Дөөлөт СЫДЫКОВ:
Саякбайдан аян,
Жусуп Мамайдан бата алгам
Мезгилдин кыргыз журтуна койгон талабына ылайык "Манас" эпосу, "Манастаануу" илими жана манасчылык өнөр жөнүндө колдон келген иш аракетин кылып, туйбаганга туйгузуп, сезбегенге сездирип, кичүү муунга үйрөтүү Манастын ар бир урпагы үчүн милдет болуп турат. "Манас" сыйкыр дүйнөсүндө жашаган, өнөр бийиктигин туу туткан , өнөр жолунда өзүнүн вариантындагы "Сейтек" китебин элге арноого жетишкен манасчы Дөөлөт Сыдыковду маекке тарттык.

- Учурдагы белгилүү манасчы кандай бүлөдө чоңойду экен?
- 1983 - жылы Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Шор - Булак айылында "Манас" дүйнөсүн кеңири тааныган бүлөдө туулуптурмун. Он эки бир туугандын тогузунчусумун.Чоң энем үч эмдин бири экен жана эгиз туугандарга бай болуп эгиз, эм болуп олтуруп 33 бир туугандын ичинде чоңоюптур.Өзүмдүн да эгиз инилерим бар. Орто мектепти болсо орто бүттүм.Апам казак кызы, Найман уруусунун Орто - Жүз уругунан. Атам көлдүк саяктардын Каракучкач уругунан.Негизи ата тегим күчтүү экен. Чоң атам манасчы болсо, өзүмдүн атам сейтекчи, андан тышкары дастанчылык, акындык да өнөрлөрү бар экен.Ушул улуу кишилердин касиетинен мага өтсө керек. Учурда менин чыгармачыл жан дүйнөмдү түшүнгөн жубайым, эки уулум бар.

Аян - ачылчу таланттын уюткусу
- Алгач ирет кандай белгилер болуп "Манас" айтып калгансыз?
- Менде манасчылык өнөр 13 мүчөл жашымда башталды.Аян алдым. Бирок "ыйык нерсе туюк болот" демекчи, бары эле айтыла бербейт. Таасири күчтүүсү Саякбай "Манасты" айта жүр,- деп аян берип кетти, ошондон баштап олуттуу карап манасчылыкка ниетимди койдум.
- Аян бир берилүү менен токтойбу же улантылып турабы?
- Аян бир берилген соң өмүр бою коштолот. Биринчи аян улуу дүйнөгө киргизүүчү каалга болсо, кийинки аяндар ал дүйнөнүн сыйкырын ачуучулар болуп саналат. Түшүмдө баатырларды көрсөм сөзсүз иш жүзүндө аткарыла тургандыгына ишенем. Себеби, баатырдык сапат бул: бир айтат, эки сүйлөбөйт.
- Түшүңүздү айтканыңызда жакындарыңыз кандай көз карашта болду?
- Алгач эле ата - энеме айттым. Куран окуттук. Кийинчерээк кан чыгардык. Кан чыгаруу сөзсүз болушу керек. Болбосо бир жамандыкка учурашың анык. Бирок аян да кан чыгарууга шартыңдын бар, жогуна ылайыкталып берилет. Сөзүбүздү кур кылбай мисал кылсак Тыныбек манасчы ээн талаадан Жети - Өгүздүн Ак-Терегинен аян алган. Анда "Кийинки айылдан сени коноктоо үчүн кара кой союлат. Ошону ичиңден "Баатырларга багыштадым" деп арнап кой", деп айтат.
Аян өнөрдү аркалоочу адамдын кубатына ылайык берилсе керек.Мисалы илгеркилер күчтүү болгон. Элдеги кызыгуу манасчынын алга умтулуусуна түрткү болсо, манасчынын иш - аракетине ылайык аян түшүп турган жана да уккан жакшы бир сөзүм бар: "Манас - айкөл, кечиримдүү.Бул сапат манасчыларда да болуусу керек. Ичиң кенен болбосо "Манас" батпай калат". Бул ырас.
Аяндар менен манасчылыктан башка ал өнөрпозго көптөгөн касиеттер артылган. Мисалы сыныкты таңуу, кыраакы көрөгөчтүк, сынчылык, көптү билген көсөмдүк керек болсо алдын ала айтуучулукд а болгон. Мисалы Саякбайды алсак. Турсун Мурадилов И.Раззаковдун тапшырмасы менен 3,5 - 4жыл Саякбайды ээрчип, оозунан чыкканын жазып жүрү бир күнү, -кишини көрүп ал жөнүндө айтып бере аласызбы?- деп собол салыптыр. -Алдыма келген адамды алаканга салгандай билип турам. Анын көздөгөн максатын, ойлогон оюн, бара жаткан багытын билип коём,- дептир. Ал эми азыркы манасчыларда мындай кош касиеттүүлүк жок. Бул да болсо "Манас" улуу рухуна баа бербегендердин, манасчылык өнөрдүн улуулугун сезбегендердин, көр оокат деп жүрүп көп нерсеге ишеничин жоготкон кыргыздардын кесепети го деп ойлойм.

Тапкан талантыңды да таптап багышың керек...
- Өнөрүңүзгө ылайык кандай иш алып барууну планга коюп жатасыз?
- Көптөн бери оюмда багып келген бир планым бар .Бул "Манас" мектебин ачуу.Четинен ишке ашырып келе жатам. Ал үчүн улуу - кичүү манасчылар жолугушуп таанышып, эс алып, кечелерди өткөрүп турууга ыңгайлуу жер алынган, көл боюнан. Бирок имаратты курууга демөөрчү керек болуп токтоп турат. Кереметтүү көл жээгинде касиеттүү өнөр борбору ачылып калса жакшы болот эле.
- Билген кишиге манасчылыктын жоопкерчилиги аябай чоң. Ошол жоопкерчиликтин кыйынчылыктарын көтөрүүдө ызаланып, бушайман болгон учурларыңыз болду беле?
- Кыйынчылыктар ар дайым десем болоор. Касиет бул оор нерсе. Жоопкерчилиги да, талабы да, жүктөгөн милдети да оор. Ошондуктан касиетти көтөргөн киши көтөрө алат. Ал эми андан качып, баш тарткан адам же оорулуу болуп, же майып болуп, болбосо өмүрдөн эрте өтүп, айтор, кырсык тооруйт. "Бакпаса бала кетет, карабаса катын кетет" демекчи Кудайдын берилген өнөр - талантты да карап - багып турбасаң өспөй, өлүп калышы мүмкүн. Өлтүрбөй багуу үчүн шарт болуш керек. Ал эми манасчылыктагы кыйынчылыктан чарчасам да, кыйналсам да "өнөрдү таштайм" деп эгерим ойлогон да эмесмин.
- Манасчылык өнөр кандай шарттарды талап кылат?
- Эң биринчи эл болушу керек. Өнөрүңдү баалап, өзгөчө көңүл бурган аудитория дароо эле билинет. Анда эргүү менен айтасың. Мамлекеттик иш чаралар, чет өлкөлөргө сапарлар көп эле болот.
Кеңири аудитория болбосо да кээде эргүү келип "Манас" айтасың. Токтотсоң бук болосуң. Кээде кечте башталган эргүү менен таң тососуң. Бир орундагы сууну тазалап турбасаң жараксыз болуп бузулуп кетет. "Манас" ошол өңдүү. Элге айтылып, элди аралап, кеңдикти кыдырып жүрүүсү керек.Мында биз бир чети манасчылыкты жайылтып, элге өнөр таанытсак, экинчи жагынан өзүбүздү такшалтабыз. Элди да, арбакты да ыраазы кылып, өзүң жеңилдеп каласың. Ошондуктан "Чакырган жерден калба, өзүң басып барба" дегендей чакыруулардан калбаганга аракет кылабыз. Бирок көр оокаттын айынан кээде бара албай калабыз. Андайда айрым түшүнбөгөндөрдөн "Манасчылар көөп калыптыр, бой көтөрүп калыптыр.Аты чыгып, көзү көрүнүп калган да" деген сөздөр чыгып кетет.А мен айтат элем,ыңгайы келген жерден манасчылар эч качан качпайт. Себеби өнөр элдики, манасчыныкы эмес. Элдикин элге бериш керек, бул биринчи. Ал эми экинчи жагы өнөрдү элге жеткирбесек өзүбүз азап тартып калабыз, өнөр көтөрүп жүрүүчү катары. Ошондуктан бул өнөр менен көбө турган болсоң өнөр өзү эле желиңди чыгарып коет.

Бир жолу...
- Өнөр жолуңуздагы эстен кеткис бир окуя.
- 2005-жылы Дастан Сарыгулов катчы болуп турган кезинде Кашкарда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан "Манас" боюнча илимий конференцияга Кыргызстандан бара жаткан 19 делегаттын бири кылып мени алып барды. "Жусуп Мамайдын алдында "Манас "айтасың, Батасын алып берем " деди. Жусуп Мамай анда 87 жашта экен.Алдында "Манас" айттым, айтылгандай бата берди.
"Издеп келген сен болсоң,
Бата берээр мен болсом.
Баатырлардын арбагы колдосун,
Колуңа бакыт кушу консун.", - деп бата берди. Улуу инсандан бата алган күнүмдү унутпайм. Дагы бир окуя, Рыспай манасчы экөөбүз кезектеги чыгармачылык иш сапарыбыз менен Якутияга бардык.Ал кезде "Манас" дүйнөлүк шедеврлердин катарына кошулган кез болчу. Якуттардын "Ололхосу" да ушул атка арзып, "Дүйнө шедеврлери Ололходо" деген фестивалга катыштык. Буга катарлаш "Дети Азии" деген спорттук иш чара да болуп жатыптыр. Бир күнү шаар аралап калсак биздин эле Ош аймагыбыздан барган 20 жаштагы жигит менен сүйлөшүп калдым. - Эмне иш боюнча келдиңер эле?,- дейт. "Манас",- десем, -"Манас" спорттун кайсы түрүнө кирет?,- деди таң калып. Түшүндүрүп айтсам дале таң калуусун жашыра албай - анда спрот мастерисиңерби?- дейт. Кенен түшүндүрүүдөн кийин -Кантип аткарасыңар, - деди кайра. "Айлаң кетип күлөсүң" болуп "Олтуруп алып чуркайбыз" дедим аргасыз. Бул өңдүү эстен кеткис окуялар бирде күлкүңдү келтирсе, бирде ыйлагыңды келтирет.

Кыргыз менен "Манас" ажырым жашай албайт
- Манас баатырдын улуулугу жөнүндө эмне айтып бере алсыз?
- Эң алды айтаарым: Манас кыргыздын колдоочу пири. Манас колдобой калганда кыргыз жоголот. "Колдо бар алтындын баркы жок " демекчи "Манасыбыздын" баркын билбей жатабыз. А Индияда биздин Манасыбызды Кудай деп таанышат. Кудайдын үч түрү бар. Адамга Адам болуп таанылган Кудай - Манас деп билишет. Бул мен ойлоп тапкан сөз эмес. Бул чындык.
- Демек Манасты эпостун каарманы эмес жашап өткөн кыргыз баатыры деп таанышыбыз керек экен да?
- Ооба , мен өзүм дал ошондой деп тааныйм. Маалымат бар эмеспи: "ман"- киши, "ас"- эс, эс - акыл, б.а эс - акылдын адам турпатында көрүнүшү. Эпостун өзүндө деле айтылат эмеспи: "Алты шердин кенжеси, Кудайдын сүйгөн пендеси" болуп келген Манас деп.
Дагы Кудайдын 99 аты бар, бир аты Манас дейт. Тегин жерден кеп чыкпайт да. Деги эле Манаста өзгөчө кубаттуу күч болгон. Ошол үчүн:
" Айың менен күнүңдүн,
Жаркынынан бүткөндөй.
Алтын менен күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй",- деп мүнөздөлөт.Ал эми бул өндүү улуу сөздөрдү ар ким эле көтөрө бербейт.Учурда башка элдер эмне үчүн кыргыздын өзүнө эмес "Манасына" асылып, талашып жатышат? Себеби алар кыргыз менен "Манастын" ажырым жашай албасын билишет. Касиеттүү кыргызга бүткөн күчкө да даай алышпай акырындык менен "Манастан" ажыратып, кыргызды жок кылуу планында иш кылып жатышат, түшүнгөн кишиге. Кыргыз "Манастан " ажыраса оңой жоголот.
- Кыргыз желегинин Манастын туусу менен алмаштырууга көз карашыңыз кандай?
- Бул идеяны толук колдойт элем. Учурда кыргыз желеги кандай чечмеленип калганы барыбызга белгилүү. Кыргыздар туусун бекитип, ачыкка чыгарганда казактар үч күн той кылышыптыр. Себеби алар көк түстү алышат, деп күтүп турганда биздин желек кызыл түс менен чыгып калган. Аңдып турган казактар дароо кыргыздын, Манастын көк түсүн ээлеп алышкан.
"Манаста" "көк асаба, кызыл туу" деп айтылат. Асаба- кездемеси, түсү көк, туу - асабанын сабы, түсү кызыл. Ошол үчүн "туу жыгылбасын", "туу сайылсын", "туу бийик турсун" деп айтылат.Жоокерчилик заманда тууга түпөк байланган. Түпөк - аттын кыл куйругунан жасалган чачы. Согуштун белгисин көргөзүп турган.
Ар нерсени кичинесинен башташ керек.Ал эми биздин кичинекей эмес килейген туубуз оңдуу жолго салынбай жатпайбы. Манас урпатары катары учурдагы кыргыз журтунун көк асаба, кызыл туусу болушу керек. Ушул өңдүү нерселер жолго салынып кыргыз дүйнөсү, Манас руху жана жазылбаган мыйзамдарды туу тутуп, туура аткарып жашасак эле бары жакшы болот.Кыргыз жоголот деген сөзгө эгерим ишенбейм.
Маектешкен Гүлайым Калыбекова