Энелер кайдыгер болушпаса
"Кырсык каш-кабактын ортосунда" демекчи, кырсык менен дарт күттүрбөй келет эмеспи.
Жаныңды көзүңө көрсөткөн оруу тооруганда күнүң ак халатчан дарыгерлерге түшөт. "Катуудан тиш оору, жумшактан ич оору жаман" - демекчи "кайсыл жериң ооруса жаның ошол жерде" деген сөздүн чындыгы келет. Карайлап ооруп турганда эң алгач кудайдан андан кийин ак халатчандардан гана жардам күтөт эмеспизби.
Эл саламаттыгын сактап, адам баласынынын өмүрүнө өмүр кошуп келген дарыгерлерибизге кандай алкыш айтсаң да жарашар. "Дени соо кайырчы оорулуу падышадан бактылуу",- демекчи ден -соолугуң болсо бардыгы болот, ден соолугуң болбосо эч нерсең болбойт.Ден-соолук , дегеле адамдын өмүрү жана күнүмдүк жашоо жөнүндө медицина илимдеринин кандидаты, саламатыкты сактоонун отличниги , республикалык жугуштуу ооруларды дарылоо ооруканасынын башкы дарыгери Айткулуев Нарынбек Сабыркулович ой бөлүштү.

Ден соолук жөнүндө
Адам баласы(өзгөчө кыргыздар) кызык элебиз. Айдап жүргөн машинабыздын тетиги бузулуп кайчылдап баштаса жанталашып оңдотуп, майлап сүттөп айдайбыз. Ал эми өзүбүздүн бир жерибиз ооруп кыйнай баштаса жедеп жеттигип бүтмөйүн басып жүрө беребиз. Өзгөчө азыркы заманда аялдар ден- соолугуна көп көңүл бурбай калышты . Ошонун айынан өлкөбүздө аялдардын алтымыш пайызы олуттуу оорулар менен жабыркашат .

Бала жөнүндө
Биздин келечегибиз болгон балдар ушул тапта ичегинин сезгенишинин курч түрлөрү менен көп оорушат. Учурда ооруканабызда 254 адам дарыланып жатат. Алардын көпчүлүк бөлүгүн балдар түзөт. Негизи энелер кайдыгер болушпаса, анткени балдардын, "ичи өткөк", "менингит", ошондой эле "өпкөнүн сезгениши" сыяктуу ооруларын качан гана жедеп өтүшүп баланын акыбалы оорлоп калганда алып келишет. Мындай учурлардын кээси өкүнүч менен аяктап, наристелерибиз чарчап калган күндөр дагы болууда. Бул учурларда аябай жаман болуп жан- дүйнөм эзилип бир топко унута албай жүрөм. Ошондуктан энелерден көптөн-көп сураныч балдарыңардын тагдырына кайдыгер карабагыла.

Оорукана жөнүндө
Учурда оорукананын акыбалы жакшы. Бардыгы болуп 12 бөлүм бар. 2010-жылы медициналык акредитациялык комисиядан өткөнбүз. Былтыр сентябрь айында спонсорлук жардамдын негизинде, болгон бөлүмдөрүбүздү оңдоп түздөп алганбыз. Керебеттерди 100% жаңырттык, оорукананын тазалыгы бардык талапка жооп берет. Ар бир оорулуу чыгып кеткен сайын дезинфекциялап турабыз. Матрас, шейшеп, жаздыктарды тез-тез алмаштырып турабыз. Ар бир келген оорулунун тагдыры мага кайдыгер эмес.

Оорулар жөнүндө
Курч мүнөздөгү респиатордук, вирустук жугуштуу сарык, бурцулез сыяктуу оорулар жыл сайын массалык маалымат каражаттары аркылуу тынбай жүргүзүлүп жаткан, санитардык агартуу иштеринен улам азайды". Бруцеллёз "оорусу адата: сүттөн, эттен, балмуздак, каймактан жугат. Акыркы жылдары "Ботулизм "оорусу дагы азайды (бул үй шартында даярдалуучу жашылча жемиштерди консервациялоодон кеткен уулануу). Ал эми "менингит оорусу жылдан-жылга өсүүдө. Бул оорунун козгогучу "менигококк"бактериялары, бул өтө жугуштуу дарт. Ал адам менен баарлашууда, чүчкүргөндө жада калса өбүшүп учурашканда дагы жугат. "Менингит" оорусу 50 сантиметр алыстыктан жугуу коркунучун туудурат. Демек, ар бир адам өзүнө сак болуусун өтүнөт элем.

Эс алуу жөнүндө
Эс алганга убакытым тар. Эс алып жатып алууга же бир жакка атайын эс алганы барууга убакыт жок. Эс алганда ар бир эле кыргыз баласындай тоо, суунун жанында жаратылыштын койнунда болгонду жактырам. Бирок мындай эс алуу тилекке каршы чаңда гана. Андан тышкары сууда , бассейинде сүзгөндү жактырам. Стрестерден арылтат.

Туулган жер жөнүндө
Нарындын Тянь-шань районуна караштуу Жерге-Тал айылында туулгам.
Балалыгым ар бир айылда өскөн балдардыкындай эле. Жаратылыштын койнунда ат минип, кой кайтарып, уй айдаган түйшүктөр менен өттү. Айылыма убакыттын жоктугунан бир жылда бир эле барганга туура келет. "Туулган жердин топурагы алтын",- демекчи, канчалык алыс жүрбөйүн, балалыктан узак убакыт өтсө да айылым дайыма мени өзүнө тартып турат.

Үй бүлө жөнүндө
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эки уул,бир кыздын атасымын. Кызым быйыл студент болду. Уулдарым мектепте окушат. Келинчегим Тамара кесиптешим. Врач - терапевт. Үй бүлө кичинекей мамлекет деп коюшат эмеспи. Мен да балдарыма татыктуу тарбия берип эл үчүн кызмат кылган адамдардан болсо деп тилейм.

Муну билүү маанилүү
Ичегилердин сезгенүүсү
Ичегилердин сезгенүүсүнүн курч мүнөздөгүсү ооз көңдөйү, суу жана тамак - аш аркылуу жугат. Оорунун таралуу жолдору кусунду, заара жана заң аркылуу жүрөт. Микроорганизмдер көбүнесе сууда, эмеректердин кармагычтарында нымдуу жерлердин бардыгында кездешет. Бул микробдор сүт, эт азыктарында, киселде өзгөчө жай мезгилинде көп кездешет. Микробдордун алып жүрүүчүлөрү болуп, жуулбаган кир колдор жана ар жерге учуп - конуп жүргөн чымындар эсептелет. Чымындар бир эле жолку конуп кетүүсү менен ичегилеринен30 миң жугуштуу бактерияларды бөлүп чыгарат.Чымындардын денелерине10 миллиондон ашуун микробдор батып жүрөт. Тазалыкты жана өздүк гигиенаны сактабаган адамдар. Эң алгач түрдүү оорулар менен жабыркашат жана өздөрү микробдорду алып жүрүүчүлөргө айланышат.

Дем алуу органдарынын сезгенүүсү
Дем алуу органдарынын жугуштуулугу өтө кеңири тараган оору. Бул оорулар көбүнчө аба аркылуу жугат. Дем алуу органдарынын жугуштуу оорулары көбүнесе сүйлөшүү, чүчкүрүү, жөтөлүү, жана оору адам менен тыгыз байланышта болуу аркылуу жугат. Бул оорулардын күчөткүч козкогучтары сасык тумоо, суук тийүү сыяктуу курч мүнөздөгү оорулар эсептелинет. Оорунун козгогучтары абага шилекейдин жана какырыктын майда бөлүкчөлөрү аркылуу тарайт. Шилекейдин майда бөлүкчөлөрү оорулуу адамдан эки-үч метр аралыкка чейин жетет. Ал эми шилекейдин чоң бөлүкчөлөрү бат кургап, чаң менен кошо кайрадан абага көтөрүлүп, башка бөлмөлөргө чейин барат. Натыйжада соо адамга да оору жугат.
Менингит өтө коркунучтуу дарт. Менингококк инфекциясы көбүн эсе ириңдөө түрлөрү менен белгилүү. Бул деле жогорудагы жугуштуу оорулар сыяктуу аба аркылуу жугат. Менингит оорусунун 70%ы 50 сантиметр аралыктан жугаары аныкталган. Бул оору менен жаш балдар көп оорушат. Оорунун өсүш темпи 10 жана 20 жашка чейинки балдарда кыш, жаз айларында байкалат.

Оорунун алгачкы белгилери:
Эң алгач температура жогорулап, 38-40 градуска чейин жетет. Денени шалдыратып, адамды алсыздандырат. Тамак ооруп, мурун бүтөт. Көздүн тегереги менен бирдикте баш ооруйт. Жүрөк айланат, уйку бузулат. Мындай учурда эң эле алгачкы жардам тез жардамды гана чакыруу менен чектелет.