Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу жылдар
...Бир күнү Нестанды жылуу кийиндирип алып көчөгө чыкты. Кыш келип калса да кары жок көчөлөрдөн басышат, экөөнөн башка киши жок сыяктуу. Бир маалда Нестан Маканга жабыша түшүп, кубарып өң-алеттен кетти.
Макан анын кебетесин көрүп чочуп кетти:
- Сага эмне болду, Нестан?!
Нестан жооп бербей Маканына корголойт. Бир жакты алая тиктейт. Макан караса жакалуу узун пальто, башына тумак кийген жоон-жолпу аял бирөө менен сүйлөшүп турат. Нестан аны накта жалаңкычты көргөндөй карайт.
- Андан эмне чочудуң?
Нестан дале унчукпайт. Ал аял Маканга да тааныштай сезилди. Жанындагы аялга оозу-оозуна тийбей бирдемелерди айтып жатат. Аны кайдан көрдү эле? Эстеди, Сонун эмеспи бу, эми Макандын каны кайнап кетти.
Алар менен катарлаша бергенде Макан дааналап караса Сонун эмес, ага окшош бирөө экен. Бир ирет көргөн Макан ажырата алмак эмес, сурап жатпайбы:
- Сиз Сонунсузбу? - деп.
- Жок, айланайын, - деп тиги аял тиги маектешине сөзүн улады. Нестан да көрдү анын Сонун эмес экенин. Бир ажалдан калгандай жеңилдеди.
Мирбек Маканга караганда шаардагы, дегеле бүтүндөй өлкөдөгү кримдүйнөдөн жакшы кабардар. Ошол дүйнөдө жашаган бир катар жигиттер менен мамилеси да бар. Мына ошол Мирбектин кебинен Макан Ромдун бандасы четинен талкаланып жатканын угуп кубанып турду. Өз баамында Профессор өлгөндөн кийин анын артынан сая түшкөн эч ким деле болбойт деген ойдо болду. Ром болсо Маканды тааныбайт дагы. Демек, өз өмүрүнөн чочулабаса деле болот. Ушул чечимге келген Макан Нестанды жанына алып, көптөн бери саксактап айдабай жүргөн машинасын айдап, баягы эрди-катын Касым менен Берметтин абалын билүүгө, анан аларды шылтоо кылып Нестанга жер көрсөтүп, көңүлүн көтөрүү эле.
Касымдын үйүнө бешим ченде жетишти. Бу чөлкөм тоолуу аймакта жайгашкандыктан шаарга караганда кардуу, суук. Макан Касымдын эшик алдына келип, машинадан сигнал бере түштү. Анан Нестан экөө багажниктеги үч-төрт баштыктагы базарлыгын алып жатканда башында чөкчөйгөн эски тумак, шырмалчан Касым чыгып, буларды көрдү да Маканга чуркай жетип кучактады. Айтып-айтарга сөз таппайт. Макан да сагынып калган экен, а да кучактайт тигинин сөөк-саагын кычырата. Ал аңгыча Бермет чыкты. А дагы бир тууган инисин көргөндөй далбалактап Макандын мойнуна асыла өпкүлөп жатат. Эрди-катын экөө тең бу ким болуп кетти деп периште сындуу Нестанды карайт. "Келин бала эмеспи?" дегенди сурай албай турушту. Бака-шака үйгө киришти. Баары бир үйгө тыгылып, плитка сайып, ага жылынып, тамагын жасап, кыштан чыгат тура. Салынган печкасы деле бар экен, ага жагууга отун менен көмүр жок. Дасторкон салынып, нан коюлду, башка эч нерсе жок. Сүттөп чай куюлду. Касымдын энеси ого бетер карый түшүптүр. Маканга кайра-кайра кагылып-согулуп жатат. Макан бу бүлөнүн кезексиз айтылган кебин жакшы угуп, буларды билди: Касым да, Бермет да арагын таштаган бойдон ичпептир, быйыл түшүм начар, айдалган картошкасы үрөн менен жегенден ашпай калыптыр. Ичип жүрүп аз гана убакта кадыры таптакыр түшүп калган немелер бирөөлөрдөн жардам да алалышпайт эмеспи. Макандар ала келген базарлык дасторконго мол коюлуп, Касымдын бүлөсүнө той түштү, бөтөнчө анын уул-кызы жыргады бейм.
Макан ак көңүл, бирөөнө жардам бергенден кадимкидей каниет алган неме Касымдын кой-айына көнбөй анын маңдайкы кошунасынан кой апкелишти. Далайдан бери эт салынбаган килейген казан асылып, от улуу жагылды. Ошол күнкү узун түн Касымдын бүлөсү үчүн улуу майрам эле, бакыт ушундай болот тура деп ойлоп коет Бермет байкуш...
Мирбек Нестандын тагдырын жакшы уккан. Аны зордуктаган айбанды, Кулан менен Сонундун кылыктарын жектеген. Ошону укканда эми жетип барып ит аткандай кылып атып салгысы да келген.
Макан менен Нестан айылдан кайтып келгенден эки күн өткөндө эми өз үйүндө жашырынбай эле жашай баштаган Маканга барып ал-абал сураган Мирбек кептен кеп чыгарып отуруп Нестанды кор кылган жанагы үчөөнө жетти сөзү.
- Аларды жөн койбойм, - деди ошондо Макан тиштене, - кылган айбанчылыктарын эки эселеп өз баштарына алып келбесем элеби.
- Мен дал ушуну айтайын деп жатпадым беле. Ал ишти мага бер, Маке, - деди Мирбек өтүнүп. Сөзсүз аларды жазалайм деп ойлоп койгон эмеспи.
- Эмне кылайын дейсиң?
- Азыр айтып отурбайын. Жасагандан кийин угарсың.
- Макулмун. Бирок өмүрлөрүн өздөрүнө калтыр, - деди Макан.
- Өмүрүн эмне кылайын, бирок эсинен кетпегендей кылам. Өлтүрүп жакшылык кыла албайм аларга.
Ушуну менен сөз бүттү.
***
Сонун норка тумагын, аз мурун Кулан өз колу менен сатып берген кашемир деген пальтосун, кычыраган өтүгүн кийип шаарга барып бир ойсоктоп келмекке айылдагы аялдамада турат эле, бир аппак "Жигули" келип токтоп, рулдагы келишимдүү жигит эшигин ачып сылык сүйлөдү:
- Эжеке, ала кетейинби...
Аздап үшүй баштаган Сонун сүйүнүп кетти:
- Ырас болбодубу... - Сонун машинанын алдына отуруп, бу татына жигитти көз кыйыгы менен карап, жарашыктуу кийимине, өңүнө суктанып кетип баратат. Мындайда анын ою бир гана жерге барып такалат эмнегедир...
"Атаганат, ушундай жигиттин арзыган адамы болсо гана. Жаш да кетип баратат...




Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
...Иляс-Ходжанын аскерлеринин жеңилишин айрым окумуштуулар Моголстан эмирлеринин ич ара келишпестиги менен байланыштырат. Иляс-Ходжа жеңилүүдөн кийин кайра кол курап беттешүүгө чыккан эмес. Иляс-Ходжанын ошол кезде атасы Туглук-Темир өлүп, өзүнүн хан тактысын алдырып ийбес үчүн качууга мажбур болгон. Бул тарыхый окуя тууралуу Шараф ад-Дин Али Йезди төмөнкүдөй маалымат берет: "Иляс-Ходжаны Мавераннахрдан алыс узатпай жете келген Эмир Тимур менен Эмир Хусейндин бириккен күчтөрү Иляс-Ходжанын аскерлерин жана Моголстандан жардамга келген Тук-Тимур Бахадур жана Эмир Бекчик башында турган могол аскерлерин Каба-Матан деген жерде талкалап, Иляс-Ходжа баш болгон могол аскер башчыларын туткунга алышып, калган аскерлерди кырып салышкан. Түрк урууларына мүнөздүү болгон айкөлдүгүн көрсөткөн Темирлан Могол ханы Иляс-Ходжаны жана Эмир Бекчикти туткундан бошотуп, элине кое берген. Мына ушул болгон окуядан кийин могол өкүмдарынын мурдагы Чагатай улусунун ээлигиндеги башкаруучулардын аягы үзүлгөн. Ошол кезде Моголстан аймактарында абройлуу Чагатайдын урпактарынан Ширемурун, Кожо, Камар ад-Дин Тунам эмирлери майда ээликтерге бийлик кылган эле.
Кийин Иляс-Ходжа кайра кол топтоп Мавераннахрды көздөй жортуул уюштурган. Анын көп сандаган колун Хусейин менен Темирландын аскерлери Ахангеран (азыркы Ангерен шаары) менен Чырныктын ортосунда, айрым маалыматтарга караганда Чынас менен Ташкендин ортосунда, Сыр дарыянын жээгинде каршы алат. Бул беттешүүлөрдү тарых авторлору: "Чыла согушу", "Лай", "Жанги-и лой" "Жаан астында согушуу" деген аттар менен жазып кетишкен. Бул согушта Хусейин менен Темирландын аскерлери жеңилип, аркы өйүзгө өтө качышкан. Иляс-Ходжа Самарканды камалоого алып, шаардыктардын болуп көрбөгөндөй каршылыгына кийин жана аскерлердин аттарына ылаң оорусу тийгенине байланыштуу кайра артка чегинүүгө мажбур болот.
Иляс-Ходжа бул согушту ийгиликтүү аяктаганы менен, жеңишинин үзүрүн көргөн эмес. Чыгыш тарыхчыларынын жазганына караганда, ал абройлуу деле хан болгон эмес. Муин ад-Дин Натанзинин баамдоосунда: "Иляс-Ходжа жаштыгынын жана турмуш тажрыйбасынын аздыгынын натыйжасында мамлекеттик маанилүү иштерге анча көңүл бөлүнбөй, шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн хандык бийлик билинбей эмирлердин колуна өтө баштаган. Бир жагынан натыйжасыз согуштун жыйынтыгы эмирлер жана бийлик ээлеринин Ильяс-Ходжага иренжүүсүн пайда кылган. Мындай абалдан пайдаланып, 1364-Балык жылында Камар ад-Дин Иляс-Ходжанын ордосуна кол салып, ордону тополоң кылып, Иляс-Ходжанын үй-бүлө мүчөлөрүн жана жакын ишенимдүү адамдарынан 18 кишини бүт өлтүрүп таштаган. Айрым бир маалыматтарга караганда, Камар ад-Диндин козголоңунан жалгыз гана Моголистан хандарынын акыркы тукуму болгон ымыркай Кызыр-Ходжа аман калган. Бул окуядан кийин мамлекеттин хандык тагына Камар ад-Диндин бир тууган агасы Шамс ад-Динди отургузушкан.
Ошентип, жогоруда ысымдары аталган моголстандык ата-бала хандардын Мавераннахрды өз ээликтерине каратып, мурдагы Чагатай улусунун курамына кирген жерлерди бириктирип, бирдиктүү, күчтүү мамлекет түзүү максаттары ишке ашкан эмес. Алар өздөрү ич ара биригишкен эмес. Бирин-экин согуштарды жеңгени менен алардан салык да алышкан эмес, армиясы убара тартып, ортодо бейкүнөө эл кырылган.
Эмир Шамс ад-Дин (туулган, өлгөн жылдары тууралуу тарыхый маалымат жок.)
Шамс ад-Дин Моголстан мамлекети үчүн көрүнүктүү роль ойногон жетекчи болгон эмес. Шамс ад-Дин алгачкы хан Туглук-Тимурду бийликке отургузган айтылуу Эмир Пуладчынын жана Камар ад-Диндердин бир тууганы болгон. Булар негизи беш бир тууган болушкан, биринчиси - Туглак, андан кийин Пуладчы, Шамс ад-Дин, Камар ад-Дин жана кенжеси Эмир Шейх дуулат болгон. Моголстан мамлекетинин кийинки ханы Иляс-Ходжа бир туугандар Камар ад-Дин жана Шамс ад-Диндер аркылуу курмандыкка чалынгандан кийин, Камар ад-Дин өз агасы Шамс ад-Динди бийликке отургузат. Ошол кездеги чыгыш тарыхчылардын жазуусу боюнча Шамс ад-Дин бийлик тагында болгону менен иш жүзүндө бийлик Камар ад-Диндин өзүнүн колунда болгон. Ошондуктан Камар ад-Дин мамлекеттин ички жана тышкы саясатын жалаң өзү жүргүзгөн. Мындай кош бийликти монголдук көчмөн бийликтери жактырышпай Камар ад-Диндин жүргүзгөн саясатына нааразы болушкан. Эмирлер Камар ад-Диндин жана анын уруусу болгон "дуулаттардын" зоболосунун жогорулашын каалашкан эмес. Бул тууралуу Мухаммед Хайдар мындай маалыматты берет: "Эмир Камар ад-Дин Моголстан мамлекетин башкарууну жана башка мамлекеттик иштерди тейлөөнү өз колуна алды. Бул эмирлердин кыжырын кайнатып, ага каршы болгон күч-аракеттерин топтой башташты. Айрым уруулардын эмирлерин, мисалга алсак эмири Хажыбек өз уруусу менен өз алдынча болууну көздөп, Камар ад-Диндин бийлигин таанып, бирок ага каршы күрөштү токтоткон эмес.
Чыгарма боюнча кызыккан суроолорго: 0772-411-357 байланыш телефону аркылуу автор жооп берет.