email • архив • редакция  Башбарак   





Кадрдык өзгөрүүлөрдөн калк турмушу оңолсун
2009­жылдын башталышы менен Кыргызстандын жогорку бийлик тепкичтеринде бир топ кадрдык өзгөрүүлөр жүрдү. Маселен Медет Садыркулов өз арызы менен Президенттик Администрациянын башчылыгынан кетти. Анын ордуна коомчулукта реформатор­экономист аталган, учурунда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, мамлекеттик ар кандай жогорку кызматтарда иштеген Данияр Үсөнов келди.
Бул кызмат которуштуруулар коомчулукта ар түрдүү бааланып жатат. Бирок, "саясый интригалардан көрө экономиканы өстүрүүгө көбүрөөк көңүл бурулат" деген пикирлер арбын. Иосиф Сталин айткандай, кадрлар баарын чечээри анык. Эл арасында соңку кадрдык алмаштыруулар да кыйла оң пикирлерди жаратууда. Мисалы Кыргыз Республикасынын вице­премьер­министр кызматына Өктөмкан Абдуллаева келсе, анын ордуна эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп өз ишин тың билген айым Назгүл Ташпаева дайындалды. Ал эми Тажикан Калимбетова өзү мурда иштеп кеткен Соцфондго төрайым болуп калды. Ошондой эле Улуттук банктын төрагасы жана финансы министри болуп иштеген, Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын да аркалаган, дээринен күчтүү финансист саясатчы Марат Султановдун каржы министри болуп дайындалышы кадрдык туура жүрүштөр катары бааланууда.
Өлкө башчысынын ушундай кадамдарга барышы ­ дүйнө жүзүн каптап келаткан финансылык оор кризиске каршы күрөшүү үчүн жасалган кадрдык чечкиндүү аракет катары бааласак болот.
Демек, мамлекеттик бийликтин эң жогорку эшалонунун ичинде (Ак Үйдө) саясат менен алектенгендер азайып, өлкөнүн экономикасын көтөрүү багытында иштей турган ынтымактуу команда түзүлдү деп эсептесек болот. 2009­жыл көптөгөн натыйжалуу, жемиштүү жыйынтыктар менен аякталууга тийиш. Өлкөбүздү алдыда оор сыноолор күтүп турат. Ушундай татаал мезгилде элди ойлобой "чөнтөктү" ойлосок, анда Кудай да жактырбайт. Акыры элдин турмушу оңолуп, Кыргызстан бай, кубаттуу мамлекет болууга мезгил жетти го дейм. Андыктан эл үчүн чымырканып иштөөнүн кезеги келди.
Азизбек ЧАМАШЕВ,
"Эркин Тоо".




  майда - маани

Баткендик мигранттар
Өткөн жылы Баткен областына чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мигранттардан 2 миллиард 600 миллион сом акча келген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 900 миллион сомго көп. Ал эми 2007-жылы мигранттар тарабынан областка 1 миллиард 700 миллион сом түшкөн. Статистикалык маалыматтарга караганда, учурда Баткен областынын 22 миң атуулу чет өлкөлөрдө жүрөт.

Сүлүктү шаарына - 140 жыл
Быйыл Сүлүктү шаарынын 140 жылдыгы белгиленет. Анткени өткөн жылы өз деңгээлиндеги даярдыктар көрүлбөй калгандыктан быйылкы жылга калтырылган. "Юбилейлик датаны жылкы, кой союп казан асуу менен эмес, шаарыбызда элге керектүү жаңы социалдык объектилерди куруу менен белгилейбиз",-дейт облустун губернатору Маратбек Жумабеков.

Ч. Айтматовду Франция эскерет
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Францияда Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтөт. Иш чараны Бенилюкс өлкөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын элчиси Жыргалбек Азылов уюштурууда. Ал жакта өтө турган кечеге кыргыз делегациясынын баруусу пландаштырылууда. Делегацияны Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол жетектейт.

Мамлекеттик тилдин кадыр-баркы үчүн
КР Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын колдоосу менен Ош шаарында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын коргоо боюнча жаштардын демилгелүү тобу түзүлдү. Курамына алгач 20 адам мүчө болуп өткөн бул топтун жетекчиси Кыял Акматовдун маалыматы боюнча алар жаштардын намысын ойготуу менен бирге патриоттуулукка үндөйт жана Улуттук тил комиссиясынын адистери менен биргеликте көрнөк-жарнактардагы жазуулардын катасын оңдомокчу. Аталган топтун түзүлүшүнүн дагы бир себеби- жаштардын өз эне тилинде сүйлөбөй жатышы себеп болууда.




Мектеп окуучуларына жардам
Нарын райондук мамлекеттик бийликтин башчылары Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы мектеп-лицейинде болушуп, жатаканада жашап, окуп жатышкан 95 окуучуга жана райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөдө тарбияланган 95 баланын ар бирине 300 сомдон жалпысы 28400 сомдук белек тартуулашты.
Райондун акими И.Медетовдун колдоосу менен четнуралык Жыргалбек уулу Исамамбетке, карачийлик Дүйшекеев Альмирге, миңбулактык Эсенбай кызы Мээримге майыптык кресло-коляска тапшырылды.
Ж. Дыйканова












а ­е¦Є.НҐй«