Жамашевадан жарык тиеби
Же үйүмдү тартып алып балээни башыма үйөбү?..
Менин сиздердин жамаатыңыздарга кайрадан кайрылып жатканым төмөндөгүчө:
Мен он жылдан бери мени алдап акчамды алып кеткендер менен соттошуп келе жатам, өлкөбүздүн коррупцияга баткан башкаруу методуна каршы туруп, жан аябай күрөшүп келдим. Коррупциялашкан сот системасы менен мындан ары кармашкандай акчам да, дарманым да калган жок. 2010-жылдагы 7-апрель окуясы болгондо буга чейин өчкөн үмүтүм кайра жангандай болду эле, эми чындык болот, эми коррупция болбойт деп тилек кылдым эле. Көрсө мен абдан чоң жаңылган экенмин. Элдик революцияда шейит кеткен уландардын каны бекер төгүлгөн экен.Чындык болбой эле ар ким өзү үчүн иштеп, революция коррупцияга болуп көрбөгөндөй жол ачып жатат дегенди ким танат. Ошол себептүү чындыкты, акыйкаттыкты бетке айткан, эл үчүн күйгөн, элдин унун уккан бирден бир массалык маалымат каражаты катары сиздер аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти Отунбаева Роза Исаковнага, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Алмазбек Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Жамашева Ферузага, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кубатбек Байболовго кайрылууну чечтим. Урматтуу "Эл сөзү" гезитинин чыгармачыл жамааты, ушул билдирүүмдү гезит бетине жарыялап коюуңуздарды суранам. Бул билдирүү менен мага окшоп коррупцияга матырылган өлкө бийлигинен жапа чеккен, коррупциянын айынан үй бүлөсүнөн, үйүнөн айрылып, көчөдө калган, коррупциянын айынан киндик каны тамган өз мекенине кол шилтеп башка өлкөлөрдө таштанды чогултуп, жер карап жанын багып жүргөн боордошторума, коррупцияга, үй-бүлөлүк башкарууга каршы туруп, канын төгүп, жанын берген эр-азамат жигиттерге, алардын туугандарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, силердин катарыңарда мага окшогон дагы бир келечектен, өлкө башчыларынан ырайым, адилеттик күтпөгөн, үмүтү өчкөн бир байкуш адам бар экендигин билдирем жана жогоруда аталган бийлик адамдарына акыркы жолу кайрылуу менен менин үй бүлөмдүн тагдырын соттордун эмес жалпы Кыргыз элинин таразасына коем.

Жолдошева Артыгүл
Кенжебаев Токтомамат