presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жумагул Сааданбеков,
КР ТИМинин Дипакадемиясынын ректору:
"Улуттар аралык мамиледеги сабырдуулук этикасына жетишели..."
- Жумагул Сааданбекович, сиз июнь айында республиканын түштүгүндө болуп өткөн окуялар боюнча Комиссиянын отчетунун парламентте кандай талкууланганын жакшы билсеңиз керек. Улуттун элитасынын өкүлдөрү болуп эсептелген биздин депутаттардын ушунчалык агрессиясы жана кыжырдануусу кайдан келип чыкты? Мындай көрүнүш Кыргызстандын көп этностуу, көп конфессиялуу элин бириктирип, жуурулуштурбай эле, бөлүп-жарууга таасир этет да...
- Демократия - баарынан мурда чыдамдуулук, сабырдуулук. 20 жылдын ичинде биз да көп нерсеге үйрөндүк, бирок улуттар арасында эле эмес, өз ич арабызда да сый-урматтуу, сабырдуу мамиле түзгөндү үйрөнө албадык. Жалпыбыздын шорубузга жараша, жыл өткөн сайын коомубузда сабырдуулук улам азайып, өз ара мамилелер улам агрессивдүү болуп бара жатат. Мунун себептери көп. Бирок алардын эң башкысы улуттук элита бийлик үчүн, байлык үчүн, коомго таасирдүү күчкө айланыш үчүн күрөшүүдө өтө агрессивдүү, маданиятсыз ыкмаларды колдонуп келет. Сыныктан башкасынын баары жугуштуу дегендей, алардын ушундай жүрүш-турушу жалпы элдин маанайына терс таасирин тийгизүүдө. Кыргыздар байыртадан эле сөздү, акырын сүйлөп, аз сүйлөп, көп ойлонгонду, жүйөлүү маектешүүнү, сыпайгерчиликти жана сабырдуулукту, каршы тарапты урматтоону жогору баалашкан. Ушул сапаттар дал ушул демократиянын шарттарында көз көрүнөө эле жок болууда. Атүгүл, мыйзам чыгаруучу жогорку органда да ар кимдин оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, бир-бирин жыга муштаганга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз.
- Айрыкча, улуттар аралык көйгөйлөр жөнүндө сөз болуп жатканда, сабырдуулук, сыпайыгерчилик өтө керек эле го. Депутаттар түшүнбөйбү же атайылап абалды курчутуп жатышабы?
- Кандай шарттарда келип чыкса да, чыр-чатактуу окуяларга мүмкүн болушунча, улуттук же диндик баа берүүдөн алыс болгон жакшы. Мына ушул жагынан алганда, кээ бир жетекчинин билип туруп эле, чыр-чатакты "турмуш-тиричилик чатагы", "көчөдөгү бейбаштык" ж.б. деп жылмалап, анын улуттук маанисин айтпай жатканы мага түшүнүктүү.
Менин оюмча, кээде зыяндуу бетке чабарлык менен "достукту" тутандыруунун ордуна, ушундай куу версияны колдонуп коюу акылга сыярлык болот, максатка жетиш үчүн У.Черчилль айткандай: "Кенедей бир чындыкты калптын бүтүндөй бир ротасы коштоп жүрөт!"
- Балким, басма сөздө кылмышкерлердин жана жабырлануучулардын улутун көрсөтүүгө тыюу салуу керек болуп жүрбөсүн? Дегеле криминалдык хроникадан ушундай маалыматтарды алып салуу жарандык ынтымакты чыңдоого кызмат кыла алабы?
- Сиз түштүктөгү улуттар аралык чыр-чатактын көкүтүүчүлөрүнүн, атап айтканда Б. Кадыров сыяктуу өзбек улутчул-радикалдардын атын атоонун кереги бар беле дегенди кыйытып жатасыз го. Айтыш керек болчу. "Кылмышкерлердин улуту болбойт" деген саясий жумшак миф -жалган. Алардын улуту да бар, баары бар, аны жашыруунун кереги жок, тескерисинче, сыналгы, басма сөз аркылуу чындыкты ар дайым кашкайта айтып туруу керек.
Бирок ал чындык бир тараптуу эмес, таразаланган, толук чындык болууга тийиш. Эмне кыргыздардын арасында улутчул-радикалдар жокпу? Спорт ордосун жана Бишкектин ички иштер башкармалыгын жардырып жибере жаздаган, милиционерлерди өлтүргөн радикал-улутчулдардын К.Батыровдон эмнеси жакшы? Түштүктөгү чыр-чатактын убагында киши өлтүргүчтөр жалаң гана өзбектер болгон, ал эми кыргыздар канаттуу периштелер эле дегенге ким ишенет? Туура маалымат, толук маалымат өзүнөн-өзү эле улуттук мамилелерди оңдоп жибербесе да, карөзгөй калптардын бетин ачат, элдин көзүн ачат.
- Андай болсо, улуттар аралык курч абалды тынчытуу үчүн эмне кылыш керек?
- Биринчиден, баарынан мурда кылмыштуулуктун статистикасы болобу, кадрлардын же бизнесмендердин сапаттык составы болобу, айтор чарбага, менчикке тиешелүү чатак-талаш иштер болобу эч кандай улутуна байланышпаган, кашкайган чындык айтылышы керек. Коомдогу зомбулуктун жана агрессиянын жалпы градусун төмөндөтүүдө чынчыл сөз менен, сабырдуу жүрүш-туруштун мааниси баа жеткис.
Экинчиден, биз, баарыбыз, эл-журт, коомчулук, саясий элита, өзүбүзгө өзүбүз сын көз менен карайлычы. Эмне үчүн кыргыздын улуттук сыймыкталуусу улуттук көйрөңдүккө, улуттук менменсинүүгө айланып бара жатат. Белгилүү тарыхчы А.Мокеевдин китебин ачып окуп, айран таң калдым. Ал жазгандай, мурда жарык көргөн кээ бир эмгектерде кыргыз эли мындан 33 000 жыл мурда, Ыбрайым пайгамбарга чейин, азыркы кездеги бир дагы эл калыптана электе эле жашаган экен, япон тили чын-чынында кыргыз тили экен, Америка континентиндеги бардык индей уруулары кыргыздардын генеалогиясына кирет экен да, ацтектер - эштектер, мая - мундуздар, ал эми сиу кыргыздардын даңктуу уруусу "саяктар" болуп чыга келет. Ушундай дөөрүк сөздөр, идеялар акырындап аң-сезимди, улутчулдуктун, уруучулуктун заардуу уусу менен ууландырылат.
Кыргызстан - кыргыз тилинин өлкөсү, кыргыз маданияты, салт-санаасы үстөмдүк кылган өлкө. Кыргыз мамлекетин чылгый кыргыздар башкарып турат. Өкмөттүн дээрлик бардыгы, Президенттин администрациясы, бардык губернаторлор, дээрлик бардык депутаттар, дегеле бүт кадрлар корпусу кыргыздар. Албетте, элдин 70 пайызы кыргыздар болгондон кийин жогорудагыдай көрүнүш мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бир сөз менен айтканда, кыргыздар мамлекетти түзүп турган улут, мамлекеттин арка бели. Бирок, бүгүн кыргыздардын этностук улутчулдугу мамлекетти бузуучу, мамлекетти талкалай турган күчкө айланышы мүмкүн. Кыргызстан сыяктуу көп улуттуу өлкөдө улуттук эгоизм, улуттук шовинизм күч алса так Грузиянын кейпин кийип каларыбыз шексиз.
Үчүнчүдөн, биз улуттар аралык чыр-чатактын каргыш тийген тилкесинен өттүк. Мындан алда канча коркунучтуусу - бул этностун ичинен чыккан жаңжал, башкача айтканда граждандык өз ара жаңжал. Парламентке болгон шайлоолор мындай чыр-чатактын өбөлгөлөрү бар экенин, болгондо да түндүк-түштүк проблемасына такаларын көрсөттү. Алдыда келе жаткан президенттик шайлоолор этностун ичиндеги чыр-чатактын тамызгысы болуп калбайбы? Шайлоого негизинен баягы эле белгилүү саясатчылар чыгат, бизде башкалары жок. Сталин айткандай, менде башка жазуучулар жок. Ошентип, коркутуу жана добуштарды сатып алуулар, кландар аралык жана партиялар аралык кармаштар ж.б. менен коштолгон шайлоонун чак-челекейи башталат. Президенттикке тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүдөн бүтүндөй бир региондун баш тартышы да мүмкүн.
Бул жерде бир гана жол бар: аталган көйгөйдү чечүүнүн компромистик жолун табуу керек. Мындан 10 жыл мурда мен президенттерди Түндүктөн да Түштүктөн да беш жылдык мөөнөт менен, алмак-салмак алмаштырып шайлап туруу жөнүндө маселени Акаевге сунуш кылгам, басма сөзгө жарыялагам, андан кийин белгилүү юристтер, азыркы депутаттар К.Осмонов, М.Абдылдаевдар менен да талкуулагам. Бирок, жыйынтык болгон эмес. Бул идеяны мен ойлоп чыгарган жокмун, мындай практика дүйнөдө кеңири колдонулат. Атүгүл Батыштын жогорку цивилизациялуу өлкөлөрүндө, мисалы, Австриядагы Тиролдо, Швейцарияда мамлекет башчылары этностук же региондук белгилери боюнча улам алмашып шайланып турушат. Буга классикалык шайлоо жолу менен эмес, консоциативдүү демократиянын механизмдери, б.а. саясий элиталардын ортосундагы сүйлөшүүлөр, компромистер аркылуу жетишилет. Балким, бүгүнкү күндө президенттик шайлоого карата ушундай мамиле зарыл болуп жүрбөсүн? Менде бул суроого карата бир жактуу жооп жок. Ошондуктан элди, коомду, саясий элитаны ушул маселеге көңүл бурууга жана пикир алышууга чакырамын.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??