Нурлан Мотуев, Кыргызстан чыныгы мусулмандар Жамаатынын амири:
"Менин Исламдык мамлекетим Халифат. Тигине Сирия менен Иракта орноп, ал жерде да күчүнө кирип калды"
Бир кезде "көмүр королу" деген ат менен жумурай журтка таанымал болгон Нурлан Мотуев учурда эмне менен алектенип, эл үчүн эмнелер жөнүндө ойлоп жатканына кызыкдар болуп кепке тарттык.

-Нурлан таксыр, соңку мезгилдерде көрүнбөй калдыңыз го, кыш жакындап келе жаткандыгына байланыштуу Кара-Кече тарапта иш жүргүзүп жаткан жоксузбу?
-Мухаммад Пайгамбардын (С.А.В.) хадиси боюнча: Отун, суу, жайлоолор жалпы элдики болушу керек (Ибн Мажда жана Абу Дауддан бизге жеткен). А бизде каапыр еврейлердин мыйзамдары өкүм сүрүп, Исламдык нерселердин баарына карама-каршы келген мыйзамдарды атайлап, таңуулап киргизишкен. Кара-Кечени 6-7-майда менчик компанияларга карматышып, алар болсо көмүрдү жакшы өндүрө албай жатышат. 10 миң тонналык көмүрдү ачып алышса, кайра топурак менен көмүшүп: "Көмүр жок" - деп ооздорун куу чөп менен аарчып отура беришет. Түн ичинде болсо жашынышып өз Хово, КаМАЗдарына жүктөшөт. Алар болсо башка региондорго алпарышып, көмүр баасын кымбаттатып ийгендери ошондон. Мен 2005-жылы ушул хадиске таянып бүт Кара-Кечени мамлекетке алперип, эл арзан көмүргө тунуп, жыргап эле калышкан. Ал байгерчилик деле 1 жыл созулуп, мени каматып ийишип, анан кайра каапыр мыйзамдарын апкелишкен.
-Быйыл свет өчсө көмүргө болгон талап эки эсе күчөөрү маалым, андыктан көмүрдүн баасы кандай болот, былтыркы жылдай үзгүлтүккө учурабайбы, ушул боюнча окурмандарга кененирээк маалымат бере кетсеңиз?
- Быйыл свет да өчөт, жылуулук да берилбейт, көмүр да жок. "Кыргыз Көмүр" мамишканасына жетекчи кылып, профессионал эмес "дилетантты" апкелишти. Ал мурда мент, юрист болуп иштеген. Иштин көзүн билбейт, жеп-ичиш үчүн эле келген неме. Анүстүнө, бизде каапыр мыйзамдары өкүм сүргөндүктөн, өткөндө бир булактан тендер деген шылтоо менен "Электрдик станциянын" бүт жетекчилиги камалды. Генпрокуратурадан да бирөөсү абакта. Ош шаарында 5 сааттан өчүрө башташыптыр светти. Нарын, Талас эли үч фаза жарыктын өчүрүлүшүнө каршы митингдерге чыга башташты. Бул протесттер күндөн күнгө күчөп келе жатат. Эми, ойлонуп көрүңүздөр: бул көрүнүш күркүрөгөн күздө, али кырчылдаган кыш келе электе өкүм сүрө баштады. Ал эми кышында апогейине жетип, үчүнчү элдик Революция болуп кетиши толук ыктымал. Эл деген толкуган сел, аларды эч ким токтото албайт.
-Күз айларында саясий абал курчуп, ар кандай митинг, пикеттер менен коштолот деген кептер эл аралай баштады, сиздин оюңузча жакынкы күндөрдө бийлик алмашабы?
-Азыркы оппозициядагы эскиликтен арыла албаган, каапыр мыйзамдарына муюп, ал мыйзамдарды АКШ, Европа, Россиядан Кыргызстанга экспорттоп, калың элге таңуулап, адамдардын аң-сезимдерин ууланта берем деген эски саясатчылардан калайык калк чечкиндүү кутула турган убакыт келип жетти. "Жок, ушул эле пайыз алуу-берүү, жыл сайын баа көтөрүлүү, эптеп өлбөгөн маяна чектеп берген бийликке кул болуп жашай берүүгө макулмун. Исламды карманбай жүрүп өтүп кетип, тигил дүйнөдөн Тозокко түшүүгө макулмун" деп элибиз чечсе, анда, өздөрү билишсин. Тигине, менин Исламдык мамлекетим - Халифат Сирия менен Иракта орноп, ал жерде күчүнө кирип калды. Ал Халифатты биргелешкен дүнүйө каапырлары жаалдана бомбалаган менен деле майнап чыккан жок. Бир күнү кете берем да ал жакка.
-Суунун тартыштыгынан кыш айларында эл жарыксыз калаары байма-бай айтылууда. Карапайым калк кандай жол менен кыштан чыгат. Бул маселе боюнча ойлонуп койгондурсуз?
-Кышында эл сөзсүз кыйналат: коррупциячылар сатып ийген суу тартыштыгынын кесепетинен таңсыкка айланган электр берүү, газсыз отурган Кыргызстандын жарымы, жеп-жутаарлардын уюгуна айлангандыктан жакшы өндүрүлбөй жаткан көмүр жетишсиздиги, байма-бай свет өчүрүүлөрдөн келип чыга турган депрессивдүү-стресстик акыбалдар элди көчөгө топтоп чыгаары турулуу иш. Бул проблеманын чечими эле бул: Атамбаев парламентти таркатып, өзү өткөн-жасаган каапырлыгына тобоо келтирип, Кыргызстанды Ислам мыйзамдары менен башкарууга өтөөрүн жарыялаш керек. Ошондо Аллах ыраазы болуп, өлкөдө өзгөрүүлөр болоор.
-Каалайбызбы-каалабайбызбы быйыл биргелешкен Бажы биримдигине киргени турабыз. Сиздин ой кандай, биздин (ББга) кирүүбүз кандай роль ойнойт? Көз каранды болуп калуу коркунучубуз жокпу?
-Бажы биримдиги демиш болуп, митайым еврей мыйзамдарына таянып, империяны кайра апкелгиси келип аткан Путинге эмитен эле Назарбаев, Лукашенколор каяша айта башташты. Демек, бул бирикменин келечеги жок. Бир күнү ыдырап кетип, мүчөлөрү башы оогон жакка басып кетишет. Атамбаев бир кезде Москвада окуганын кыргыз элине колко кылбай, Путин менен жеке достугу үчүн жалпы кыргыз элинин келечегине балта чаап, Россияга кулдукка басып бербей, бул Бажы биримдигинен баш тартуусу зарыл. Ошончолук эле өзүнө кожоюн таппай атса, тигине, жаңы Халиф Абу Бакр Аль Багдадиге ант берсин. Мындай кылса, Аллах ыраазылыгын гана тапмак.
-Кыш айларындагы маегиңизде Сирияга жихадга барууга даярмын дедиңиз эле, оюңуздан кайта элексизби?
-Мухаммад Пайгамбардын (С.А.В.) хадиси бар: "Адам күнөөлөрү Ислам кабыл алуусу менен Аллах тарабынан кечирилет. Каафир-мушрик өлкөлөрүнөн Ислам орногон мамлекетке (хижра) көчүп кетүүсү менен кечирилет. Меккеге ажыга баруусу менен кечирилет. Жихадга чыгып, биринчи каны тамаар замат кечирилет", - деген. Мен Куран, хадистерди, Суннаны өзүмө мыйзам кылып жашагандыктан, Халифатка хижра болуп көчүп кетүүгө кам көрүп жүрөм. Бул жакта мураскерлерим бар. Баарына теңме-тең мүлк бөлүштүрүп берген соң, Аллах жол ачса, кетем, "ин Ша Аллах". Анүстүнө, Пайгамбарыбыздын дагы бир хадиси бар: "Акыр Кыямат астында Шамда (Сирия, Ирак, Йемен, Иордания) адамзаттын эң мыкты өкүлдөрү чогулат" деген.
-Шайлоо жакындай баштады, келээрки шайлоого катышуу оюңузда барбы? Балким партиялар куда түшө баштагандыр?
- Мен Акыретиме кам көрүп, Бейишке чыгууга аракеттенип жүрсөм, сен каапыр мыйзамдарынын чегинде өтүп, куфрду мамлекетке орното турган шайлоолор жөнүндө сүйлөйсүң да. Албетте, жок, катышпайм. Жана бул шайлоо деп жатып ичээр жанбактыларды бир үйүр кылып, Ак үйгө чогултуп алып, 5 жыл бакпай, бул системаны түп орду менен омкоруп жоготуу керек. Мен буга күчүмдү үрөйм. Болбосо, тигине мамлекетим - Халифат даяр турат. Ал жактан да паспорт берип атышат. Жана ал паспорттун ичинде жазылуу турат: "Кимде-ким бул паспорттун ээсине зыян кыла турган болсо, биз аскер жөнөтөбүз" деп.
Руслан Байдылдаев




Жазуучу Чолпонбек Абыкеев бир буйрукту тыңдап кыргызча жаза албай койгонбу?
Кыргыз тилдүү басылмалардын бирине Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы Чолпонбек Абыкеев кыргыз тилине күйгөн киши болуп, маек берген экен.

Албетте маегинен эч кандай кынтык издегибиз келбейт. Ар бир кыргыз жараны өз мамлекетинин мамлекеттик тилине күйүп, аны коргоого, аны өркүндөтүп-өстүрүүгө салымын кошкону жакшы. Ырас, 1989-жылы кыргыз тили расмий түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп кабыл алынгандан бери карай анын аты бар да, заты анчейин окшошпой келгендиги чындык. "Мамлекеттик тилибиз өз мамлекетинде өгөйлөнүп, босогодо калып калды" деген ачуу кептер да бекеринен чыккан эмес. Андыктан мына ушул өңдүү башка илимпоздордун, жазуучулардын, деги эле кыргыз тилине күйгөн патриот мекендештерибиздин буга чейин эле айтып келишкен пикирлерин Абыкеевдин кайталаган жерлерине токтолбой эле коёлу, ал жерлери толугу менен колдоого татырлык. Бирок, бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында алгылыктуу кадамдар башталгандыгын да айтпай коюуга мүмкүн эмес. Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мурдагыга салыштырмалуу акча каражаттары алдаканча көбүрөөк бөлүнө баштаганы да маалым. Албетте аракеттер эгемендик алган жылдардан бери карай эле башталганда бүгүнкү күндө мамлекеттик тилибиздин абалы алдаканча жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болгон эмес. Эми гана аны сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өнүктүрүү иш-аракеттери жүрүп атат. Чолпонбек мырза бул маегинде: "Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн оюн кыргыз тилинде толук жеткиликтүү түшүндүрө албайт, орус тилинде көбүрөөк жеткиликтүү сүйлөйт" деген сынын айтыптыр. Чолпонбек Абыкеев кимдин кыргыз тилинде укмуштуудай сүйлөй ала тургандыгын, кимдин анчейин экендигин аныктап айта тургандай заманыбыздын аябай таланттуу жазуучуларынан деле эмес. Өзүнүн чыгармалары деле кыргыз тилинде жазылганы менен, анын көркөмдүк деңгээли бийик чокуга чыкмак турсун, орто деңгээлге да көтөрүлө алган эмес. Кыргыз тилинин көөнөрбөс көркөм сөз байлыктары колдонулган эмес, келекей тилде жазылган. Муну "Бриллиант жылан" аттуу китебин окуп чыккандар жакшы түшүнөт. Жөн гана окуя кубалап, азыркы базар шартына жараша жазылып калган чыгарма болчу. Мунусун бир деп туралы.
Экинчиден, ал Жазуучулар союзунун төрагалыгынан кетээрде Москва шаарына бара калып, ал жактагы жаш акын Акылбек Мамадалиевди Улуттук жазуучулар союзунун Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы өкүлү кылып дайындап келген болчу. Анан кайра келери менен эле кайрадан аны кызматынан алып койгондугу тууралуу буйругу чыккан. Мына ошол буйругун таланттуу акын эжекебиз Меңди Мамазаирова "Фейсбук" социалдык түйүнү аркылуу жалпы коомчулукка жарыя кылган. Ал буйрук болгону төрт сүйлөмдөн түзүлгөн болсо, ичинде ондон ашуун катасы бар. Биринчиден, кыргызча "ү,ң,ө" тамгалары "о,у,н" тамгалары менен эле жазылып калган. Жадакалса Санкт-Петербург шаарынын атын да туура жаза алышкан эмес. Эгерде кыргыз тилинин тагдырына чындап күйгөн инсан болсо Чолпонбек мырза адегенде өзүн жакшылап тарбиялап алмак эле. Бир буйрукту дурустап кыргыз тилинде жаза албаган жазуучу президентти кыргызча жеткиликтүү сүйлөй албайт деп отурганы логикага сыябы?
Үчүнчүдөн, Курманбек Бакиевдин убагында жасаган кылыгы аргасыздан эске түшөт. Ал Манас атабыздын күмбөзүн каздырууга уруксат берип, коомчулуктун нааразычылыгынан улам анысын токтоткон. Бир буйрукту кыргызча тыңыраак жаза албаган, келекей тилде жазылган, орто деңгээлге көтөрүлө албаган чыгармалардын автору, Айкөл Манаска шек келтирген Абыкеевдин жоругу "сынчынын сыңар өтүгү майрык" макалын эске салат. Ал кишиге бирөөнү сындаардан мурда өзүн күзгүдөн жакшылап карап, анан ооз ачып жүрсө деген гана сунуш айтабыз.
Жаныбек Абдрасулов