Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Баарынан
Темир Сариевге
ыраазымын…"
Мындан ары да "Үшкүрүк" деген рубриканы улантып, 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен бирге эскерип турууну туура көрдүк. Анткени маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп жарык көрө тургандыгын баса белгилеп кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин огуна тосуп, күлгүндөй 24 жаш курагында курман болгон Алтынбек Ытыкеевди эскерүү ниетинде маркумдун жубайы Самара Мааданбекованы маекке тарттык…

Самара
Мааданбекова,
7-апрелде ок тийип курман болгон Алтынбек Ытыкеевдин жубайы:

- Жолдошуңуз кандай адам эле, өзгөчө кайсыл сапаттарын эстегенде ичиңиз ачышат?
- 1941-жылдагы Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз эли кырчындай болгон эр- азаматтарынан ажырап, кайгыга чөмүлүп өксүгөн. Бирок анда эр-азаматтарыбыз фашисттердин колунан курман болсо, 7-апрелде өз улутташтарыбыз Бакиевдердин колунан курман болуп жатпайбы. Мурда эл арасында айтылган "Бакиевдин ата теги дунган, кыргыз элине жакшылык кылбайт, жылан чакса таш алып бере турган адам эмес" деген сыяктуу сөздөргө көп маани берчү эмес элем. 7- апрелде жолдошуман ажырагандан кийин Бакиевдин дунган экенине толук ынандым. Айтаарым, Бакиевдерди кудай жазаласын. Жолдошум өзү менен өзү болуп жүрө берген, кумурскага да зыяны жок адам эле. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот деген чын тура, жаштайыман жолдошумдан ажырап чиедей эки балам менен жесир калдым. Эми эки баламдын келечеги кандай болот, аны элестете албайм. Ал эми жолдошумдун өзгөчө сапаты - колунан көөрү төгүлгөн жыгач усталыгы бар болчу. Мебель жасап сатып оокат кылчубуз. Ата-эне бир туугандарыбыздын бардыгынын үйлөрүн мебель менен толтурган. Спортко өтө жакын болчу. Сыналгыдан спорттук көрсөтүүлөрдү, өзгөчө футболду ичкен ашын таштап, жантыгынан жата калып көрөр эле. Кокус, ал команда жеңилип калса, эки-үч күн бушайман болуп кыртышы сүйбөй калчу. Ой анчалык фанат болуунун кереги эмне деп урушсам, жаш балача таламын талашып мени менен урушчу. Анан калса өтө кыялкеч болчу. Кыялдын кучагына кирип алып, жөн эле айга учуп барып келчү. Балдарым дегенде үзүлүп түшкөн өтө баласаак эле. Уулум жаш болуп атасын билбей калыптыр, кызым билет. Сүрөттөрүн көрүп "атам качан келет?"- деп ыйлай берет. Өткөндө кызымды бала бакчадан алып келатсам кыздардын баарын эле бала бакчадан аталары келип алып кетет. Мени качан атам келип алып кетет дегенде өзүмдү коёрго жер таппай жүрөгүм сыздады.
- Кайсыл жердин кулуну эле, канча жыл бирге түтүн булатып жашадыңыздар?
- Чүй облусунун Сокулук районунда туулуп өскөн. Ата-энесинин таянар жалгыз уулу болчу. Өзүнөн улуу эки эжеси бар, алар турмушта. "Бала деп жүрүп балапан чачым агарды" дегендей, бапестеп өстүргөн жалгыз баласын жоготуу мага эле эмес, карыганда ата-энесине да кыйын болду. Мен Көлдөн мектепти аяктап Бишкекке келип ишке орношком. Ошол жерден Алтынбек экөөбүз капыстан таанышып калып, бир жылдан ашык кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. 4 жыл бирге жашадык. 4 жылдын ичинде кандай гана кыйынчылык күндөрдү баштан кечирбедик. Жашаганга туруктуу үйүбүз жок болгондуктан көчүп-конуп батирде баш калкаладык. Каражатты жолдошум тапкандыктан мага кыйынчылык көп билинбептир, бардыгын азыр билип жатам. Кыстаган кымбатчылык, бирине тартсам бирине жетпейт. "Өлбөгөн адамдын жашоосу суу ичсе да өтөт" дегендей, айтор эптеп туугандарымдын жардамы менен күн кечирүүдөмүн.
- 7-апрелдеги кандуу каргашага жолдошуңуз кандайча аралашып калыптыр?
- 7-апрелден бир ай мурун Сокулукка кайнатамдардын үйүнө барып жашап жатканбыз. Алтынбек болсо Бишкекте иштеп жүргөн. 6-апрель күнү мага телефон чалып: "Айлык алдым, эртең үйгө барам" - деген. Акыркы сүйлөшүүбүз ошол болду. Эртеси күнү ызы-чуу чыгып калганынан телефон чалып, такыр ала албай койдук. Кесиптештерине чалсам, биз айылдабыз деп коюшту. Көрсө, жумуштан чыккандан кийин эле, кесиптештери айылды көздөй жол тартышса, Алтынбек Ала-Тоо аянтына барыптыр. Көргөн адамдардын айтымдарына караганда ошол жерден биринчилерден болуп Алтынбекке ок тийип, ооруканага жетпей көзү жумулган экен. Кечке маал кошуналар чогулуп келип эле күтүлбөгөн суук кабарды угузушту. Маңдайга жазган тагдырды көтөрбөскө арга жок экен. Жолдошумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жогоруда айтканымдай, Бакиевдерди Кудай жазалап, маркумдардын арбагы уктатпасын.
- Кайын журтуңуз менен катышып турасызбы?
- Акча деген азап нерсе тура. Өкмөт тарабынан берилген миллион сомдун айынан кайын журтуман да кол үздүм. Ошол акча болбогондо, балким катташып турмак белек, ким билет? Миллион сом жубайы катары мага берилген. Эртеси күнү эле кайын журтум келип: "Акчаны бизге бер! Сага шаардан эки бөлмөлүү квартира алып беребиз", - деп убада кылып, акчаны алып кетишкен. Антип курулай убада берип мени алдабай, келе деп алса деле талаша алмак эмесмин. Анткени өстүрүп эрезеге жеткирген ата-энеси да. Кийин кайын атамдар: "Биз өз үйүбүздү оңдошубуз керек, сен кайда барсаң бара бер"- деп эки балам менен мени эшикке чыгарып коюшту. Эл баатыры төш белгиси дагы жубайы катары мага берилген. Балама ыроолоп төшүнө тагып койсом, кайнатам алтынын алдырып ийген адамдай жулунуп келип небересинин төшүнөн жулуп кетти. Жакында үй берилгени жатат, ал мага тиеби же кайын атамдар тартып алабы, билбейм. Баарынан Темир Сариевге ыраазымын. Жолдошумдун, аны менен бирге каза болгон Сокулук районунун 7 баласынын эстеликтерин тургузуп, жардамын берди.
- Жакынкы күндөрү соттук процесстер кайрадан уланганы турат, адилеттүү өкүм чыгарына көзүңүз жетеби?
- Буга чейин өкүм чыкпаган, эми кайдагы адилеттүү чечим чыкмак эле. Өлгөн 87 баатырдын эле өз шору экен. Күнөөлүүлөр чекесинен качып кетип жатышат. Соттук процесстер башталса, акыйкаттуу чечим чыгып калар бекен деген үзүлбөгөн үмүт менен барып катышабыз да. Эгер бул көрүнүш дагы деле улана бергидей болсо, анда биз өз өмүрүбүздү курмандыкка чалуудан кайра тартпайбыз.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев