Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Турдубек Мамбетов, Нарын облусунун губернатору:
"КАРА-КЕЧЕ КӨМҮР КЕНИН
криминалдардан арылта
албай жатабыз…"
- Турдубек мырза, бүгүнкү күндө Нарын облусунда калктын 70 пайыздан ашыгы жакырчылыкта жашаары кабарланды. Элдин жашоо-турмушун кантип жакшыртса болот?
- Туура айтасың. Бүгүнкү күндө Нарын облусунда калктын 70 пайыздан ашыгы жакырчылыкта жашайт. Себеби 20 жылдан бери Нарын облусуна көңүл бурулбагандыктан бир дагы көзгө көрүнүктүү иш аткарылган эмес. Мал киндиктүү жер болгондуктан, эл бирин-экин малын багып, жер иштетип мамлекеттен бир тыйын сурабастан өздөрүн өздөрү багып келишкен. Бакиевдин тушундагы электр энергиянын эки эсе кескин кымбатташы, тамак-ашка болгон баанын өсүшү, уюлдук телефонго болгон үстөк, кыскасы, туш тараптан кыстаган кымбатчылык жакырланган элдин жашоо-турмушун ого бетер жакырлантып койду. Мындай оор абалга чыдабаган карапайым эл Нарындын 40 градус суугуна карабастан январь айында бир эмес беш жолу пикетке чыгууга мажбур болгон.
Буга чейин каралбай келген иштердин баарын карап, маселени четинен чечкенге аракет кылып жатабыз. Эң негизгиси тыштан инвесторлорду алып келип, алардын иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз керек. Бакиевдин убагында инвесторлорго болгон салык күч болгондуктан келгендер Максим Бакиевге чоң суммадагы акчаны карматып туруп келишчү. Азыр кудайга шүгүр, шарт түзүлдү. Өлкөдө тынччылык болсо, инвесторлор келип турат. Бирок Нарын элин Кара-Кече көмүр кени менен эле багып койсо болот. Аны үчүн жаңы долбоорлорду иштеп чыгып, темир жолду Кара-Кечеге чейин узартып куруш керек. Жумгал аркылуу өткөн жолду реконструкциялап Ош-Бишкек каттамын ачсак, Жумгал районунун элине дагы абдан жакшы шарт түзүлмөк. Кытай менен болгон соода-сатык байланышыбыз артып, Нарын шаары экономикалык зонага айланмак. Ал эми Бишкек, Торугарт каттамын 2013-жылы толугу менен бүткөрөбүз. Кыскасы, жол каттамы оңолсо эле, элдин жашоо турмушу оңолот. Ошондой эле кайрадан кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүп, Солтон-Сары алтын кенин иштетсекпи деп жатабыз.Андан башка 20дан ашык облустун экономикасын көтөрүү боюнча долбоорлор каралган. Кочкор районундагы Акташ деген зонага инвесторлор келип ташты иштетип жатышат. Канчалык иш көп болсо, жарандарыбыз иш менен камсыз болуп жумушсуздук азаят. Жумушсуздук азайса, элдин жашоо турмушу оңолот.
- Эгер биз жумушсуздук азаят деп кендин баарын иштете берсек, аймактын экологиялык шартына коркунуч туулуп калбайбы? Ансыз деле Бакиевдин учурунда Жетим-Тоо темир кенин кытайлык инвесторлор келип иштетебиз дегенде эл каршы чыкты эле го?
- Биз эч качан элдин макулдугусуз иш алпарбайбыз. Келген инвесторлордун бардыгына айтып жатам: "Элдин макулдугун алгыла эгер эл макул болсо, мамлекет карап чечип берет, иштей бергиле" - деп. Ал эми Жетим-Тоону Максим Бакиев жана ошол кездеги администрацияны жетектеп турган адамдар элдин талабын эске албай инвесторлорго берип койгон экен. Кийин эл ызы-чуу болгон. Бул эми мамлекеттик деңгээлде чечиле турган иш. Негизи экологиялык жагын да эске алууга тийишпиз.
- Жаңыдан губернатор болуп шайланганда ишиңизге бут тосуп дейбизби, эмнегедир айрым адамдар сизге каршы болушту. Мунун себеби эмнеде? Же чындап эле эл сизди кабыл албай жаттыбы?
- 7-апрелдеги революция, июнь айындагы Ош коогалаңы, айтор элбиз эбегейсиз оор кырдаалдарды баштан кечирип, мамлекетибиз кыйын абалга туштугуп турганда президентибиз Роза Отунбаева элди тынчтыкка чакырып: "Алдыда келаткан парламенттик шайлоону мурдагыдай административдик ресурс колдонбой таза өткөрөлү, Нарын тоолуу жер болгондуктан эми эле кыш келет, эртелеп кышка даярдык көрбөсөк болбойт" - деген шарт менен ишенич артып, облуска губернатор кылып шайлаган. Мен үчүн дароо эле ишти жөнгө салып, өз нугунда алып кетүү оңойго турган жок. Себеби эл арасындагы айрым "тың чыкма" адамдар "Т. Мамбетов, Акаевдин, Бакиевдин кадры экен" деген сыяктуу ар кандай сөздөрдү айтышып, иштегенге мүмкүнчүлүк беришпеди. Анын үстүнө айрым мекемелерге эл каалаган жетекчисин шайлап, улам бир жетекчи алмашып, иш жүрбөй жаткан кез экен. Ошол кездеги губернатор Адыл Эсенбеков, айрым жетекчилердин айтканын кылып, талаптарынан баш тарта албай калыптыр. Ошентип, элди тынчтыкка чакырып, сүйлөшүү жолу менен ишти жөнгө салдым. Шайлоону ачык айкын, таза өткөрдүк, эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. 165 шайлоо участогундагы бюллетендердин бардыгын Борбордук шайлоо комиссиясына так, туура өткөрүп бердик. Партиялардан андай деле нааразычылык болгон жок. Бир гана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү администрациянын алдына эки күн пикет уюштуруп, биз түшүндүрүп айткандан кийин таркап кетишти.
- Өткөн жылдын күзүндө президент Роза Отунбаева Нарынга барардын алдында губернатор шаардын жолун оңдотумуш болуп, президент кеткенден кийин эле жол каралбай калды деген сөздөр айтылууда бул боюнча эмне дээр элеңиз?
- Жогоруда айткандай, мамлекет буга чейин облуска эч көңүл бурбагандыктан облустун социалдык-экономикалык абалы кыйраган. Мамлекеттик казынадан 40 миллион сом бөлдүрүп, жаңыдан жолду оңдой баштаганда, президентибиз Роза Отунбаева барып калды. Жалпысынан, 40 миллиондун 33 миллион сомуна жолду оңдоп бүткөрдүк. 7 миллион сомуна жолго керектүү каражаттарды алдык. Анан суук түшүп, жер тоңуп калгандыктан бир аз жери бүтпөй калган. Буюрса, "өлбөгөн кулга жаз келет" дегендей, жаз алды менен кайрадан ишти колго алып, аягына чыгарабыз.
- Губернатор тендерди туура эмес жүргүзүп, жолго бөлүнгөн акчанын 20 миллион сомун жок кылып койгон деген сөздүн чындыгы барбы?
- Бул сөз кызматтан алынган облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин чыгарган сөзү. 20 миллион сом толугу менен шаардык мэриянын казынасына түшкөн. Анткени ал каражат мериянын буйругу менен алынган. Ошол ишти териштирип, жөн гана ойдон чыгарылган ушак экенин далилдеп берүү үчүн атайын 17 адамдан турган элдик комиссия түзүлгөн. Комиссия текшерип, ушак экенине ынанды. Андан айласы кеткенде эптеп эле жолду жымсалдап үстүртөдөн жасап жатат деп чыкты. Иши кылып ал мени кантип элге жаманатты кылыштын жолун издеп жатат.
- Мурунку губернатор Жыргалбек Азылов жаштарга үстөксүз насыя берем деп үч миллион сомду жок кылып койгон деген кептер айтылууда ошол чынбы?
- Менимче, ар бир эле губернатор эл үчүн иштейин деп аракет кылса керек. Ошол сыяктуу экс-губернатор Аскар Салымбеков "Намыс" деген программаны иштеп чыгып "Жүрөгүм менин тоолордо" деген марафон өткөрүп, Кумтөр алтын кенинен акча алып, облустун социалдык абалын көтөрүүгө аракет кылыптыр. Азыр ошону айрым облустун активдери элге отчет бербей кеткен деген негизде түзүлгөн элдик комиссия менен ишти иликтөөгө алганы жатышат. Ал эми Жыргалбек Азылов болсо "Жаңы багыт" деген аталыштагы программаны негиздеп, президенттик фондудан үч миллион сом алып, жаштарга үстөксүз насыя берип кийин топтой албай калган көрүнөт. Элдик комиссия аны да иликтөөгө алып жатат.
- Жолдон башка дагы кандай алгылыктуу иштерди аткара алдыңыздар?
- Колуман келишинче иштеп жатам.Көптөгөн социалдык объектилерди куруунун аракетиндемин. Жөнөкөй эле бир мисал администрациянын чатырчасы жарактан чыгып, үстүнөн тамчы агып калыптыр. Эмеректеринин бардыгы эскирип, компьютерлер иштебейт экен. Казынадан 4 миллион бөлдүрүп, администрацияны капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңы эмерек компьютерлерди сатып алдык. Баса белгилей кетейин, ошол кездеги Убактылуу Өкмөт кийинки Техникалык Өкмөт Нарын облусун аябай көтөрмөлөдү. "Таш көмүр алып кышында элди жылуулук менен камсыздагыла" деп, мамлекеттик казынадан 22 миллион сом бөлүп берди. Облустун калкын 100 % таш көмүр менен камсыз кылдык. Мурда таш көмүр менен шылуунданган адамдар элди алдап, таш, кум кошуп сатып жүрчү экен. Быйыл анын баарын тыкыр көзөмөлгө алдык. Бир гана аткара албай жаткан ишибиз Кара-Кече көмүр кенин жолго коё албай жатабыз. Себеби Кара-Кече көмүр кенинде криминалдык чөйрөнүн адамдары бар экен. Ошолордон арылта албай жатабыз.
- Былтыр күзүндө Кочкор районунда эк-үч айылды суу каптап кетүү коркунучу туулду, кийин кар калың жаап, Аксай, Арпада жашаган чабандар кыйналышты. Кокус облуста ушул сыяктуу өзгөчө кырдаал жаралып кете турган болсо, кырдаалдан чыгып кетүүгө даярсыздарбы?
- Кочкор районундагы Көл-Үкөк деген көлмө жарылып үч айылды алып кетүү коркунучу болду. Ал иштин бардыгы облустун мойнуна жүктөлгөндүктөн, кырдаалдан чыгып кетүү кыйын болду. Себеби облуста эч кандай жарактуу техника жок. Жол оңдогон кытайлардын тракторлорун алпарып элдин күчү менен эптеп кырдаалдан чыгып кеттик. Күзүндө кар жааганда дагы техника жок болгондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардам берип, кырдаалдан алып чыгып кетти. Болбой эле койсун, кокус жаратылыш кырсыгы болуп кетсе облуста иштей турган техника жок.
- Сизди Жумгал районунун акимин себепсиз кызматтан алып, ордуна башка адамды отургузуп койду деген сөздөр айтылып жатат. Ошондой эле сизди губернаторлуктан бошоп ордуна башка адам барат экен деген да сөздөр айтылууда, буга кандай карайсыз?
- Жумгал районунун мурдагы акими менен орун басары экөө тең жаш жигиттер болчу. Экөөнүн жаштары тең чамал болгондуктан, көз караштары туура келбей, биринин сөзүн бири угуп иштеше алышпайт экен. Акимдин орун басарын чакырып: "Сен жаштык кылып иштей албай жатасың, Чаек айылына айыл өкмөт бол"- деп түшүндүрүп айтып, ордуна мурда аким болуп иштеп кеткен тажрыйбалуу адис бар экен, ошону акимдин орун басары кылып шайлагам. Көп өтпөй эле кызматтан кеткен акимдин орун басарынын тарапташтары нааразы болушту. Азыр иш жайында, нааразычылыктар деле болгон жок. Ал эми менин угушума караганда губернатор болобуз деген адамдар да бар экен. Бардыгын премьер-министр Алмазбек Атамбаев чечет да. Буюрса, ордумда эле калсам керек. Анткени Нарын эли мени колдоп жатышат.
- Убактылуу губернатор болгон Адыл Эсенбеков жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- Адыл Эсенбеков Нарын элин жетектеп революцияга өз салымын кошту. Кыйын кезеңде үч ай губернаторлук кызматты аркалады. Анын эмгегин эске алып, башына калпак кийгизип, чапан жаап, Нарын облусунун ардактуу атуулу деген наамды ыйгарып кызматтан узаттык. Башында бир аз нааразы болду. "Революцияга активдүү катышсам кызматтан алып койду" дегендей кылып. Жогорку билимиң жок болсо, кол алдыңда иштеген адамдар бир эмес, эки кесиптин ээси болсо сенин губернатор болушуң мыйзамга ылайык келбейт деп түшүндүрүп айткам. Азыр ага-ини катары саламыбыз түз, мамилебиз жакшы.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев