![]() | ![]() Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити №62, 19.08.08-ж. |
Менчиктештирүү инвестиция тартууга өбөлгө Турсун Турдумамбетов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга, өлкөнүн экономикасына атамекендик жана чет өлкөлүк капиталды тартууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы экономикалык саясатынын негизине коюлган артыкчылыктарынын бири - республиканын ири өнөржай объекттерине натыйжалуу, узак мөөнөттүү инвесторлорду тартуу болуп саналат. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин алдына койгон жаңы экономикалык программада "Ички ресурстарды пайдалануу, тышкы инвестицияларды тартуу жана аларды айкалыштыруу" каралган. Ушуга байланыштуу маанилүү учурлардын бири - бул өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү тенденциясында керектөөчү-лүктөн инвестициялык экономикага өтүү. "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамга Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жана "Стратегиялык объекттер" жөнүндө жаңы мыйзамдын кабыл алынышы экономикалык реформалар жолундагы маанилүү кадам болуп калды. "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менчиктештирүүнүн жаңы этабын баштоого мүмкүндүк берет, менчиктештирүү процессин тездетет жана экономикалык максатка ылайыктуулугун аныктайт. Аталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы Кыргыз Өкмөтү тарабынан бекитилет. Учурда "2008- 2012- жылдарда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы" Маммүлккомитети тарабынан иштелип чыкты жана бардык кызыкдар органдар, КР стратегиялык башкаруу боюнча координациялык кеңеши менен макулдашылып, аны Кыргыз Өкмөтүнө кабыл алуу үчүн киргизүү сунушталды. "Стратегиялык объекттер жөнүндө" мыйзамда Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында стратегиялык объекттердин укуктук негиздерин аныктоо жана жөнгө салуу биринчи жолу аныкталган. Улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында бул мыйзам менчиктин мамлекеттик, муниципалдык түрү сыяктуу эле жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүнө да тиешелүү. Бул мыйзамда стратегиялык объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Өкмөтү тарабынан аныкталары белгиленген. Сөз болуп жаткан мыйзамдын негизги максаты Кыргыз Өкмөтү тарабынан улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталган стратегиялык объекттердин иштөө жана пайдалануу режимине атайын талаптарды белгилөө болуп саналат. Эгерде менчик ээси муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндөгү стратегиялык объектти сатууга ниеттенсе, анда ал объектти сатып алууга Кыргыз Өкмөтү артыкчылыктуу укукка ээ болот. Ошондой эле, Маммүлккомитети тарабынан 2008-2012 - жылдарда мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү программасы иштелип чыкты. Анын кабыл алынышы мамлекеттик мүлктү башкаруунун сапатын жогорулатуу жана жүргүзүлүп жаткан структуралык кайра түзүүлөрдүн экономикалык жактан натыйжалуулугун күчөтүү боюнча комплекстүү мамиле жасоону киргизүү зарылдыгына негизделген. Биринчи жолу Маммүлккомитети тарабынан системалык негизде маммүлктү башкаруу сапатын жогорулатуу боюнча саясат иштелип чыкканын белгилей кетүү керек. Мурда Маммүлккомитети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү концепциясынын орто мөөнөттүү программаларын иштеп чыгуу менен гана чектелип келген. Ал эми ишке жаңыча мамиле жасоо системалык негизде мамлекеттик активдерди пайдалануунун жыйынтыктуулугу жана натыйжалуулугу сыяктуу көрсөткүчтөрдү күчөтүүгө мүмкүндүк берген факторлордун бардыгына таасир этүүгө мүмкүндүк берет. Мында мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын кирешелерин жогорулатуу жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, менчиктештирүүчү мамлекеттик компанияларга инвестицияларды көбөйтүү жана чыгашалуу ишканаларды кайра калыбына келтирүү маселелери каралган. Бул программанын башкы максаты- мамлекеттик менчиктин түзүлүшүн реформалоо жүргүзүүдө мамлекеттин мүлкүнүн экономикалык жактан натыйжалуулугун көбөйтүү, маммүлктү башкаруу сапатын жакшыртуу. Бүгүнкү күндө мамлекеттин менчигиндеги көптөгөн ири өнөр жай ишканалары, алардын ичинде энергетика, телекоммуникация объекттери инвестициялык салымдарга муктаж. Учурда энергия жабдууларынын техникалык абалы, өзгөчө төмөнкү чыңалуудагы электр бөлүштүрүүчү тармактар инвестиция салууну талап кылат. Анткени, жыл сайын электр бөлүштүрүүчү тармагына басым өсүп жатат. Алар электр энергиясы менен эски абоненттер менен бирге, жаңы абоненттерди да камсыздоосу зарыл. Өлкөбүздө жаңы административдик имараттар жана объекттер, көп кабаттуу турак үйлөр, бүтүндөй бир турак жай массивдери курулуп жатпайбы. Өткөн жылы Жогорку Кеңеш тарабынан 1998-жылы кабыл алынган "Кыргызэнерго" ААКны мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын аяктоочу, 4-этабы бекитилген. Бул этапта "Түндүкэлектр" АК жана "Бишкекжылуулуктармак" АКга инвестицияларды тартуу каралган. Андан тышкары, Жогорку Кеңеш Камбарата ГЭСтеринин курулушун аяктоого, Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун (ТЭЦ) модернизациялоого, менчиктештирүүгө жана инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берген чечим кабыл алган. Учурда "Түндүкэлектр" АК, "Бишкекжылуулуктармак" АК, Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) мүлк комплекси боюнча көз карандысыз баалоочу компаниялар тарабынан баалоо иштери жүрүп жатат. "Түндүкэлектр" АК, "Бишкекжылуулуктармак" АК акцияларынын мамлекеттик пакетинин жана Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) мүлк комплексинин баасы аныкталгандан кийин баалоонун жыйынтыгы ведомстволор аралык баалоочу комиссияга кароого берилет. КР Өкмөтүнүн чечими менен конкурстун негизги шарттарынын негизги параметрлерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Аны КР Өкмөтү жактырып, жогоруда аталган ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакетин жана Бишкек шаарынын ТЭЦ мүлк комплексин сатуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган соң Маммүлккомитети тарабынан белгиленген тартипте инвестициялык конкурс жарыяланат. "Электр станция" ААК, Кыргызстан УЭТ" ААК мыйзамга ылайык менчиктештирилбейт. Алар мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар ишкана катары мамлекеттин карамагында калат. Жогорку Кеңеш бекиткен "Кыргызтелеком" ААКны кайра уюштуруу, мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү концепциясына жана "Кыргызтелеком" ААКнын мампакет акцияларын менчиктештирүү жөнүндө" Өкмөттүн токтомуна ылайык аталган акционердик коомдун акцияларынын 77,84%ын сатуу боюнча инвестициялык конкурс жарыяланды. Конкурс үстүбүздөгү жылдын 27- августунда болот. Инвестициялык конкурстун негизги шарттарына - максималдуу инвестицияларды салуу, телефону жок айылдарды телефондоштуруу, толук сандык тармакка өтүү, республиканын бардык калктуу конуштарына мамлекеттик теле жана радиоканалдардын берүүлөрүн камсыздоо, Өкмөттүн токтому менен бекитилген тарифтик план саясатына шайкеш келиши жана башкалар кирет. Конкурска рынокто беш жылдан кем эмес иштеген, жакшы баага татыган, жылдык жүгүртүүсү 100 миллион доллардан кем эмес, инвестиция салууда тажрыйбасы бар телекоммуникациялык компаниялар, компания-холдингдер, институционалдык инвесторлор катышууга укуктуу. Мамлекеттик ири объекттерди менчиктештирүүдө кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган, инвестициянын өлчөмү жогору жана бизнес планы жакшы инвесторлорго артыкчылык берилет. Объектке инвестиция тартууга, өндүрүштү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө, натыйжалуу башкарууга жана мамлекеттик бюджетке зарыл керектүү каражат алууга негизги басым жасалат. Кудуреттүү инвесторлорду тандоодо алар этаптар боюнча кылдат текшерүүдөн өтүшөт. Жаңылыштыкка жол бербөө үчүн инвестициялык макулдашуу түзүүдө өлкө үчүн пайдалуу болгон шарттарды коюу зарыл. Мамлекеттик менчикти сатып алгандардын инвестициялык милдеттенмелерине чоң маани берилет. Башкача айтканда, инвестиция салуу, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү, жумуш орундарын түзүү, жаңы технологияларды киргизүү маанилүү. Айрым учурларда инвесторлорду табуу кыйынчылык туудурат. Анын себеби, шартталган суроонун жоктугунда, баарынан мурда, ишканалардын карыздарынын өтө эле көп болгондугунда. Мисалы, "Буудай-Токмок" ААК жана "Буудай - Карабалта" ААК акцияларынын мамлекеттик пакети бир нече ирээт инвестициялык конкурстарга жана аукциондорго коюлган. Бирок, аларды сатып алууга билдирүүлөр түшкөн жок. Алардын Европалык өнүктүрүү банкына карызы тийиштүү түрдө 4223,43 миң АКШ долларын жана 3715,4 миң АКШ долларын ал эми ички карыздары 24024,6 миң сомду жана 22357,12 миң сомду түзөт. Маммүлккомитети келишимде каралган милдеттенмелердин жаңы менчик ээси тарабынан аткарылышын такай байкоого алып турат, өткөн жылы ишканаларга салынган инвестициялардын өлчөмү 2 миллиард сомго жакын болду. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 6 айында 788,7 миллион сомду түздү. Ошентип, Маммүлккомитетинин ишмердүүлүгүнүн башкы мааниси мамлекеттик менчикти башкаруу жана менчиктештирүүдө натыйжалуу саясат жүргүзүү болуп саналат, бул көп кырдуу рынок экономикасынын өнүгүшү жана республиканын туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн шарт түзүүгө мүмкүндүк берет. Дан эгиндеринин тартыштыгы күтүлбөйт Учурда республиканын бардык жерлеринде оруп-жыйноо аракеттери жүрүп жатат. Рынок шартында өзгөчө дан азыктарына болгон баалардын өсүшү, тартыштыктын күчөшү элди бир топ тынчсыздандырып келсе, бул көрүнүш өзгөчө кубандыруучу жаңылыктар менен толукталып отурат. Тагыраак айтканда, келерки жылы азык-түлүккө болгон тартыштык, быйылкыдай баалардын өсүшү күтүлбөйт. Айрым божомолдор боюнча ушул жылы дүйнөдө 43,7 млн. тоннадан ашык буудай өндүрүлөт. Бүгүнкү күндө буудайдын дүйнөлүк баасынын арзандай башташы байкалууда. Адистердин айтымында, жыйым-терим убагында буудайды талаадан дүңүнөн арзанга сатып алуу көбөйүп, базарга келгенде анын килограммына 3-4 сом гана кошулат. Азыр буудайдын базардагы баасы - 18-20 сом. Бул толук тазаланбаган буудайдыкы. Ал эми тазасы - 25 сомго чейин турат. Өкмөт элден буудайды 17 сомдон сатып алаарын билдирген. Кампага чейин алып келип төгүп берген чыгымдар да дыйкандардан болсун дейт. Ал эми дыйкандардын айтымында мамлекет азыр кечигип жатат. Бүгүнкү күнү буудайдын баасы 18 сомдон 25 сомго чейин болуп кетсе, мамлекеттик резерв 17 сомдон алабыз деп коюп камырабай жатышканы таң калтырууда. Эгерде, буудайдын килограммы базардын дүң баасында алганда 18 сомдон ылдый жок болуп жатса, ким барып мамлекеттик резервдин кампасына 17 сомдон төгүп берет. Бул жагын да эске алуу керек. Өкмөт буудайдын баасын 17 сомдон деп аныктаган менен мамлекеттин кампасына төгүп бере турган чыгымдардын баарын дыйкандар өздөрү көтөрүп, ашыкча чыгым тарткылары келеби?!. Базардагы сатуучулар фермерлерди убара кылбай, алардын короосуна чейин барып, рыноктогу ыңгайлуу баа менен сатып алышып жатса, мындан улам чыгым тартып, мамлекеттин кампасына ташыган ыктыярдуу фермер да табылбайт го. Быйылкы жылы жалпысынан дан эгиндери 528,7 миң гектарга эгилген. Анын 392,5 миң гектарын буудай, 136,2 миң гектарын арпа түзөт. Дан эгиндеринин жалпы дүң жыйымы 792 миң тонна деңгээлинде белгиленген болсо, анын ичинде буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына орточо 24,6 центнерден айланууда. Божомолдорго караганда, 2008- жылы 800 миң тоннага жакын буудай жыйналып алынмакчы. 300 миң тонналык тартыштык импорттун эсебинен жабылат. Өлкөбүздөгү азык-түлүк рыногундагы кырдаалды туруктуу кылуучу, биринчи кезекте керектелүүчү азык-түлүктөр менен калкты үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү аракеттер жасалып жатканынан кабарыбыз бар. 30 миң тонна буудайды мамлекеттик резервде сактоого 400 млн. сом, 10 миң куб метр дизелдик майды сатып алып матрезервде сактоого 205 млн. сом бюджеттен каралды. Мунун баары бир жылдык камылга болуп эсептелинет. Д. Турдугулова, "Эркинтоо". |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|