Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шакенин "өлүмү"
(Агам, досум, устатым, кыргыздын нарктуу аксакалы Шакеме узун өмүр каалайм)
Биздин жерге, биздин тоолорго эс алып көңүл ачканы келген чет элдиктер болсо керек. Жайлоодо түн, тигилген чатырлар, алоолонгон от. Отту тегеректеп ыр ырдашып, көңүл ачышып адамдар эс алып жатышат. Алоолонгон отко отун катары, улам-улам бир-эки китепти ыргытып коюшуп көңүлдөрү ачык. Отко отун катары ыргытылып жалындап күйгөнгө даяр болуп, кезек күтүп жыйылып жаткан китептердин арасында Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Алыкул Осмонов, Шайлообек Дүйшеев деген авторлордун аттары даана бадырайып көрүнөт. Отту жалындатып, отко улам-улам бирден китеп ыргыткан кыргыз жигитке чет элдик жашы ортолоп калган сакалчан адам кайрылды:
- Бул эмне болгон китептер?
- Билбейм.
- Кайсы тилде жазылган?
- Кыргыз тилинде.
- А эмнеге отко жагасың, китептерди окусун деп жазган да...
- Бул китептерди азыр эч ким окуй албайт - деп, кыргыз жигит отко дагы бир - эки китепти ыргытты.
- Эмнеге эч ким окуй албайт? - деп, чет элдик бир китепти колуна кармап барактай баштады.
- Бул тилде жазылган китептерди окуган адамдар жок болуп кеткен - деп кыргыз жигит чет элдикти карап жылмайып койду.
Дубалдын бетиндеги экран өчүрүлдү. Капитан мага кайрылып: "Мына, көрдүңбү, бул көрүнүш силердин, элдин келечеги. 2070-жылы, 50 жылдан кийин кыргыз эне тили жок болот, кыргыз окурмандары жок болот, жазуучуларыңар, акындарыңар унутулат. Жанагы отко отун катары китеп ыргыткан кыргыз жигиттин чоң атасы белгилүү жазуучу болгон. Небереси чоң атасынын эмгегин жок кылып жатат. Сага дагы убакыт беребиз, ойлонгун!" - деп капитан бөлмөгө мени жалгыз калтырып чыгып кетти. Мени ой басты, тарых, учур чак, келечек, мезгилдин үч таразасы, биздин эне тилибиздин, адабиятыбыздын жок болоруна мен бүгүнкү күнү деле кээ бирде ишенип кетем. Буларды кызыктырган Шайлообек, мына кызык. Мен мындайды күткөн эмесмин, кайран Шаке, чын эле Шаке падышабы? Миллиарддаган адамдарга падышачылык кылып башкарып жаткан Шакени көзүмө элестетип күлкүм келип кетти. Мүнөзү жумшак, жеңеме да катуу сүйлөбөгөн бала кыял Шаке миллиарддаган адамдарга өкүмдүү бийлик жүргүзөбү? Таң каласың. Бүгүн кечте адатымча бульварга сейилдегени чыккам, бульварда ойго батып ары-бери басып жүрсөм дарактардын артынан калдайган караандар чыгып, мени эсиме келтирбей, күч менен колу-буттан алып, кайдадыр белгисиз тарапка алып кетишти. Эсиме келсем, ушул бөлмөнүн ичинде отуруптурмун. Өзүн капитанмын деп тааныштырган, бою үч метрге жакын нурданган денелүү адамдын айтымында, мен аалам аралык учуучу кеменин бөлмөсүндө экенмин.
Аалам аралык кеме Манас деген чоң планетадан учуп келиптир. Күндүн айланасындагы планеталардын баарынан Манас планетасы эки эсе чоңдук кылат экен. Чексиз ааламдын кайсы бир бурчунда жайгашкан Манас планетасы биздин жер менен тыгыз байланышта дейт. Капитандын айтканына ишенсек, Манас планетасында жүз миллиарддан ашык адам жашайт, жана Манас планетасында бир улуттан турган, бир тилде сүйлөгөн жүз миллиард элге жүрөгү таза, чыныгы Манас тукуму падыша болуш керек экен. Булардын Шакеге кызыкканынын сыры ушунда. Капитандын айтымында, Жер шарында "Кыргыз" деген аталыш менен жашап жаткан Манас тукумдарынын эң акыркы жүрөгү тазасы Шаке экен. Капитан кайрадан бөлмөгө кирди, мага кайрылып:
- Ойлондуңбу?
- Ойлондум капитан, Шакенин жүрөгүнө кызыксаңар мени аралаштырбагыла, Шаке баладай таарынчаак. Мага таарынып калган. Көптөн бери сүйлөшпөй калганбыз. Шакенин жүрөгүндө мага орун жок.
- Текшерип көрөлү, - деп капитан менин уюлдук телефонумдан Шакенин телефонуна коңгуроо жасады. Шакенин үнү угулду:
- Алло, бул ким?
- Алло, Шаке, мен - Мелис Карыбеков.
- Ой, Меке, кандайсың?!
- Шаке, көптөн бери кабарлашпай калдык. Мага таарынып жүрөсүң, билем, - дедим. Ичимден Шаке "ооба, сага таарынып калгам, экинчи сени менен сүйлөшпөйм" деп мени катуу тилдеп салса деп тилеп жибердим. Шаке антпеди.
- Ой Меке, сага эмнеге таарынмак элем? Таарынган кишини мен жүрөгүмдөн чыгарып салам - деди.
- Шаке, сенин жүрөгүңдө мага орун барбы?
- Албетте, орун бар - деди. Шакенин жүрөгүнөн орун алганга мен кубанбадым, өкүндүм. Капитан мага кайрылып:
- Мына, өзүң уктуң. Жер шарында жашаган элде күнөө деген бир коркунучтуу түшүнүк бар, биздин Манас планетасында андай түшүнүк жок. Себеби биз күнөө кылбай жашайбыз. Сен дагы күнөө деген сезим коркунучуна алданып жатасың.
- Туура айтасың капитан, Кудайдын астында, Шакемдин астында, жеңемдин бала-чакасынын астында күнөөгө баткым келбейт.
- Шаке өз макулдугу менен, өз көңүлү менен жүрөгүн бизге бериши керек. Шакенин жүрөгүн биз жаңы төрөлгөн наристеге салып беребиз. Ал наристе биздин Манас планетасынын падышасы болот. Сенин милдетиң Шакени макул кылып көндүрүш.
- Шакени мен көндүрө албайм, Шакенин өлүмүн каалабайм.
- Шаке ишенчээк, бала кыял, элимдин кызыкчылыгы үчүн, кыргыз үчүн десең жүрөгүн берет. Шакенин жүрөгүн алып берсең силердин элге экономикалык чоң жардам кылабыз. Жер шарында эң бай мамлекет болосуңар. Шаке сага абдан ишенет. Сен аны көндүргүн.
- Шакеден башка кыргыздардын жүрөгү эмне, жарабайбы? Башка эле кыргызды тандабайсыңарбы?
- Бул кылымда биз Манас планетасына Алыкулдун, Жолондун, Турардын, акырында Чыңгыздын жүрөгүн алып кеттик. Биз алардын жүрөгүн өз макулдуктары жок, уруксатсыз алганбыз. Манас планетасына барганда алардын жүрөгү "Кыргыз" деп согуп туруп алды. Бүт үмүтүбүз, тажрыйбабыз жараксыз болуп калды. Ошол себептен, бизге Шакенин өзүнүн макулдугу керек.
- Шаке макул болбойт.
- Макул болот. Биз көптөгөн кылымдар силерге сигнал берип, араңардан тандап далай кыргызды манасчы кылдык. Биздин планета менен байланышканда алар "Манас" айтат, манасчылар биздин радио толкундар. Манасчыларды укпай калдыңар. Жүрөгүңөр таза эмес. Акыркы жүрөгү таза - араңарда Шаке, биздин сигналыбыз менен "Эки дөөнүн күрөшү" деген дастан жазды. Шаке биздин киши. Мындай таза, тунук жүрөк биздин планетада гана жашаш керек. Силер баары бир Шакенин кадыр-баркына жетпейсиңер. Биз Шакени Падыша кылабыз. Менин айтканымды Шакеге жеткизсең, ал макул болот.
- Шакеден башка жүрөгү таза кыргыздар көп. Шаке менен кесиптеш болгон достору, калемдештери бар. Шакени жайына коюп, ошолорду карап көрбөйсүңөрбү - дедим. Капитан мага жакын басып келип:
- Анда алардын аттарын ата - деди. Мен бир аз ойлоно калып, Шакенин досторун биринен сала бирин санап айта баштадым:
- Түгөлбай Казаков! - Капитан менин аурам аркылуу менин оюмду окуп, кайра мага айта баштады:
- Сенин оюңда Түгөлбай Казаков жөнүндө мындай маалымат калыптыр: Чоң жоготуудан кийин жүрөгү муңга малынган. Муңу басылып, жүрөгүнүн ыйлаганы сооронгондо гана Шакеге алмаштырса болот. Башкасын айт - деди.
- Баратбай Аракеев - дедим. Кайра эле менин аурам аркылуу менин оюмдан маалымат алып, капитан ал маалыматты мага жеткизди.
- Шаманизм, буддизм, христианизм, исламизм, бардык "измдерди" жок кылыш керек деп, алкоголизм жөнүндө унчукпай койгон. Мына, Баратбай Аракеев жөнүндө сен кандай ойдосуң. Шакеге алмаштыра албайбыз. Дагы кимди айтасың - деди.
- Алым - дедим. Кайра эле менден маалымат алып:
- Өзү да, жашоо турмушу, тагдыры да үшүп калган деп, бул адам жөнүндө ойлонгонсуң. Башка атабай эле кой. Шаке жөнүндө гана оюң таза. Шаке жөнүндө сенден таза тунук маалымат келип жатат.
- Шакенин жакында 60 жылдык тою болот. Президент айым катышат. Тоюн өткөзүп бүтсүн, Шаке менен андан кийин сүйлөшүп көрөйүн - дедим, капитандан кутулуунун айласын издеп.
- Менден кутулуунун аргасын издеп жатасыңбы? Сени жиберебиз, үйүңө аман-эсен барасың. Мен сага ачуу чындыкты айтайын, жакшылап ойлонуп көр. Шакенин тоюна чогуласыңар, алакан чабасыңар, белек бересиңер, Шакени көкөлөтүп, президентиңер баш болуп мактайсыңар, арак ичесиңер, эт жейсиңер. Шакеге бактылуу карылык, узун өмүр каалайсыңар. Тойго келген бир да кыргыз 50 жылдан кийин Шакенин окурманы жок каларын ойлобойсуңар. Ойлосоңор да, унчукпайсыңар. Шакени биз эмес силер өлтүрөсүңөр. Акындын эки өмүрү бар, бири жашоосунда, бири чыгармасында. Окурманы жок калган акын жетим. Акын үчүн бул - өлүм.
Мелис Карыбеков Асан теги