Жети күндүк жамгырдан желип өткөн суу артык

Б.Т.Кошматов, республиканын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу суу чарба департаментинин башкы директору
Жер бети көрккө келбейт суу болбосо…
Өткөн 2008-жыл республикабызда жаан-чачындын аздыгынан тоо булактарынын көзү ачылбай, сайлардагы суунун көлөмү мурунку жылдарга караганда кескин азайып, дыйкан, фермерлер үчүн бир топ оор жыл болду. Сугат тармактарына байланышкан бардык орчундуу маселелер бул тармактын адистерисиз чечилбейт. Ошол себептүү биз, республиканын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу суу чарба департаментинин башкы директору Б.Т.Кошматовго кайрылып, өткөн кургакчыл жылда жер ээлерине кылган кызматтары тууралуу айтып берүүсүн өтүнгөн элек. Бүгүн "Эркин Тоонун" окурмандарына ошол маегибизди сунуш этебиз.


КОШМАТОВ Баратали Туранович 1952­жылы Тажик Республикасынын Ленинабад облусуна караштуу Исфана районунун Нифтебад айылында жумушчунун үй­бүлөсүндө туулган. Улуту кыргыз. 1974­жылы Дүйшөмбү шаарындагы Тажик айыл чарба институтун аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Вахш кичи шаарындагы чарбалык­эсептик долбоорлор филиалында улук инженер болуп иштөөдөн баштаган.
1975­1979­жылдары Баткен районунун Төрт­Күл суу сактагычын курууда ага инженер, 1979­жылдан Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын начальниги, 1985­жылдан "Ошмелиосуукурулуш" трестинин Төрт­Күл МПКсынын начальниги, 1987­жылдан Кыргызстан компартиясынын Ош областтык комитетинде инструктор, 1989­жылдан "Түштүксуукурулуш" трестинин башкаруучусу, 1993­1994­жылдары Кадамжай районунун акими, 1994­жылдан Ош облустук суу чарба башкармалыгынын начальниги, 1999­2000­жылдары Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 2000­жылы айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары, суу чарба Департаментинин башкы директору, 2002­2005­жылдары ошол эле министрликте орун басар, 2005­жылдан Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы­губернатору болуп эмгектенип, 2006­жылдын март айынан баштап, ресубликабыздын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөнр жай министрлигинин суу чарба департаментинин башкы директору кызматын аткарып келүүдө.
Кыргыз Республикасынын 3­класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй­бүлөлүү, эки уул, бир кызы бар.

­ Баратали Туранович, өткөн жыл кыргыз жергесиндеги тоолор менен кокту­колоттордогу булактарда суу азайып, дарыя, көлдөрүбүз менен арыктарда суунун көлөмү баштагы жылдарга салыштырмалуу нормадан өтө эле аз болуп, баба­дыйкандарыбызга бир топ зыяндуу болду. Мындай учурда суу кожоюну болгон сиздердин департаментке көп түйшүктөрдү алып келээри калайык­калкка белгилүү. Табигаттын бул катаал бурулушун жеңүү үчүн республикада кандай чаралар көрүлдү?
­ Сиз абдан туура суроо койдуңуз, ракмат! 2008­жылдын башында эле республиканын гидрометеорологиялык борборунун 2008­жылы жаан-чачын аз болуп, дарыялардын соолушу күтүлүп, дайрадагы агын суулардын жылдык нормасы Чүй областында 52­70 пайызга, Таласта 50­67, Жалал­Абад, Ысык­Көл областтарында 60­75, Нарын областында 50­79 пайызга чейин гана суу көлөмү болушу күтүлөт деген маалыматтары бизге маалым болчу.
12 ай ичиндеги биздин байкоолорубуз боюнча ал маалыматтар жалпысынан туура чыгып, чынында да жер­жерлердеги агын сууларыбыздын көлөмү жылдагы нормадан бир топ төмөн болду.
Бассейндер боюнча айта турган болсок: Ысык­Көл областында ­ 95, Таласта ­ 90, Чүйдө ­ 85, Ошто - 70, Жалал­Абадда ­ 77, Нарында ­ 79 жана Баткен областында 89 пайыз гана суу берилди.
Чынында да кокту­колоттордогу көптөгөн мөлтүр булактарыбыз аба ырайынын кургакчыл болушуна байланыштуу көздөрү бүтүп, суу чыгара алышпай, дарыяларда суу аз болду.
Биздин департаментке тикеден­тике тиешелүү болгон Ош областындагы Найман, Папан суу сактагычтарында нормадан кыйла төмөн суу болду. Улуу дарыя Ак­Буурадан 55 пайыз гана суу берилди. Бул биздин ирригаторлордун тили менен айтканда Ак­Буура өткөн жылда суу бербеди деген менен эле барабар нерсе.
Баба дыйкандарыбыздын башына түшкөн ошол сууга болгон кыйынчылык ­ муктаждыктарын жоюу, аны жеңип чыгуу үчүн жер­жерлердеги дыйкан, фермерлерибиз суу чарба кызматын тейлеп, жөнгө салган, адистер менен инженер­техникалык кызматкерлерибиз, областтын, райондун, айыл округдарынын жетекчилери жана адистери бир тамчы да сууну коромжуга учуратпай, үнөмдүү пайдаланууну эстүүлүк жана чыгармачылык менен уюштура билишип, табигаттын катаалдыгын жумшарта алышты. Мисалы, мурунку суу кенен жылдардагыдай эгин талааларына күндүр­түндүр сууну көзөмөлсүз агызып кое бербей, нормадагы суу өлчөмү менен, анын бууланып жана жер катмарына тереңдеп сиңип, жоготууга учуратпоо жолдору катуу сакталды. Ушул ыкмада сугарылганда, өсүмдүктүн тамырына толук суу жетип, ным сакталып калат. Бул жол менен сугат иштерин жүргүзүү боюнча Ош областынын дыйкандары башка дыйкандарга үлгү боло алышты. Көз тийбесин, быйылкы жылы Баткен областынын бассейндеринде баштагы жылдарга салыштырмалуу суунун берилиши жакшы эле болуп, түшүм да жакшы болду.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчик болуп: чарбалар аралык, райондор, областтар аралык жана мамлекеттер аралык биздин каналдарыбыздын узундугу ­ 6 миң километрден ашык болсо, ал эми ички сугат тармактарыбыз ­ 23 миң чакырымды түзөт. Мындан мурунку жылдарда жер жана агрардык реформаны жүргүзгөн учурубузда ушул 23 миң чакырым ички сугат тармактарыбыздын баары айыл округдарынын, суудан пайдалануучу бирикмелердин менчигинде калып кеткен эле. Ушул учурда алардын абалы өтө начар.
­ Сугат сууларынын максатка ылайыксыз жоголуп кетиши өзгөчө кайсыл участоктордо көп байкалат?
­ Мына ушул реформа башталып, ички сугат тармактарыбыз жергиликтүү өкмөттөр менен суу пайдалануучу бирикмелердин карамагына менчиктешип кеткен мындан 15­17 жыл мурунку мезгилде, андан бери деле суу каналдарын, арык, шлюздарды (суу бөлүштүрүп берүүчү уюл) утурумдук же капиталдык ремонттоого алардын акча каражаттары жеткен эмес. Мына ушунун натыйжасында, азыркы мезгилде көп жерлерде бетон каналдар менен арыктардын адам баласы өзү бузган жыртык-тешиктеринен, арыктардагы жыра тартылган кулактардан максатсыз кетип жаткан суулар киши зээнин кейитээрлик экени эч кимге жашыруун эмес. Же болбосо долбоордук параметрдеги өлчөмдөгү сууну өткөрүүгө шарт түзүлбөй жатат.
­ Ички сугат тармактарын өнүктүрүү маселеси кандай?
­ Ишти алга жылдыруу максатында өкмөтүбүздүн башчылыгында дүйнөлүк банкка, бөлөк донорлорго кайрылып туруп, ички сугат тармактарынын долбоору иштелип чыгып, ошол долбоордун эсебинен биз республика боюнча 6 жылдын ичинде 116 миң гектардан ашык жерди оңдоого жетиштик. Бул деген албетте, жакшы ийгилик, бирок жетишсиз. Себеби, республика боюнча 1 миллион гектарга жакын суулуу аянт болгон болсо, жогорудагы көрсөткүчүбүз ушунун 12­13 пайызын гана түзөт. Ошондуктан бизде ушул тармакты алдыга жылдыруу маселеси болуш керек жана буга биз шарт түзүшүбүз зарыл. Эң алды менен суудан пайдалануучу бирикмелердин мүчөлөрү өздөрү бул иштерди оңдоп, жакшыртуунун демилгечилери жана ишке ашыруучулары болушу милдет. Тескерисинче кээ бир учурларда бирөө сугарып жатса, бирөө бура качып, же ал сугарбай, же бул сугарбай ортодо арык сугарылат. Суу жоголот. Ушундайлар жок болуш үчүн бардык жерде суу пайдалануучулардын бирикмелери сөзсүз түрдө болуусу керек. Ал эми мураптар чет өлкөлөрдөгүдөй түз, пакиза киши болуп, сизге тиешелүү сууну калыстык менен бөлүп берүүсү керек. Нормаңыздагы суудан бир литр ашык да кем да бербесин! Ошондо сууну жоготуу да, сууга төлөм да азаят. Сууну пайдалануунун эффективдүүлүгү да көбөйөт. Ошол үчүн азыркы мезгилде ички сугат тармактарына көбүрөөк маанини берсек деп ойлойм.
­ Кыргызстандагы суу сактагычтардын абалы кандай, буларды да ремонт кылат дешет, булар да карыйбы?
­ Бу жаратылышта карыбаган нерсе болбойт. Ошол сыяктуу эле суу сактагычтар да эскирип, карыйт, бул олуттуу маселе. Биздин республика тоолуу, сейсмологиялык, мындайча айтканда тез­тез жер термелип турчу өлкөлөрдүн катарына кошулат. Өлкөбүздө бир канча суу сактагычтар жайгашкан. Ошол плотиналардын агым түшчү жактарында миң, миллион адам жашаган бир канчалаган айыл­кыштактар, шаар, поселоктор жайгашкан. Кудай сактасын кандайдыр бир катастрофалык шарт түзүлүп кала турган болуп калса, элге бир канча зыяны тийип калышы мүмкүн. Ошону биз азыр эске алып, Папан, Киров, Орто­Токой суу сактагычтарынын дамба, плотиналарынын чыдамдуулукка даярдыгын күчөтүп акыркы жылдарда ремонттон өткөрдүк. Бул иш дагы улантылыш керек. Себеби мындай плотиналар дагы көп. Найман, Төрт­Күл, Базар­Коргон, Сокулук, Степное сыяктуу плотиналардын бир канчасы бар. Булар дагы өздөрүнүн оңдоо убакты кезектерин күтүп турат.
­ Ушул кезге чейин булардын кайсылары ремонттон өтүп бүттү?
­ Папан, Киров, Орто­Токой, Кара­Буура объектилерибиз бүттү. Азыр Найман суу сактагычынын үстүнөн изилдөө иштерин жүргүзүүдөбүз. Мындан кийин Кудай буюрса Төрт­Күл, Сокулук, Ала­Арча суу сактагычтарында иштеп, андан соң Базар­Коргонго барууга аракеттенип жатабыз.
Мындан бөлөк, биздин Кыргызстанда шор баскан же суу чыгып кеткен 100 миң гектарга жакын жерлер бар. Буга кызмат кылган 5 миң 500 километр ачык жана жабык коллектордук дренаждык тармактар бар. Акыркы жылдары тилекке каршы ошолор каралбай, кээ бир дыйкандарыбыз түшүнбөстүктөн же тажрыйбасыздыктан жерлерине сууну тосуп чыгарып алып, ошол суулар тээп, жер үстүнө туз чыгарган аянттарыбыз көп кездешет.
Биздин окумуштуулардын, агрономдорубуздун берген маалыматтары боюнча ошондой жерлерге эгилип, себилген өсүмдүктөрдөн 20дан 80 пайызга чейин түшүм азаят. Айыл жерлеринде жашоочулардын жашоо- шарттарына көмөк көрсөтүүнүн дагы бир жакшы жолу ­ бул коллектрдик, дренаждык тармакты оңдоп калыбына келтирип, туздуу жерлердин тузун өз эрежелери менен кетирип дыйканга берсек, ал дыйкан нормага ылайык түшүм алса жашоо­турмушу албетте, оңолот да.
Дагы бир тармак ­ бул ­ насостук станциялар менен жер сугаруу. Ушундай жолдор менен сугарылуучу жерлерден да дыйкандарга үлүш тийген. Ал дыйкан насостун иштеп турушу үчүн электр энергиясына, бузулган тетиктерди оңдоп турууга төлөсө, электрмотористке төлөсө, ал эми аккан арыктан пайдаланган дыйкан жогорудагыларды төлөбөй эле сууну пайдаланса, эки дыйкандын ортосунда чыгым жагынан айырма бар да. Дыйкан катары экөөнүн айырмасы болбоо керек. Бул чыгымды Өкмөт өзүнө алып, ал экөө бирдей киреше алышы зарыл. Мындай насостор Кыргызстан боюнча 200гө жакын бар. Алардын көбү 40­30, акыркылары 20 жыл мурун курулган насостук станциялар. Булар эскирди, жаңыларын сатып алууга көп каражат керек.
­ Союз таркагандан бери сугат аянттары кошулдубу?
­ Жок!.. Бир гектар да сугарыла турган жер өздөштүрүлүп кошулган жок. Бул акча маселесинин жоктугунан болгон. Бирок 2008­жылы эгемендүүлүктү алгандан бери биринчи жолу Өкмөтүбүз 330 миллион акча каражатына 11 суу чарба объектисинин курулуш иштерин бүтүрүп, жаңы жерлерди өздөштүрүп бересиңер деген программа кабыл алган. Ушунун үстүнөн иштеп жатабыз. Өткөн жылы 27­декабрда Ысык­Көл районунун Сары­Камыш айылында 600 гектар жерди сугара турган бассейнди куруп, пайдаланууга берип келдик. Бул объект эгемендүүлүк алгандан берки суу объектилерин куруудагы алгачкы карлыгач десек да болот. Бул карлыгач бардык курулуштары, жоон түтүк өткөргүчтөрү менен толук жабдылды. Өкмөт берген ушул акчага буюрса 3 жылдын ичинде ушундай дагы 10 объектини бүтүрүшүбүз керек. Экинчи агымына дагы 450 миллион сом каралып жатат.
Эмне үчүн жаңы жерлер керек?.. Жер жана агрардык реформа жүргүзүлгөндөн бери бардыгыбыз үлүш жерлерди алып алдык. Мындан кийинки төрөлгөн жарандарыбызга ошол биз өздөштүргөн жаңы жерлер берилиши керек. Мына ушуга Президентибиз менен Өкмөт башчысы көңүл буруп, ирригацияны алдыга жылдырайлык деп аракеттерди жасап, акча бөлүп бизге тиешелүү программаларды кабыл алып жатышат.
­ Үстүбүздөгү 2009­жылга даярдыктарыңыздардын көрү-лүшү кандай болууда?
­ Биз көп жылдардан бери чарбалык сутка бою, же бир декадалык сугатка жетип бере турган көлмөлөрдү пайдаланып келе жатабыз. Быйыл ошол көлмөлөрдү, жалпы эле суу сактагычтарды сеники, меники дебестен күз, кыш айларында көзөмөлгө алуу боюнча иш­чара кабыл алып, анын аткарылышын ай сайын сурап, өткөн жылга салыштырганда көлмөдөгү суулар канчага көбөйдү же азайгандыгын тастыктап, 1­апрель айыл чарба өнөктүгү башталганга чейин сууну долбоордук параметрге жете турган кылсак, сугат учурундагы иштөө шартыбыз кыйла жеңил болуп, суу аз жылдары дыйкандарыбыз кыйналып калбайт экен.
Дагы бир жакшы нерсе ­ 2009­жылга жакшы шарт түзүш үчүн өткөн 2008­жылдын октябрь, ноябрь айларында бардык адистерибиз менен, гидроучасткадан райондон, областтан баштап, жетекчилердин орун басарлары менен макулдашып туруп, кайсыл каналды качан, кайсы айда ремонттоп бүтүү боюнча графиктерди түздүк.
Насостук станцияларда жумушчулардын айлыгын көбүрөөк берип, ремонт жүргүзүү боюнча бригадаларды түзүп койдук. 77 миллион сомдук бул иштерди өткөн жылдын күз айларында эле баштадык. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин чарбалар аралык, райондор аралык каналдарыбызды оңдоп, суу беришке даярдап, 1500 гидротехникалык курулуштарды калыбына келтирүүнүн жана 102 насостук станцияны өнөктүккө даярдоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат.
Өткөн жылдын аягында республиканын гидрометеорологиялык борборунун жетекчилери жана адистери менен биздин адистердин бир нече жолку болгон жолугушууларында, алар 2009­жылы 2008­жылга салыштырмалуу дайраларда суунун көлөмү 25­30 пайыз көп болушу күтүлүүдө деп айтып жатышат. Бул элибиз үчүн абдан жакшы нерсе. Жакшы үрөндөр болсо дыйкандарыбыз суу маселесинен быйылкы жылы чочубастан эгиндерин эгип, себе берсе болот. Биз кандай болбосун дыйкандарга сууну өз убагында жеткирип беребиз, ал биздин милдетибиз.
- Долбоорлор менен да иштейсиздерби?
­Кайсыл тармакты болбосун өнүктүрүүгө келген долбоорлор чет өлкөлөрдөн же болбосо Дүйнөлүк Банктардын финансы каражаттарынан келет. Бул келген долбоорлор 63 суудан пайдалануучу ассоциациялардын ­ СПА ирригациялык инфраструктураларын оңдоп бергенден кийин бизге ишенип калып, ички сугат долбоорунун экинчи фазасын 16 миллион доллар грант түрүндө бекер берилди. Буларды биз максаттуу түрдө СПАларды, ирригациялык структураларды оңдоо, СПА өздөрүнүн жакшы иштеп кетишине шарт түзүү, техникалык жактан жардам берүү, долбоорлордун түзүлүшүнө жардам берүү маселесин жумшап, көзөмөлдөп турабыз. Дүйнөлүк Банк да көзөмөлдөп турат. Биз ал каражатты максатсыз эч жакка жылдырып иштете албайбыз. Мисал үчүн ал гранттын эсебинен биз 51 миң гектар жердин ички сугат инфтраструктураларын оңдоп берүүгө жетишүүбүз керек. Ушундай максат коюлган.
Албетте, өзүңүз көрүп жатасыз, дүйнөлүк масштабда ар кандай экономикалык өзгөрүштөр болуп турат экен. Курулуш материалдары мурункуга караганда бир топ арзандап калды. Койгон максаттарыбызга объективдүү түрдө жетишүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
Сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча дагы бир долбоорубуз бар. Буга дагы Дүйнөлүк Банк тарабынан 29 миллион доллар каралган. Муну дагы 6 жылдын ичинде өздөштүрүүбүз керек. Бул долбоордон биз чоң­чоң 12 суу чарба объектилерибизди оңдоп алууга жетишибиз зарыл. Азыр 6 суу чарба объектилеринде иш жүрүп жатат, дагы төртөөнү оңдоп берүүчү талапкер атаандаш ишканалар үчүн жакынкы мезгилдерде конкурстар өтөт. Мисалы ­ Ош областынын Кара­Кулжа районунда Сары­Камыш суу каналынын башкы курулушу, Өзгөн районунун Могол каналынын курулушунда, Жалал­Абад областынын Сузак дайрасынан сол жакка кеткен чоң каналы, Нарын областынын Кажырты каналдарында иш жүрүп келип, кыш кирип келгендиктен көктөмгө чейин убактылуу жумуш токтоп турат.
­ Иш жүргүзүлүп жатат деп атасыз, негизинен ал дааналап айтканда кандай иштер?
­ Дааналап айтканда ал: каналдарды мурдагыдай калыбына келтирүү деген сөз. 6 жылдын ичинде буюрса биз 85 миң гектар жерге суу бере турган каналдарды оңдоп бүтүшүбүз каралган. Бул иш 2008­жылдан башталган. Дагы бир кыйынчылыктарды айтып коеюн, аны эл туура түшүнүшү керек. Бүгүнкү күнү колдо бар каналдарды оңдош өтө кыйын, анткени ал каналдар аркылуу элге суу берип турушубуз зарыл. Буга биз милдеттенме алганбыз. Каналдарды ремонттоо иштерин күз менен эрте жазда жана кышында жасап калышыбыз керек.
­ Мындан 2­3 жыл мурун сиздерге караштуу областтардагы айрым суу чарба жетекчилери учурунда ремонт иштерине цемент келбей карыздап иштеп кыйналабыз деген эле, азыр жылыш барбы?
­ Ал кишилердин айткандарынын чындыгы бар. Ошол 2006­2007­жылдары финансылык бюджетибиз жыл башталаарда кечирээк кабыл алынып, бизге банктык эсептерибиз учурунда ачылбай, ошол мезгилдерде бизде цемент, темир, күйүүчү майларды сатып алууга бир аз кечигип барчу элек. Январь айында финансылык каржылоо ачылып калбайт экен. Биз муну билип тажрыйба алып калдык да жазда керектелүүчү камылгабызды күзүндө эле даярдап коюп жатабыз.
Биз Каржы министринен ремонт иштерине керектелүүчү каражаттын 70%ын 1­2 кварталда берип койгула, 3­кварталда бербегиле, 4­кварталда калган пайыбызды бериңиздер, себеби жазга карата камылга көрүп коелу деп суранып жатабыз. Каржы министрлиги сунушубузду колдоп жатат. Кемчиликтер учурунда болгон. Ал кемчиликтерди улам кайталай берсек болбойт. Азыр ал жетишпестиктер жоюлуп, өз учурунда иш жүрүп жатат. Учурунда жер үлүштөрдү ар бир жашоочу алды, бирок алардын баары агроном же ирригатор эмес да, сууну кандай үнөмдүү пайдалануунун жолдорун биле беришпейт эмеспи. Мына ошондуктан биз дыйканчылык боюнча, сугат тармактарын, жерди үнөмдүү пайдалануу боюнча жер­жерлерде жок дегенде башталгыч ыкмаларын үйрөнүү боюнча окууларды өтүп, үйрөтүп жатабыз, ал биздин милдетибиз.
­ Жогорудагы ийгиликтерди жаратууда сиз жетектеген департаментте иштеген жүздөгөн адамдардын жасаган эмгектери зор болгондур, эмгек алдыңкыларынын да аттарын атай кетсеңиз?
­ Албетте, ар бир тармакта иш ийгилигине жетиш үчүн бир жетекчи эле эмес, жамааттын мүчөлөрү катышат эмеспи. Республика боюнча 5 миңге жакын суу чарба кызматчыларыбыз эмгектенет. Булардын бардыгы карапайым жумушчудан баштап, насостук станциялардагы электромотористтер, экваторчу, бульдозерчу сыяктуу жер механизмдери менен иштеген кишилерибиз менен бирге эле инженер­техникалык кызматкерлерибиз иштеп, жетишкен ийгиликтерибиз да анчамынча кетирген кемчиликтерибиз да ошолор менен бирге болууда.
Өткөн жылдагыдай аба ырайынын кургакчыл катаал жылдарында Талас облустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Таштаналиев Көкүмбек Жумадылович, Чүй облустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Полотов Абдижалил Полотович, райондордогу суу чарба башкармалыктарынын жетекчилеринен алсак: Москва районунан Геннадий Владимирович, Сокулук районунан ­ Садаков Улан, Жети­Өгүз районунан ­ Асаналиев Алмаз, Ат­Башы районунан Исакунов Замирбек, Өзгөн районунан Өмүрзаков Кеңеш, Ноокен районунан Калбаев Жолчу Папан суу сактагычынын жетекчиси Тажибаев Кадырбек Эгенович сыяктуу алдыңкы, көп жылдык тажрыйбалуу, ошондой эле жаш жетекчилерибиз иштеп жатат. Андан тышкары Ошто тетиктерди оңдоо участкабыз бар, ошонун жетекчиси Кыдыргычов Таалайбектин да эмгектерин эске ала кетким келет.
Ошондой эле "Кыргызсуудолбоор" институтунун директору Кичибаев Асридин, анын орун басары Бекенов Алик Эсенбекович жана "Конструкциялык долбоорлоо" институтунун директору Макаров Олег Степановичтердин жасаган алгылыктуу иштери бизге көмөк болууда.
­ Учурдагы суу чарба адистерин өстүрүү, жумушка жайгаштыруу маселелери кандай болууда?
­ Быйылкы жылы жаш адистерди көбүрөөк жумушка тартуудабыз. Бул мезгилге чейин жаш кадрларды өзүбүзгө тарта албай жүрүшүбүзгө бир топ себептүү кыйынчылыктар болуп келген. 2008­жылдын экинчи жарым жылдыгынан баштап катардагы инженерлерибиздин эмгек маянасы эки, эки жарым эсеге өскөндөн кийин баштагы кетип калган адистерибиз кайра өзүбүзгө кайтып келип жатышкандыгынын байкалышы ­ биздин тармакта мындан да жакшы иштер аткарылат деген ойду жаратууда.
Карынын сөзүн капка сал
­ Илгертеден эле элибиз карыя адамдардын акылман сөздөрүнө, кеп­кеңештерине таянып, керек болсо ага муктаж болуп иш алып барып, тарбия­таалим алышкан. Сиздердин чоң жамааттын адистери да насаатчылардын ой­пикир, сунуштарын уга билишсе керек?..
­ Ооба, кылымдардан бери эле элибиз "Карынын сөзүн капка сал" деп бекеринен айтып келе жатышпагандыр. Же болбосо, "Карысы бардын ырысы бар" деген сыяктуу акылман сөздөр дайыма бизди коштоп, жашап келүүдө. Бизде да бир топ жылдар бою, же кээ бирлери жалаң эле ушул тармактын кызматын аткарып ардактуу эс алууга чыгышкан эмгек ардагерлерибиз көп. Биз алардын көп жылдык иш тажрыйбаларынын натыйжасында пайда болгон акыл­насааттарынан пайдаланып турабыз. Өзүбүздө "Ардагерлер кеңешибиз" бар. Мындан бир аз күн илгери эле ошол кеңештин чогулушун өткөрдүк, алар менен дагы бир ирет алдыдагы иштерибизди канткенде мындан да жакшыраак жолго коюп кетүү боюнча кеңешме курдук.
Өзүбүздө "Суу, эл, жер" деген гезитибизди чыгарышка мурда министр болуп иштеп жүрүшкөн урматтуу аксакалдарыбыз Капаш Мамабетович Батырканов, Мейражидин Зулпуевич Зулпуев, Асанакун Исабекович Исабеков, Алексей Степанович Исаев сыяктуу аксакалдарыбыз азыркы күнгө чейин өздөрүнүн кеңештерин айтып, жер­жерлерге барып жардам беришүүдө. Буларга терең ыраазычылык билдиребиз.
Бул жарыкчылык жашоодон көздөрү өтүп кетсе да, элибиз үчүн, суу чарба жана мелиорация тармагын учурунда өркүндөтүп, өнүнтүрүүгө, ал тармакты түптөп курууда баа жеткис эмгектерин өтөп, өз элибизге эле эмес, жалпы союздук чөйрөдө да белгилүү болуп жүрүшкөн анда­санда гана жаралчу эр­азаматтарыбыз ­ Болот Мамбетович Мамбетов, Султан Ибраимович Ибраимов, Асан Кожомкулович Кожомкуловдорду эл билет. Алар менен биз ар дайым сыймыктанабыз. Булардын бардыгынын сүрөттөрү сүрөт галереябызда илинип турат. Биздин тармактын тармак болуп көтөрүлүшүнө ушул инсандардын салымы зор болгон.
­ Айтып берген маанилүү маалыматтарыңызга ракмат айтуу менен бирге, агын суу менен агарып, көктөмдүү жер менен көгөрүп жаткан жалпы дыйкан­фермерлерге ушул тармакты өркүндөтүү үчүн инженердик чыгармачылык менен эмгектенип жаткан адис, кызматчыларыңыздын баарынын иштерине чоң ийгиликтерди каалап, түшүмдүү жыл болушун тилейбиз!..
­ Эл гезити "Эркин Тоонун" бардык кызматкерлерине чыгармачылык ийгиликтер менен кошо чың ден соолукта болушун мен да тилейм.
Маектешкен Мамат ӨСӨРОВ,
"Эркин Тоо".












??.??