presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



И.Айдарбеков кыргыздын
тунгуч президентиби?
"Тарыхты адам жазат, адамдар көз караштан жаңылышат"
"Тарыхы болбой эл болбойт"-демекчи, кыргыз элинин кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшү оңойго турган эмес. Тээ байыртан эле боштондук үчүн умтулган элибиз, алар ыйык туткан жерибизди нечен күчтүү державалар басып алганына карабастан, аларга каршы көтөрүлүштүн башында кыргыздар турганын тарых тандырбайт. Буга Орхон-Енисей жазуусундагы маалыматтар, кыргыз элинин дүйнөгө "Моголистандын жапайы арстандары" катары таанылышы, согуштун эң оор участокторунда Чыңгыз хан да кыргыздарга ишеним көргөзүшү, ал түгүл кечээги Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы этабында Москванын алдында панфиловчуларды эң оор участокко коргоого коюшу бекеринен болгон эместир. Кыргыз элинин патриоттук күчтүү сезими, өжөрлүгү, беттегенин бербеген көк жалдыгы аркылуу эң аз калк экендигине карабастан, алар келечекте өз алдынча мамлекет катарында түзүлүшүн тарых талап кылгандыгы эле ушундан көрүнүп жаткан жокпу?
Тээ жаш кезде "тарыхты адам жазат, адамдар көз караштан жаңылышат"-деген ыр саптары да ушундан жаралганын айтууга туура келет. Ошол эле учурда эгемендүү Кыргыз Республикасынын көч башында туруп, анын тарыхын жазышкан Иманалы Айдарбеков экендигин жалпы журтубузга жар салуу борчун (милдетин) моюнга алууга туура келип жатат. Мунун айрым объективдүү жана субъективдүү себептерин калкыбыздын алдына алып чыгып, тарых чындыгын так көргөзүү зарылдыгы пайда болгонун аркалоо керектигин белгилеп өткүм келет.
Элибиздин эрдиги тууралуу учкай сөз козгогон менен, анын менталитетиндеги "биринчилик" үчүн күрөштө уруулук, региондук бөлүнүшүү өз кедергисин тийгизип келген, тийгизип келет, тийгизе берет. Ушул макала үчүн "ура-патриоттордун тепкисинде каларымды" билсем да, тарых чындыгын гезит окурмандарына жеткирүү аракетимден майнап чыгар бекен? Маселе анда эмес, тарыхый документтер менен ыйманым тынчтык бербей, калемди кармоого аргасыз болгонумду түшүнгөн адам бар бекен?-деген ой көкүрөктү өйүйт.
Тарых менен санжыраны аралаштырган журналист К. Сыдыкованы тарых менен чыгарманы бир деңгээлге койгон жазуучу А. Жакшылыковду, тарыхтын лөктөрүнүн жеке көз караштары менен санжыраны негиз кылган агабыз, саясий-коомдук ишмер Д. Сарыгуловду дагы туурагым келбейт. Алар чыгарган жыйынтыкты тарых чындыгы катары да кароо мүмкүн эмес, ал гана эмес учурунда алардын коммунисттик идеологияны туу көтөрүп, доор алмашканда көз караштарынын 180 градуска бурулганын түшүндүрмөк түгүл түшүнгүм да келбейт. Бул биздин аткаруучу милдетибизге кирбейт. Бизге жооп берер адамдар бүт өмүрүн тарых илимине багыттаган чыныгы окумуштуулар деп эсептээримди ачык айтууга туура келет. Ошондой болсо да тарыхый айрым инсандардын эмгегин архивдик маалыматтар аркылуу эл алдында алып чыгуу инсандык жана кесиптик милдетим катары эсептейм. Айрыкча кыргыз элинин эгемендүүлүгүнө ээ болушуна себепкер болгон Иманалы Айдарбеков тууралуу кеңири кеп козгоо учурдун орчундуу талабы деп эсептөөгө туура келет.
Эгемендүүлүккө карай алгачкы кадам
Азыркы күндө элибизди эгемендүүлүккө ээ болушун 1991-жыл катары эсептешет да, өлкөбүздүн туңгуч президенти А.Акаев болгонуна багыт жасашат. Мына ушул жерде калкынын саны жагынан да, территориясынын чакандыгы жагынан да Кыргызстандын 15 республиканын бири катарына кошулушуна эмне себепкер болгонуна ой жүгүртүшкөндөр барбы?-деген күдүк ой күчөп барат. Мунун себебине кайрылалы.
Орусия империясы 1863 - 1875 - жылдары Кыргызстанды басып алгандан кийин жерибиздин территориялык бүтүндүүлүгүнө доо кеткен. Чүй, Талас аймагы Олуя-Ата уездине, Ысык-Көл, Нарын аймактары Жети-Суу уездине баш ийдирилип, түштүк жергеси Анжиян жана Самарканд уезддерине каратылганын тарых тастыктап келет. Мындай бөлүштүрүү менен кыргыз эли ассимиляциялаштырылып, эл катары жок болуп кетүү коркунучу түзүлөт.
Улуу Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында территориялык мындай бөлүштүрүү күчүндө калат. Буга макул болбогон ошол кездеги кыргыз элитасы кыргыз элинин өз алдынчалыгын сактап калууга умтулушкан. Алар 1920-жылдагы Россиянын Коммунисттик партиясынын "РКП(б) Борбордук Комитетинин Түркстан боюнча негизги маселелери жөнүндө" токтомуна таянып, Орто Азияда улуттук-территориялык жактан элдин өзгөчөлүгүнө жараша кошулушун жана бөлүнүшүн карап чыгуу зарылдыгын көтөрүп чыгышкан. Түркстан АССРинин курамындагы кыргыз, түркмөн, өзбек элдеринин этикалык айырмачылыгын, географиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн эсепке алып, улуттук бирдиктүү мамлекет түзүү тууралуу маселени көтөрүп чыгууда Иманалы Айдарбековдун кошкон салымын да белгилесек болот.
Өз учурунда козголгон бул саясий суроо-талаптарды даярдоодо И. Айдарбеков, Ж. Абдракманов, Б. Исакеев, А. Сыдыков, К. Сарыкулаковдор Кыргызстандын территориясын аныктоо максатында Орусия империясынын мезгилинде элдин экиге бөлүнүп калганын далилдеп бергенине жетишкен. Ошону менен катар бул маселе РКП(б)нын 1923-жылдагы съездинде каралып, түпкү теги казак болгон Рахманкул Кудайкулов Түндүк Кыргызстанды Казак ССРинин Олуя-Ата жана Верный (азыркы Алматы) облусуна кошуу идеясын көтөргөн. Белгилей кетели, бул учурда бул аймактар ансыз да Казакстанга каратылса, Түштүк Кыргызстан Самаркан, Сыр дарыя, Фергана облусунун курамына кирген. Мына ушуну эске алган кыргыз элитасы Кыргызстанга өзүнчө автономиялык облус катары статус берүүнү курч мүнөздө козгошкон, көч баштагандардын бири И. Айдарбеков эле.
Кыргызстандын өз алдынчалыгы үчүн күрөш булар үчүн жеңилге турган эмес. Ошол мезгилде "Кошчу" Союзунун башчысы болгон Р. Кудайкулов, Бабакановду колдогондор да жетиштүү болгон. Бирок СССРдин 1-Конституциясы тарабынан кабыл алынган советтердин 2-съезди бул маселени караганда, буга катышкан кыргыз делегаттары, анын ичинен айрыкча И.Айдарбеков менен Ж.Абдрахманов бул көз карашта бекем турушкан. Ошентип, 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин Борбордук Аткаруу Комитети Түркстан АССРин, Хива жана Бухара республикаларын жоюп, анын ордуна улуттук-этникалык өзгөчөлүгүнө жараша Түркмөн ССРи, Өзбек ССРи, Орусиянын курамындагы Тажик жана Кара-Кыргыз автономиялык облустары түзүлөт. Каракалпак Казакстандын курамында калат. Ошентип, кыргыз элитасынын күчтүү патриоттук аракетинин натыйжасында келечекте Кыргыз ССРи кийин эгемендүү мамлекетке айланышына шарт түзгөндүгүн эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Улуу инсан тууралуу учкай сөз
Кыргызстандын тарыхын изилдеген окумуштуулардын Иманалы Айдарбековду мамлекетибиздин туңгуч президенти катары баалашканы бекер эмес. Ал 1924-1927-жылдары Кара-Кыргыз автономиялык облусунун Аткаруу Комитетинин төрагасы жана Революциялык Комитеттин төрагалыгына бекитилген, тактап айтканда, облустун Өкмөт башчылыгынын да, спикеринин да милдетин И.Айдарбеков аткарган. Тилекке каршы туңгуч президент тууралуу маалыматтар сейрек, мамлекеттик архивде анын автобиографиясы гана сакталган. Башкалар сыяктуу күндөлүк, же эскерүүлөр жазбаган көрүнөт, же анын кол жазмалары жалган жалаалар менен камакка алынганда, тергөө учурунда тартылып алынып, алар ың-жыңсыз жоготулушу да мүмкүн. Мындан тышкары тарыхчылардын арасында И.Айдарбековдун саясий жана коомдук ишмердүүлүгүн атайын изилдегендер да жок. Натыйжада Кыргыз мамлекетин түптөөгө жумшаган анын бүт өмүрлүк эмгеги элибизге белгисиз калып отурат.
Иманалы Айдарбеков 1894-жылы Пишпек уездинде манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. Бул мезгилде кыргыздардын карапайым калкы эмес, бай-манаптар да балдарынын билим алышын ойлобогон учур экендигин танууга болбойт. Бирок учурдун талабын туура түшүнгөн Айдарбек уулун орус-тузем мектебинен окутат.
Белгилеп кетели, орус-тузем мектеби чиновниктик аппаратка жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн котормочу, катчы, уезддин начальнигинин жардамчысы жана болуштун (волость) башчысы ишине даярдаган. Мына ушул мектепти бүтүргөндөр кийин советтик интеллигенциянын алгачкы негизин түзгөн.
Орус-тузем мектебин бүтүргөн И.Айдарбеков билимин андан ары улантып, белгилүү багбан Фетисов уюштурган айыл чарба мектебин да бүтүрөт да, Пишпек уездинин жардамчысы жана котормочусу болуп эмгек жолун баштайт. Мамлекеттик ишти аркалап, ошол эле учурда алган билимин кыргыз элинин пайдасына колдонууга далалат жасап, кийин партиялык жана мамлекеттик ишмер катары калкыбызга таанылат.
Албетте, анын саясий ишмердүүлүгүндө карама-каршылыктар мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Эмне дегенде кыргыз элинде партиялык система болбогондугу да өз кедергисин тийгизген. Ошону менен катар 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылы үчүн аёосуз жазалоодон кийин бийликке ишенбей калган, 1917-жылы Февраль революциясынан кийин Кадеттер партиясына кирип, көп өтпөй "Алаш-Ордо" партиясын түзүүгө катышат.
Октябрь революциясынан кийин "Алаш-Ордо" партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, И.Айдарбеков Эсерлер партиясына кирет. Бирок үмүтү акталбай, 1918-жылы июлда Москвада эсерлер башында турган козголоң башталып, буга нааразы болгон Кыргызстандагы солчул эсерлер большевиктер менен биригишине зор салымын кошот жана Беловодскидеги көтөрүлүштү басууга катышат.
Ата-теги манап болгонуна карабастан, кыргыз элинин эртеңки келечеги үчүн күрөшкөн И.Айдарбеков Совет бийлигин чыңдоого жигердүүлүгүн көргөзүп, эл арасында саясий үгүт иштерин жүргүзөт. Эл ишенимине ээ болуп, 1918-жылы Пишпек уезддик-шаардык Кеңешинин мүчөсү, Совдептин төрагалык кызматын аркалайт.
(Уландысы бар)
Эртабылды АТТОКУРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??