Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Төлөн Нурбаев,
КСДП партиясынын мүчөсү, жеке ишкер:
"Түштүктөгү Кара-Суу базары криминалдардын жетектөөсүнө өттү…"
- Алгач өзүңүз жөнүндө кыскача маалымат берип өтсөңүз?
- Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун кулуну болом. Мындан 15 жыл илгери, 1996-жылы Акаевдин учурунда, армениялык бизнесмендер менен келишим түзүп, Ош шаарына жана Кара-Суу районуна пахтаны кайра иштетип, май чыгара турган завод куруп, 1400 адамды жумуш орду менен камсыз кылгам. Ал кезде ишкерлерге Бакиевдин убагындагыдай көп кысым болчу эмес. Кийин Бакиевдин бийлиги келгени дагы бир завод куралы десек, бут тосуп курдурган эмес. Кийин кытайлык ишкерлер менен келишим түзүп, Чоң Алай районунун Доорот-Коргон айылына алтын иштетүүчү завод курдук. Ал завод мамлекетке жылына 18 миллион доллар киреше алып келчү. Алай районунун мектебин, райондук прокуратурасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп, көпүрө куруп, айылга таза суу чыгарып бердим. Ошентип, бутуман туруп, ал гана эмес, элдин жашоо турмушун оңдогонумду Бакиевдин бийлиги көрө албай, ар тараптан кысымга алып, заводумду тартып алуунун аракетин көрө баштады. Ошонун айынан саясатка аралашып өз укугумду, элдин укугун коргоо максатында КСДП партиясына мүчө болгом.
- Эмне үчүн бул партияны тандадыңыз?
- Мен Кудай деген кишимин, беш маал намаз окуйм. Ал эми ал кездеги саясатчылардын көпчүлүгү Кудайдан корпогон адамдар болчу. Бир гана Алмазбек Атамбаев Кудайды оозанып, Кудай деген адам эле. Анын үстүнө Абдышүкүр Нарматов ажы "Атамбаевдин жүрөгүндө ыйманы бар адам. КСДП партиясына мүчө болсоң сен жаңылбайсың, элине чыныгы ак кызматын кыла турган адамдар ушул КСДПнын курамында" деген шыкагынан улам, аталган партияга мүчө болуп киргем. Шайлоо убагында башка партияларга окшоп, түндүк-түштүк деп элди экиге бөлүп, акча таратып элдин добушун сатып алган жокпуз. Бир гана "эгер биз силердин колдооңорго ээ болуп, депутат болуп шайланып калсак, чечилбеген көйгөйлүү маселелерди чечкенге аракет кылып, конкреттүү түрдө иш алпарбыз" деп убадабызды бергенбиз. Бирок баарыбыз эле депутат болуп креслону кучактап отуруп албастан, ар кимибиз өз ишибизди жүргүзүп, элибизге ар тараптан кызмат кылып жатабыз. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегендей, депутаттар мыйзам чыгарып, мага окшогон ишкерлерге шарт түзүп берсе жакшы болор эле. Буюрса, бийлик башындагы чиновниктер колдоп жардам берсе, кийим тиге турган, жер семирткич өндүрө турган завод куруп элдин жашоо турмушун жакшыртсамбы деген оюм бар. Чынын айтканда, ишке жараган жаштарыбыздын баары жумушсуздуктун айынан сыртка агылып кетип жатат. Аларды жумуш менен камсыз кылып өз өлкөбүздө алып калбасак эртеңки күнү түштүк жергесинде оор кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн.
- Учурда Түштүктө кырдаал кандай?
- Азыр түштүктө абал оор экенин түндүктүктөр көп биле бербейт. Анткени түндүктө түштүккө караганда элдин жашоо турмушу, коопсуздук маселелери, айтор баары жайында. Ал эми түштүктө кечки саат 9дан кийин көчөгө чыгууга мүмкүн эмес. Себеби кырдаал өтө кооптуу. Ал турсун күндүзү да шаардын чет жактарына жалгыз барууга болбойт. Кыскасы, "күндө өлүмдү күтүп жашоодон бүгүн өлгөн артык" дегендей эле жашоону кечирип жатышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө түштүккө эң негизгиси коопсуздукту күчөтүш керек. Күч структураларын түштүккө алпаруу зарыл. Июнь айындагы кан төгүүлөр кайрадан кайталанып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Чагымчылар дагы деле оңтойлуу учурун издеп жүрүшөт. Элибиз да ар бир окуяга терең ой жүгүртүп, баа берип сак болбосок, чынында абал кооптуу.
- Ушундай кырдаалдан пайдаланып криминалдар да баш көтөрөт эмеспи. Сизге окшогон жеке ишкерлерге чоң муштумун көрсөткөн жокпу?
- Албетте, андайлар жок эмес, бар. Кудайга шүгүр, андайларга моюн берген жерим жок. Анткени колдой турган адамдарым бар.
- Орто Азиядагы эң ири базар аталган Кара-Суу базары криминал чөйрөсүндөгү адамдардын көзөмөлүндө деген кептер айтылып келет. Бул боюнча кандай маалыматыңыз бар ?
- 2006-жылга чейин Кара-Суу базарында тартип бар болчу. Себеби ал кезде тартипке салып, үстүнөн көзөмөл жүргүзүп турган бир адам бар эле. 2007-жылдан баштап, Кара-Суу базары чачырап, бир эмес миңге бөлүндү. Криминал адамдардын жетектөөсүнө өттү. Айрым кызматта отурган чиновниктерин да тиешеси бар. Айтор, базар базарга окшобой эле ат сарайга айланды.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





  Cаамалык…

Марс Тулегенов, "Доор медиа" коомдук фондунун жетекчисинин орун басары:
"Биз өлкөдө мурда болуп көрбөгөн маалымат атаандаштыгын жараттык..."
Биз сөз кыла турган "Доор медиа" коомдук фонду өз ишмердүүлүгүн мындан бир жыл мурун баштаган. Албетте, биздин өлкөдө ар тармак боюнча чамасынын жетишинче иш жүргүзүп келаткан фонддор жүздөп саналат. Бирок, маалымат майданында, журналистика жаатында иштеген фонддор өтө эле аз экени айтпасак да белгилүү. Аталган фонд журналистиканын теле жагына басым жасап, телекөрсөтүүлөрдү өздөрү өндүрүп чыгып, коомчулукка тартуулашууда. Мисалга алсак, бул фонддун бир жылдан бери Коомдук биринчи канал жана 5-канал аркылуу өздөрүнүн өтө актуалдуу маселелерди чагылдырган ( кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлөт) "Сынак", жарым жылдан бери "Биз жашаган өлкө" аттуу теле көрсөтүүлөрү коомчулуктун купулуна толуп, бийик бааланып келет. Андан тышкары жаш журналисттерди окутуп, мамлекеттик кызматкерлерге ЖМК менен тыгыз байланышта иштешүү боюнча байма-бай семинарларды өткөзүү менен алек. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, бул фонд мына ушундай коомго пайдалуу иштерди эл аралык абройлуу уюмдарга долбоор жазуу, алардын тилин табуу аркылуу ишке ашырып келишет. Бул фонддун ишмердүүлүгү убакыт өткөн сайын кеңейип, маалымат майданында мурда болуп көрбөгөн маалымат атаандаштыгын жаратышып, үстүбүздөгү айдан тарта коомчулукка сунуш кылып турушат. Ал тургай заманбап техникалык жабдуулар күн сайын жаңыланып, күчөп турган кезде мындай маалымат атаандаштыгы шериктеш өлкөлөр боюнча да алигиче иш жүзүнө аша элек. Демек, бул жагынан алганда биздин коомчулук алдыга озуп кеткендиги ийгилик эмей, эмне? Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан деги бул кандай долбоор? Коомчулукка пайдасы канча? Мына ушул өңдүү суроолорго кененирээк жооп алуу үчүн аталган фонддун түзүүчүлөрүнүн бири жана фонддун жетекчисинин орун басары Тулегенов Марсты кепке тарттык.


- Марс мырза, силердин фонд жалпы коомчулукка сунуштап жаткан маалымат айдыңында мурда кездешпеген саамалык тууралуу айтып берсеңиз?
- Бул долбоорду биз мындан үч жыл мурун ойлоп, иш жүзүнө ашыруунун аракетин көрүп келгенбиз. Бул ишти ишке ашыруу үчүн абдан көп жерлерге кайрылдык. Бирок көпчүлүгү көңүлдөнбөй коюшкан эле. Бир топ эл аралык уюмдарга да кайрылдык, алардын ичинен баарыбызга белгилүү болгон "Сорос" фондусунун өкүлдөрү: "Ишти алып кете алсаңар жардам берели"-деп каражат жагынан көмөк көрсөтүштү.
Ал эми биз ишке ашырып жаткан "Куш кабар" долбоору маалымат айдыңында мурда кездешпеген жаңы маалымат атаандаштыгы болуп эсептелет. Тактап айтсак, кадимки эле шаардык телефондон жана уюлдук телефондон өлкө ичинде болуп жаткан ар кандай маалыматтарды маал-маалы менен кыргыз жана орус тилдеринде угуу жагын ишке ашырдык десем болот. Кыргызча маалымат угуу үчүн Кыргызтелекомдун абоненттери 08208 сандарын териши керек. Ал эми орусчасын угуу үчүн 08209 сандарын терүүсү абзел. Fonexтин абоненттери болсо 8208 сандарын орусча 8209 сандарын теришсе кыргызча жаңылыктарды уга алышат. Азыр биз бул боюнча Кыргызтелеком жана Fonex компаниялары менен келишим түздүк. Мегаком жана Билайн компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул долбоорду ишке ашырууда көптөгөн кыйынчылыктар болду. Бир жаман жери көпчүлүгү: " Бул долбоор коммерциялык долбоор"-деп ойлошуп, дароо эле эсептешүү жагына басым жасап жатышат. Мен окурмандарга айта кетейин - бул долбоор коммерциялык долбоор эмес, социалдык долбоор. Алар ойлошкондой биз пайда көрүү жагына басым жасаган жерибиз жок. Биздин башкы максатыбыз өлкөбүздө сыналгы, үналгы тартпаган, гезит жетпеген жерлер болсо, бирок андай жерлерде телефон байланышы бар болсо, анда ошол жердеги элди телефон аркылуу өлкө ичиндеги ар кыл маалыматтар менен камсыз кылуу болуп эсептелет. Албетте, жеке эле андай жерлерде эмес биздин кызматты баардык жердеги ар бир адам кааласа колдоно алышат.
- "Куш кабардын" иштөө убактылары жана төлөмдөрү кандай болот? Же акысызбы...
- Албетте, бул кызмат акылуу. Биз башында акысыз кылууну ойлогонбуз. Тилекке каршы, андай болбой калды. Себеп дегенде биз кызматташып жаткан компаниялар биздин маалыматты чыгаруу үчүн бир топ акча төлөөнү талап кылышты. Биз бул боюнча Роза Исаковнага да кайрылып, кат жөнөткөнбүз. Ал киши биздин долбоорду колдоп, Каптагаевге көрсөтмө берди, Каптагаев болсо мамлекеттик байланыш агенттигине көрсөтмө берип, алар бизге жогоруда аты аталган компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берди. Бирок ал компаниялардын өкүлдөрү: "Бизге төлөшүңөр керек, биз акча табышыбыз керек" -деп бекер чыгарууга көнбөй койгондугуна байланыштуу, аларга төлөй турган акчаны табуу үчүн аргасыздан бул кызматты акылуу кылдык. Ошентип, компаниялардын кызматын пайдаланып жаткандыгыбыз үчүн аларга, өзүбүздүн жети дубан боюнча атайы кабарчыларыбызга, андан тышкары ар бир каалаган адам бизге чалып, бул жерде кандайдыр бир окуя болуп жатканын кабарласа, биз ал адамга да акы төлөп беребиз. Кыскасы, ошентип төлөнүп олтуруп маалыматты телефондон угуу баасы Кыргызтелекомдун абоненттерине 3 сомго чыкса, Фонекстин абонентери үчүн 4 сом 80 тыйынга чыгып кетти. Ал эми иштөө убактысы болсо, биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин саат 9дан кечки 6га чейин. Азырынча каалоочулар иш күндөрү саат 11де жана кечки 5те гана уга алышат. Мындан тышкары "Куш кабардын" сайты да бар. Ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн 80 миң доллар сарпталды. Сайттан ар кандай окуялардын үнүн жана видеосун да көрө алышат. Кудай буйруса, келечекте ишибиз талапка жараша кеңеет. Учурда максатыбызды илгерилетүүнүн үстүндө талыкпай иштеп жатабыз.
Айбек Шамшыкеев