Караңгы түн, каран күнКанаты кайрылган учак 24август күнү кечки саат 20.30да эл аралык "Манас" аэропортунан Иран Республикасынын "Asseman аir" авиакомпаниясынын "Боинг 737" самолету расписание боюнча Бишкек Тегеран багытындагы рейсти аткаруу үчүн абага көтөрүлгөн. Бирок, бат эле 20.35те экипаж техникалык себептен улам кайра жерге конуу жөнүндө аэропортко байланышка чыккан. Арадан 8 мүнөт өткөндөн кийин 20.43тө авиалайнер аэропортко жетпей Сокулук районунун "ЖаңыЖер" айылынын аймагына кулап түшүп талкаланып, өрттөнүп кеткен. Самолеттун бортунда 83 жүргүнчү, 6 экипаждын мүчөлөрү жана "Asseman аir" авиакомпаниясынын 1 өкүлү болгон. 83 жүргүнчүнүн 24ү Кыргызстандын, 52си Ирандын, экөөсү Канаданын, бирөө Түркиянын, үчөөсү Казакстандын жана бирөө Кытайдын атуулдары болгон. 3-бетте Жүргүнчүлөрдү ташыган "Боинг737" самолетунун кыйрашынын кесепетинен каза болгондор боюнча Кыргыз Республикасында 2008жылдын 26августун аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2008жылы 24августта кечинде эл аралык "Манас" аэропортунан алыс эмес жерде болгон авиакатастрофанын кесепетинен Бишкек Тегеран авиакаттамы боюнча бараткан "Боинг 737" авиалайнери кыйраган. Авиакатастрофа Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле чет мамлекеттердин жарандары болуп саналган айрым жүргүнчүлөрдүн өлүмүнө алып келген, бул авиакатастрофада жапа чеккендерге кечиктирилгис жардамдар көрсөтүлүп жатат. Курман болгондор боюнча терең кайгыруу билдирип, алардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып жана кайгысын бөлүшүү менен токтом кылам: 1. Жүргүнчүлөрдү ташыган "Боинг 737" самолетунун кыйрашынын кесепетинен каза болгондор боюнча Кыргыз Республикасында 2008жылдын 26августу аза күтүү күнү деп жарыялансын. 2. Аза күтүү күнү зарыл ишчаралар жүргүзүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: төмөнкүлөрдү жасоо боюнча болгон чараларды көрсүн: авиакатастрофанын кесепетинен жарандары курман болгон же жапа чеккен чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен өз ара макулдашылган аракеттерди жасоо; курман болгондордун жана жапа чеккендердин үйбүлөлөрүнө жардам көрсөтүү, авиакатастрофанын залалдарын жоюу; атайын өкмөттүк комиссия тарабынан авиакатастрофанын себептерин иликтөөнүн натыйжасы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу самолеттордун учуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин жүргүзсүн. 4. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008жылдын 25августу. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|