Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Накта адамдар жолунан…

ЭЛИНИКИ БОЛУП КЕЛГЕН
Чоң кызматтарда иштебей эле, болбосо, акын-жазуучу болбой эле, анан да артисттик кылып же ырдабай эле билгендердин дилинде жакшы баада жашап калчу адамдар болот. Алар талантынын же кызматынын аркасы менен эмес, адамдыгынын, ыйманынын аркасы менен эстелет, адамдарга жакшылык куудурат да турат. Улуу кыргыздын өзөгүн да жогорудагыдай адамдар түзүп келген эмеспи.

Ушул сындуу адамдар кыргыз айылдарынын ар биринде бар эле. Ооба, бар эле. Эми болсо андай адамдардын аягы үзүлүп-үзүлбөй турбайбы, арман!
Ошондой айылдаштарына аңыз болгон адамдардын бири Ак-Суу районундагы Шапак айылынын тургуну Бейшембиев Шайылда эле. Билгендердин айтымында бул адам ак көңүл, эмгекчил, эли-жеринин амандыгын, бүтүндүгүн кудайдан беш маал тилеген адам экен. Өткөн жылдын ушул айынын 21де жетимиш жаш курагында каза болуптур.
Шайылда Кытайда төрөлгөн. Шайылданын атасы Бейшемби бугу уруусунун чыгаан баатыр-манаптарынын бири Токсабанын уулу болгон экен.
Бейшемби келечекти көрө билген, акылы тунук, бүтүндөй Көл өрөөнүнө таанымал адам болуптур. Ал киши Улуу Үркүндө эли менен кошо үркүп, өзүнүн жанын ала качпай бир топтун башында болуп, өлгөндөн калганын Кытай жерине жеткирет.
Үркүп бараткан бечара элди казак орустар кууп жетип, атчусун атып өлтүрүп, кээ бир айбандары ок коротпой кылыч менен боюнда бар аялдарды, секелек балдарды шылый чаап, кундак менен мээни чыгара чаап…айткандан коркчу мыкаачылыгын көрсөткөн да. Ал айтып аягына чыкпас ашынган окуялар го бир!
Ооба, Кытай жерине баш калкалай качкан кыргыз элинин көргөн кордугун, азап-тозогун ак дил адамдар айтып бүтө албас. Чыгаан жазуучубуз Касымалы Баялиновдун "Ажар" повестиндеги баян ошол кайгылуу күндөрдүн бир үзүмүдүр…Аалыкебиздин "Кандуу жылдары" дагы бир аз окуясыдыр…
Уйгур менен кытай байларына сатылган жапжаш кыздар, ошондой эле бир чөйчөк талканга сатылган наристе балдар, короосун шыпырып, отунун алып, күлүн чыгарып, кожоюндан тепки жеп турган жигиттер, балдарынын, неберелеринин өлүмүн көрүп, өздөрү өлө албай боздоп турган абышка-кемпирлер…
Ошол Үркүн окуясы кыргыз эли үчүн каран түн түшкөн окуя катары кылымдар эстен кетпес, урпактан урпакка уланып айтылар, урпактарыбыздын дээринде болсо…
Жакшылык, тирүүлүк дааналанбай турган кыйын кырдаалда Бейшемби уруу башына туруп, бар азапты алар менен кошо тартышып, колунан келген жардамын аябай көрсөтүп, ар бир күнү азапка айланып жүргөн оор күндөрдө Октябрь революциясынын кабарын да укту.
"Падыша тактан кулаптыр, эми элдин баары эркин болот, бай-кедей деп бөлүнгөн болбойт" сыяктуу туулган жери көздөн учкан, тозок отуна куйкалангандай азап көргөн бей-бечаралар үчүн жомок сымал турмуш болорун уккан кыргыздын көбү киндик кан тамган жерин көздөй оошту. Ошондо Бейшемби үч жүз чамалуу уруусун ээрчитип, башка дагы он эки бүлөнү кошуп Шапак атанын атын атап айыл кондурду.
Ошондо тегеректин баары орус айылдары эле. Алардан айбыкпай, уруусун орус айылдарынын дал ортосуна отурукташтыруу акылмандык болчу. Анткени орустар кыргыз жеринин суусу кенен, ар кандай түшүм алууга ылайык жерлерин калтырбай басып алышкан эмеспи. Кыргызга деле ошондой жер керектигин Бейшемби түшүнгөн да…
Бейшемби кийин Совет өкмөтүнө жан дилден берилип, айыл кеңешинин төрагасы болуп кызмат өтөп жүргөн күндөрдүн биринде ошол эле өзү жан дилден берилген өкмөттөн коркунуч туулганда кайрадан Кытай жерине качууга мажбур болот.
Бейшемби ал жакта жашап жүрүп байбичеси экөө он беш балалуу болушат. Өлбөстүн оокаты өтө берет. Бирок эл-жерин сагынуу Бейшембинин жанына тынчтык бербейт, ойлогону - жери, жеринде калган эли. Мекенден алыс кетип, анын ар бир ташы, кокту-колотун, тууган-туушканы менен айылдаштары көз алдыга тартылып, аны сагынып күн өткөрүүдөн кыйын абал болбос. Андай азапты Бейшемби жакшы эле тартты. Ошол сагынуусу дегеле жанга тынчтык бербей турган абалга жеткенде Бейшемби кичүү үч баласын ээрчитип токсон эки жашында кыргыз жергесине кайтат, калган улуу балдарын кытайлар чек арадан өткөзбөй коюшат.
Бейшемби аксакал жүз беш жашында дүйнөдөн кайтат. Ошондон соң анын байбичеси баягы Кытайда калган он эки баласына куса болуп жүрүп, чыдамы түгөнгөндө барган тура! Баягы он эки баласынын баары тирүү экен, көбү балалуу болуптур. Балдарынын баарын тирүү көргөн байкуш эне, ошол кубанычын көтөрө алган эмеспи же карылыгы келдиби, айтор, ошол жерде каза болуп жайына коюлат. Балдарынан ажыраган трагедиясы менен, аларды кайра табуу кубанычы тогошуп, карт жүрөктү жайына коймокпу…
Шайылда айтса сөзү бар, караса чындыкты ажырымдай ала турган көзү бар, элим дегенде жантагынан түшчү, бечаралардын көргөн күнү өзүнүкү кылып алчу боорукер адамдын уулу болгондуктан, тукум куучулуктан кайда качты. Шайылда дагы атасындай эле айкөл деп суктанып турчу адамдардан болду.Колхоздун кай ишинде иштебесин майын чыгара жасап, кийин бригадирлик да кылып жүрдү. Анан баскан-турганы, улуудан уялып, кичүүдөн ийменип турчу айкөлдүгү, өңгөнүн кайгысын өзүнүкү кылып алчу боорукерлиги… адамдык деп сыпатталчу мүнөзү, баары-баары анын кадырын арттырды.
Кийин Шайылда кудай жолуна түшүп, ажылыкка да барды. Чакан айылда жакшылыктын, ыймандын ордосу болот деген тилекте мечит салдырам деп беш-алты жыл бою бар күчүн үрөп кагаз-пагазын чогултту. Аттиңи ошол, ал мечиттин салынганын, көпчүлүк чогулуп салтанаттуу ачылганын көрбөй калды. Кызыгың кур, ошол салтанатта мечит салдырам деп күчүн үрөп жүргөн Шайылданы эстеген адам болбоду…А балким, сүйлөгөндөр сөзүнүн маанисин эмес, кооздугуна басым жасагандыр.
Шайылда менен байбичеси Лаш беш кыз, бир уулдуу болгон: Гүлнара, Динара, Гүлзат, Гүлбара, Замира, Кыял, Нурлан аттуу. Алардын улуусу Гүлнара ийгиликтүү ишкер, бир туугандарынын башында туруп. "атабыз чоң-чоң кызматтарда иштебесе да, адамдык парзын кудай алдында жакшы өтөп кетти, биз аны уятка калтырбашыбыз керек, ар дайым элибиздин арасында жамандан жаа бою качып, жакшыга жанашып жүрүүбүз парз"-дегенди көп айтат экен. Акылы терең адам гана ушинтип айта алат. Анан да Гүлнара атасы жөнүндө, чоң атасы жөнүндө, алар жашаган мезгил жөнүндө бир чыгарма жаратсаңыз жакшы болот эле деп мага кайрылганы да бар. Жаралса жаралып калгысы бардыр, анткени жакшы адамдар жөнүндө жазуу анчалык кыйындыкка турбайт…

Баратбай АРАКЕЕВ




  Ойлонолу, ойгонолу

20 жылда эгемен Кыргызстан бир имарат курдубу?
Жакында бир зарыл жумуштар менен Казакстандын Астана шаарына барып калдым. Эгемендүүлүк колго тийген жылдар аралыгында коңшуларыбыз мурдагы ээн талаада жомоктогудай ажайып шаар курган экен…
Ушул эле жылдардын аралыгында биз Кыргызстанда бир шаар эмес, бир имарат кура алдыкпы? Эгемендик жылдардын аралыгында жетишкен тырмак алды ийгилигибиз кайсы деп көрсөтө алабыз?
Эгемендикке жетер алдында демократпыз дегендер "Кыргызстан эт, жүн менен Россиянын шаарларын багып жатат" таризинде бир топ чалды-куйду маалыматтарды оңду-солду чачкылашты эле. Эми ошол өлкөлөр бизди өз жайыбызга койду эле дээрлик чейрек кылымдын аралыгында эмне муратка жете алдык? Эзелтен ымалалашып, алышып-беришип ынтымакта жашаган эки элдин ортосуна шынаа урган баягы жылаңач патриоттор элибизди кайсы жыргалчылыкка алып келди?
Тил үчүн күйүп-бышабыз деген айрым мекендештерибиз кыргыз тилинин өнүкпөй жатышына башка улуттун өкүлдөрү күнөөлүүдөй деген маанини кыйыткысы келгендер четтен чыгат. Деги качан биз өзүбүздүн көйгөйлөрдү чечүүдө сөзсүз бир "бокочо" издегенди токтотобуз? Качан ички маселелердин чечилбей жаткандыгы өзүбүздүн жалкоолугубуз, ыкшоолугубуз деп мойнубузга алууга чейин өсүп жетилебиз?
Мурда бизге "борбор" тоскоол болгон экен дейли. Эгемендикке жетишкени эки тизгин бир чылбыр колго тийбедиби. Эми дүркүрөп өсүп кетели десек ким тоскоол болуп жатат, ким кой деп жатат? Жок, эми деле чулгообуз чубалып, "сен күнөөлүү", "мен күнөөлүү" деп ич ара сегизге бөлүнүп, башыбыз бир казанга кайнабай жатпайбы.
Ушул сыяктуу ойлордон соң, биздин чыныгы душманыбыз ичибизде - өзүбүз, өзүбүздүн чылык-былыктарыбыз, жалкоолук, ыкшоолуктарыбыз, ичи тарлык, жаатчылдыгыбыз экен деген ойго келесиң. Болбосо, айлап-жылдап ыйкы-тыйкы болбой бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, билекти түрүнүп бир иштеп көрбөйлүбү? Балким, ушул өңүттө түзүүчүлүк ишке тоскоол экен деп Кыргызстанда ызы-чууга, митингдерге 5 жылга мораторий жарыялап салбайлыбы. Балким, мына ошондо - жамы журтубуз жапа тырмак иш менен алектенип, биз дагы айрым кошуналарчылап бир ажайып шаар курууга жетишээрбиз?

Калысбек Токтосунов