![]() | ![]() Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити №64, 26.08.08-ж. |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 15 жыл "Социалдык фонд пенсионерлерге камкордук көрөт"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Марат Султанов: Пенсия системасы өлкөнүн жарандарын пенсияга чыккандан кийин социалдык жактан коргоонун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында пенсия системасы андан аркы реформалоонун Концепциясынын негизинде өнүгүп келген. Ошондуктан атуулдарды социалдык жактан коргоонун жана камсыздандыруунун мамлекеттик кепилдиктерин бекемдөө жолу менен жакыр турмушта жашаган ардагерлердин проблемаларын чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Марат Абдыразакович Султанов үстүбүздөгү жылдын башында 20082010жылдарда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өнүгүшүнүн 3 жылдык программасын иштеп чыгып, атайын токтом кабыл алган. Ток этер жерин айтсам, Марат Абдыразакович Соцфонддун ишин жакшы жолго коюп, пенсия системасын реформалоодо натыйжалуу иштерди жүргүзүп жатат. Мында албетте, Соцфонддун ишин алга жылдырууда бул тармакта дасыккан адис Жыпара Садыковна Чаначева жетектеген Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджет жана пенсия саясаты башкармалыгы демилгелүү аракеттери менен үзүрлүү жана жемиштүү иштеп жатышкандыгын реформалоо боюнча аткарылып жаткан жигердүү иштеринен билсек болот. Анда эмесе, Соцфонддогу алгылыктуу иштер жөнүндө ырааты менен сөз кылмакчыбыз. Социалдык фонддун өнүгүшүнүн программасы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өнүгүшүнүн 3 жылдык программасынын негизги максаты пенсионерлердин проблемаларын чечүү жолу менен жакшы жашоосун камсыз кылуу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун бекемдөө болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Марат Султанов ар дайым республикабыздын атуулдарынын карылыкка жеткен убакта келечекте ала турган пенсиясын камсыз кылуу үчүн пенсиялык чогултуу системасын киргизүү менен алдын ала камкордуктарды көрүп келет. Албетте, пенсия жашына келген адамдын пенсиясы алардын Соцфондго камсыздандыруу взносторунун келип түшүшүнө байланыштуу. Эгерде, атуулдардын эмгек акысынан тапкан кирешеси жогору болуп, социалдык чегерүүлөрдү Соцфондго көп төлөсө, пенсиянын өлчөмү ошого жараша болот. Анан эмгек стажынын үзгүлтүксүз болушу да пенсияга чыкканда пенсия дайындоодо, кайра эсептөөдө эч кандай проблемаларга туш болбойт. Мына ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджет жана пенсия саясаты башкармалыгы жогорудагы документке пенсия системасынын өнүгүшүнүн негизги приоритети катары пенсиялык камсыздандыруунун деңгээлин жогорулатуу үчүн пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн туруктуу көбөйтүп туруу жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоону; чет өлкөдө эмгектенген Кыргызстандын мигрантатуулдарынын социалдык жактан камсыздандыруусун; Соцфонддун финансылык туруктуулугун бекемдөө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруусунун тариф саясатын өркүндөтүүнү; пенсиялык чогултуу системасын киргизүүнү; ошондой эле патенттик негизде жалданып иштегендер үчүн камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторуна төлөнүшүн бекитүү сыяктуу маселелерди киргизген. Дегинкиси, пенсиялык системаны реформалоо көбүн эсе өлкөнүн экономикалык жактан өсүшүнө, атуулдардын кирешесинин реалдуу жогорулашына, пенсиялык системанын негизги кирешеси болгон камсыздандыруу взносторунун келип түшүшүнө байланыштуу болот. Бул проблемаларды чечүү үчүн өнүгүүнүн стратегиясы пенсиялык системаны реформалоонун негизги багыттарын аныктайт. Бюджет, пенсия саясаты башкармалыгы Соцфонддун стратегиялык саясатын аныктайт "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Социалдык фонддун Жобосуна ылайык, Социалдык фонддун бюджет жана пенсия саясаты башкармалыгы өзүнө тагылган приоритеттүү тапшырмалардын бири катары Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруусунун өнүгүүсүнүн келечегин аныктайт, республикадагы пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды иштеп чыгууга сунуштарын киргизет жана ага байланыштуу мыйзам долбоорлорун даярдайт, КМШ жана алыскы өлкөлөрдөгү социалдык камсыздандыруу системаларын салыштыруу боюнча талдоо жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын жогорку бийлик органдары, министрликтер менен ведомстволор ортосунда пенсия жана социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча тыгыз байланышта иш жүргүзөт, республикадагы социалдыкэкономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүн талдап, Социалдык фонддун бюджетинин кыска аралыктагы жана келерки жылдагы долбоорун иштеп чыгат, пенсияны көбөйтүүнүн экономикалык эсебин жана мыйзам долбоорун даярдайт. Ошондой эле Социалдык фонддун ишмердүүлүгүнө байланыштуу мына ушул багыттагы эң жооптуу көптөгөн иштерди төраганын жетекчилиги астында аткарат. Тактап айтканда, пенсия системасын жакшыртуу үчүн аны түптамырынан реформалоо иштеринен баштап, Социалдык фонддун өнүшүнүн стратегиялык саясатын аныктап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Өкмөттүн аппараты, Жогорку Кеңеш, эл аралык финансы институттары менен өнөктөштүк негизде, биргелешип иш алып барат. Ошондуктан, бюджет жана пенсия саясаты башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин кыймылдатып, алдыга жылдырган "мозговой центр" болуп калышы бекеринен эместир. Мында Социалдык фонддун саясатын жүргүзүүдө башкармалыктын башчысы Жыпара Садыковна Чаначева мыкты стратег, өзүнүн профессионалдык деңгээлин көрсөтө алган жетик жетекчи катары ага баа берсе болот. Анткени, Социалдык фонддо жасалып жаткан иштердин бардыгы бюджет жана пенсия саясаты башкармалыгына түздөнтүз байланыштуу. Пенсиялык камсыз кылуу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу облусундагы макулдашылган саясатын жүзөгө ашырууда Соцфонддун финансылык туруктуулугун жана жарандардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруусун камсыз кылуудагы бул иштерди башкармалыктын стратегиялык пландоо жана бюджетти түзүү бөлүмдөрү менен актуардык моделдештирүү сектору дыкаттык менен эффективдүү жүргүзүшүп келүүдө. Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлөт Пенсиянын базалык бөлүгү калктын жакырчылыктан коргоонун механизми жана мамлекеттик гарант катары белгиленген. Пенсиялык реформанын алгачкы этабында пенсиянын базалык бөлүгү 200 сомду түзсө, 2007жылы 360 сомго жеткен. Бүгүнкү күндө азыктүлүккө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, транспортко болгон баалар күн сайын өсүп, жылдын этегине чейин инфляциянын деңгээли көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу мындай шартта ардагерлерди аз өлчөмдөгү базалык пенсия менен багууга болбой калды. Ошондон улам Соцфонддун жетекчилигинин демилгеси, түздөнтүз катышуусу жана жардамы менен ардагерлердин турмуш деңгээлин көтөрүү максатында акыркы үч жылда пенсиянын көлөмү жылына эки жолудан такай көбөйтүлүүдө. Тактап айтканда ар жылдын башында пенсиянын базалык бөлүгү, анан камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлүп жатат. Буга далил катары өткөн жылы Социалдык фонддун бюджет жана пенсия саясаты башкармалыгы пенсияны инфляциядан коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, ал Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, эми пенсиянын көлөмүн мындан ары жогорулатууга мыйзам чегинде жол ачылгандыгын айтсак болот. Өткөн жылы 1октябрдан баштап пенсия 10 пайызга көбөйтүлүп, кошумча керектөөнүн суммасы 150 млн. сомдон ашык сумманы түзүп, ал пенсиялык фонддун эсебинен каржыланган. Пенсияны көбөйтүү ушуну менен эле токтоп калган жок. Бүгүнкү күндө баалар күн сайын асмандап, инфляциянын өсүшүнө жана пенсия жашынын төмөндөп, өлкөдө пенсионерлердин көбөйүп жатышына карабастан Социалдык фонд пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү сунушу боюнча бюджет жана пенсиялык саясат башкармалыгы даярдаган мыйзамдын долбоорлорун мамлекет башчысынын кароосуна киргизген. Себеби, азыр рынок шартында республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү абдан төмөн. Улуттук банк 2008жылы инфляциянын деңгээли 1215%ды түзөт деген маалыматтан мурда эле бюджет, пенсиялык саясат башкармалыгы пенсияны көбөйтүүнү алдын ала пландаштырышып, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө даярдашкан Жарлыктын долбоору мамлекет башчысына сунушталган. Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Марат Султановду кабыл алган мезгилде азыркы кезде жүрүп жаткан инфляцияга байланыштуу пенсиянын өлчөмүн 27%га көбөйтүүнү тапшырган. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2008жылдын 1январынан баштап пенсиянын базалык бөлүгү 450 сом өлчөмүндө белгиленип, тактап айтканда базалык бөлүгү 11 пайызга көбөйүп, базалык бөлүктү көбөйтүүнүн кошумча керектөөсү жылдын аягына чейин 306 млн. сомду түзүп, ал пенсиялык фонддун эсебинен каржыланууда. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин "Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" 2008жылдын 10июнундагы Жарлыгына ылайык, 2008жылдын 1июлунан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 пайызга көбөйтүлүп, дагы кошумча керектөө 201 млн. сомду түздү. Ошондой эле Президенттин "Электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" 2008жылдын 5июнундагы Жарлыгына ылайык, 1июлдан баштап мурда белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү 12 сомго көбөйтүлгөн. Ошентип, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эсепке алганда 2008жылдын 1июлунан баштап республика боюнча пенсиянын орточо көлөмү айына 1241 сомду түздү. Азыр Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилиги пенсияны өзүнүн бюджетинин эсебинен көбөйтүү үчүн фонддун киреше бөлүгүнө камсыздандыруу взносторунун көп келип түшүшүн камсыз кылып, мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүп жатат. Буйруса, 1октябрдан баштап пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү инфляциядан төмөн эмес деңгээлде көбөйтүлмөкчү. Мындай жемиштүү иштерди ардагерлердин пенсиясын жогорулатуу үчүн Социалдык фонддун көргөн камкордугу, ишинин натыйжасы деп билсек болот. Эми 2009жылы да пенсияны жогорулатуу жаңы сапаттык деңгээлде, бир жылда эки жолу жүргүзүлмөкчү. Жогоруда айтылгандай пенсиянын базалык бөлүгү калкты жакырчылыктан коргоонун механизми жана мамлекеттик гарант катары белгиленгендиктен, 2011жылдан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүн каржылоону республикалык бюджетке этапэтабы менен өткөрүү маселеси Жогорку Кеңеште каралып, Мыйзам чегинде биротоло чечилиши керек. Ансыз деле жыл сайын Социалдык фонд пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйткөндө базалык бөлүгүнүн чыгаша бөлүгү абдан чоң сумманы түзүп, пенсиялык фонддун структурасындагы социалдык камсыздандыруунун принциптерине туура келбейт. Ошондуктан, өлкөдөгү экономикалык абалга байланыштуу, пенсиянын базалык бөлүгүн республикалык бюджетке өткөзгөн шартта 20102011жылдары пенсиянын базалык бөлүгүнүн деңгээлин (эл аралык эмгек уюмуна сунуш кылынгандай) 40 пайызга жеткирүүгө болот. Эгерде, пенсиянын базалык бөлүгү толук республикалык бюджетке өтсө, анда Социалдык фонд келечекте пенсиянын орточо өлчөмүн бюджеттин минималдык керектөөсүнүн деңгээлине чейин көтөрүүгө болгон аракетин жасай алат. Милдеттүү чогултуучу элементтер киргизилет Социалдык фонддо Кыргыз Республикасынын пенсия системасын реформалоонун Концепциясына, өнүгүүнүн стратегиясына жана үч жылдык программасына ылайык, аракеттеги пенсия системасына милдеттүү чогултуучу элементтерди этапэтабы менен киргизүү каралууда. Ушул жерден баса айтып кетүүчү жагдай пенсиянын милдеттүү чогултуучу бөлүгүн түзүү иштегендер төлөгөн 2 пайыздын эсебинен жүргүзүлөт жана ал чогулган пенсиялык каражат иштегендердин менчиги болуп саналат. Азыр Кыргыз Республикасынын пенсия системасына чогултуучу элементтерди киргизүү максатында Соцфонддо бюджет, пенсиялык саясат башкармалыгы тарабынан атайын ишчаранын планы иштелип чыккан. Пенсия системасына чогултуучу элементтерди киргизүү маселеси 2008жылы 8августта Кыргыз Өкмөтүнүн кеңешмесинде каралып, мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеште жактырылган. Эми, пенсия системасына чогултуучу элементтерди 2009жылдан баштап киргизүү пландаштырылууда. Пенсия системасына чогултуучу элементтерди киргизүүнүн башкы максаты Кыргызстанда пенсиялык камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу, келечекте пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугуна жетишүү, экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылууга байланыштуу өлкөнүн экономикасына инвестиция катарында пенсиялык активдерди тартуу. Чогултуучу элементтердин системасын киргизүү пенсияга чыгуу алдында жогорку пенсия алууга, рынок капиталын стабилдештирүүгө жана түзүүгө, экономикага салынган үлүштү көбөйтүүгө, ошондой эле пенсиялык активдердин инвестициясынын эсебинен экономикалык өсүшкө жетүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Учурда чогултуучу элементтердин системасын киргизүү үчүн бюджет, пенсиялык саясат башкармалыгында тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу каралууда. Бир сөз менен айтканда, пенсиялык камсыздандыруунун деңгээлин жогорулатуу боюнча Социалдык фонд көрүп жаткан чаралардын бири профессионалдык корпоративдик жана ыктыярдуу жеке пенсиялык камсыздандырууну милдеттүү түрдө чогултууну өнүктүрүү болуп саналат. Мына ушул багыттагы иштер Марат Султановдун жетекчилиги, түздөнтүз катышуусу менен жүргүзүлүп жатат. Пенсияга чыгуу -атуулдардын камсыздандыруу стажына байланыштуу 2007жылдын 18апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өткөн чакырылыштагы депутаттары "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алышып, аталган Мыйзам күчүнө кирген. Тактап айтканда депутаттар жалпы элдик талкууга койбой, элдин пикирин эске албай эле пенсияга чыгуу курагын эркектердикин 60, аялдардыкын 55 жашка төмөндөтүп коюшкан. Натыйжада пенсионерлердин саны дагы толукталып, Социалдык фонддун бюджети үчүн абдан чоң кыйынчылыктарды алып келген. Өткөн жылы пландан тышкары он миңдеген пенсионерлер кошулуп, 2007жылы пенсияны төлөп берүүнүн кошумча керектөөсү 308,8 миллион сомду түзгөн. Ал эми 2008жылы пландан тышкары дагы он миңдеген пенсионерлер кошулуп, алардын саны 520 миңден ашып кеткен. Ошол эле учурда пенсионерлердин жаңы армиясы менен толукталган Соцфондго көп миңдеген пенсиялык өздүк делолор келип түшүп, жаңы пенсия дайындоо, кайра эсептөө боюнча толгон токой оор түйшүктөрдү жаратты. Ошентип, Жогорку Кеңеш пенсия жашын төмөндөтүп салгандан соң, бир жарым жылдан ашуун убакыт коомчулукта пенсияга чыгуу курагы чоң талаштартышты туудуруп келди. Себеби, бүгүнкү күндө пенсия жашын депутаттар төмөндөтүп салган курактай калтырууга азыр биздин эгемендүү өлкөбүздө Совет мезгилиндегидей мүмкүнчүлүк, шарт жок болуп турат. Мында сөзсүз атуулдардын бардык социалдык жагдайларына көңүл бурушуп, каралышы керек эле. Азыркы мезгилде адамдардын жашоотурмушу, социалдык маселелери күн тартибиндеги эң көйгөйлүү маселе катары тургандыктан, эптеп иштеп, үйбүлөсүн багып жаткан адамдардын иш ордун сактап калуу максатында мурдагы пенсия курагын кайра өз ордуна келтирүү зарылчылыгы келип чыкты. Муну турмуш өзү талап кылууда. Союз мезгилинде адамдар бакубат, жыргал турмушта жашашып, пенсияга чыккан ардагерлер татыктуу эс алып, бактылуу карылыкты баштан кечиришип, пенсия курагына азыркыдай эч ким деле чоң маани беришпеген. Ал мезгилде алган пенсиясы бардыгына жетип, пенсия системасында эч кандай проблемалар болчу эмес. Пенсия жашынын төмөндөшү Соцфонддун бюджетине абдан оорчулукту алып келүүдө. Натыйжада, Соцфонддо бюджет дефицит болуп, 20082009жылдары Соцфонддун чыгаша бөлүгү пенсиялык фонддун жыл сайын чогулган киреше бөлүгүнүн 25 пайызын же 2 млрд. сомду түзөт. Мына ушундай кыйын учурда абалдан чыгуу үчүн пенсияга чыгуунун эң ийкемдүү жолу менен тандалып алган мыйзам долбоору Соцфонддун бюджет, пенсиялык саясат башкармалыгы тарабынан иштелип чыгып, коомчулуктун колдоосуна ээ болуп, азыркы чакырылыштагы депутаттар пенсияга чыгуу курагы боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү кайра уламулам карашып, бир добуштан кабыл алышты. Натыйжада, пенсияга чыгуунун ийкемдүү курагы каралган Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип кабыл алынган Мыйзам 2008жылдын 18июлунда күчүнө кирген. Эми, пенсияга чыгуу укугу атуулдардын камсыздандыруу стажына байланыштуу болот. 25 жыл камсыздандыруу стажы бар эркектер 63 жаштан, ал эми 20 жыл камсыздандыруу стажы бар аялдар 58 жаштан пенсияга жалпы негизде чыгышмай болушту. Андан сырткары жашы боюнча эрте пенсияга чыгуучулар, алыскы климаттык оор шартта иштегендер, тоолуу өрөөндөгү жашоочулар, үч жана андан көп баласы бар аялдар сыяктуу категориядагылар үчүн камсыздандыруу стаждарына карата жаш курактары өзүнчө каралган. Азыр пенсияга категориясына жараша чыгууга мыйзам чегинде жол ачылды десек болот. Албетте, бул категориядагылардын жаш курагы Соцфонддун бюджет, пенсия саясаты башкармалыгы тарабынан ар тараптан толук изилденип, мыйзамда каралган эрежелерге ылайык, пенсияга чыгуу жашы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам базасынын күчтүү болушу -мезгилдин талабы Кайсы тармакта иштеп, иш алып барбайлы, ошол тармактын көйгөйлүү маселелерин, проблемаларын чечүүгө түрткү боло турган жетекчиликке ала турган нормативдикукуктук актылар, мыйзамдар болмоюнча, канчалык жанталашып иштесең да оң натыйжасын бербейт. Ошондуктан, иштин эффективдүү болушу үчүн мыйзам базасы күчтүү болушу жана учурдун талабына шайкеш келиши мезгилдин талабы. Мына ушул жагдайды алып караганда Марат Султанов Соцфондго жетекчи кызматка келээр замат юридикалык башкармалыктын ишин жандандыруудан баштаган. Соцфонддун юридикалык башкармалыгы бюджет, пенсия саясаты башкармалыгы менен бирдикте буга чейин колдонулуп келген эски мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, алымча, кошумчаларды киргизүү боюнча жана жаңы мыйзамдардын, нормативдикукуктук актылардын жаңы долбоорлорун даярдап, Жогорку Кеңеште кабыл алуу үчүн анын үстүндө тынымсыз биргелешип иш алып барышууда. Мына ушундай жигердүү иштердин натыйжасында Марат Султановдун жетекчилиги, түздөнтүз катышуусу менен үч мыйзамдын долбоору кайрадан иштелип чыгып, өзгөртүүлөр, алымча, кошумчалар киргизилип, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Азыр юридикалык башкармалык тарабынан дагы беш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна даярдалууда. Мындан сырткары юридикалык башкармалык тарабынан Социалдык фонддун бир катар токтомдору, нормативдикукуктук актылары иштелип чыгып, бекитилип, ошонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир катар токтомдору да кабыл алынган. Ал эми Соцфонддун бюджет, пенсия саясаты башкармалыгы бир катар мыйзамдардын, Указдардын, Концепциялардын, стратегиялык программалардын, Социалдык фонддун токтомдорунун жоболорунун, инструкцияларынын жаңы долбоорлору иштелип чыгып, ал нормативдикукуктук актылар Президенттин Администрациясынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталууда. Мына ушуга окшогон мисалдарды айта берсек абдан көп. Азыр республикадагы пенсия системасын жакшыртуу боюнча Марат Султанов жүргүзүп жаткан реформалар боюнча көп иштер алдыда турат. Анын өтөөсүнө чыгуу үчүн Соцфонддун ишин кыймылдатып, алдыга жылдырып турган бюджет, пенсия саясаты жана юридикалык башкармалыктары борбордук аппараттын башка башкармалыктары, структуралык бөлүмдөрү менен бул багытта тыгыз байланышта, тынымсыз чыгармачылык менен иштешүүдө. Бактыяр Оңолкан уулу, Ж.КАЗЫБОЛОТОВ (фото). |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|