Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Камалып каласың го, кайраным…

ЭЛИБИЗ КРИМДҮЙНӨДӨ ЭМЕС,
БЕЙПИЛ ДҮЙНӨДӨ ЖАШАСЫН
Оо, ошол сонун кезде, биз бала кезде айылыбызга кино келген күнү кадимкидей эле майрам болчу, бөтөнчө согуш кино келиптир дегенде кубанган жанды кайда коерду билбей, наркы-терки удургуп жинди болчу элек. Согуш кинолор граждандык же Ата Мекендик согуш жөнүндө болор эле. Граждандык согушту чагылдырганда "кызылдар" менен "актар" согушчу, биз албетте, "кызылдар" болуп алар менен бирге "актарды" кырар элек… эмдиги кино келгенче эрмегибиз ошол кино болчу.

Бүгүнкү турмушта, кино эмес, реалдуу тумушта "кызылдар" менен "каралар" кармашып, "кызылдар" жеңет деп болушуп турбуз, кубанып турбуз.
Мамлекетибиз эркиндик алды деп баш-аягыбызды таппай, эйфорияга батып тургандан баштап криминал күчөгөндөн күчөп, кийин Бакиев тушунда биротоло кутуруп кеткен эмеспи. Акаев бийлиги да, Бакиев бийлиги да криминалга каршы эл күткөндөй күрөш жүргүзгөн жок. Бакиев бийлиги күрөшкөндү кой, тескерисинче, алар менен жуурулушуп кеткен.
Бакиев бийлиги кулары менен кыйын кырдаалдан пайдаланган криминал өз билгенин кылып, байлардын акчаларын сыгып, менчиктерин тартып алып жатышты. Убактылуу Өкмөттүн алар менен күрөшүүгө чамасы чарк болуп турбадыбы.
Эми бардык бийлик бутактары легитимдүү болуп таанылгандан кийин президентибиз Роза Отунбаеванын чечкиндүү аракети менен криминалга каршы катуу, элдешкис күрөш башталып жаткан учуру.
Жанагы куулган эки президенттин тушунда милийсабыз бей-бечараларды баса калып, алсыздарды кордоп, түндөсү көчөдө бараткандарды тоноп, айтор, кылбаганды кылып келишти. Аны менен бирге Рысбек Акматбаев келатат дегенде шымын булгап жиберчү милийсанын чоң, кичине кээ бир кызматтагылары эми деле жүрүшөт. Анткени ошол милийсаларды бийлик коргоп алууга бет бурган эмес, эгер милийсаны бийлик чындап колдосо, аны эч качан таштабаса, анда милийсада нечен бир өрттөй жанган азаматтар, криминалыңды кирчү жерине киргизип жибербейт беле….
Мына эми президент Отунбаева да, премьер-министр Атамбаев да криминалга согуш ачып, милийсаны, башка кызматтарды кадимкидей коргоого алышты. Өткөн макалабызда да айттык эле, криминалга күрөшчү бирден бир структуранын-милийсанын башына тажрыйбалуу, эң негизгиси ылжырап коркуп олтурбаган жүрөктүү азаматыбыз Зарылбек Рысалиев келди деп. Ал коркпой-үркпөй эле "караларды" "агарганча жазалайм" ишин баштап тур. Алмамбет Анапияевдин үстүнөн ачылган кылмыш иши ачылып, издөө жарыяланышы, Батукаевдин тууганынын кармалышы, андан сырткары төрт-беш кримавторитеттин камалышы Рысалиевдин ишинин башы деп билели, криминалдын белин сындырчу учур алдыда…
Кыргызстанда Көлбаевдин, Тынычбек Акматбаевди өлтүртүп 16 жылга кесилген Батукаевдин, Чүйдүн батыш тарабын башкарган Бокушевдин, Алманбет Анапияевдин, маркум Рысбек Акматбаевдин тобунун тирүү калгандарынын ж.б. уюшкан кылмыштуу топтору бар. Кызыгы, былтыр Бокушевди бир күнгө камашты эле, анын жигиттери митинг уюштуруп "ак жеринен" камалган шефин оңой эле бошотуп алышты.
Мурунку бийликтердин тушунда кримдүйнөнүн башында тургандардан: Баяман Эркинбаев, Рысбек Акматбаев, Санжар Кыдыралиев сыяктуулар депутат болууга да үлгүрүштү. Акматбаев "эл өкүлү" болуп иштегенге үлгүрбөй калды. Азыр үчөө тең маркум, маркумдар жөнүндө же жакшы сөз айтыш керек, болбосо, эч нерсе айтпаш керек дейт, токтотолу.
Азыркы парламентте кримдүйнөнүн өкүлдөрү бар деп президентибиз баш болуп айтып жатат. Бирок ким экендигин президент да, премьер да, ички иштер министри да, коопсуздук кызмат чоңу да айткан жери жок. Таң калам, эмне ошол депутаттар ошончолук эле кокунучтуубу, жаналгычпы?! Алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоого аракет кылбай Байболов, эмне текей оттоп олтурабы?! Туура, депутаттар кесиптештерин прокуратуранын колуна салып бербейт дечи, бирок, ошол "крим-депутаттардын" аттарын эли билсин да, андыктан тиешелүү органдар алардын аттарын токтоосуз аташы зарыл.
Президенттин криминалга күрөш жүргүзүүгө чакырыгын, талабын жалгыз гана укук коргоо органдарына гана тиешелүү эмес, жумурай журт жалпы киришкени оң. Биринчи иретте, саясий партиялар коомдун тазалыгы үчүн күрөшүшү зарыл, алардын милдети деп билишибиз керек. Ал эми парламентке жетип жыгылган беш партиянын баардыгы криминалга күрөш жүргүзүүнү мыйзам чыгаруу менен кошо ала жүрүшү керек эле, тилекке каршы, Текебаевдин "Ата Мекенинен" башка партияларга баары бир болуп турат. Себеби эмнеде экендигин ар кандай түйшөмөлдөсө жараша берет… Аз күн мурун Текебаев "кримавторитеттер менен кол алышкан эле кызматкерлер кызматтан куулуш керек" сыяктуу сунуштарды айтып, кримдүйнөгө сокку уруу жөнүндө Отунбаева менен Атамбаевге кат жолдоду. Текебаевдин кайраты кайта элек…
Текебаевдин: "Караколдо "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев менен чоң кызматта турган бирөө арак ичиптир" дегенин бир топ гезиттер жазып жиберди. Ал "чоң кызматтагы" неме Келдибеков деп да чыгышты эле, тиги болсо "эч качан Көлбаев менен арак ичкен эмесмин" деп ал маалыматты жокко чыгарды. Эгерде эч кандай чиеленишкен байланышы жок болсо, Көлбаев менен арак ичсе эмне экен. Эпадам аны менен жакындан байланышып алган болсо, анда кеп башка…
Өткөндө биздин гезиттин кабарчысы Айбек Шамшыкеевге берген маегинде депутат Туратбек Мадылбеков: "…парламентте эки кримдүйнөнүн адамы бар" деген. Аз өтпөй ошол эле журналистибизге берген маегинде генерал Мелис Турганбаев "парламентте эки криминалдашкан адам бар дегени бери эле жагы" деген. Тургунбаев кримдүйнөнүн "адамдары менен", "короо жайын" билген жагынан алдына милийса салдырбайт деп угабыз…демек, парламент криминалдашып калганы ырас экен да.
Азыр Рысалиевдин алдында аябагандай эркти, күчтү, тайманбастыкты талап кылчу иштерди аткарууга туура келип жатат. Ал бизден кыйын билет, кээ бир милийса кызматкерлери, бир топ эле кызматтарда олтурган полковниктер, подполковниктер, майорлор… кримдүйнөнүн адамдары менен ысык мамиледе болуп жүрүшкөнүн билгендер арбын эле. Биринчи иретте, ошондой милийсалардан арылышыбыз керек.
Аз күн мурун ИИМде Бакиев тушунда жоюлуп кеткен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы кайрадан түзүлүп олтурат. Анын курамына кылмыш иликтөөнүн тайманбас профессионалдары кирип жатат деген кабар да элди кубантып тур.
Криминал менен бардык өлкөлөрдө эле күрөш жүрүп келет, Америкада ФБР, Россияда милийса менен ФСБ, Италияда карабинерлер, Мексикада полицейлер ж.б. у.с. Угуп калабыз кези менен, алар уюшкан кылмышкерлердин анабашчылары чогулган жерлерден аларды кармап, "сорттоп", камачусун камап, профилактикалык иштерди жүргүзүп турат. Бизде болсо, бирден-экиден камаган болот, эртеси бошотуп жиберет. Ушуга чейин ошондой болчу деп туралы. Бул жагынан турмуш чындыгы ушундай: криминалды таптакыр жоготуп салууга болбойт экен, аларың кадимки эле отоо чөптөй бүгүн отосоң, эртеси кайра чыгат дегендей. А бирок, аларды мамлекеттик деңгээлге чейин тайраңдатпай жинин кагып туруу мамлекеттеги тийиштүү органдардын, адамдардын милдети болуш керек.
Көп өлкөлөрдө кримтоптор бири менен экинчиси согушуп, алардын аталыктары өлтүрүлүп турат. Былтыр эле Россияда "Япончик" аттуу кличкасы бар Вячеслав Иваньковду атып кетишти. Ал эң бир кубаттуу топтун башчысы Дед Хасан менен грузин авторитети Ониани дегенди элдештирем деп турган экен, өзүн тиги экөөнүн бири жайлады сымал деп жатышат. "Япончик" ичине ок жеп, бир топ күндөн кийин көз жумган.
Андан аз өтпөй Дед Хасанды киллер ичке аткан. Башка атпаганы кыйналсын дегени экен дешет, аны менен бирге эскертүү иретинде атышкан деген да кеп кетти. Бизде, Эркинбаевдин, Акматбаевдин, Сурабалдиевдин, Кыдыралиевдин, "Казарманскийдин" өлтүрүлүшү, Көлбаевге кол салынышы да кримтоптордун "кагылыштарынан" чыккан эмеспи. Бул жагынан килейген Россиядан артта эмес экенбиз…
Криминал тынч элдин көкөйүнө тийип жатканын айныгыс түшүнгөн президентибиз кай чогулуш болбосун ошол маселени көтөрүп, тиешелүү органдарды жана бүтүндөй коомчулукту криминалга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү керектигин талап акылып жатышы элдин колдоосуна татып жатат.
Өлкөбүздө аманчылык жаманчылыкты жеңип турса экен…
Баратбай АРАКЕЕВ