Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Табылды Актан, КРнын эл артисти:
"Бакиевдин айынан элге жек көрүндү болгом…"
Театр… Сахнада ойнолгон спектакль… Бул адам жашоосун чагылдырып көрсөтүүчү күзгү эмеспи. Спектаклден соң терең ойго батып, көкүрөгүбүз чындык, калыстык, тактык, рухий аруулук деп согуп, сокур көөдөнүбүз байлыкка толо түшөт эмеспи.
Албетте, театрды театр кылып, аны жандандырып, өмүр берип жашатып жаткан өнөрлүү актёр-актрисалар экендигин билебиз. Бирок театрдын түмөн түйшүгүн актер-актирсаларчалык сезип туйбасак керек. Биздин алдыда сөз кыла турган инсаныбыз КРнын эл артисти, өмүрүнүн көбүн театрга арнаган, неченден каармандардын образын жогорку деңгээлде ачып берген көп кырдуу талант ээси Табылды Актан агай болмокчу. Анда сөз башынан болсун.

- Эсимде, 3-класста окуп жүргөндө эле комуз чертип, мектептеги ыр кружогуна катышып, интермедияларды аткарып калчумун. Ал кезде айылга артисттер көп келчү. Алар келет деген күнү клубдан кетпей, 3-4 күн концерт койсо, 3-4 күн ошол жерде жүрө берчүмүн. Анан баягы артисттердин өнөрүн көрүп, аларды эртеси мектептеги балдарга туурап берип, боорун эзип эле жатчумун. Анын үстүнө айылыбызда өнөр адамдары көп эле. Кожокадыр деген чоң комузчу жездебиз бар болчу. Ошол менин чыгармачылыгыма чыйыр салды көрүнөт. Деги эле бала кезден артист болсом деген дегдөөм аябай бийик болчу. Өнөр адамдарын көргөн сайын "бат эле чоңойсом, бат эле артист болсом"- деп өнөргө болгон кызыгуум жаныма тынчтык берчү эмес. Эми ал кез Совет учуру да. Биздин айылда 8 жылдык гана мектеп бар эле. Мектепти бүткөндөн кийин колума күбөлүктү алып шаарга келип, М. Күреңкеевге тапшырсам дегенде эки көзүм төрт болчу. Какаганга муштаган болуп, күбөлүгүмдү бир ай кечиктирип беришти. Күреңкеевге келсем, окуу башталып калыптыр. Мени сынап көрүшүп: "Сен мыкты бала экенсиң. Сенден чоң талант чыгат. Кийинки жылы кел, экзаменсиз алабыз"- дешти. Кайра айылга кетип калдым. Окууну аяктаганбыз да. Айылда бош жүрүп калдык. Колхоз жанды тындырбай туутка, чөпкө айдайт. Ой койчу, колхоздун жумушун балдар эле кылчубуз. Бир жолу кой кайтарып жүрсөм партком Жуматаев чакыртып жибериптир. Барсам: "Ой, Табылды, сен өнөрлүү экенсиң. Бир жылдык механизаторлор курсуна барып окуп кел"- деп мени окууга жиберип салды. Аны бүтүп жатканда Бүткүл союздук жаштардын эл аралык фестивалы болуп калды. Ошондо 16 жашта болсом керек. Фестивалга катышууга Москвага аттанып кеттим. Ошол фестивалдан Бүткүл союздук жаштар арасында лауреат деген наамды багындырып келдим. Сыйлыкты алып, төшкө медалды таккандан кийин ого бетер артист болгум келе баштады. Механизатордун окуусун бүтүп келгенден кийин трактористтин жардамчысы болуп иштеп жүрсөм, партком кайра чакырып калды. "Ой, Табылды, Фрунзеде завклубдун окуусу бар экен. Ошого барып окуп кел"- деди. Кудай мындайды бербестир деп кубанып, Фрунзеге келдим. Завклубдун окуусунда окуп жатсам, жетекчиси келип "Табылды сен музыкалык бөлүмгө которул"- деп класс аккордеон бөлүмүнө которуп салды. Анан аккордеонду колго алдым.
Ошол кезде Фрунзеде "Эл чыгармачылыгы үйү" деген чыгармачыл топ бар эле. Буга да катышып алдым. Алардын бир бригадасына музыкант жетишпей жаткан экен. Ошолор менен жайды жайлата Ошко концерт берип, окубай эле артист болуп кеттим. Жыл аяктаганда колума завклубду бүттү деген кагаз берди. Кайра айылга бардым. Айылга барсам "эми клубду жайында өткөрүп ал. Азыр кой туутка барып келе кал"- дешти. Оңол деген байке менен чогуу кой кайтарам. Бир жолу Оңол байке: "Нарынга барып насвай алып кел. Мен коюңду кайтарып турайын"- деп мени насвайга жумшап калды. Чуркап бара жатсам Жүмамүдүн Шералиев алдымдан чыкты. Учурашып калдым. "Ой, Табылды, сен кайда?"- деди. "Кой кайтарып талаада жүрөм"- десем, жүр деп эле Нарын театрына алып барды. Биз барганда Нарын театрынын бир бригадасы Казакстанга гостролго кетип жатышкан экен. Музыкант жетишпей жатыптыр. Ошолорго кошуп жиберди. Кой да калды, үйгө да барган жокмун, аларды ээрчип алып Казакстанга кетип калдым. Жайлата артисттер менен гастролдо жүрүп кайра келдик. Ошону менен театрга кирип кеттим. Окуу да калды. Мен театрдын эшигин аттаган кезде искусствонун дөө-шаалары Нарын театрында экен. Аларды көргөндөн кийин окугум да келбей калды. Ошентип, актерлук кесипке баш-отум менен кирип кеттим. Ошол күндөн ушул күнгө чейин актерлукту аркалап, ошо менен бирге обончулук, төкмөлүк, ырчылык, жазмалык өнөрдү алып келе жатам.
- Театр сизге эмне берди?
- Театр жан дүйнөмө түгөнгүс гүлазык берди.
- Чыгармачылыктын түйшүгү оор эмеспи. Театрда иштеген жылдары башыңыздан кыйынчылыктар өтпөй койбосо керек?
- Театрда көп жылымды өткөрдүм. Жаштыгым да, кайгым да, кубанычым да, махабатым да театрда өттү. Менин жетишкендиктериме, кубанычыма, кайгыма театр ортоктош болду. Албетте, кайгы менен кубаныч эриш-аркак жүрөт. Театрда жүргөн жылдары жаманы да, жакшысы да, кайгы да, кубаныч да баштан өттү. Биз иштеп жүргөн учурда не деген залкар таланттар, бул жалган дүйнө менен кош айтышып, келбес сапарга кетишти. Андайда жүрөгүбүз ооруп, жан дүйнөбүз жанчылып калар эле. Орду толгус канча талантты узаттык. Баары мыкты, кайталангыс, теңдешсиз эле…
- Ар бир өнөр ээсинин жол көрсөткөн устаты болот эмеспи. Устаттарыңыз туурасында айта кетсеңиз…
- Устаттарым аябай көп. Бирок баса белгилей кетчүлөр да бар. Анткени баары эле мени колдон жетелеп, актерлук өнөрдү үйрөткөн жок. Мени жакын көрүп, келечегимден чоң үмүт кылган СССРдин эл артисти Капар Медетбеков, КРнын эл артисти Бакирдин Алиев болду. Ушул адамдар мага актерлуктун сырларын, чеберчилигин үйрөттү. Бакирдин ага мени жанындай көрчү. Бүгүнкү күнгө чейин Табылды деп жакшы көрүп жүрөт.
- Бакирдин аба менен катышып турасызбы?
- Нарында иштеп жүргөндө катышып турчумун. Ал киши пенсияга чыгып, борборго келе бергенден кийин кабарлашпай калдым. Артынан мен да борборго келдим. Бишкекте туруп, барып учураша албай, аябай уят болуп жүрөм. Бул менин кечирилгис күнөөм. Буйруса, устатыма барам. Бул менин адамдык парзым.
- Ар бир эле өнөр адамынын атагын чыгарган, купулуна толгон чыгармасы, ролу болот эмеспи. Өзүңүздүн жан дүйнөңүзгө жакын болгон ролуңуз кайсы эле?
- Өзүңдүн купулуңа толбой калган иштер болот. Ага тымызын гана ичтен сызып коебуз. Бирок сыртыбыздан сыр билдирбейбиз. Бирок аткарган ролдоруңдун кандай болгонун элдин сыны аркылуу билет экенсиң. Көрүүчүлөрдүн берген баасы менен карасам, "Аста секин колукту" спектаклинде Сапарбайдын ролу мыкты ролдорумдун бири болду. Ошол ролумду эмдиге чейин унутпай жүрөм. Автор Насирдин Байтемиров, Насыр Давлесов аксакалар өздөрү келип, "опера театрында үн бар, бирок силердин актердук чеберчилигиңер алардан ашып кетти"- деп баасын беришкен. Сапарбайдын ролун аткарган мени аябай катуу макташты. Театрга жаңы киргендиктенби, аябай эргүү менен ойногон экем.
- Атакка жеткенде адамдын башы айланып көзү тумандап, көөп кетет дешет. Сиздин да көпкөн учуруңуз болду беле?
- Жок, мен көпкөн жокмун. Муну мактануу менен айта алам.
- "Жакшы аял жаман эркекти жакшы кылат, жакшы эркекти хан кылат" дегендей, сиздин ушундай атакка жетүүңүзгө өмүрлүк жарыңыздын салымы да зор болсо керек?
- Албетте, ал адам болбосо мен азыркыдай даражага жетмек эмес элем. Зуура менин жаманымды жашырып, жакшымды ашырып гана тим болбостон, ал киши менин биринчи сынчым, кетирген катачылыгымды оңдогон адам болду. Зуура эжең менен баш кошуп, анын акылынын тереңдиги, пейлинин кенендиги, талантты баалаган, түшүнгөн чебердиги, кыйынчылыкты жеңе билген эрдиги менен эл ырчысы, өнөр адамы болдум. Табылды Актанды Табылды Актан кылган Зуура эжең. Ал кишиге кезикпегенде азыркы Табылды Актан болот белем жок беле, билбейм. Зуурасыз азыркы даражамдан ашып кетериме көзүм жетпейт.
- Сиз үч президенттин учурунда тең театрда иштеп калбадыңызбы. Ошол аралыкта театрдан жан дүйнөсүнө гүлазык издеген чоңдорду кезиктире алдыңызбы?
- Жок. Кезиктирген жокмун. Президент десең бир кызык окуя эсиме түшүп кетти. Бир жолу "Мен кыргызстандыкмын" деген чоң плакат чыгарып жатабыз. Келип сүрөткө түшүп кеткиле"- деп чакырып калышты. Барып түшүп келдик. Эки күндөн кийин менин бакыйган сүрөтүм, сүрөттүн астында "Бакиев татыктуу президент" деген жазуу турат. Таң калып эле калдым. Көчөгө чыксам, элдин баары мени акшыя карайт. Айрымдары ачык эле "Бакиевдин кишиси экен. Уяты жок"- деп жаман көрүп жатышты. Уялганымдан үйдөн чыкпай калдым. Тааныштарымдын баары чалып, айрымдары таң калып, кээ бирлери ачык эле какшыктап жатышты. Сарсанаага батып, чүнчүп кеттим. Телефонго да жооп бербей, аялыма берип койдум. Бир күнү Күмөндөр иним чалып калыптыр. "Сен алчы, мени жок деп кой"- деп аялыма телефонду бере салдым. Зуура алса, "Жеңе кандай, байкем жок беле? Мен ал кишиден Бакиевдин кандай адам экендигин сурайын дедим эле. Биз билбей жатабыз. Байкем жакшы билет турбайбы. Бизге айтып койсунчу"- деп телефонду коюп койду. Ал да жөн сүйлөбөй, какшык аралаш ачуусу келе айтып жатпайбы. Анын сөзүн уккандан кийин өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Башты жерге салып, басып жүрдүм. Ошентип, Бакиев бизди пайдаланып кеткен. Бул биринчиси эмес, өнөр адамдарын көп пайдаланышты. Бакиевдин айынан элге жаман көрүнгөм.

Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова