Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Рыскелди
Алма-атага кетти
Башкы редакторубуз Рыскелди Момбеков Алма-Ата шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүндөгү массалык маалымат каражаттары өкүлдөрүнүн эл аралык конференциясына катышып жатат. Шериктеш мамлекеттердин басма сөз өкүлдөрү, журналисттерди байкатпай байлай турган Кылмыш - Жаза кодексиндеги "шылдыңдоо" беренесин талкуулашат. Алкымдан алган ал беренени алдырып салууга аракет жасашат. Кызыктай кылмыш ишинин Кыргызстандагы кырдаалы боюнча башкы редакторубуз баяндап бермекчи.

"Маньяк" аюу адам өмүрүн кыйды
Кечээ, 22-октябрь күнү Бишкек циркинде чоң кырсык болуп, орусиялык муз үстүндө цирк тартуулаган орусиялык труппанын үйрөтүлгөн аюусу адамдарга кол салган. Натыйжада "маньяк" аюунун ач азуусунан 25 жаштагы труппанын администратору Дмитрий Потаповдун денеси жулмаланып, ошол жерден мүрт кеткен. Ал эми дагы бир жабырлануучу гастролдоп келген орусиялык дрессировщик Евгений Поповдун абалы өтө оор.
Ал эми адамдарга ач азуусун кайрыган аюунун мындай аракети эмнеден улам келип чыккандыгын териштиришүүдө. Беш жаштагы "маньяк" аюуну Свердлов райондук ИИБинин кызматкерлери келип, башка атып өлтүрүштү.


Өмүрбек өз каалоосу менен кетти
Өкмөттүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Токтогулович өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде, бир топ жакшы иштерди жасаганга жетишкен Өмүрбектин эмнеге "үй бүлөгө" жакпай, жаңы өкмөткө батпай калганы белгисиз. Буга чейин өкмөттөн Алымбай Султанов, Манас Акматбеков, Самсалы Суваналиев кеткендерин эске алсак, таластыктарды тазалай(жазалай) баштаганы чын окшоп калды. Бир Өмүрбекти кетиришти, эми экинчи Өмүрбекти(Суваналиев) эмне кылышаар экен? Баса, Өмүрбектин ордуна Акылбек Жапаров барганы калыптыр.


Аликбек Жекшенкуловго акыйкат жүзүн бурду
Азыркы кезде дымый түшкөн оппозицияны, учурунда сай-сайлап кетишине жол бербей "Акыйкат үчүн" кыймылын түзүп, баш коштуруп, ал кадамы үчүн бийлик тарабынан "кытай гранты менен тапанча чырына" байланышкан "кылмыш" иши козголуп, алты ай абакка жатып чыгууга аргасыз болгон Аликбек Жекшенкулов "Агым" гезитинин үстүнөн жеңишке жетишти. Бир кездерде "Агым" гезити "Джек потрашитель" деген лакап атты жармаштыргандыгы үчүн, аталган гезитти сотко берген А. Жекшенкулов Биринчи май райондук сотунан, Бишкек шаардык сотунан, Жогорку соттон да утуп алды. Акыйкаттыкты туу тутуп "Акыйкат кыймылын" түптөгөн Аликбек мырзага бул саам акыйкат жүзүн бурду. Бийликтин айткандарын аткарып, адилет чечимден көп учурда четтеп кетчү сот, Жекшенкуловго таш таразасын оодарды. Соттон утулган "Агымдын" кожоюндары Аликбек мырзадан кечирип сурап, алдына түшүшүптүр. Аликбек мырза өзгөлөрдөй болуп миллион сом өндүрөм деп чамынып, акча талап кылбай, айкөлдүк менен кечирим кылып, гезитке жөн гана төгүндөө берүүлөрүн айтып, маданияттуу сылык узатыптыр. Акыйкаттыкты талап кылып "Агымды" утуп алган Аликбек мырзанын "тапанча чырына" байланышкан сот иши ноябрь айында уланат. Адилеттиктин ташы бул сапар да Аликбек мырзага ооп калгысы бардыр…


Куловдон үн чыкты, ээй!
Көптөн бери чээнге кирип кеткендей дымыган Куловдун добушу чыкты. Бийлик айтып түгөтө албай жаткан реформаны "тарыхта мындай окуя болгон эмес" - деп, добулбас какты, чиркин! Ажонун реформасын ааламдагы сейрек ачылыш катары кабыл алган Феликс мырзанын жоругуна аргасыз баш чайкадык. Сыягы, кичи ГЭСтерди куруу боюнча Феликс мырза жетектеп жаткан дирекция Энергетика министрине карап калган соң, ажодон майлуу бир орун үмтөтүп жаткан көрүнүш катары бааладык. Анткени, дирекция мурун өкмөткө да баш ийчү эмес. Феликс мырза өзү кожо, өзү бий эле да. Эми ошол жогорку даражалуу кызматынын статусу кичирейип жатпайбы, түгөттүкү. Анан Кулов мырза каңырыгын түтөтүп, ар намыстан да мансап таттуу көрүнүп, ажонун реформасын апендинин кызындай мактап, жайлуу, майлуу кызматка жуучу түшүп жаткан имиш… "Кошо мат" болуштун да чени, өлчөөсү бар экенин Кулов алигиче аңдай албай жатканы өкүндүрөт…


"Манасты" кимдер талашты?
Эч нерсе менен иши жок энөө кыргыз эли жерлеринен айрылганы аз келгенсип, нечендеген кылымдар бою даңазалап, дүйнө элине мактанып келген кадимки "Манасынан" айрылып отурат. Мындай каргашалуу кабарды 22-октябрь күнү "Айтыш" фондунун жетекчиси Садык Шер-Нияз жарыя кылды.
Анын айтымында, 2-октябрда "Манас" эпосу - дүйнөлүк материалдык эмес баалуу мурас катары ЮНЕСКОнун тизмесине Кытай Эл Республикасынын атынан киргизилген. ЮНЕСКОнун расмий сайтында "Манас-бул Кытайдын улуу үч эпосунун бири" - деп жазылган. Бүгүнкү күндө кытайлык тарап да баардык массалык маалымат каражаттарына Манас-Кытайдын эпосу экендигин жана бул эпос Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономиялык районунун Ахчи деген аймагында пайда болгондугун, кийинчирээк Кыргызстанга, Казакстанга, Тажикстанга кеңири тарагандыгын байма-бай жазышууда.
"Кыргыздын руханий байлыгы Кытайдын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине кирип калышы-бул туура эмес. Бул маселе мамлекеттер аралык деңгээлде чичилиши керек. Эгер эртерээк чечкиндүү чара көрсөк, "Манас" эпосун ЮНЕСКОго Кытайдын эмес, Кыргызстандын атынан киргизип, абалды оңдосок болот"-деген, Садык Шер-Нияз, бул маселени ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы иштери боюнча Улуттук комиссиясынын генералдык катчысы Жыпар Жекшеевдин эң сонун билгендигин, бирок, муну жаап-жашырууга аракет кылгандыгын кошумчалап өткөн.
Ошондой эле көзгө басар руханий байлыгыбыз болгон "Манасыбыздан" айрылып калышыбызга Маданият министрлигинин опол-тоодой күнөөсү бар экендигин да жашырган жок. Маданиятыбызды тейлеген министрлигибиз наамдарын "соодалап" бүтө албай, "чоң базарда" жүргөндө элибиздин сыймыгы болгон улуу мурасыбыз "Манас" эпосу, алеки саатта кытайлыктар тарабынан менчиктелип, дүйнө элине Кытайдын эпосу катары шардана болуп отурат.
Үзөңгү-Кууштай керемет жерибизди тартып алган Кытай эли бүгүн минтип "Манасыбызды" тартып алды. Минтип отурсак, эртең аларың Манас-Кытайдын эпосу демек, "Манастын күмбөзү", Манастын мекени болгон жалпы Талас жери да Кытайдыкы деп, "Ормон опузага" салбайт деп эч ким кепил боло албайт.
Дал ушул чуулгандуу маселе боюнча кийинки саныбызда "Айтыш" фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз менен болгон кеңири маекке орун бермекчибиз.


"Эл сөзү" пресс




"Ата - Мекен" партиясынын мүчөсү, милициянын
полковниги Мадылбеков Туратка
иниси Эркиндин
мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.
"Эл сөзү" гезитинин эмгек жамааты





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Эл сөз"
архив • редакция 
23-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Жакында жаңы гезитибиз жарыкка чыгат
2-бет
Эл ишенимин актайбы, же өз байлыгын сактайбы?..
3-бет
Рыскелди
Алма-атага кетти

4-бет
ЧЕКСИЗ БИЙЛИККЕ КЕТКЕН
ЖОЛ ЖАНА ОППОЗИЦИЯ

5-бет
Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү?
6-бет
Ашказанды азанатып,
Арсалаңдап арак ачып

7-бет
Өмүрбек Текебаев,
"Ата-Мекен" партиясынын төрагасы
"Кезектеги мамлекеттик бийликти менчиктештирүү"

8-9-бет
Эй, куда, ты куда?
10-бет
Канат АБДРАХМАТОВ,
Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын
алдындагы сейсмология институтунун деректору:
"Чампаланып салынган үйлөр туруштук бербей кулайт"

11-бет
Кыргыз деп күйгөн сезим керек
12-бет
"Сабаттуу" соттун, сабатсыз аныктамасы, же чечилбеген жер чатактары
13-бет
Оңдолбогон каттардан
14-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам
15-бет
"Апамды алайын" дегендин алты ойношу бар...
16-бет
АЙКО,
"Айчүрөк" эстрадалык театрынын жеке ырчысы:
"Курт-кумурскалардан жүрөгүм түшөт"


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!