чыкпай, баш чайкап жүрүшкөн чактары экен. Анын да жөнү бар тура көрсө. Ал премьер болуп келгени, өкмөттүн ичинде тартип, дисциплина деген унутулуп, өкмөттүн бөлүм башчылары өздөрүнө өздөрү чоң болуп, өтүктөрүн төргө илип калышыптыр. Министрлер да премьердин бар-жогун билбей калды дешет. Атүгүл, финансы министри Ольга Лаврованын: "Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 2-3 күндүн биринде чакырчу эле. Жоомарт Кайыпович июнь айынын ичи 1 да жолу чакырган жок. Айла жок өзүм келсем, эртең кабыл алам деп кайтарып ийди" деп тар чөйрөдө айтып жүргөнү эмнеден кабар берет? Ал эми кечээ жакында эле Монголияга бир күндүк иш сапар менен барып, бирок ал жакта 4 күн кармалганы көпчүлүктү таң калтырбай койгон жок. Айтор, түз, коррупциядан алыс, интеллигент, билимдүү, илимдүү деген премьерибиз тилекке каршы иштөө жагынан "пример" боло албай жаткан кези. Өкмөт башчыбыздын иштөө ыкмасы ушундай болсо, анан 100 күндүн ичинде эмнени кыйратмак эле?