Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Байкабай калыптыр, байкатпай алыптыр
Кыргыз мамлекеттик улуттук драма театрында кайрадан чыр башталганы тууралуу кабарды уктук. Ибрагимова Эльвира аттуу айымдын көркөм жетекчиликке келүүсү көпчүлүккө жага бербей, ошондон улам көшөгө артындагы оюндар башталып, арты министрге, алды Ак үйгө арызданып башташыптыр. Алардын айтымында, Эльвира айым өз тилинде (өзбек) да, кыргыз тилинде дагы, кылдыратып араң сүйлөйт экен. Келгени бир гана жолу спектакль коюп, анысы дагы ар кандай сын-пикирлерге кептелген имиш. Айымды азыркы директор Алышпаев мурдагы министр Садык Шерниязов алып келгенин айтса, театр кызматкерлери "сиз алып келгенсиз" кыязында кекетип жатышыптыр. Ал кызматты буга чейин аркалап келген белгилүү актер Дүйшөнбек Байдөбөтов, эмне себептен ээрден шыпырылганын билбей, башы маң дешет.


Санжар санжырага айланмай болду го…
Мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын баласы Санжар Бакиев баштаган беш адамга былтыр 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлуп, 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Мындай өкүмгө нааразы болушкан Санжар Бакиевдин жактоочулары апеляциялык арыз менен жогорку станцияга кайрылышкан, 1-февралда Чүй облсоту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырып, 50 миң сом айып пул төлөтүү тууралуу өкүм чыгарды. Аны менен кошо кармалган Бектурсун Келдибековду 8 жылга, Базарбай Арзыгуловду 4 жылга эркинен ажыратуу өкүм кылынып, экөө тең 50 миң сом айыпка жыгылды. Ал эми Замир Нуриев 3 жыл менен, Мирлан Ахмедов 2 жыл шарттуу кесилип сот залынан бошотулду.
Соттун мындай чечимине нааразы болгон адамдардын тобу 2-февралда Жалал-Абад областтык администрациясынын алдында пикетке чыгышып, "чечим туура эмес, С.Бакиевди күнөөсү жок камап жатат" дешип, актоону талап кылышты. Пикетке чыккан 30дай адамды укук коргоо органдары Санжардын туугандары, Тейит айылынын жашоочулары болуш керек деген пикирин билдиришти. Алардын талабын угуу үчүн Жалал-Абад обладминистрациядан эч ким чыккан жок.
Эске сала кетчү жагдай, Жалал-Абаддагы 7-апрелден кийин обого чыгып баштаган 7-канал телевидениясы Курманбек Бакиевди мактаган, Убактылуу Өкмөттү жамандаган көрсөтүүлөрдү байма-бай көрсөтүп жатканын жергиликтүү тургундар кеп кылышууда. Аталган канал Камчыбек Ташиевге тиешелүү дешет…


Карганбек "Манасты" кайтарууга катуу кам урду
"Ата-Мекен" фракциясынан ЖоКе депутаты болуп жүргөн Карганбек Самаков жакында эле Барак Обаманын сый тамагына катышты. Америкалык конгрессмен достору чакырган бул иш-чаранын алкагында Карганбек мырза ЮНЕСКОнун башкы кеңсесине баш багып, жетекчиси Федерико Майер менен жолугуп, бир топ маселелерди талкуулашты. Жоголуп бара жаткан дүйнөлүк маданий баалуулуктарды коргоого алуучу бул уюмдун жетекчисине кыргыз депутаты "Манас" эпосу Кытайдын атынан туура эмес катталып калгандыгын айтып, бул эпос кыргыз барда эч качан жок болбостугун, коргоого алуунун кажети жок экендигин түшүндүрүптүр. Өз кезегинде ЮНЕСКО жетекчилиги кыргыз депутатынын оюн колдоп, бул боюнча кайрадан карап чыгышмай болушуптур.


Тирешүү качан токтойт?
Ак менен каранын, суу менен кургактын, бийлик менен элдин тирешүүсү бүтпөс карама-каршылык көрүнөт. Азыркы күндө Талас районундагы Андаш алтын кенинин чатагы өз апогейине жетип, Көпүрө-Базар айылынын эли кенди ишке киргизүүгө каршы борбор калаабыздагы Ак үйдүн алдында пикет өткөрүшүүдө. Алар бул талабын Кыргыз Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке курч коюшкан.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ө.Текебаев, Ө. Абдрахманов пикетчилер менен 2011-жылдын 1-февралында жолугушуп, бул маселени депутаттардын сессиясынан карап чыгып, көпчүлүк депутаттардын добушуна жараша чечим чыгарын айтты. Ошол эле учурда пикетчилердин 10 адамдан турган өкүлдөрү Өкмөт мүчөлөрү менен гана жолугушуп, алар Андаш Майнинг компаниясынын айылдагы офиси 1 айга жабыларын, курамына ЖоКенин үч депутаты кирген комиссия текшерип, ошого жараша токтом токуларын билдирген экен. Жоопко алар канааттанган эмес. Эмне дегенде 2008-жылдын 2-июлунда ЖоКе тарабынан комиссия текшергенин бул деле "элди тынчытууга жасаган аракети" катары баалашып, арсар маанидеги бул жоопко канааттанбаган көпүрө-базарлыктар Бириккен Улуттар Уюмунун офисинин алдында пикет уюштуруп, АКИпресс маалымат агенттиги аркылуу жалпы кыргыз элине өз талаптарын билдиришкен. Алар Орхусс конвенциясынын "жер алдындагы кендер жергиликтүү калктын макулдугусуз иштетилишине" тыюу салган жобону негиз кылып, кенди иштетүүгө каршылык көргөзүшүүдө.
Пикет улантылууда.


Чет өлкөдө диний билим алып жаткандар катталат
Азыркы учурда аймактан чет өлкөгө диний жаатта билим алууга кеткен жаштар тууралуу толук маалымат эч жерде катталган эмес. Ошол эле учурда алар кайсыл мекемеде, кандай багытта билим алып жатканы тууралуу так айтуу кыйын. Ошондуктан жакынкы убактарда муфтияттын баштаган реформаларына ылайык, жергиликтүү имам-хатибдердин жардамы менен чет өлкөлөрдө диний билим алууга кеткен жаштар каттоого алынып, кайсыл мекемеде окуп жатканы такталат. Эске сала кетсек, буга чейин коңшу Тажикстандын бийлиги чет өлкөдө диний билим алып жаткан жарандарын чакыртып алган.


Ат үстүндө ойногондорго муз үстү кеп бекен
Ат жалында шамалдай ойногон кыргыздар муз үстүндө да керемет оюн көрсөтүп, дүйнө элин таң калтырууда. Астанада өтүп жаткан VII кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы каршылаштарын ири эсеп менен биринин артынан бирин талкалап, жеңишти карай ишенимдүү кадам таштоодо. Тайвань менен Сауд Аравиясын ири эсеп менен талкалаган кыргыздар кийинки атаандашы Монголияны 13:3, Малайзияны 23:2, Бахрейинди 15:10 менен сызга отургузуп, Кудай буйруса алтын медалды алабыз деп турушат.
Айтмакчы, Азия оюндарындагы эң аксакал хоккейчилер биздин улуттук курама командадагы 46 жаштагы Турдаалы Аскарбеков менен 44 жаштагы Токталиев Рамис экен. Сүйүндүргөнү командадагы оюнчулардын жарымынан көбү кыргыз улутундагылар. Эң көп шайба кийиргендер да кыргыз жигиттери. Анварбек Оморканов, Саламат Тыналиев, Аманбек Эсен уулу, Рамис Токталиев өңдүү хоккейчилерибиз ар бир оюнда каршылаштарынын дарбазасына экиден-үчтөн, ал гана эмес төрт-бештен шайба ыргытышып, дубль, хет-трик дегендердин акесин таанытып жатышат.


Эшимканов чээнден элге чыкты
7-апрелден кийин чээнге кире качкан Эшимканов бир айдан бери эл алдына чыгып: "Мен 9 ай бою саясатка аралашпай тазаландым"-деп, тогуз айдын ичинде "апакай периште" болуп калгансып, ЖМКга ат тезегин кургатпай курч маектерди бере баштады. Маселен, бир гезитке үч бет, үшкүрүк, мактаныч менен коштолгон кооз маек берди. Ал маекте өзүн Жаныш аз жерден өлтүрүп коё жаздаганын, Бабанов менен Максимди достоштурганын, аны чоң соккудан сактап калганын, Атамбаев азыр аны кечирбей жатканына өкүнүп жүргөнүн, жан досу Т. Сариевди жан адамга теңебей мактап, Кулов менен мамилеси "темирдей бекем" экенин, өзүнүн алты жашар баласынын киндик атасы экенин, өзү Чолпон Жакупованын баласына өкүл ата болгонун жана бир кезде "кара жащикти" жетектеп турганда орун басары болуп иштеп калган Асел Мамбетованын акылга сыйбаган жоруктарын кызыктуу жомок кылып айтып берди. Ал эми "Баракелде" сайты аркылуу : "Түшүнгөндөр кечирер, түшүнбөгөндөр өз эрки. 7-апрелде курман болгон боордошторума кечиргиле гана демекмин"- деп башкаларга салыштырмалуу өз күнөөсүн мойнуна алып, эрдик кылды. Кыскасы, ою узун, бою кыска Мекең элге жакындоонун амалдары менен алек болуп жүргөн кези. Деги эл бир эмес, бир канча жүзү бар "азаматтарды" кечирер бекен? Кеп ушунда…