Асанкан Жуманалиев,
Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, манасчы:
"Манастын тушоосун
ким кескен?"
Там - туң баскан бул Манас,
Экиден жашы өттү эле.
Чыйырды менен кан Жакып,
өзгөчө жакшы көрчү эле.
Быдылдап бала сүйлөсү
Сүйүнгөндө ал экөө
Өпкөсүн чаап ийчү эле
Күлкүсү чыкса баланын
Каткырып кошо күлчү эле.
Күндөн-күнгө торолуп
Өскөнүн көрүп баланын
Коюнга батпайт кубанычы
Балакай ушул Манаста
Бир кемчилик бар эле
Там - туңдап бир аз басканча,
Чалынып көп жыгылчу
Мунусун көрүп Чыйырды
Жакып Ханга кеп айтат
Ханым, кулак салып угуп ал
Эгер тилим алсаңыз
Жылкыдан союп семизин
Аянбай союп коёлу
Кең Алайды жердеген
Кыргыздардын баарысын
Бүт чакырып коелу.

- 2-
Он беш менен жыйырма беш
Куракка келген балдарды
Жарышка мыктап салалы
Жаман ушул балаңдын
Ала жип байлап бутуна
Жарышка түшкөн балдардын
Алдына коюп коёлу,
Алдыга келген балага
Курч бычакты берели
Баланын кессин тушоосун
Жыгылбай дайым жүргүдөй
Тушоосун кескен баладан
Ак батасын алалы
Куру койбой кескенге
Төрт түлүктөн төрт тогуз
Батасына берели
Айткан сөзгө хан Жакып
Дароо макул болгону
Көп жылкыдан соёрго
Туубай калган үч бээни
Алдырып эми алганы
Торолсун балам чалынбай
Деп ушунтип ошондо
Курмандыкка чалганы
Канатташ болгон кыргызды
Бүт чакырып алганы.

- 3-
- "Тушоо кесүү тоюм деп
Келген элдин баарына
Жарыя айтып салганы
Айткан тилим аласын
Он беш менен жыйырма беш
Жашка чыккан уландар
Жарышка мында чыгасын
Тай чабым жерде бак болот
Жарышып мында келесиң
Алдыга келген Адамың
Бычакты менден аласың
Алдымда турган баламдын
Тушоосун кесип саласың
Чын ниет менен айтылган
Оюмдан чыккан жакшы сөз
Балама бата бересиң
Балама берген бата үчүн
Төрт түлүктөн төрт тогуз
Колумдан менин аласың",-
Деп ушунтип айтканда
Келген элдин ичинен
Байжигит өзү баш болгон
Тогуз бала чыкканы!

- 4-
Аларды алып алдыга .
Акбалта айдап жөнөдү
Тай чабым жерге жеткенде
Күлүгүң байге алгын деп
Акбалта бата бергени
Биринен бири озунуп,
Кээси калды чалынып,
Кээси күйүгүп артта калышып,
Томолонуп жыгылып
Тура албай калды кээ бири
Чай кайнам мезгил өткөндө
Байжигит барды алдыга
Бычакты колго алганы
Тушоону кесе салганы
Алакан жайып ошондо
Манаска бата бергени:
"Тушооң кестим, жыгылба,
Тизеңди айрып ыйлаба,
Тай кулундай жүгүрүп,
Сүрдөбөй жүргүн дайыма
Кабыргаң катсын болоттой
Кармаса колу өтпөстөй
Узак болсун өмүрүң
Элиңе пайдаң тийгидей
Теңирим дайым жар болсун!
Жаныңда кошо жургөндөй.

- 5-
Көтөруп баскын бутуңду
Чалынбай чырпык куурайга
Басканда жолуң болсун !
Колдоочуң жанда болгондой
Азганактай кыргызга
Эресеге жеткенде,
Душмандар каптап келгенде,
Дайыма коргон болгондой
Теңирим дайым колдосун!"
Деп ушунтип бата тартканда
Ошол жерде баарысы
Жашы менен карысы
Кошо бата бергени
Келгендердин баарысы.
Жакып берген этине
Тоюнушуп кетишти
Аман болсо бул бала
Алакандай кыргызга
Болуп калаар коргон деп
Оюнда ойлоп кетишти.
Жакып менен Чыйырды
Байжигитке ошондо
Төрт тогузду алдына
Салып айдап беришти
Жүгүрүшкөн балдарга
Кур койбостон баарына
Минээрине бир жылкы
Союп жегин үйдөн деп
Куйругу кучак көрүнгөн
Койдон бирден берди эми
Кем болбогун аба деп
Эмне ойлосоң ошого
Жете жүргүн аба деп
Келген балдар баарысы
Алакан жайып Жакыпка
Жакшы тилек ой менен
Бата берип кетишти.

Ырыскан апа, 75 жашта
Ат-Башы району:
Салт боюнча, там-туң басып, бир жашка толгон баланын тушоосу тушалбай басып кетсин-деп тушоосун кыркып коюшкан. Ак менен кара жүндү эшип, ак жүнүн оңду көздөй, кара жүнүн солду көздөй имерип, экөөнү беттеп туруп байлашат. Жаш баланын буттарын жеңил эле тушап коёт. Ак менен кара жүндү колдонуунун бир себеби, турмушта ак-кара,оң-сол,күн-түн эриш-аркак жүрөт. Мына ушул нерселерге туруштук берген балдардан болсун-деген ниетте, колдонулуп келе жаткан салттардын бири. Атасы тараптан мал союлуп эл чакырылат. Тезтиер балдарды чуркатышып,биринчи келгени, энелердин колундагы бычакты алып, тушаган жипти кыркып коёт.
Ата-энеси: "Өмүрүң узун болсун!
Арышың арыштуу болсун!
Жолуңда тоскоолдуктар болбосун!
Ак жолуң ачык болсун! - деп бата тилешкен.
Биринчи келгенге,ошол бычак менен байгенин эң баалуусу тапшырылат. Мурда баалуу таштар менен шөкөттөлгөн, күмүш сап бычактар тартууланып, баалуу бычактын өзү эле бир тайлык же андан да кымбат болгон. -Бул баланча кишинин баласынын тушоо тоюнан келген бычак-деп сактап коюшат. Учурда айыл жеринде, чамасына жараша,биринчи орунга козу-улак,велосипед берип жүрүшөт.Ал эми мурун тай, кой энчилеп, чапан, чепкен жабышкан.