mainkaptal

Пользовательский поиск
Өмүке Өкмөткө акча бурду
"МегаКом" менен байланышкан чуулгандуу окуянын чоо-жайы акырындап ачыктала баштады. Миллиондогон кардарлары бар бул компания өлкө казынасына арзыбаган акчаны төгүп келгендигин, ал аз келгенсип мурунку кожоюндары мамлекетке түшүүчү 32 миллион долларды кандайча кымырып кеткендигин өлкөбүздүн биринчи вице-премьер министри Өмүрбек Бабанов кылдаттык менен иликтеп чыгыптыр. Андан башка дагы үй-бүлө мүчөлөрүнө "чотурун" төгүп коюп, бизнесин каалагандай гүлдөтүп келишкен бир топ ири ишканалардыгы коррупциялык каналдарды бууп салгандагы маалым болду. Ошондой эле республикачылардын башчысы салык, бажы, каржы тармактарындагы көмүскө акчаларды ачыкка чыгарып, казынабызды кампайтууга бар аракетин жумшап аткан экен. Бизнестин битин сыккан мыкты экономисттик жайы бар Өмүрбек мырза болгон билимин, дараметин мамлекет кызыкчылыгына жумшаса, каржылык каатчылыктан жакын арада чыгып кетчүдөйбүз. Каржыны Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев сырттан таап атса, орун басары Өмүрбек Бабанов ички булактарды "чукулап", айтор, экөө ата-баладай ынтымактуу иштешип атышат. Жыйынтыгы кандай болор экен, байкап туралык?


Ат-башылыктар Отунбаеваны кетиргиси жок
Кечээ президент Роза Отунбаева Ат-Башы районунун эли менен жолугушту, сөз сүйлөп, суроолорго жооп берди.
Президенттин сөзү боюнча жазгы айдоо-себүү жумуштарына 1 млрд. сом өлчөмүндө жардам берилет, аны менен бирге жетишпеген бүлөлөргө бир мүшөктөн ун бекер таратылат.
Ошол кезигишүүдө ат-башылык аксакалдар Роза Отунбаеваны президенттик шайлоого баруусун суранышты. Отунбаева аларга ыраазылыгын айтып, президентикке барбайм деп сөз бергенин жана ал сөзүн аткара турганын билдирди.
Ат-башылык аксакалдардын өтүнүчүн азыр кыргыз элинин басымдуу көпчүлүгү колдоору бар. Баекова сыяктуу бирөө чыга калып, Отунбаеванын шайлоого катышуусуна мыйзамдан жол таап берсе деп күткөндөр тажабай жол карайт…


Айдар Акаевдин мурдун талкалаган Рысбек
Унутулуп бараткан Рысбек Акматбаевдин аты уюшкан кылмыштуулукка каршы катуу күрөш башталгандан кийин аты кайрадан жаңыра баштады. Эгерде ушул жигит криминалга эмес, таза турмуштун жолун басканда мамлекетибиздин бир жагына, жакшылык жагына чойгон, элинин тагдырын өзүнүкүнөн мурун ойлонгон чыгаан инсан болмок экен.
Кулов премьер болуп көөп турганда Акматбаев борбордук аянтка жигиттерин, санаалаштарын топтоп, тиги премьер сөрөйдү ашатып турбадыбы, "бирге бир чык" дегенди да айтты окшойт. Тигиниси бирге чыкмак турсун, үн каткан жок. Ошол эле Акматбаев Акаевдин алакөөдөн уулу Айдар кутуруп турганда, анын оозу-мурдун талкалаган деген да кеп бар. Анысы чын болсо накта эр экен.
Ушундай жигиттер криминал жолуна түшпөгөндө эмне, аттиң!


Алтынбек алат окшойт
Көп жылдан бери эмгеги бааланбай, маданият тармагындагы айрым чиновниктердин ич күптүүлүгүнүн айынан "Кыргыз эл артисти" наамын ала албай жүргөн мыкты талант Алтынбек Сапаралиевдин эмгеги жакын арада бааланат окшойт. Дегенибиз, Алтынбек агайдын наам алуу боюнча топтогон кезектеги документтери Президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевдин алдына келип түшүптүр. Демек, жакын арада Алтынбек Сапаралиев "Кыргыз эл артисти" наамын алып калышы толук мүмкүн. Айтмакчы, бул инсандын маеги биздин гезитке жарык көргөн соң, Өкмөт тарабынан жогорудагыдай кадамдар жасала баштады. Кыргыз эстрадасынын көч баштоочусу Алтынбек Сапаралиев менен куудулдук өнөрдүн "атасы" аталган Келдибек Ниязовдордун эмгектери алигиче мамлекет тарабынан өз баасын албаганы менен, эл аларга "Эл артистигин" эчак эле тапшырып койгон.


Курултай менен кууратмай болушту
Курултай дегендин өзү жакшы. Бирок ошону өткөрөбүз деп жаткандардын баары эле жакшы эмес, бири интриган болсо, экинчиси популист, үчүнчүсү карьерист, төртүнчүсү коррупционер дегендей… Алардын оюна койсо, курултайын сүйрөп алып, бүтүндөй мамлекетти башкаргысы бар…
Эки-үч күн мурун Ак-Талаанын борбору Баетоводо бир кездеги аким Берикбаев Дөөлөтбек менен, дагы эле мурунку Айыл чарба министри болуп жүргөн Асанов Карыбек деген кан кудалар Курултайдын чылбырын колго алып, момундай чечим кабыл алышкан экен: Берикбаевдин Ак-Талаанын акими болуп турган уулунун ордуна Асановдун уулун аким коюу, ал эми Берикбаевдин уулун борбордогу бир чоң кызматка көтөрүү жөнүндө. Эми ушундай маселе каралган нерсени Элдик курултай деп кантип айттык?! Аким дегенди премьер дайындайт, дайындоонун жол-жобосунун курултайга тиешеси жок!
Мурунку бийликтердин азыркы бийликке илинбей калган өкүлдөрү эмне кыларын билбей эле ары бир дүргүп, бери бир дүргүп, коомду сасытып жүрүшөт, элине жакшылык кылчу эки тыйындык пайдасы жок. Пайда качырат дечи, кара баштарынын камында гана. Андайларды алыс айдап салчу азаматтар жокпу, кайда?


Масалиевге 14, Үсөновго 18 жыл суралды.
Өткөн жылдын май айында бийликтин алсыздыгынан пайдаланып мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан делинип айыпталып жатышкан Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковго кечээки соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар бирине 14, бирине 18 жыл сурашты. Телефондогу сүйлөшүүлөрүндө "басып алгыла, барымтага алгыла"-деген мамлекеттик төңкөрүш жөнүндөгү ойлорун ачыктан-ачык пландашып, анысы бүтүндөй коомчулукка шардана болуп атса да эки экс-чиновник күнөөлөрүн моюнга албай келишет. Эмнеси болсо да Чубактын кунундай чубалган бул сот ишине жакынкы күндөрү чекит коюлат окшойт. Күтө туралык…


Канатка 70 миң доллар кеп бекен?
Өткөн жумада Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Канат Муратбеков учурда нарындыктардын көп көйгөйү менен таанышып жаткан кези. Алгач, нарындык журналисттерди чогултуп алып: облусттук гезиттердин нускасын көбөйтүүнү, бир гана саат эфирге чыгып жаткан облустук теле берүүнүн убактысын көбөйтүүнү жана үналгылардын ишин жакшыртууну убада кылды. Андан соң, Нарындын борборунун өзүндө кинотеатр, бассейн-мончо жоктугуна кайгырып алгандай болду. Бирок бассейн-мончолорду качан саларын айтпастан, 60-70 миң долларга кичи футбол аянтчасын салып берерин шардана кылды. Чынында, Канат мырзага 70 миң доллар кеп эмес, ити чөп жеген ири бизнесмен катары 7 миллион доллар чачса да аздык кылат. Канат мырза өзү Казакстандагы "Wimpex", Кыргызстандагы "Ак каз" арак заводдорун жана "РиКС" курулуш фирмасын башкарып жүрүп, абдан эле байыган дешет. Кыскасы, Камбарбектин Канаты өзүнүн кичи мекенине марттыгын көрсөтүп, кадр-барк күтүүнү каалап жаткан чыгар. Көрөбүзгө, калкка кампайган капчыгынан канча акча чачар экен?


Экинчи
Өкмөт түзүлдү
Эки күн мурун "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов менен "Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов өткөн шайлоодо жете турганына жетпей калган жыйырмадай партиянын өкүлдөрү менен эсептешип-чоттошуп, азыркы бийликке альтернатива түрүндө өкмөт жана парламент түзмөй болушту. Жекшенкулов премьер-министр, Өмүракунов спикер болуп бир добуштан шайланышты. Ал өкмөтүнүн курамы бир-эки күндөн кийин конкурстун негизинде түзүлөт экен.
Мындай кадамды колдогон Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков кызматташууга даяр экендигин билдирип, ортодо меморандумга кол коюлуптур. Мындан ары альтернативдик парламент менен Өкмөт, саясий, социалдык-экономикалык маселелер жана ар түрдүү мыйзамдардын альтернативдик варианттарын сунуштап турушат экен.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика